Добавить статью
4:26, 13 мая 2013 37178

Сузак районунун жетекчилеринин жоопкерсиздиги

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында уулуу заттар көмүлгөн жайлар көзөмөлгө алынып, атайын эреженин негизинде тосулбагандыгынын айынан райондун тургундарынын малы жана адамдар жабыр тартууда. 2013-жылдын 12-майында Сузак районундагы Сузак айыл аймагындагы Атчабар участогундагы айыл-чарбалык уулуу заттар көмүлгөн аймакта оттоп жүргөн 122 баш кой ууланып өлгөндүгү тууралуу ӨКМдин басма сөз катчысы Абдшарип Бекилов маалымат таркатты. Алынган маалымат боюнча Благовещенка айылынын тургуну Токторалы Хажиматов элдин койлорун чогултуп, жайлоого көчкөнгө чейин убактылуу ушул айылдык аймакта багып турган койлор уулуу заттар көмүлгөн аймак атайын эреженин негизинде тосулбагандыктан белгисиз жарандар тарабынан уулуу заттарды жана түстүү металлдан жасалган идиштерди (алюминий флягалар) алуу максатында казылган жерден оттоп жатып ууланган.

Өкүнүчтүүсү мындай «ЧП» Сузак районунда биринчи жолу болуп жаткан жери жок. Мурдун балта кеспеген аткаминерлерге сабак болбой жатат. Анткени мындай жоопкерсиздик биринчи жол жасалып жаткан жок. 2010-жылдын 4-5-мартында фермер Нурдин Малабаевге тиешелүү 12 уй ууланган жерде жаандан кийинки сарыккан сууну ичип ууланган. Анын эртеси Сузак райоунун Таш-Булак айылынын «Акчабыр» жайытында 30дан ашык адам ууланган койдун этин жеп ооруканага түшкөн.

Ветеринардык адистердин айтымында, 40 жыл мурда, тагыраак айтканда 1974-жылы ошол учурдага жоопкерчилик менен мамиле кылбаган «Селхозхимия» мекемесинин кызматкерлери мөөнөтү өтүп кеткен гексохлораметафос, карбофос, хлорофос деп аталган дарылардын эрежелерин сактап, тосмо кылып көмбөй белгисиз бойдон калып кеткендиктен Сузактын малы менен адамдары ууланып жатат.

Буга адисттер айылдын тургундарын да күнөөлөп жатат. Ошол союздун учурунда бетондолуп көмүлгөн жайларды, айрым тургундар темир тезек алуу максатында үстүндөгү бетонду талакалап ачып салышкан. Ачылган жерге суу кирип, андан сарыгып чыккан суудан жайылып жүргөн мал ичип ууланууда. Бул боюнча коопсузудук кызматы да иликтөөлөрдү жүргүзүп, кайра көмүү боюнча ӨКМге жана райондун жетекчилигине эскертикени боюнча маалымат айтылууда.

Ал эми 2012-жылы мөөнөтү эскирип кеткен вакцинаны пайдалуудан Сузак районунун фермерлеринин 11 короодон 2 миң 80ден ашык койу өлүп, 15 млн сом зыянга учураган. Жалал-Абад облусттук прокуратурасы тарабынан Сузак районундагы малдын массалык кыргынга учурашы боюнча кылмыш иши козголгон жана 11 адамга айып тагылган. Алардын бешөөсү облустук, райондук ветеринардык кызматтардын, райондук администрациянын жана айыл өкмөтүнүн жетекчилери болушкан.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

14-05-2013
Бабанов бала бакчадан баш тартабы?
32229

19-06-2012
Кредит алгандар бергендерге нааразы. Эмне үчүн?
59533

03-05-2011
Мамлекеттик тил саясий курал эмес
85326

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×