Добавить статью
4:15, 23 сентября 2011 53763

Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор

Биз Кыргыз эли, эски олчойгон оор, олдоксон бюрократиялык, паракорлук, ичинен ирип-чириген, кыргыз элин жакырланткан, ошол эле убакта бир ууч мамлекеттик төбөлдөр жалпы кыргыз элине таандык мамлекеттик байлыкты өзүлөрүнүн гана бай болуу булагына айландырышкан жана Кыргыздардын Эркин өлкөсүнүн үстүнөн жеке бир гана адамдын үстөмдүгүн орноткон, феодалдык жапайы жырткыч коомду түп тамырынан бери жок кылып жана ошондой эле коомдо, уюшкан кандайдыр бир топ адамдардын, же болбосо кандайдыр бир партиялардын жана уюмдардын үстөмдүгүнүн орношуна каршы болуп, ордуна;

- Кыргыз элинин жашоо-турмушунун жакшырышын көздөгөн;

- Кыргыз мамлекетинин өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн;

- адам укуктары менен эркиндиктерин чын ниети менен коргогон;

- чындык менен калыстык жана теңдик үчүн сөз жана кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө чындап күрөшкөн жана өлкөдө таза элдик бийлик ээлик кылган Кыргыздардын Эркин өлкөсүн түзүү максатында ушул Конституцияны кабыл алабыз.

БИРИНЧИ БАШ СөЗ

КЫРГЫЗДАРДЫН ЭРКИН өЛКөСү

БИРИНЧИ БөЛүМ

ЖАЛПЫ НЕГИЗДЕР

1-берене

1.Кыргыздардын эркин өлкөсү – эгемендүү, унитардык, динден тышкары, социалдык жана демократиялык баалуулуктарды сактаган мамлекет.

2.Кыргыз өлкөсүнүн эгемендиги чектелбейт жана анын бүтүндөй аймагын камтыйт.

3.Кыргыз эли - эгемендиктин жана ошондой эле Кыргыздардын Эркин өлкөсүндөгү мамлекеттик бийликтин бирден – бир ээси.

4.Кыргыз эли өз бийлигин түздөн-түз, ошондой эле мамлекеттик уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдарынын тутуму аркылуу Кыргыздардын Эркин өлкөсүнүн ушул Конституциясынын жана мыйзамдарынын негизинде жүргүзөт.

5.Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик маанидеги маанилүү мамилелер жалпы элдик добуш берүүгө (реферундумга) коюулушу мүмкүн. Реферундум өткөрүүнүн тартиби Конституциялык мыйзам менен аныкталат.

6.Кыргыз өлкөсүнүн жарандары жергиликтүү - курултайлардын мүчөлөрүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдарынын өкмөт башчыларын (өкүмдөрүн), жергиликтүү сотторду, прокурорлорду жана Кыргыз Элдик Курултайдын мүчөлөрүн, Кыргыз өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу Кеңешин, Кыргыз өкмөтүнүн башчысын (премьер-министрди) Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Сотун жана Башкы прокурорун шайлашат. Шайлоо эркин болуп саналат жана жашыруун добуш берүү менен тең жалпы жана түз шайлоо укугунун негизинде өткөрүлөт. Кыргыз өлкөсүнүн 18 жашка толгон жарандары шайлоого укуктуу.

2 - берене

1.Мамлекет жана анын уюмдары коомдун кандайдыр бир бөлүгүнө эмес бүткүл коомго кызмат кылат.

2.Элдин кандайдыр бир бөлүгү, бирикмеси же болбосо жеке адам жалпы элдин бийлигин ээлеп алууга укуксуз. Жалпы элдик бийликти тартып алуу, бул өтө оор кылмыш болуп эсептелинет.

3 – берене

1.Кыргыздардын Эркин өлкөсүнүн чек ара алкагындагы бүткүл аймагы колтийгис жана бөлүнгүс.

2.Мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштурууу максатында Кыргыз өлкөсүнүн аймагы мыйзам менен аныктала турган администрациялык – аймактык бирдиктерге бөлүнөт.

4 – берене

1.Кыргыз өлкөсүндө менчиктин жеке, мамлекеттик, айылдык, шаардык (мунипициалдык) жана башка түрлөрү таанылат жана корголот.

Кыргыз өлкөсү менчиктин ар кандай түрлөрүнүн болушуна жана алардын бирдей негизде укуктук жактан корголушуна кепил болот.

2.Жер жана анын кен-байлыктары, аба мейкиндиги,суулары,токойлору,

өсүмдүктөрү, жаныбарлар дүйнөсү жана башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Элинин

менчиги болуп саналат, алар Кыргыздардын Эркин өлкөсүнүн элинин жашоо-тиричилигинин жана иштешинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө кароосунда болот.

3.Жер менчиктин жеке, муниципалдык жана башка түрлөрдө болот.

Жер ээлеринин өз укуктарын жана аны коргоо кепилдиктерин ишке ашыруу чектери жана тартиби мыйзам менен аныкталат.

4.Кыргыз өлкөсү өз жарандарынын жана юридикалык жактарынын мүлккө болгон менчик укугун, ошондой эле алардын башка мамлекеттердин аймагындагы мүлкүн жана өз менчигин коргойт.

5 – берене

1.Кыргыздардын Эркин өлкөсүнүн мамлекеттик тили – кыргыз тили 2.Кыргыздардын Эркин өлкөсү, Кыргыз өлкөсүнүн элин түзгөн баардык улуттардын өкүлдөрүнө эне тилин сактап калуу, аны үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугуна кепилдик берет.

3.Кыргыз өлкөсүнүн ар бир жараны мамлекеттик тилди билүүсү тийиш.

6 – берене

1.Кыргыздардын Эркин өлкөсү мамлекеттик символдорго – Тууга, Гербге, Гимнге ээ.

Алардын сыпаттамасы жана расмий пайдалануу тартиби мыйзам менен белгиленет.

2.Кыргыз өлкөсүнүн борбору – Бишкек шаары.

3.Кыргыз өлкөсүнүн акча бирдиги – сом.

ЭКИНЧИ БөЛүМ

МАМЛЕКЕТТИН ТүЗүЛүШү ЖАНА АНЫН ИШИ

7 – берене

Кыргыз өлкөсүндө Элдик бийликтин ишин алып баруучулар болуп жалпы эл тарабынан шайланган элдин кызматчылары:

ири жана чакан шаардык,айылдык, шаар-аймактык курултайлар;

ири жана чакан шаардык айылдык,шаар-аймактык өкмөттөр;

шаар – аймактык,айылдык, чакан шаардык соттор жана прокурорлор;

Кыргыз Элдик Курултай;

Кыргыз өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу Кеңеши;

Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүнүн башчысы;

Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Соту;

Кыргыз өлкөсүнүн Башкы Прокурору эсептелинет.

2.Элдик бийликтин ишин алып баруучулар – мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бутактарына бөлүштүрүүнүн, алардын макулдашып иш аткарышын жана биргелешип аракеттенишинин;

- мамлекеттик уюмдардын эл алдындагы жоопкерчилигинин жана алардын өз ыйгарым укуктарын элдин таламында жүзөгө ашырылышынын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жалпы мамлекетти башкаруунун

так бөлүштүрүүнүн негиздерине таянат.

8 – берене

1.Кыргыздардын Эркин өлкөсүндө өз үнүн эркин ачык билдирүүнүн жана жалпы кызыкчылыктардын негизинде саясий партиялар, кесиптик бирликтер жана башка коомдук бирикмелер түзүлөт.Мамлекет коомдук бирикмелердин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын сактоону камсыз кылат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
35096

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
32560

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
34122

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
39808

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
25300

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
41853

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
33545

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38696

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38210

29-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (4-бөлүм)
36702

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×