Добавить статью
12:13, 5 октября 2011 25322

Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)

Башын бул шилтеме менен http://www.barakelde.org/comments/news:431 жана http://www.barakelde.org/comments/news:436, http://www.barakelde.org/comments/news:437, http://www.barakelde.org/comments/news:439, http://www.barakelde.org/comments/news:440, http://www.barakelde.org/comments/news:442, http://www.barakelde.org/comments/news:443, http://www.barakelde.org/comments/news:445, http://www.barakelde.org/comments/news:446, http://www.barakelde.org/comments/news:447, http://www.barakelde.org/comments/news:448 тапса болот

Уландысы

СЕГИЗИНЧИ БөЛүМ

КЫРГЫЗ өЛКөСүНүН ТАРМАКТАРЫ

СОЦИАЛДЫК ЖАКТАН КОРГОО ТАРМАГЫ

83 –берене

1.Көп-балалуу үй-бүлөлөрдүн ар бир баласы 16 (он алты) жашка чыкканга чейин, майыптарга, согуштун жана экологиялык кырсыктардын катышуучуларына ай сайын төлөнүүчү төлөмдөр, айыл жана шаар өкмөтүнүн казынасынын эсебинен накта акчалай түрүндө, кечиктирилбестен ай сайын, мыйзамда аныкталган тиричилик каражатынын эң төмөнкү өлчөмүнүн деңгээлинен кем эмес төлөнүп туруулуга тийиш.

2.Ушул Конституция кабыл алынгандан кийин 5(беш) жылдын ичинде, жашы жеткен боюнча эс алууга чыгуучу жана эс алууда жүргөн карыларга ай сайын төлөнүүчү төлөмдөр, айыл жана шаар өкмөтүнүн казынасынын эсебинен, накта акчалай түрүндө кечиктирилбестен, ай сайын, мыйзамда аныкталган тиричилик каражатынын эң төмөнкү өлчөмүнүн деңгээлинен кем эмес төлөнүп туруулуга тийиш.

3.Ушул Конституция кабыл алынгандан кийин жашы жеткен боюнча эс алууга чыгууга 5(беш) жана андан көп жыл калган карылар,өзүн-өзү камсыздандыруу жолунун негизинде, айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн казынасынын эсебине, бир жылда кошулуп туруучу үстөгү 5% болгон акча каражатын сактоо максатында төгүп турушат.

4.Айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөтү эс алууга чыккан карылардын суроосу боюнча, ал акча-каражатты үстүнө тиешелүү үстөгүн кошуп туруп кечиктирбестен төлөп берип турууга милдетүү.

5.Айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн, элди социалдык жактан коргоо боюнча бөлүмүнүн башчысын, айыл, чакан шаар жана шаар-аймак өкмөттүн өкүмү дайындайт жана кызматтан бошотот.

6.Кыргыз өлкөсүнүн социалдык жактан коргоо боюнча департаментинин негизги иши болуп:

- Кыргыз элин социалдык жактан коргоо боюнча жаңы долбоорлорду түзүү жана аны ишке ашыруу иши;

- айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн, элди социалдык жактан коргоо боюнча бөлүмүнүн балдарга, карыларга, майыптарга жана ардагерлерге ай сайын төлөнүүчү төлөмдөрдүн жетишпеген акча-каражатын, Кыргыз өлкөсүнүн казынасынын эсебинен айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн казынасынын эсебине которуп туруу иши саналат.

САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО ТАРМАГЫ

84 – берене

1.Саламаттыкты сактоо тармагы айылдык, чакан шаардык, шаар-аймактык жана жеке менчик түрүндө болот:

1) айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык саламаттыкты сактоо бейтапканалары, ооруканалары айылдын, чакан шаардын жана шаар-аймагынын карамагында болот.Алар айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттөрдүн казыналарынын эсебинен каржыланат. Айылдын, чакан шаардын жана ири шаарлардын аймактарынын элин акысыз дарылашат.

Бейтапканалардын, ооруканалардын башкы дарыгерлерин айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн өкүмү дайындайт жана кызматтан бошотот.

2) жеке менчик түрдөгү саламаттыкты сактоо жамааты кардарларды дарылоону акы алуу аркылуу жүргүзүү менен мамлекетке тиешелүү салык төлөп турушат.

2.Кыргыз өлкөсүнүн саламаттыкты сактоо департаментинин негизги иши болуп:

- дүйнөлүк саламаттыкты сактоо жамааты менен байланыш түзүү жана кызматташуу;

- Кыргыз өлкөсүнүн саламаттыкты сактоо жамаатын дарылоонун жаңы

технологиялары менен тааныштыруу;

- кеңеш берүү иши;

- айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн элдин саламаттыгын сактоо тармагындагы жетишпеген акча-каражатын, Кыргыз өлкөсүнүн казынысынын эсебинен толуктап берип туруу иши саналат.

БИЛИМ БЕРүү ТАРМАГЫ

85 – берене

1. Балдарды мектепке чейинки тарбиялоо, жалпы билим берүү жана жогорку билим алуу тармагы, айылдык, чакан шаардык, шаар-аймактык, мамлекеттик жана жеке менчик түрдө болот.

1) айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык балдарды мектепке чейинки тарбиялоо, жалпы билим берүү тармактары айылдын, чакан шаардын жана шаар-аймагынын карамагында болот. Алар айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык өкмөттөрүнүн казынасынын эсебинен каржыланат.

2) айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймагынын бала-бакчалары менен мектептери, балдарды мектепке чейинки тарбиялоону жана жалпы билим берүүнү акысыз жүргүзүшөт.

3) айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык бала-бакчалардын, мектептердин жетекчилерин, айыл, чакан шаар жана шаар-аймак өкмөттүн өкүмү дайындайт жана кызматынан бошотот.

4) балдарды мектепке чейинки тарбиялоо жана жалпы билим берүү иши менчик түрүндө дагы болот.

2. Кесиптик, атайын орто кесиптик жана жогорку билим берүү тармагы мамлекеттик жана жеке менчик түрдө болот.

3. Кыргыз өлкөсүнүн илим, элге билим берүү жана маданият тармгы боюнча департаментинин негизги иши болуп:

- дүйнөлүк билим берүү жамааты менен байланыш түзүү жана кызматташуу;

- кыргыз билим берүү жамаатында окутуунун жаңы программалары менен

методикаларын түзүү жана аларды жайылтуу;

- кеңеш берүү иши;

- айыл, чакан шаар жана шаар аймактык өкмөттүн элге билим берүү тармагындагы жетишпеген акча-каражатын толуктап берип туруу иши саналат.

ДЕНЕ ТАРБИЯ (СПОРТ) ТАРМАГЫ

86 – берене

1.Спорт тармагы айылдык, чакан шаардык, шаар-аймактык жана жеке менчик түрдө болот: 1).айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык спорт тармагына балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорту кирет. Алар айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык өкмөттөрдүн казынасынын эсебинен каржыланат жана балдарды спорт менен машыктыруу акысыз жүргүзүлөт;

2).айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык спорт тармагынын жетекчилерин,

айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык өкмөттүн өкүмү дайындайт жана кызматынан бошотот.

2.Адистик спорт тармагы жеке менчик түрдө болот.

3.Кыргыз өлкөсүнүн дене тарбия жана спорт агенттигинин негизги иши болуп:

- дүйнөлүк спорт жамааты менен байланыш түзүү жана кызматташуу;

- Кыргыз спорт жаатында жогорку деңгээлдеги адистик спортту пропагандалоо

жана анын кеңири жайылтуусуна өбөлгө түзүү;

- кеңеш берүү иши;

- айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн спорт тармагындагы жетишпеген акча-каражатын толуктап берип туруу иши саналат.

МАДАНИЯТ ЖАНА КИНО ТАРМАГЫ

87 – берене

1.Маданият жана кино тармагы өзүн-өзү каржылоо жана багуу аркылуу толугу менен жеке менчик түрдө болот. Маданий имараттар, жабдуулар мамлекеттен ажыратылып жеке менчик ээлерине сатуу жолу менен өткөрүлүп берилет.

2.Маданий жана тарыхый эстеликтер мамлекет тарабынан коргоого жана сакталууга алынат.

3.Айыл жана шаар өкмөттүн карамагындагы маданий жана тарыхый эстеликтер,айыл жана шаар өкмөттүн казынасынын эесебинен каржыланат. Жалпы мамлекетке тиешелүү маданий жана тарыхый эстеликтер Кыргыз өлкөсүнүн казынасынын эсебинен каржыланат.

4.Кыргыз өлкөсүнүн илим, элге билим берүү жана маданият департаментинин негизги иши болуп:

-Кыргыз Эли менен дүйнөнүн башка элдеринин ортосунда маданий байланыштарды түзүү жана чыңдоо;

- Кыргыз элинин маданий мурастарын сактоо жана аны өнүктүрүү;

- маданий иш-чараларды уюштуруу;

- кеңеш берүү иши;

- айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн маданият тармагындагы жетишпеген акча-каражатын толуктап берип туруу иши саналат.

МААЛЫМАТ БЕРүү ТАРМАГЫ

88 – берене

Кыргыз өлкөсүндө жалпыга маалымат берүү каражаттары толугу менен мамлекеттен ажыратылган жана мамлекеттен көз карандысыз жеке менчик түрүндө болот.

ИЛИМИЙ - ИЗИЛДөө ТАРМАГЫ

89 – берене

Кыргыз өлкөсүндө илимий-изилдөө тармагы өзүн-өзү каржылоо жана багуу аркылуу толугу менен жеке менчик түрдө болот

Уландысы бар

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
35122

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
32589

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
34155

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
39844

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
41888

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
33577

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38717

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38241

29-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (4-бөлүм)
36740

29-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
25040

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×