Добавить статью
8:09, 27 августа 2012 24957

Ө.Бабановго кайрылуусу

КР Премьер-министринин м.а. Өмүрбек Бабановго Болот Шердин кайрылуусу

Урматтуу Өмүрбек Токтогулович! Сыйлагандыктан эмес, сыпайылыктан айтып жатам.

Мен, Шер Болот Эсентаевич, «Ата Мекен» социалисттик партиясынын мүчөсү болгонум менен 2010-жылдан тарта ден соолугумдан улам саясаттан алыстай түшкөнүм ырас. Алтургай, депутаттык мандатымды таштайын деп лидерибиз Өмүрбек Текебаевге кайрылгам, бирок, ал макул болбоду.

Эки революцияны тең жүрөгүм аркылуу өткөрдүм.

2005-жылдын мартын эстегенде ошол революциянын каармандарынын бири Баяман Эркинбаевдин кайгылуу өлүмү көз алдыма тартылат. Бакиевдер аны үч айдын ичинде революциянын баатырынан каракчыга айлантканы эске түшөт.

Ал эми сен мени революционерден мародерго айлантыш үчүн 2 жыл 3 ай жумшапсың. Өзүңө таандык «НТС» телеканалы аркылуу сен мени үч күн бою каралап, элге каракчы-мародер кылып көрсөттүң, элди ага ынандыргың келди. Мага каршы тапкан «күбөң» - бир нече жолу соттолгон кылмышкер, жадагалса өз атасы балалыктан кечкен, кудайдан жөө качкан, азыр да кылган кылмышы үчүн түрмөдө олтурган адам болдубу?

Ушунчалык пастыкка түшөрүңдү, ушундай жанкечтилер менен шериктеш экениңди эч ойлобопмун. Манастын арбагы айланган жерден мындай ыплас жан чыкпаш керек эле...

Эсиңдеби, 2010-жылдын 5-апрелинде, революция башталардан бир күн мурун, Таласта өтө турган курултайга жөнөгөнү камданып жатканымда азыркы Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен келгениң? Эмнеге баратканымды айтып, сенден “бизге жардам бер” дедим. Ошондо саясатты жыйыштырып салганыңды айтып, андай иштерге аралаштырбоону суранганыңды сен унуттуңбу?

Эми Таласка барып, Апрель баатырларына эстелик ачып атасың. Буга сенин моралдык укугуң барбы?

Өмүрбек Токтогулович! Суроолорума жооп берчи?

Мен ошондо Бишкекке кантип келгенимди сен билесиңби? 6-апрелден 7сине караган түнү колумду кишендеп, башыма мүшөк кийгизип, КГБнын СИЗОсуна эки ашууну ашырып алып келишкен.

Сен билесиңби, ошол күнү азаматтарымдын канчасын жоготтум. КГБнын СИЗОсунан чыгарып кетүүгө аракет кылган досум, милициянын полковниги Акжол Камбаров биринчи болуп каза тапты.

7-апрелде эмне кылганымды, ким менен болгонумду, эмнелерге каршы күрөшкөнүмдүн сен билбейсиңби?

Инсульттан кийин түзүк сүйлөй албай атсам да, кыргыз милициясын жыйнап, шаарды сактап калыш үчүн мародерлорго каршы жоопкерчиликти жеке өзүмө алып, курал колдонууга буйрук бергенимди бүгүн эстегиң жокпу?

Сага жашыруун сырым айтайын. Документке кол коюш үчүн Шерниязов деген фамилиямды Шер деп кыскарттым. Шерниязов деген фамилияны жазыштын өзү мага кыйын болчу агезде, калемди зорго кармап, фамилиямдын алгачкы үч тамгасын араң жазып кол койчумун.

7-апрель күнү бакиевдердин мүшөгүн, Максим менен Жаныштардын көрдүйнөсүн офистеринен көтөрө качкан мародерлордун бирине айлантып койдуңбу мени? Сен мени 7-апрелде көрүнгөн үйдүн көр-жерин аңтарып, мүшөк ташып чуркап жүргөндөрдүн бири дедирттиң. Сен мени мародер депсиң. Эгер мен жөнүндө чын эле ошондой ойдо болсоң, көзүмө тике кара!

Өмүрбек Токтогулович!

Сени ар дайым, кээде партиянын чечимдерине да карабай колдоп келгем. Жердеш катары да, иним катары да. Бирок саткындык сенин каныңда окшойт. Өз досторуңду кандай сатып жүрсөң, сен мени да так ошондой саттың. Мен эч качан креслого, депутаттык мандатка да, генералдык чинге да жабышпагам. Бирок, акыйкаттыктан эч качан тайган эмесмин.

6-7 апрелдеги революциянын тарыхы эки ача эмес! Эгер 6-7-апрелдин тарыхын эми сен таянган кылмышкерлер жаза турган болсо, анда бакиевдердин огунан баатырдык менен жан кыйгандардын арбагын мазактаган мындай азапка мен чыдабайм.

ен саясый дымагыңдын курмандыгына айландың. Бул ирет сен, сенин досторуң туура эмес бутаны тандаптыр. Ата-бабаларымдын жана балдарымдын ыйык ысмын сен да, сен жалдаган кылмышкерлер да булгай албайт. Сен сымал олигарх эмесмин. Сеникиндей телеканал, гезит, Интернет сайттарым жок.

“Жигитти намыс өлтүрөт” - дейт кыргызда. Таластык эркектин ар-намысы, абийири кандай болорун мен сага түшүндүрөйүн. Абийир менен абийирсиздиктин арасы – бир гана ок. Сен мага башка арга калтырбадың. Сага бир ок жөнөтөм, экинчисин өзүм үчүн алып калам.

Премьер-министр болуп туруп, сен түрмөдөгү үч мародер-кылмышкердин билдирүүсүн иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түздүң. Анда мындай макулдашалы. Эгер “сенин” бул комиссияң менин мародерлукка кенедей эле катыштыгым бар экенин далилдей алса, анда уятты жууп салуу үчүн мендеги окту өзүмө кадайм.

Эгер “сенин” комиссияң мародерлукка катыштыгым жок экенин, муну сен мени жаманатты кылуу ниетинде гана жасаганыңды аныктаса, анда экинчи ок сеники. Өзүңө када! Жок дегенде, балдарың Кыргызстанда жашап, Талас тарап аларга ачык болсун!

Болот Шер

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×