Добавить статью
12:57 3 Декабря 2015

Ч.Айтматов антропокосмосу

Автор: Калык Ибраимов, ф.и.к.

Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесин эскерүү иретинде.

сканирование1 Чыңгыз Айтматовду атак-даңкы жана адаш-уйкаш атынан улам, көзү тирүүсүндө эле көптөр Чыңгыз хан менен салыштырып көкөлөтүшкөнү адабий журтчулукка башынан маалым. Атүгүл, анын чыгармачылыгын астейдил изилдеген чыгаан адабиятчы Г.Гачев Ч. Айтматовдун «Чыңгыз хандын ак булуту» баянына жазган баш сөзүндө: «Чыңгыз качандыр бир Чыңгыз хан менен сөзсүз жекеме-жекеге чыгып, беттешет го деп күтчү элем, дал ошо мен ойлогондой болду»,-деп маашырланганы бар.

Анын сыңарындай, адамзат тарыхына абай салып көрсөк, чындыгында да түбү тектеш түрк-моңгол элдери буга дейре бу жалганга атагы дүйнөнү дүңгүрөтүп, даңкы таш жарган Чыңгыз аттуу эки көйгашка инсанды жараткан экен. Анын бири- Евразия тарыхына эгерим эстен кеткис кандуу из калтырып, Сары деңизден Адриатика деңизине чейиңки чексиз аймакты кылычтын мизи, найзанын учу жана жамгырдай жааган жаанын жебеси менен удургутуп караткан кадимки жаалы катуу Чыңгыз каган.

Экинчиси- адам жан дүйнөсүнүн не бир туңгуюк сырларын ачып, жашоо-турмушка жакшылык, сулуулук, аруулук үрөнүн сепкен улуу көркөм сөз кудурети аркылуу өз рух өнөрүнүн өкүмүнө бүт ааламды баш ийдирген биздин кылымдарды карыткан кыргыз элибиздин залкар уулу, эл баатыры жана теңдешсиз жазуучусу, академик Чыңгыз Айтматов.

Чыкебизди бүгүңкү күндө бир эле кыргыз элинин же жаамы түрк калктарынын гана эмес, бүтүндөй адамзаттын энчисине айланган ашкан зор талант, кайталаңгыс руханий-көркөм феномен деп, терең ишенич жана мактаныч менен айталабыз.

ЮНЕСКОнун соңку маалыматына караганда, чыгармалары башка чет тилдерге эң көп которулганы жагынан Чыкебиз бу күндө дүйнөлүк адабиятта алдыңкы орундардын бирин ээлеп турганы жогоруда айткан пикирибиздин айныксыз акыйкаттыгын дагы бир жолу айдан ачык далилдейт.

Ошентсе да, бутак-шактары көккө серпилип, жайкалган не бир байтүп дарактар да тууган жердин турпагынан кубат алып өскөндөй, же болбосо, жээгине батпай күкүктөп аккан не бир улуу дайралар да адегенде мөлтүр кашка булактын кайнар көзүнөн башат алгандай, биз дагы Чыңгыз Айтматовду, биринчи кезекте, кыргыз кыртышынын, кыргыз журтунун даанышман кулуну, кыргыз адабияты менен кыргыз маданиятынын кемеңгер классиги, кыргыз рухунун дүйнөлүк руханият асманындагы жаркыраган чолпон жылдызы деп, көкүрөк керип сыймыктанабыз.

Алмустактан жапан жаратылыш менен эриш-аркак жашоо кечирген көчмөн калктар, алардын ичинде, асыресе көөнө кыргыз элибиз эзелтен эле өмүр-өлүм, аалам, адам жана жашоо-турмуш тууралуу философиялык ой-санааларын, элес-түшүнүктөрүн ириде көркөм-эстетикалык аң-сезим формасында туюндуруп келгени бештен белгилүү.

Урук-тукумунан бүткөн тубаса таланты менен Чыңгыз Айтматов эң оболу кыргыз элибиздин улуу «Манас» дастаны баштаган мына ошол мухиттей чалкыган керемет поэзия кенчинен наар алып өстү. Анын дүйнөгө дүң түшүргөн чыгармачылык жүрүшүнө алгач чыйыр салган китеби «Тоо-талаалар баяны» деп аталганы кокустан болбосо керек.

Андан бери баш-аягы жарым кылымдай убакыт учкан куштай зып этип житкен экен. Он төрт жашынан Ата-Мекендик Уруш учурундагы оорук турмушунун бүт оорчулугун чоң кишилер катарында чогуу көтөрүп, кийин кемелине келип, керемет жазуучу болгон Чыңгыз Айтматов бу дүйнөдөн көзү өткөнгө чейин жашоо-турмуш жана адам тагдыры жөнүндө чексиз убайым-санаа чегип, өзүнүн өлбөс-өчпөс чыгармалары аркылуу дүйнөлүк маанидеги не бир курч, не бир татаал проблемаларды кайра-кайра канкакшап козгоп келди.

Өз элинин өмүр-тиричилигин, каада-салттарын, үрп-адаттарын, турмуш тажрыйбасын, акыл-эс байлыгын бала кезинен кан-жанына сиңирип, калайык-калкы менен бирге тагдыр кечирген Чыкебиз, эрешен тартып эсейген чагынан эзелки мифология, элдик эпостон бүгүңкү интеллектуалдык-философиялык жана эстетикалык-маданий жетишкендиктерге чейин топтолгон жалпы адамзаттык руханий кенчти өтө терең өздөштүрдү. £здөштүрүп гана тим болбой, планетардык ой-сезим казынасына, дүйнөлүк философиялык-эстетикалык изденүү процессине өзү да бараандуу салым кошту.

Бу жагынан, Чыңгыз Айтматов, Европа элдери өз ыраатында жүздөгөн жылдар бою башынан өткөргөн тарыхый доорлорду тездик менен бир нече он жыл аралыгында басып өтүп, патриархалдык-феодалдык түзүлүштөн түз эле ХХ кылымдын индустриалдык цивилизациясынын жаңыча жашоо жана ойлоо формаларына туш келген кыргыз элибиздин ыкыбалы менен энчилеш, насиптеш болду.

Ошондуктан Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынан атам замандан азыркы күнгө чейиңки миңдеген жылдар ичинде адамзаттын акыл-эси, интеллекти тарабынан коюлуп келген баардык көйгөйлүү проблемалардын, дүйнөлүк адабият жана маданияттын тарыхта кездешүүчү бүткүл доорлору менен стилдеринин, Батыш менен Чыгыштын философиялык-диний системалары менен окууларынын жаңыланган жаңырыгын эшитебиз.

Ушул мааниде алганда, Чыкебиз, изилдөөчүлөр адилет белгилеп жүрүшкөндөй, чындыгында да жалаң улуттук типтеги, улуттук алкактагы гана жазуучу-ойчул эмес. Ал алды менен жалпы адамзаттык, дүйнөлүк, планетардык масштабдагы жана тереңдиктеги универсал руханий феномен деп айтсак эч жаңылышпайбыз.

Бул универсал феномендин жарыгы асыресе улуттук маданиятыбыз менен искусствобуздун өсүп-өөрчүшүнө өзгөчө шаң, айрыкча дем берип, анын шарапаты менен ХХ кылымдын 60-80 жылдар аралыгында кыргыз кинематографында, кыргыз сүрөт жана музыка өнөрүндө өзүнчө бир Ренессанс доору өкүм сүргөнүн биз бүгүн терең канааттануу сезими менен белгилейбиз.

Аталган мезгил мерчеминде Чыңгыз Айтматовдун ар бир жаңы жаралган чыгармасы ошо кездеги мүлдө Совет коомунун, ошондой эле, бүткүл дүйнө окурмандарынын бүйүрүн козгоп, кызуу талаш-тартыштарды пайда кылганы, руханий-маданий турмушубуздун орчундуу фактору катары орошон роль ойноп турганы азыр да эсибизде.

Арийне Чыңгыз Айтматов советтик режим шартында жашаган айрым аттуу-баштуу замандаштарына окшоп, айталы, Солженицын же Сахаров өңдүү өзү кучагында өмүр сүргөн тоталитардык системага, расмий коммунистчил бийликке ачык каршы чыккан жок, диссидент болгон жок. Тек гана, бу жалган дүйнөнүн баардык жамандык-жакшылыгын, опасыз өмүрдүн оомал-төкмөл агымын алаканга салгандай тегеретип терең аңдаган илгерки даанышман пайгамбар-саабалар сыяктуу, ошо Совет доорунда доорон сүргөн карапайым адамдардын жашоо-турмушун, тагдыр-ташпишин, кайгы-кубанычын, кумар-сүйүүсүн, арман-түйшүгүн, үмүт-тилегин кара кылды как жарган калыстык менен сүрөттөп жазды. Ильяс менен Асел, Дүйшөн менен Алтынай, Суванкул менен Толгонай, Жамийла менен Данияр, Танабай менен Гүлсарат, Султанмурат менен Мырзагүл, Момун чал менен балык=Бала, Эдигей менен Зарипа, Авдий менен Бостон тариздүү кейипкерлердин татаал тагдыры аркылуу ошол турмуштун прозасын, поэзиясын, драмасын жана трагедиясын, алардын бүткүл диалектикалык чиелеништерин эт-жүрөктү эзген эбегейсиз зор философиялык-көркөмдүк кудурет-күч менен чагылдырды.

Ошонусу менен Чыңгыз Айтматов жалаң совет окурмандарынын гана эмес, бүткүл жер шарындагы окурман журтунун кыял-сезимдерин ойготуп, адамдарды өмүр-дүйнөнүн эч качан кыярбас түбөлүктүү нарк-дөөлөттөрү жөнүндө акыл калчап, астейдил ой жүгүртүүгө шыктандырды.

Чыңгыз Айтматовдун ажайып көркөм сүрөткерлик өнөрүнө жана орошон ойчулдугуна калың окурман катмары менен бир катарда Мухтар Ауэзов, Луи Арагон, Михаил Шолохов, Дмитрий Шостакович, Микеланджело Антониони, Гарсиа Маркес, Дайсаку Икэда сыяктуу заманыбыздын залкар чыгармачыл инсандары дагы суктануу менен баа беришти.

Чыгаан Чыкебиз өз доорунун бүткүл дүйнө жүзүнө төбөсү көрүнгөн ушундай улуу инсандары менен дидарлаш, ийиндеш болуп, алар менен адамзат цивилизациясынын ар кыл маселелерин талкуулашкан маанилүү маектеринде, сүйлөгөн сөздөрүндө жана орчундуу окуя-себептерге байланыштуу жасаган баяндамаларында өзүнүн инсандык-чыгармачылык касиетинин дагы бир кырын, атап айтканда, терең теориялык-философиялык ой терметүү өнөрүн да өтө таасын тастыктады.

Ушундан улам, ааламды жана адамды аңдап билүүнүн эки амалын, эки формасын – көркөм-эстетикалык жана абстрактуу-теориялык формасын бирдей бийик деңгээлде алып жүргөн чыгармачыл инсандар адамзатта колдун манжасы менен санагыдай аз гана санда экенин дагы атайын айта кетүү парз. Эгерде XIX кылымга серп салып көрсөк, албетте, биринчи кезекте, улуу Лев Толстойдун ысымы эске келет. Ал эми өткөн ХХ кылымда болсо, алар: Томас Манн, Герман Гессе, Жан-Поль Сартр, Альбер Камю сыяктуу саналуу гана инсандар. Азыркы учурда адам рухунун ушул кудуреттүү эки куралын эриш-аркак жогору тутуп жүргөн аша таланттуу ал ысымдардын катарына өзүбүздүн Чыңгыз Айтматов кошулуп олтурат.

Ошондой эле, Чыңгыз Айтматовдун кезинде өзү мүчө болуп турган айтылуу Рим клубунун үлгүсүндө дүйнөдөгү үлкөн интеллектуалдарды чогултуп, «Ысык-Көл Форумун» түзгөнү - өзүнчө бир интеллектуалдык эрдикке тете өтө керемет окуя болгонун азыр эч ким таналбайт. Натыйжада, Чыкебиз өзүнүн ошол акциясы менен, иш жүзүндө, бүткүл планетардык интеллектуалдык элитанын аттын кашкасындай таанылган чыгаан лидерлеринин бири болуп калды.

Акырында келип, Чыкебиздин ушунун баарысын тең бийик мартабалуу мамлекеттик ишмердик жана белсемдүү коомдук зор кайраткерлик менен коштоп, бекемдеп келгени кимди да болсо таңкалтырбай, тамшандырбай койбойт.

Акыл-сезимдин күчү, көркөм ой-кыялдын чабыты менен бүткүл адамзатты өзүнө каратып, кыргыз элин, көңкү түрк дүйнөсүн ааламга тааныткан Чыңгыз Айтматов деген ажайып феномендин укмуштуудай уникалдуулугу, менимче, мына ушунда турат.

Чыңгыз Айтматов, чынында да, атүгүл ХХ жүз жылдыктагы менмин деген ашкан улуу жазуучу-ойчулдардын ичинен да, ботогөз булактын көзүндөй кирсиз тунук санаа-сезими, ай-ааламдын өзүндөй чексиз, түпсүз ой-кыял чабыты жана теңдешсиз акылман олуялыгы менен башкалардан даана бөлүнүп турган бөтөнчө даанышман талант жана кемеңгер инсан.

Заманыбыздын залкар сөз сүрөткерлеринен болушкан Томас Манн, Уилям Фолкнер, Герман Гессе, Эрнест Хемингуэй жана Гарсиа Маркес менен бир катарда өз кезегинде Чыңгыз Айтматов да өзүнүн өзгөчө ааламын, байыркы грек философиясынын тили менен айтканда, өзүнүн Космо-Психо-Логосун жаратты. Бул ааламдын өзгөлөргө эч окшобогон өзүнчө космогониясы, өзүнчө мифологиясы, өзүнчө философиясы жана эсхатологиясы бар.

Бир караган көзгө Чыңгыз Айтматовдун ар бир каарманы – тарткан тарткылыгы жана баштан өткөргөн тагдыр өктөсү менен өзүбүзгө «тааныш бейтааныш» замандаштарыбыздай көрүнөт. Бирок ошол эле учурда алар тарыхый Мезгил менен Мейкиндин учу-кыйырсыз агымындагы өмүр-дүйнөнүн түбөлүккө түгөңгүс түпкүлүктүү коллизиялары, адам пендеси адам болуп жаралгандан башталып, адам баласы ааламдан биротоло жоголуп кеткенче эч бүтпөстөн улана берүүчү абсолюттук-универсал чындыктар жана маани-мазмундар менен сугарылып сүрөттөлөт.

Ошон үчүн, «Ак кеме» повестиндеги Мүйүздүү Бугу-Эне тууралуу эзелки уламыш-миф Момун чал менен Баланын учурдагы кейиштүү тагдырынан чагылып, азыркы турмушту байыркы Эне-Сай кыргыздарынын трагедиялуу тарыхы менен байланыштырат. Повестте козголгон адамдын коомдогу өмүр-жашоосу, арбактуу ата-баба салттарынын азыркы цивилизация шартындагы тагдыр-тарткылыгы, инсандын жан-дүйнөсү жана адеп-акылагы сыяктуу социалдык-тарыхый, аксиологиялык-руханий, этикалык-эстетикалык ыңгайдыгы олуттуу проблемалар автор тарабынан эң оболу бүгүңкү учурда адамзат үчүн онтологиялык-универсал маани-маңызга ээ болуп олтурган «адам-табигат» антиномиясынын концептуалдык контекстинде философиялык-көркөм аспекте аңдалат. Автор повесттин бүткүл идеялык-эстетикалык пафосу аркылуу элдик табигый-тарыхый жана маданий-рухий субстанциянын туундусу болгон руханий адеп-акылактык абсолюттарды ыйык тутмайын, адамзат турмушу акыры түбү ойрон болоорун астейдил эскертет.

Ошон үчүн, «Кылым карытаар бир күн» романында жөнөкөй темир жолчу Эдигейдин өмүр жолу өзүнүн кыйма-чийме перипетиялары менен акыры барып «Найман-Эне» аңызы аркылуу адамзаттын бүгүңкү кыйчалыш жашоо жагдайларын байыркы көчмөн тарых жана алыскы фантастикалык-футурологиялык келечек менен жалгаштырат.

Роман учурунда соңку совет адабиятында гана эмес, бүткүл дүйнөлүк адабият айдыңында жаңы жетишкендик, кийиңки дүйнөлүк адабияттагы этаптык чыгарма катары бааланганын баарыбыз жакшы билебиз. Чыгарманын негизги концепциясынан улам келип чыккан «маңкуртчулук», башкача айтканда, тарыхый эс-учту жоготуу маселеси азыркы учурда жалпы адамзаттын алдында турган эң көйгөйлүү проблема болгондуктан, ушу тапта Чыңгыз Айтматовдун аркасы менен «маңкурт» деген түшүнүк өзүнчө бир эл аралык терминге айланып кетти.

Кийинки «Кыямат» романында болсо, бүгүңкү жашоо-турмуштагы жана адам пендесинин жан-тениндеги руханий-ыймандык катаклизмдердин траекториясы окуяларды мындан 2000 жыл мурда болуп өткөн Иусус Христостун тарыхы жана Акбара баштаган карышкырлар үйүрүнүн трагедиясы менен туташтырат. Азыркы турмуштагы армандуу өмүр таржымалы өткөн тарыхтагы машаяк устатынын азаптуу тагдырын кайра кайталаган бийик парасаттуу Авдий менен жаамы жан-жаратылыштын жаркын символу болгон Акбара бөрүнүн айрыкча образдары аркылуу Чыңгыз Айтматов бүгүңкү цивилизация дүйнөсүндөгү дүмөктүү экологиялык-ыймандык кырдаалдын түпкү философиялык жагдайларын, жана ошондой эле, эртеңки эсхатологиялык алаамат коркунучун эске салат.

Ал эми «Кассандранын энтамгасы» чыгармасында Чыкебиз көркөм-философиялык изилдөө объектиси катары бүт Жер шарын, андагы ар кыл социалдык системалардын айгышкан карама-каршылыктарын камтып, Жер планетасында болуп жаткан иштерге космостон туруп Филофей кечилдин көзү менен карап, түбү жок, чеги жок сарсанаага батат. Романда адамзат турмушу туш боло турган ааламдык апокалипсисти алдын ала туюп заарканышканынан улам, атургай али туула элек түйүлдүк-эмбриондор да жарык дүйнөнү көргүсү келишпей, кош кабат аялдардын чекесине бүтүп, тынымсыз жандалбастап жанып-күйгөн энтамга аркылуу ал эсхатологиялык алаамат жөнүндө кайра-кайра канкакшап эскертишет.

Дүйнөлүк цивилизацияны кедерине кетирип, акыры кыйроого алып келүүчү антропологиялык катастрофалар менен социалдык катаклизмдерди болтурбаш үчүн адамзат эмне кылышы керек? Мына ушул экзистенциялык туюктан чыгыштын кандайдыр бир аргасы же жолу барбы? Ким билет, балким, маселенин маңызы автордун «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повестинде көрсөтүлгөн универсал жашоо жагдайында катылып жаткандыр? Анда Хаос стихиясына туш болгон адамзат тукуму уругун сактап, жашоосун улаш үчүн өзүнүн бүткүл руханий таалим-тажрыйбасын перзентине мурас калтырып, жарыкчылык менен коштошкону; андан соң, урпагын ажалдан аман алып чыккан табигат күчтөрүнө - шамалга, жылдызга, толкунга айланып, кубулуп кеткени; кыскасы, өз өмүрүнүн курмандык куну менен Хаос туңгуюгунан өтүп, акыры аны кантип калыптанган Космос турпатына келтиргени керемет сүрөттөлөт.

Айтор, Чыңгыз Айтматов ааламынын бир атрабы «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повестиндегидей, дүйнө бүтүп, жер али каймактай элек дайынсыз капкайдан башталса, экинчи тарабы кыял жеткис мунарык болочокту болжойт. Бир учу, аталган повестинде ажайып сүрөттөлгөндөй, адам жанынын, адам рухунун океандай түпсүз түпкүрлөрүнө сүңгүсө, экинчи учу жылдыз уялаган чексиз көк теңирге төнөт. Бул ааламда адам пендеси баштаган жан-жаныбарлар менен жапан табигат стихиялары - бирине бири жалгашып, бирин бири шарттап, бири бирин коштогон бирдиктүү Космос. Ал эми андан келип чыккан терең маани-мазмундар Айтматовдук антропокосмизм концепциясы же Айтматовдук антропокосмизм философиясы катары кайталаңгыс терең таасир калтырат.

Сөздүн чынында, ушундай туш тарабы келишкен керемет руханий-асем дүйнөнү, ушундай универсал философиялык-көркөм ааламды түзө алган чыгармачыл генийлер дүйнөлүк адабият жана маданият тарыхында өтө чанда кезигет.

Чыңгыз Айтматовду өз элинин, өз улутунун гана руханий көсөмү катары көрсөтпөй, ХХ кылымдын акыркы чейрегиндеги бүткүл адамзаттын, бүткүл дүйнөнүн акылман насаатчысы жана даанышман таалимчиси даражасына жеткирип турган улуу касиет, менимче, мына ушунда.

Чыңгыз Айтматов өзү айткандай, «Адам баласы канткенде адам болот?» деген убайым-санаа кылымдар тогошуп, миң жылдыктар алмашкан азыркы учурда да адамзаттын жүрөгүн өйүп, миң ойлонтуп, миң толгонткон түбөлүктүү түйшүгү, түгөңгүс маселеси бойдон кала берүүдө. Мына ушул универсал проблеманын тегерегинде мээ чарчатып, ой калчаган бүгүңкү адамзат акылмандарынын эң алдыңкы сабында биздин Чыкебиздин да турганы бүткүл кыргыз эли жана жаамы түрк дүйнөсү үчүн кылымда бир келүүчү сейрек кут жана айтып бүткүс зор сыймык.

Ушуга байланыштуу, Чыңгыз Айтматовдун: «Ала-Тоо койнунда кылымдан кылымга жашап келген кыргыз баласы бул дүйнө үчүн нени берди; адамзаттын өнөрүнө, маданиятына нени кошту дегенде, бирден-бир жообубуз – «Манасты» берди дейбиз»,-деген сөздөрү эске түшөт.

Анда эмесе, Чыкебиздин бул сөзүн бираз өзгөртүү менен кайра өзүнө буруп: «Ала-Тоо койнунда замандан-заман арытып абалтан жашап келген ак калпак кыргыз эли, кыргыз журту жыйырманчы кылымда бул дүйнө үчүн нени берди, адамзаттын өнөрүнө, маданиятына нени кошту дегенде, мындан ары биздин да бирден-бир жообубуз – Чыңгыз Айтматовду берди дейбиз»!

Калык Ибраимов, СССР жазуучулар союзунун мүчөсү,

Философия илимдеринин кандидаты,

Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью
X
Для размещения комментария авторизуйтесь
X
Для размещения комментария авторизуйтесь