Добавить статью
5:15, 1 сентября 2011 7492

Унутушканбы же билишпейби? Өлкөнүн экономикалык коопсуздугу

Антимонополиялык агенттиктин 20 жылдыгына карабастан, ведомство азык-түлүктүн бааларынын көтөрүлүшү жөнүндө билдирген.

Акыркы маалыматтарга караганда буудай, ун, ак жана пахта майы сыяктуу азык товарларынын баалары көтөрүлгөн. Бензин күн сайын кымбаттап кете берет. Кыргызстандыктар буга чыдап турса, чоңдор мамлекеттин негизги милдети болгон экономикалык коопсуздук боюнча тез чара алуунун ордуна жогорку бюджеттик чарага, тактап айтканда, Президентти шайлоого даяранууда.

Айтылгандай, жыйынтык чыгаргыла! 2010-жылдын 27-июнунда референдум тарабынан кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык, Президенттин негизги милдети өлкөнүн коопсуздугун сактоо болуп саналат. Улуттук коопсуздуктун ажырагыс бөлүгү «улуттук экономиканын көз карандысыздыгын, туруктуулугун жана бекемдигин, үзгүлтүксүз жаңыланууга жана өзүн өзү өркүндөтүүгө жөндөмдүүлүгүн камсыз кылган шарт менен факторлордун жыйындысы болуп эсептелет. Милдеттердин комплексин көзөмөлдөө үчүн жоопкерчиликти мамлекет башчысы жалаң гана өзүнө алат. Учурдагы Кандидаттар бул маселелер менен кызыктырышабы, республиканын экономикалык коопсоздугун камсыз кыла алышабы?

Эмне үчүн бул маанилүү? Дүйнөлүк тажрыйбага караганда экономикалык коопсудукту камсыз кылуу — бул өлкөнүн көз карандысыздыгынын кепилдиги, коомдун тиричилик аракетинин натыйжалуулугунун жана туруктуулугунун шарты, ийгиликке жетишүүнүн кепилдиги. Чоңдордун элдин үмүттөрү менен кызыктыруу жана улуттук байлыктарды туура пайдалануу жөндөмсүздүгү 2005 жана 2010-жылдардагы окуялардын негизги себептеринин бири болгон.

Ошентип, Президент кызматына Кандидаттар өздөрүнүн жөндөмдүүлүгүн, өзгөчө Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн керектүү билимдерин баалашы керек. Антпесе, көтөрө алгыс жүктөн уятка каласың дегендей.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

11-05-2011
Кыргызстандын эң перспективдүү саясатчысы (иликтөө)
32169

07-05-2011
Суралгандардын 58,5% Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө каршы болду
18574

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×