Добавить статью
3:43, 9 августа 2011 15391

Кайрылуусу

Урматтуу мекендештер!

Биз баарыбыз кезектеги чоң сыноонун алдында турабыз. Кыргызстандын кийинки тагдыры, 2011-жылдын 30–октябрында боло турган президенттик шайлоонун өтүшүнөн жана добуш берүүбүздөн түздөн-түз көз каранды. Баарыбызга белгилүү болгондой, келе жаткан президенттик шайлоо жаңы Конституциянын жана шайлоо мыйзамынын талаптарына ылайык өтөт. Конституция боюнча Президенттин, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн ыйгарым укуктары так бөлүнгөн, өлкө башчысынын ыйгарым укуктары кыйла өзгөртүлгөн.

Акыркы жылдары биздин өлкөдө бийлик алмашуу, кыргызстандыктардын нааразычылык акцияларынан пайда болгон социалдык жарылуулардын негизинде болуп жатты. Азыр бизде мыйзамдуу жол менен, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына татыктуу кандидатка добуш берүү менен бийлик алмаштыруу мүмкүнчүлүгү турат. Ушул жол менен гана биз дүйнө коомчулугунун Кыргызстанда бийлик алмашуу революциялык процесстердин басымынын негизинде гана болот деген калыптанып калган көз карашын өзгөртө алабыз.

Учурдагы абал өлкөбүздүн өнүгүү жолунда кандайдыр бир кокустуктардын болуп кетишине жол бербөөгө үндөйт. Бизге белгилүү болгондой шайлоо алдындагы мезгилде көптөгөн тобокелчиликтер болот. Шайлоо учурунда Кыргызстанга болгон коркунучтардын негизгилеринин бири, кээ бир саясатчылардын жердешчилик жана урууларга бөлүнүү саясатын колдонуусу болуп саналат.  Биз, «Республика» партиясы мамлекеттүүлүктү жок кылууга багытталган мындай принциптерге каршы экендигибизди дагы бир жолу билдиребиз!

Мамлекеттүүлүктү сактоо жана өлкөнүн мындан ары да өнүгүшү үчүн биз мыйзам чегинде так аракеттенүүбүз зарыл. Биз, ар бирибиз, Кыргызстандын эволюциялык өнүгүүсү үчүн аз болсо да өзүбүздүн теңдешсиз салымыбызды кошо алабыз. Биз баарыбыз жаңыланган Кыргызстанды -- күчтүү Республиканы курушубуз керек. Элдин биримдиги -- өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги принциби жана түркүгү болушу керек! Ушундай баарыбыз үчүн оор кырдаалда жеке жана партиялык кызыкчылыктардан өйдө туруп, мамлекет кызыкчылыгын биринчи орунда болуусу зарыл. Бул биздин партиябыздын негизги платформасы. «Республика» партиясы башынан эле жалпы улуттук биримдиктеги партия экендигин билдирип келебиз.

Биздин партия келе жаткан шайлоодо мамлекеттик принциптерди так карманат. Президенттик шайлоо бөлүп-жаруучу эмес, бириктирүүчү фактор болушу керек. Биз баарыбыз бул шайлоо өлкөнүн өнүгүүсү үчүн оң таасирин берген саясий иш-чара болуп калышы үчүн колдон келген күч аракетибизди жумшашыбыз зарыл. Биз баардык Кыргызстандагы зирек саясий күчтөрдү Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшү үчүн биригүүгө Ар бир саясий күч мамлекеттин тагдыры үчүн жоопкерчиликтүү болушу керек!  Келе жаткан президенттик шайлоонун негизги ураандарынын катарында «жалпы улуттук биримдик жана ынтымак» деген түшүнүк негизги болушу учурдун талабы.

Урматтуу мекендештер! Биз туруктуу өнүгүү, келечеги айкын жана так, бардар жашоо жолун тандашыбыз зарыл!

Өлкө үчүн! Республика үчүн!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

15-03-2012
КР премьер-министри Ө.Т.Бабановго кайрылуу
48981

12-08-2011
кайрылуусу 
16845

07-04-2011
Биз эми бийликтин катачылыктарына жана өтүп кеткен кайгылуу окуялардын кайталанышына эч качан жол бербешибиз керек
21752

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×