Добавить статью
8:05, 13 января 2014 18585

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча кайрылуу

Урматтуу кыргыз элим, өзүңүздөр күбө болгондой, мамлекетибиз кыйын кырдаалга кептелип, өлкөбүздүн бүтүндүгүнө коркунуч туулуп турганда, бизге артыбыздан жөлөк боло турган жооптуу жетекчилердин милдеттерин так аткара албагандыгы жана жоопкерчиликсиздиги карапайым калкты бир топ бушайманга салууда. Кыргызстан эгемендикти алганына 22 жыл, ал эми Баткен өз алдынча облус болгонуна 14 жыл толуп отурат. Баткендин облус болуп негизделүү себеби Кыргызстандын түштүгүндѳгү чек ара тилкелерин бекемдеп, калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу болуп эсептелет.

Баткен негизинен үч тарабынан коңшу ѳлкѳлѳр менен чектешип, геосаясий жактан маанилүү аймак болуп эсептелгендиктен 1999-2000-жылдардагы коогалаңдын чыгышына алып келген. Эсиңиздерде болсо, бул куралдуу кагылышта кыргыз армиясы ѳзүнүн чабалдыгын кѳрсѳтүп, бир топ жогоотууларга дуушар болгон. Кантсе да облустун биринчи жетекчиси М.М.Айбалаевдин кыраакылыгы менен жергиликтүү кѳйгѳйлѳрдү так билип, бул багытта чечкиндүү кадамдарга бара алгандыгынын натыйжасында бир топ маселелер ийгиликтүү чечилген. Ошол эле мезгилде коңшу мамлекеттердин тиешелүү жетекчилери менен тең ата сүйлѳшүп, ар кандай татаал маселелерди Кыргызстандын пайдасына чечүүгѳ жетише алган жана жасаган эмгектери үчүн ушул мезгилге чейин эл арасында мактоого алынып жүрѳт. Бирок андан кийинки облус жетекчилеринин милдеттерин аткаруудагы кемчиликтери жана кѳңүлкоштуктарынын негизинде Баткен бүгүнкү акыбалга кириптер болууда.

Өткѳн 2013-жылда республикада катталган чек ара чырларынын дээрлик 90%ы Баткен облусунда катталды. Анын ичинде биздин жарандын башка ѳлкѳнүн чек арачысы тарабынан ѳзүбүздүн жерибизде атылуусу, Чарбак айылынын тургундарынын ѳзбекистандыктар тарабынан барымтага алынуусу, чек арадагы эки мамлекеттердин тургундарынын тирешүүсү, бирин-бири сабоосу, биздин чек арачыларга коңшулар тарабынан тоготпогондой мамилеси, жол тосуу ж.б.у.с. бир топ келишпестиктер менен коштолду. Бир эле жылдын ичинде ушунча келишпестиктер катталганына карабастан, тиешелүү органдардын чечкинсиз, кѳңүлкош мамилелери себебинен кечээки 11-январдагы кыргыз-тажик чек арачыларынын арасындагы куралдуу-кандуу кагылыш болуп отурат. Анын кесепетинен биздин 6 аскер кызматкерибиз атылган октон жараат алып, айрымдарынын ѳмүрү коркунучта.

Бул куралдуу кагылыштын себебинен чек арада жайгашкан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл ѳкмѳттѳрүнүн тургундарына коркунуч жаралып, аялдар менен жаш балдар тууган-туушкандарыныкына кетишсе, жергиликтүү демилгелүү эр азаматар ар кандай топторго биригип, күнү-түнү айылдардын коопсуздугун кѳзѳмѳлгѳ алып, күч органдарына колдон келген жардамдарын беришүүдѳ. Ушул сааттарда да эл арасында кооптонуу, чочулоо күч бойдон калууда.

Кѳк-Таш - Ак-Сай – Тамдык жолу курулуп жаткан жерлер эч кандай талаш эмес жана ал жолду куруу үчүн Тажикстан тараптан эч кандай «уруксатка» муктаж эмеспиз! Жакында эле Дүйшѳмбү калаасында тажик тарап менен сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзгѳн вице-премьер Т.Мамытовдун «ал жерлер биздики» деген принципти кармана албай, «тактала элек жер» дегенге ыктагандыгы, «жол курулса силер да, биз да пайдалана беребиз» дегендиги эл арасында бир топ нааразычылыктарды жаратты. Ал ортодо облустун жана райондун жетекчилеринин милдеттерин так аткара албай, чечкиндүү кадамдарды жасабагандыгы да буга кошумча болуп, окуяны курчутууда. Ошол эле учурда «Тажикистан менен болгон баардык чек араларды жаптык» дегени да чындыкка коошпойт. Бир топ чек ара чырлары катталганына карабастан чек аралар ачык туруп, контрабандалык товарлар байма-бай ѳткѳрүлүп тургандыгы ар кандай шектенүүлѳрдү жаратат. Тажик Республикасынын башка чектеш ѳлкѳлѳр менен салкын мамиледе болгондугун эске алганда (Өзбекистан чек ара бекеттерин жапкан жана ѳз ара келишпестиктер бар; Ооганстан менен мамиле түзүү кооптуу болсо, Кытай менен географиялык ыңгайсыздыктар бар), Кыргызстан тарап Тажикстан менен болгон чек араларды толугу менен жаап, ыңгайсыз абалга дуушар кылуу аркылуу басым жасап, баардык маселелерди ѳз кызыкчылыгына ылайыктап чечип алууга толук мүмкүнчүлүгү бар.

Жогорудагы маселелерди эске алып, «Мекеним Баткен» коомдук бирикмеси тѳмѳнкү талаптар менен жергиликтүү элдин атынан тиешелүү жетекчиликтерге кайрылуу жасайт:

1. Кѳк-Таш - Ак-Сай – Тамдык жолу ар кандай тоскоолдуктарга карабастан аягына чыгарылсын;

2. 11-январда орун алган куралдуу кагылышта ѳз милдеттерин так аткара албаган мамлекеттик жетекчилер шалаакылыгы үчүн ээлеген ордунан бошотулсун;

3. Жараат алгандарга мамлекет тарабынан материалдык жардам кѳрсѳтүлсүн;

4. Баткен облусунун кооптуу чек араларында кызмат ѳтѳгѳн аскер адамдарынын маяналары жетиштүү деңгээлде жогорулатылсын жана жашоо ыңгайлуулуктары камсыз кылынсын;

5. Чек арага жакын жайгашкан айыл тургундарынын коопсуздугу күчѳтүлгѳн тартипте коргоого алынсын;

6. Чек арага жакын жайгашкан айыл тургундары ар кандай салыктардан бошотулсун;

7. Чек арадагы баардык маселелер чечилгенге чейин Өзбекистан жана Тажикистан Республикалары менен байланыштырган чек ара бекеттери элдин коопсуздугу үчүн жабылсын.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

05-03-2014
Кыргыз-тажик чек арасынын ачылышын кабатырлануу менен кабылдап жатабыз
4530

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×