Добавить статью
7:15, 24 сентября 2013 58283

Инвесторлор менен кандайча иштешибиз керек?

Биздин мамлекетке инвестициялар канчалык көбүрөөк тартылса, экономикабыз өнүгүп, элдин турмуш деңгээли жогоруламакчы. Ал эми алар биздин мамлекеттин кызыкчылыгында иштеп жатабы ал башка маселе. Көп жылдар бою “Кумтөр” Кыргызстан үчүн өтө ыңгайсыз шартта иштеп келгендиги маалым. Мурдагы Өкмөт, администрация өлкө үчүн бир кыйла пайдалуу жаңы макулдашуу түзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз деп байма-бай айтып келишкени менен майнаптуу жыйынтык чыккан эмес. Акыркы кездерде көпчүлүк жарандарыбыз ушул маселеге байланыштуу түшүнгөнү-түшүнбөгөнү деле нааразылык акцияларын, башкача айтканда митингге чыгууну өнөкөт кылып алышты.

Азыркы учурда Кумтөр боюнча макулдашууну денонсациялоо жөнүндө чечимди көпчүлүк жарандарыбыз колдоодо. Жарандар Кыргызстандын кызыкчылыгында “Кумтөрдүн” иштөөсү үчүн радикалдуу тез чечимдерди кабыл алууну “Центерра” боюнча макулдашууну кыска мөөнөттө денонсациялоону, митингге чыккан эле күнү Жогорку Кеңештин карап чыгуусун талап кылышты.

Бул маселе боюнча Жогорку Кеңеш 2 ирет чечим кабыл алган. “Ата Мекен” партиясы тарабынан февраль айында 2009-жылкы Центерра” боюнча кошумча макулдашуу жана 2003-жылдын “Центерра” компаниясын түзүү жөнүндө макулдашууну денонсациялоо жөнүндө мыйзам долбоорду киргизишкен. “Центерра” акционерлери менен сүйлөншүүлөрдү жүргүзүү жүргүзүү жөнүндө мамлекеттик комиссиянын жана Жогорку Кеңештин чечими бар, ага ылайык сүйлөшүү процесси үч ай аралыгында аяктоого тийиш.Андан бери эки ай гана өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн эң негизги максаты – кетирилген кемчиликтер таанылууга жана Кыргызстан пайдасына үлүштөн баш тартууга тийиш. Үч ай аралыгында сүйлөшүүлөр эч кандай жыйынтыкка келбесе, Жогорку Кеңеш чечимине ылайык бул макулдашуулар Өкмөт тарабынан денонсацияланууга тийиш, -деп билдирди “Ата Мекен” партиясынын лидери Ө.Текебаев.

Мурунку түзүлгөн макулдашуулар,албетте мамлекеттин кызыкчылыгнда түзүлгөн эместигин баарыбыз эле түшүнүп турабыз, бирок азыркы учурда жогоруда аталган компаниялар менен соттук териштирүү жүргүзгөнүбүз менен кен иштетүү тармагын токтоолоруна дуушар болуп, экономикабызга маанилүү кедергисин тийгизбей койбойт. Жогорудагы көйгөйлөрдү чечүү, албетте оңой-олтоң боло койбойт. Эң башкы маселе болуп бул жагдайдан утуштуу абалга ээ болоорубуз да күмөндүү болуп саналат.

Чындыгында инвесторлорду эч качан биз мажбур кыла албайбыз, алар өз салымдарын салабы, коебу өздөрү чечишет. Азыркы тапта жаңы кен байлыктарды иштетүү боюнча жигердүү иш-аракеттерди азыртадан иштеп чыгуу зарыл. Аны жогоруда баяндалгандар негизденүү менен Кумтөр сабагын эске алуу менен реалдуу иш-аракеттерди көрүү зарыл.

Бул проблемалар жаатында экономика илимдеринин доктору Чыңгыз Шамшиевдин айтымында кыргызстан элинин кызыкчылыгы көбүрөөк эске алынган жаңы макулдашуунун моделин жакшылап иштеп чыгуу зарылдыгы менен бирге инвесторлорду тартуудан мурда алар менен кандай шартта иштей тургандыгыбызды ачык айтканыбыз оң, себеби өлкөбүздүн азыркы экономикалык абалына карата өзгөчө пайдалуу шартта гана иштешебиз деп дароо айтпасак ак ниетсиз инвесторлордон деги эле арыла албайбыз . Мындай инвесторлорду өлкөгө киргизүү өтө коркунучтуу, анткени алар бул тармакка тиешеси бар чиновниктерди сатып ала башташат деп белгилейт.

Албетте, коомчулук кен казып алуу компаниялардан канча каражат мамлекет бюджетине түшүүлөрүн билгилери келет. Бул тармак негизинен 40% экспортту жана Ички дүң өндүрүмүнүн 10%ын берет. Биздин пайдалуу кен байлыктарыбыз эсебинен жакырчылык деңгээлин кыскартууга жана салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө өбөлгө болот.

Финансылык маалыматтын ачыктыгына кен иштетүүчү өнөр жайындагы ачыктык Демилгеси 2006-жылдан баштап биздин өлкөдө ишке ашырыла баштады. 2008-жылга чейин бул иш ордунан жылган эмес, атап айтканда кендерди иштетүүчү компаниялар мында эбегейсиз пайдаларды алышкан. Мамлекеттин натыйжада саясий эрки жеткен жок, башкача айтканда кен иштетүүчүлөрдү белгилүү бир отчеттуулук формасын толтурууга мажбурлай алышкан жоктугу менен жүйөлөнөт.

Бул маселе боюнча кен иштетүүчү тармактардын ачыктуулук Демилгелери (ИПДО) секретариатынын жетекчиси Карыбек Ибраев 2008-жылдан баштап жигердүү иштер жүргүзүлүүдө . Бирок мыйзамдык жактан маанилүү маселелер чечилбеген бойдон калууда,-деп белгилейт. Кен иштетүүчү ишканалар мамлекеттик органдарга башка сандарды, ал эми кен чыккан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө башка санды беришет.Ошондуктан ачыктык жагында бир катар түшүнбөстүктөргө жол берилет.

Кыргызстан 11 муназ зат чыгуучу кендерге ээ, анын запасы 12 миллион тоннага бааланат, газ чыгуучу кен байлыктар 7 миллиард 312 миллион кубометр, көмүр кени 49 ( 1 миллиард 317 тонна) ошондой эле 49 алтын кен чыгуучу жерлер (388 тонна) деп бааланат. Мына ушундай табигый ресурстук запастар болуусунда, албетте мамлекетибиздин жарандары кедей жашоого акысы жок. Андыктан жагымдуу инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу зарыл, ал үчүн ички жогорку адистиктеги креативдүү адистердин катышуусунда кыргызстан элинин кызыкчылыгында жаңы долбоорлор иштелип чыгуусу бүгүнкү учурдун эң актуалдуу маселелеринен болууга тийиш деп ойлоймун.

Ал үчүн инвестицияга кошумча каражаттарды жумшоо зарыл, инвестицияга салынган каражаттар өлкөнүн бюджетинен салык түрүндө кайтарып алууга толук негиз бар. Андыктан кен байлыктарыбызды ачык жана айкын башкаруу натыйжасында экономикалык өсүш камсыздалаарын эсибизден чыгарбасак.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

11-11-2016
Канткенде өспүрүм кыздарга болгон зордук-зомбулукту токтотобуз?..
59961

30-10-2014
Бюджеттик угууга катышуу – айыл аймагынын турмушун жакшыртууга өбөлгө
46012

29-04-2013
Бюджет ачыктыгы – экономикалык өсүшкө өбөлгө
42507

29-04-2013
Ачык мамлекеттик сатып алуулар — коррупцияга каршы кадам
39467

26-04-2013
Инвесторлор менен кандайча иштешибиз керек?
51895

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×