Добавить статью
11:41 11 Ноября 2016

Канткенде өспүрүм кыздарга болгон зордук-зомбулукту токтотобуз?..

Автор: Роза Бектурова, көз карандысыз журналист
Акыркы жылдары өспүрүм кыздарга жана жаш аялдарга болгон зордук зомбулук көрсөтүү темасы абдан курч айтылып келгенине карабастан үрөй учурган сексуалдык кылмыштардын саны күн санап өсүүдө. Республикада демократия принциптеринде жашап, аялдарга жана өспүрүм кыздарга карата дискриминациянын жок кылуу жөнүндөгү эл аралык Конвенцияга кошулгандыгыбызга карабастан аялдарга жана өспүрүм кыздарга болгон мамиле өзгөрүп кеткен деле жок жана толгон-токой көйгөйлөр кайталанып жаткандыгын ким тана алат. Акыркы маалыматтар негизинде көңүл ооруткан, трагедиялуу окуялар менен коштолгон фактылар байма-бай кайталанып келүүдө. Үй-бүлөдөгү зомбулуктун көбөйүшү азыркы учурдагы экономкалык абалыбызга, миграциянын күчөшүнө, баланын ата-энесинин көзөмөлүндө болбой калуулары, жумушсуздук, жакырчылык, аракечтик, баңгилик сыяктуу көйгөйлөрүнө байланыштуу болуп саналат. Мындай кейиштүү окуяларды жасап жаткан адамдардын аң-сезимине да байланыштуу болсо керек деп ойлоймун.

2016-жылдын 9 айы боюнча республикада расмий 4 миң 537 үй-бүлөлүк зомбулук катталган, ошондой эле жыл сайын жүзгө чукукл өспүрүм өз жанын кыят, дагы ушунча кыз сексуалдык зордук-зомбулукка дуушар болот. Ал эми ачыкталбаган окуялардын саны мындан да көп болушу мүмкүн,Бир жагынан алганда, зордук-зомбулуктун курмандыктарынын эл алдында уят болуу, коркуу,кооптонуу сезимдери күчтүүрөөк. Экинчи жагынан, кылмыш жаатында жакын туугандар арасында болгон зордук-зомбулук көрсөтүлгөнүнө карабастан адамдардын аң сезимидеги стереотип басымдуулук кылат. Алсак , бир нече жыл мурда жаш адам өзүнүн 1 жаштагы кызын зордуктаган, аялы элдин ушак-айың сөзүнөн айбыгып, күйөөсү менен бирге жашоону улантууга аргасыз болгон. Андан тышкары , түштүктүн бир айылындагы 58 жаштагы имам 10 жаштагы баланы жыныстык мажбурлоо, зордук-зомбулукка салып кордогон. Элди ийманга чакырган мечиттин имамынын мындай жосуну тийиштүү далилдер менен далилденип 7 жылга эркинен ажыратылды, ошондой эле өткөн жылы аялы менен ажырашып, баласын бети табактай, олбурлуу бир тууганына таштап, дабатка кеткен адамдын кичинекей 2 жаштагы Ибрагим аттуу уулун ушул уялаш бир тууганы сабап- денесине залал келтирип, зордуктоо фактысынын бети ачылып, коомчулукка белгилүү болгон. Ал эми ушул эле ноябрь айынын башталышында Чүй райондук шаардык ички иштер бөлүмүнүн пресс кызматынын маалыматы боюнча 15 жаштагы Айпери аттуу жашы жете элек кызды 29 жаштагы эки жолу соттолгон жаш жигит зордоп алып качып кеткен. Бул жаш жигит өспүрүм кыздын татаал жашоо тагдырын билип алып, аны зордуктаганы аз келгенсип сабап, аны кул катары кармаган.

Канткенде жогоруда аталган көйгөйлөрдөн, жүрөктүн үшүн алган кайгылуу окуялардан арылуу максатында аталган маселелерди мамлекеттик деңгээлде чечүү зарылдыгы келип жеткендигин депутаттарыбыз жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү коңгуроо кагып келишүүдө .

Зордуктоо кылмышы коңшулаш Казакстан Республикасында коомдук түзүлүшкө доо кетирүү катары бааланып, мындай оор кылмышты жаза чаранын жеңилдетүүчү абалын, башкача айтканда жабырлануучу менен күнөөкөрдүн эки тараптуу элдешүүсү, утурлама арыз жазуусу кабыл алынбайт экен. Ал эми биздин республикада бул маселе сот органдарынын “кадимки акча табуу” катары кызмат катары өтөп келе жаткандыгы жашыруун эмес.

Мына ушундай абалдын мыйзамдарыбыздын абалынын натыйжасында акыркы кездери республикабызда зордуктоонун саны өсүүдө. Жабырланган адамдардын, тактап айтканда өспүрүм кыздын, баланын андан аркы келечеги, турмушу эч кимди кызыктырбайт. Мындай окуяга туш болгон кыздын ден соолугуна медициналык жана социалдык жагымсыз психологиялык жагы жабырланууга алып келет. Коомчулук жакырдыкка, мыйзамсыздыкка көнгөн сыяктуу мындай көрүнүш норма сыяктуудай туюлат же өзүлөрүнүн укуктарын таптакыр билбейт, ушул жаатта маалыматтык ачкалык өкүм сүрүүдө.

Жогорудагыдай адамдын жүрөгүн титиреткен окуялардан улам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Өнүгүү–Прогресс” фракциясы тарабынан “Педофилия үчүн өлүм жазасын киргизүү жөнүндө “мыйзам долбоор демилгеленген. Өспүрүм балдарга болгон жыныстык кол тийбестикке каршы жасалуучу кылмыштар үчүн каршы аракеттенүү жана жоопкерчиликти күчөтүү максатында демилге көтөрүшкөн. Депутаттардын ой-пикири боюнча балдарды коргоо маселеси улутубуздун генофондун сактоо маанилүү болуп салалат деп эсептешет.Мыйзам долбоордо зордукталган балдар боюнча расмий статистика реалдуу картинаны чагылдырбайт. Зордуктоонун курмандыгы болгон ал жөнүндө билдирүүдөн коркушат, себеби көпчүлүк учурда ата-энелери же башка жакын туугандары же күйөөсү же башка үй-бүлө мүчөсү зордуктоону жасаса уят деп кылмышты жашырууга аракеттенишет. Көпчүлүк учурдларда зордуктоодон жабыр тарткан балдардын ата-энелери кылмышкерлерден акча алууну артыкчылыктуу көрүшөт. Азыр өспүрүм кыздарга карата зордук-зомбулук жасаган ар бир адамга так чекти белгилөө мезгили жетти, б.а. эң катаал жана акыйкат жаза чарасын колдонуу учуру келип жетти. Андыктан коомчулук мындай кылмышкерлерге өлүм жазасын колдонууну сунушташууда.

Менин жеке пикиримде жогорудагыдай оор кылмыш жасаган адамдарды жалпы элдик айыптоо ыкмасы колдонулса, тактап айтканда эл көп чогулган жерде коомчулук алдына алып чыкса мындай кылмыштуу иштерге баруулардын саны азаяат беле деген ой туулат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью
X
Для размещения комментария авторизуйтесь
АКИpress. Новости Кыргызстана, которые интересуют всех.
Закрыть
X
Для размещения комментария авторизуйтесь