Добавить статью
3:31, 14 мая 2013 32230

Бабанов бала бакчадан баш тартабы?

Жалал-Абад шаарынын бюжети кара курсактын деңгелинде гана кабыл алынды. Бирок бул бюжеттин үнөмдөөчү каражат булактары көп эле. Ага албетте саясий эрк жана иштин көзүн таап коомчулукту ынандыра турган жетекчи керек. Мына ушул бюжетти кабыл алып жатканда, Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгы Өмүрбек Бабанов ээлик кылган «Кыргызстан» акционердик коммерциялык банкы ижарага алып иштетип жаткан бала бакчаны 10 жылдык мөөнөт менен сатып алуу сунушталып, 2013-жылга 2 млн сом каралды. Бир карасаң туурадай эле сезилет. Бирок, бул бала бакча учурунда өкмөткө караган. 1993-жылдары өкмөттүн инструкциясынын негизинде социалдык обьектилер (бала бакча, профилактория, пионер лагери, эс алуучу жай ж.б) ишканаларга өз максатында иштетүү талабы менен бекер өткөрүлүп берилген. Бул бала бакча да Жалал-Абад шаарындагы пахта заводунунун балансасында турган. Кийин колдон колго өтүп сатылганда, банктан күрөөгө коюп акча алып төлөй албай калганда бул бала бакча Садыбакасова айым башкарган «Кыргызстан» АКБга бекер өтүп кеткен. Азыр бул банктын кожоюну Ө.Бабанов. Эми Өмүрбек Бабанов өкмөт бекер берген бала бакчаны 10 жылдык мөөнөт менен 20 млн сомго сатып алууну сунуштап жатыптыр. Мына парадокс!

Учурда Жалал-Абад шаарында бала бакча жетишпей шаардыктар кыйналууда. Жакында Кыргыз Республикасынын президенти Алмаз Атамбаев менен областтын активи жолугушканда шаардык кеңештин депутаты Айнура Осмонова да бала бакчалар жетишпей жатканын айтып, президенттен бала бакча курууга каражат сурады. Ал эми жер-жерлерде ушундай бала бакчаларды кайтарып алуу боюнча өкмөттө аракеттер жүрүп жатат. Мисалы, Бишкекте, Нарында, Талас обастарында жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчалар кайтарылууда. Бул туура эле. Өмүрбек Бабанов деле өкмөттү жетектеп иштеп кетти. Келечекте эли-журтума кызмат кылам, өсөм, өнөм деген ою бар болуш керек. Ошондуктан Жалал-Абаддагы бала бакчаны мэрияга кайтарымсыз жол менен берип салса деле бомок.

Ушундай эле бекер жол менен берилген бала бакча Тумановдор башкарган «Келечек» ААКта да бар. Алар деле ойлонушса болмок. Эл, жер деп курулай кыйкыра бербей, элдин мүлкүн, байлыгын элге берсе, элге кызмат кылса ынанымдуу болмок.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

13-05-2013
Сузак районунун жетекчилеринин жоопкерсиздиги
37178

19-06-2012
Кредит алгандар бергендерге нааразы. Эмне үчүн?
59533

03-05-2011
Мамлекеттик тил саясий курал эмес
85326

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×