Добавить статью
4:12, 12 августа 2011 16846

кайрылуусу 

«Республика» партиясынын саясий кеңешинин жана Жогорку Кеңештин «Республика» фракциясынын алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуу кайрылуусу!

Урматтуу мекендештер!

2011-жылдын 30-октябрындагы президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү аяктап баратат. Ушул шайлоого катышуу туралуу арызы менен кайрылгандар 50дөн ашты.

«Республика» партиясы, мамлекеттүүлүктү сактоо жана өлкөнүн мындан ары да өнүгүшү үчүн ушул шайлоо мыйзам чегинде гана өтүшү зарылдыгын жана элдин биримдиги - өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги принциби болушу керектигин билдирген.

Биз жеке жана партиялык кызыкчылыктардан өйдө туруп, мамлекет кызыкчылыгын биринчи орунга коюшубуз керек. Бул биздин партиябыздын тутунган платформасы. «Республика» партиясы башынан эле жалпы улуттук биримдиктеги партия экендигин билдирип келебиз.

Учурда өлкөбүзгө ынтымак жана биримдик керек экендигин так түшүнүп, «Республика» партиясы Кыргыз Республикасынын президенттигине уюмдун атынан кандидатын сунуштабай турган чечимге келди. Жакынкы күндөрү, президенттикке талапкерлерди көрсөтүү аяктагандан кийин президенттик шайлоодо «Республика» партиясынын платформасына анын максаттарына программасы менен дал келген талапкерди колдоо жөнүндө чечимин кабыл алат.

Биз дагы бир жолу билдиребиз, учурдагы президенттик шайлоо бөлүп-жаруучу эмес, бириктирүүчү фактор болушу керек. Биз баарыбыз бул шайлоо өлкөнүн өнүгүүсү үчүн оң таасирин берген саясий иш-чара болуп калышы үчүн колдон келген күч аракетибизди жумшашыбыз зарыл. Биз баардык Кыргызстандагы зирек саясий күчтөрдү Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшү үчүн биригүүгө чакырабыз!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

15-03-2012
КР премьер-министри Ө.Т.Бабановго кайрылуу
48985

09-08-2011
Кайрылуусу
15391

07-04-2011
Биз эми бийликтин катачылыктарына жана өтүп кеткен кайгылуу окуялардын кайталанышына эч качан жол бербешибиз керек
21752

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×