Добавить статью
6:44, 5 марта 2014 4521

Кыргыз-тажик чек арасынын ачылышын кабатырлануу менен кабылдап жатабыз

Тажик тараптын жалпыга маалымдоо каражаттарына таяна турган болсок, Токон Мамытов жана Муратали Алимардон баштаган Дүйшөмбүдөгү жолугушууда 5-марттан баштап кыргыз-тажик чек ара өткөрмө бекеттерин ачууга келишишти. Бул кабарды биз абдан кабатырлануу менен кабылдап жатабыз. Мындай кадамы менен борбордук бийлик Баткендеги кырдаалды толук түшүнө албаганын дагы бир жолу далилдеди.

Бул чечими менен бийлик эң чоң эки ката кетирди. Биринчиден, биздин чек арабызды бузуп, бизге кол салган тажик «баскынчыларынын» аракети үчүн тажик бийлигин кечирим сурата албады. Башкача айтканда, чек арада жашаган кыргыз эр азаматтарынын, чек арачыларынын намысына абдан катуу шек келтирди. Экинчиден, чек аранын ачылышы бири-бирине «жакшы эмес» мамиледе турган эки элдин ортосунда жанжал чыгышына шарт түзүп берип отурат. Ансыз да жыл сайын жаз алдынан суунун талашынан улам чыгып келген жаңжал бул жылы да кайталанбайт ким кепилдик берет? Чек аранын жабык калышы ушуга окшогон чагымчыл аракеттерге бөгөт коюунун негизги куралы болчу!

Бишкекте жана Дүйшөмбүдө болгон эки тараптуу жолугушууларда кандай жетишкендитер болгонун ачык жарыялануусун жана чек араны ачууга кандай негиздер бар экени тууралуу түшүндүрмө сурайбыз.

Кеч болуп кала элегинде бул чечимди өзгөртүп, кыргыз-тажик чек арасынын жабык калтырылышын талап кылабыз!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

13-01-2014
Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча кайрылуу
18567

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×