Добавить статью
3:59, 3 октября 2011 41900

Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)

Башын бул шилтеме менен http://www.barakelde.org/comments/news:431 жана http://www.barakelde.org/comments/news:436, http://www.barakelde.org/comments/news:437, http://www.barakelde.org/comments/news:439, http://www.barakelde.org/comments/news:440, http://www.barakelde.org/comments/news:442, http://www.barakelde.org/comments/news:443, http://www.barakelde.org/comments/news:445, http://www.barakelde.org/comments/news:446, http://www.barakelde.org/comments/news:447 тапса болот

Уландысы

4.Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүнүн айрым мүчөлөрү,кызматтан кетүү жөнүндөгү өзүлөрүнүн өтүнүчүн берүүгө укуктуу, аны өкмөт Башчы кабыл алат же болбосо четке кагат.

5.Кыргыз өлкөсүнүн өкмөт Башчысы өзүнүн калоосу менен кызматтан кетүүгө укуктуу. Кыргыз өлкөсүнүн өкмөт Башчысынын, кызматтан кетиши менен кошо мниистрликтин, департаменттердин, агенттиктердин жана мамлекеттик кызматтардын төрагаларынын кызматтан кетишине алып келет.

6. 1). Кыргыз өлкөсүнүн өкмөт Башчысынын кызматтан кетиши менен жана ар кандай себептер менен өкмөт Башчы өзүнүн милдетин аткара албай калган учурда, анын милдетин убактылуу жаңы өкмөт Башчы шайлангыча ишкерчилик, экономика, финансы жана салык агенттигинин төрагасы аткарат.

2). Ишкерчилик, экономика, финансы жана салык агенттигинин төрагасы, Кыргыз өлкөсүнүн өкмөт Башчысынын милдетин убактылуу ар кандай себептерге байланыштуу аткара албай калган учурда, Кыргыз өлкөсүнүн өкмөт Башчысынын милдетин убактылуу, алфавит боюнча аты аталган мамлекеттик департтаменттин, кызматтын, агенттиктин жана министрликтин төрагалары аткарышат.

3). Кыргыз өлкөсүнүн жаңы өкмөт Башчысын шайлоо, мурунку өкмөт башчынын кызматынан кеткен күндөн тартып, үчүнчү айдын акыркы жекшембисинде өткөрүлөт.

4). Кыргыз өлкөсүнүн жаңы өкмөт Башчысы өзүнүн кызматын, Кыргыз Элдик Курултайдын ар бир үч айда өтчү жыйынында ант берген күндөн баштап аткара баштайт.

77 – берене

1.Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүнүн Башчылыгына талапкер болуп, курагы 35 (отуз беш) жашка толгон жана 65 (алтымыш беш) жаштан ашпаган, мамалекеттик тилди билген,

Кыргыз өлкөсүнүн өкмөт Башчылыгына талапкер болуп көрсөтүлгөнгө чейин Кыргыз өлкөсүндө кеминде 15 (он беш) жыл жашаган Кыргыз өлкөсүнүн жараны, 5 (беш) жылдан эки мөөнөткө гана шайлана алат

2.Жаңы өкмөт Башчыны шайлоо, мурунку өкмөт Башчынын иш алып баруу мөөнөтү аяктаар күнгө 2 (эки) ай калганда жүргүзүлөт.

78 - берене

Кыргыздардын Эркин өлкөсүнүн Конституциясына, мыйзамдарына ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн өкмөт Башчысы, Кыргыз өкмөтүнүн негизги багыттарын аныктайт анын ишин уюштурат жана анын иши үчүн жеке өзү жоопкерчилик тартат.

79 – берене

1.Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтү, Кыргыз элинин жана Кыргыз Элдик Курултайдын

алдында жоопкерчиликте жана көзөмөлүндө болот, ошондой эле аларга ар бир жылдын,ар бир үчүнчү айынын ичинде,Кыргыз Элдик Курултай өтүп жаткан мезгилде,аткарган иштери жөнүндө өзүнүн жыйынтыктоочу жообун берет.

2.Кыргыз өлкөсүнүн өкмөт Башчысынын ар бир үч айлык жыйынтыктоочу жообун кароонун натыйжасында, Кыргыз Элдик Курултайдын жалпы санынын көпчүлүгүнүн демилгеси боюнча, өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү маселени карашы мүмкүн.

3.Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү токтом, Кыргыз Элдик Курултайдын эл өкүлдөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экисинен ашык добушу менен кабыл алынат.

4.Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү маселе, Кыргыз Элдик Курултай тарабынан:

- жыйындын учурунда бир жолудан ашык;

- Кыргыз өкмөтүнүн программасы жактырылгандан кийин жарым жылдын ичинде;

- Кыргыз өкмөтүнүн Башчысын кезектеги шайлоого 6 (алты) ай калганда каралышы мүмкүн эмес.

5.Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө билдирилгенден кийин, Кыргыз Эли, Кыргыз Элдик Курултайдын чечими менен макул болбой коюуга укуктуу.

6.Эгерде Кыргыз Элдик Курултай, Кыргыз Элинин чечими менен макул болбой эч бир жүйөөсүз себептер менен Кыргыз өкмөтүнүн кызматтан кетиши жөнүндөгү чечимин өзгөртпөсө же болбосо кандайдыр бир убакыттын ичинде кайталап кабыл алса, анда Кыргыз Эли Кыргыз Элдик Курултайды таркатуу боюнча чараларды көрө баштайт.

7. Кыргыз Элдик Курултайды таркатыш үчүн, Кыргыз өлкөсүнүн ар бир айыл-кыштагынын, чакан шаарларынын жана ири шаарларынын, шаар-аймактарынын ар бир чейректеринин жана кичине аймактарынын шайлоого жарактуу делген жашоочуларынын 50% катышкан жыйналыштарында,жарымынан көбү таркатылсын деп ачык добуш беришсе (жөнөкөй кол көтөрүү аркылуу) анда Кыргыз Элдик Курултай таркатылат. Ал эми эгерде жашоочулардын жарымынан көбү таркатылбасын деп добуш беришсе, анда Кыргыз Элдик Курултай өзүнүн ишин улантат.

80 – берене

1.Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтү:

1).Кыргыз Элинин, Кыргыз Элдик Курултайдын суроо-талаптарын,Кыргыз өлкөсүнүн Конституциясы менен мыйзамдарынын жана Кыргыз өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын аткарылышын; мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын турмушка ашырылышын камсыз кылат.

2).мыйзамдуулукту,жарандын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоонун, кылмыштуулукка, паракорлука жана элдик (мамлекеттик) мүлктүн,акча-каражаттын уурдалышына, талап-тонолушуна каршы күрөшүүнүн бирдиктүү мамлекеттик саясатынын жүргүзүлүшүн камсыз кылат;

3).финансы, эркин баа, тариф, инвестиция, ишкердүүлүктү, атаандаштыкты жана салык саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат;

4).Кыргыз өлкөсүнүн казынасын иштеп чыгат жана аны Кыргыз Элдик Курултайга сунуш кылат жана анын аткарылышын камсыз кылат. Кыргыз Элдик Курултайга өлкөнүн казынасынын аткарылышы жөнүндө өзүнүн жыйынтыктоочу жообун берет;

5).маданият, илим, билим берүү, саламаттыкты сактоо, эмгек жана иш менен камсыз кылуу, социалдык камсыздоо, табиятты коргоо, экологиялык коопсуздук

жана жаратылышты пайдалануу чөйрөлөрүндө бирдиктүү мамлекеттик саясаттын жүргүзүлүшүн камсыз кылат;

6).экономикалык, социалдык, илимий-техникалык жана маданий өнүгүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана аны жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдары менен бирдикте турмушка ашырат;

7).менчиктин баардык түрлөрүн өнүктүрүүнүн жана аларды коргоонун бирдей шарттарын камсыз кылуу боюнча чараларды ишке ашырат;

8).мамлекеттин эгемендигин, коргоону жөндөмдүүлүгүн жана улуттук коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды турмушка ашырат;

9).тышкы экономикалык жана башка байланыштарды чыңдоонун иш-аракеттерин жана бажы ишин уюштурат жана ааларды турмушка ашырууну камсыз кылат;

10).Кыргыз өкмөтүнүн министрлигинин, агенттиктеринин, департаменттеринин, мамлекеттик кызматтарынын ишин багыттайт жана кординациялайт, алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдары менен бирдиктүү иштешин камсыз кылат;

11).жарандык коом менен өз ара аркеттенүүнү камсыз кылат;

12).Кыргыз өлкөсүнүн ушул Конституциясы, Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдары, Кыргыз өкмөт Башчысынын жарлыктары менен өзүнүн карамагына таандык башка ыйгарым укуктарды турмушка ашырат;

2.Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтү жана Кыргызстандын Улуттук Банкы бирдиктүү акча-кредит жана валюта саясатын жүргүзүүнүнү камсыз кылышат.

3.Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүнүн ишин уюштуруу жана анын тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

81 – берене

1.Кыргыз өлкөсүнүн Конституциясынын жана мыйзамдарынын негизинде аларды аткаруу үчүн Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтү токтомдорду жана буйруктарды чыгарат, ошондой эле алардын аткарылышын уюштурат, текшерет жана камсыз кылат.

2.Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдарынын укуктарына карама-каршы келбеген токтомдору менен буйруктары Кыргыз өлкөсүнүн бүткүл аймагында милдетүү түрдө аткарылууга тийиш.

Кыргыз өкмөтүнүн ченемдик укук актыларын аткарбай коюу же болбосо тийиштүү түрдө аткарбоо мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет

82 – берене

1.Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүнүн Башчысы министрликтин, агенттиктердин, департаменттердин жана мамлекеттик кызматтардын ишине жетекчилик кылат.

2.өкмөттүк министрлик, агенттиктер, департаменттер жана мамлекеттик кызматтар өз кызмат укуктарынын чегинде Кыргыз өлкөсүнүн Конституциясынын,мыйзамдарынын, Кыргыз өлкөсүнүн өкмөт Башчысынын жарлыктарынын, Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарынын негизинде жана аларды аткаруу максатында буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын уюштурат, текшерет жана камсыз кылат.

3.Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүнүн Башчысы министрликтин, агенттиктердин, департаменттердин жана мамлекеттик кызматтардын төрагаларынын жыйынтыктоочу жообун угат жана Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдарына карама-каршы келген актыларын жокко чыгарат.

Уландысы бар

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
35129

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
32593

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
34161

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
39849

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
25325

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
33587

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38726

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38248

29-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (4-бөлүм)
36749

29-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
25049

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×