Добавить статью
9:59, 25 ноября 2011 16583

Салттуу билим жөнүндө эмне билесиң?

Кыргыз элинин башка элдердей эле байыртадан келе жаткан илимдери, социалдык билимдери, турмушка болгон ой-жүгүртүүсү, акыл-сезимдери, туюмдары болгон.

Социализм мезгилинде Советтер Союзунун курамындагы элдерди бир советтик эл кылуу саясатынын негизинде аз элдердин улуттук каада-салтына, үрп-адатына тыюу салынып, улам жаштар аны унутуп келген.

Эсимде, мен интернатта окуп жүргөндө “Кыргыздар тоо-ташта жашаган жапайы эл болгон. Социализмдин жеңиши менен алар билим алууга жетишип, кат сабаты жоюлган. Силер бактылуу балдарсыңар, билимдүүсүңөр” деп окутчу да, мен чоң ата, чоң энемди байкуш катары санап, ушулар эмнени билмек эле деп сезер элем, да аларга боорум ооручу.

Бирок андай эмес экенин көп жылдан кийин кыргыз эли эгемендик алып, чыныгы тарыхы жазыла баштаганда гана билдим. Көрсө, кыргыз эли улуу эл экен.

Бирок эгемендик алганыбызга жыйырма жылдан ашса да бирөөлөрдүн көзүн карап алардан чыга албай, өзүбүздүн улуу мурастарыбызды, элдигибизди сактап келген улуттук салттуу билимдерибизди тааный албай келе жатканыбыз менин дагы деле жүрөгүмдү өйүп келет.

Салттуу билимдерибизди коргоп, сактап калуу ар бирибиздин милдетибиз катары түшүнүүбүз керек.

Жакында Дастан Сарыгулов агайдын: “Быйыл кыш жеңил болот, анткени кыш бала таштап койду” дегенин угуп, бир алдын таңкалдым да, бир алдын абдан кубандым.

Кыштын жеңил болоруна бир кубансам, экинчи жагынан ал сөздү укпай калганыма көп болгон. Илгери чоң ата-чоң энелеримен, абаларыман укчумун. Бирок канткенде кыш жеңил болорун билген кыргыз элинин акылмандыгына жана турмуштук бай тажрыйбаларына тан бердим. Бул да болсо кыргыз элинин социалдык билимдеринин бири.

Ай жаанчыл болот, же кургакчыл болот деп алдын ала табигаттын сырын билип, ошого жараша аракет кылышкан.

Ушуга окшогон салттуу билимдерди сактоо, коргоо боюнча бир топ коомдук уюмдар, мекемелер иштеп келет. Ошентсе да алгылыктуу жумуштар али жасала элек десем жаңылышпайм.

Жогорку окуу жайдын окутуучусу кыргыздын каада-салты боюнча кандидаттык диссертация жаздым эле, ошондо чогулткан кыргыздын каада салттарын китеп кылып чыгара албай жүрүп, анан Америкадан барып чыгарып келдим десе маани деле берген эмесмин. Анткени, биздин каада-салттын америкалыктарга эмне кереги бар эле десем керек. Азыр ойлонуп калам. Мына ошол биздин каада-салтыбызда улуттук дарылоо, улуттук тамак-аш, улуттук социалдык билимдерибиз жатат эмеспи...

Бир эле нерсени сөз кылалы, маселен, укмуштуудай тарбиялык мааниге ээ кыргыздын кээ бир сөздөрү жөнүндө. Айталы, “отко суу чачпа” деп айтылат кыргыз элинде. Аны азыр ар ким ар түрдүүчө чечмелеп келет. Чыныгы маанисин эч ким билбей калган. Бирок ал сөздүн тереңинде көп сырлар катылып жаткандай сезилет. Бир эле практикалык жагын алсак, ысып турган отко суу чачып жиберсең, күл сапырылып, күлдүн кору көзгө түшүшү мүмкүн. Дагы... дагы... Аны изилдөө гана керек.

Маселен, “күлдү тебелебе” деген сөздөн күлдүн составында туздар (щелочтор) бар экендигин алар бутту, бөйрөктү оорута тургандыгын билебиз. Күлдү көп тебелеп жүргөн адам буту оорукчан болот, керек болсо баспай да калышы мүмкүн. Эмне себептен? Аны да изилдөө керек.

Кыргыз элинин бардык салттуу билимдеринде табигаттан керектүү нерсени үнөмдөп пайдалануу жөнүндө кабар берилет. Ошол үчүн дагы көп нерселер табышмак сыяктуу айтылып калгандай.

Алсак,

- Колуңду башыңа алба” - дечү апам.

- Эмнеге? - деп сурасам,

- Жаман болот, - деп гана койчу. Ал сөздүн жандыргамын айтчу эмес.

Кийин билсем, колуңдун салааларын айкалыштырып башыңа жаздап, чалкалап жатсаң, басылып калган колуң бир убакта чымырап чыгат экен да (уктап калып деп коет), бири-биринен чыкпай калат экен. Аны ойго жатып эле чыгара албай кыйналат экенсиң. Анан колун башына алып жатып уктап калып, колу чыкпай көзү өтүп кеткендер жөнүндө уктум, ошондо биздин эл жаман сөздү дагы айтпай турганын билдим. Анткени “колуңду башыңа алба, өлүп каласың” деп эч убакта айтпайт.

Анан да бир элдик дарыгер бөйрөккө суук тийгенде, дегеле бөйрөк ооруну кыргыздар оңой эле дарылап койсо болот деп айтты эле. Ал арпа, сулу сыяктуу дан өсүмдүктөрү менен дарылоо жөнүндө айткан. Бирок адис болбогондуктан, жакшы маани бере албай калдым эле, бирок азыркы андай оорулар көбөйгөн учурда ошолордун дарысы дартка дабаа болот беле деп ойлойм.

Ошондуктан, урматтуу окурман, кыргыз элинин патриотторунун бири катары босогодо жыйырма биринчи кылым турган мезгилде, биздин салттуу билимдерибизди сактап, андан ары өнүктүрүү үчүн аракеттенүү керектиги жөнүндө кеп баштап кетким келди.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

12-03-2015
Элибизде патриот уул-кыздарыбыз көп болсун!
33853

04-09-2013
Ничке-Сайдын окуучулары заманбап мектептен билим алууга акысызбы?
40494

21-12-2012
Кыргыз интеллигенциясынын азыркы абалы
29275

19-04-2012
Мамлекеттик тилдин душмандары кимдер?
23535

02-04-2012
Кыргыз тили мамлекеттик тил деңгээлине эмне үчүн жетпей жатат?
17885

07-03-2012
Жакшы ойду ойло, жакшы сөздү сүйлө, жакшы ишти жаса
19533

22-02-2012
Маселени туура коюу керек!
14070

08-02-2012
Мамлекеттүүлүктү сактоо үчүн эң ириде эмне керек?
13157

26-12-2011
Кыргыз тилин өнүктүрүүгө салымын кошуучу “Тамга-КИТ” боюнча
18627

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×