Добавить статью
2:49, 9 сентября 2011 6465

Таза шайлоо үчүн, Кыргызстандын келечеги үчүн жумушуңду таштагын!

Демократиялык өлкөлөрдө өз күчүнө жана өзүнө ишенген чыныгы саясатчылар, чыныгы лидерлер саясий күчүн өз элинен, шайлоочуларынан алат. Эч нерседен коркпостон, ээлеген кызмат макамын таштап, таза, адилет шайлоо үчүн «эркекче» саясат майдандарында ат салышат, эгер тактыктуу болсо шайлоочулар аны кайрадан эл башчылыгына алып келет. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө премьер-министр Атамбаев баш болгон президенттикке кандидат айрым чиновниктер кызмат ордун өткөрүп берип, тайманбастан элдин алдына чыгып, таза шайлоодо өз күчтөрүн сыноонун ордуна – шайлоого аз убакыт калганга чейин кызмат абалынан пайдаланып административдик ресурсту колдонуп жатышат! Себеби булар өз күчтөрүнө ишенбейт, чыныгы «саясий фигура» катары алсыз! Албетте, бул - баарынан мурда премьер-министр Атамбаевдин жана анын тегерегиндеги кошаматчы кеңешчилеринин алсыздыгы. Жалгыз эле Атамбаев эмес, «ээлеген кызмат орду жана мамлекеттик-административдик макам менен ооруган» кыргыз саясий элитасынын, чиновниктердин, жалпы эле кыргыз коомчулугунун алсыздыгы. Таза шайлоо учун, Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн мамлекетик структурадагы ээлеген кызмат абалын өткөрүп берип, тайманбастан элдин алдына чыгып, таза шайлоодо өз күчтөрүн сыноо - мекен алдында бардык кандидатардын, эң оболу премьер-министр Атамбаевдин милдети! Ошондуктан, таза шайлоо үчүн, Атамбаев тез арада премьердик кызмат макамын таштоосу керек!

Таза шайлоо үчүн – Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

22-08-2011
Башкы саясий күчтөрдүн консолидациясы
29678

13-05-2011
Атамбаевдин «жеңишиби» же алсыздыгыбы?!
8482

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×