Добавить статью
15:35 11 Декабря 2015

Экинин бири эсеке

Автор: Акматали Алимбеков, п.и.д., профессор

«Эсеке педагогикадагы экинин бири», - дешет эл

Кыргыздар да башка улуттар сыяктуу педагогика илим чөйрөсүндө башка элдер менен үзөңгү кагыштырып тең ата даража күтүп калганы бүгүн эч кандай күдүк туудурбай калды. Бул сыймыктуу факт артында моюндабаска арга жок акыйкаттар бар. Арийне, педагогика илиминин ар түрдүү салаалаларында түрдүү деңгээлде кызмат өтөп салым кошуп келе жаткан инсандардын катары калың. Бирок, бул илимдин кыргыз кыртышында башка илимдер катарында кадыресе дамамат өнүгүп келе жатышы өзүн бүтүндөй бир илим тармагынын масштабында жоопкер сезген жана анын жемиштүү өнүгүшүнө өзүнүн тамаркасындай кам көрүп жашоо кечирип келген илимпоздук жана атуулдук ариети масштабдуу инсандардан көбүрөөк көз каранды. Биз сөз кылып жаткан Ж.Баласагын атындагы КУУнун Физиканы окутуу технологиясы кафедрасынын башчысы, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, педагогика илимдеринин доктору, профессор, илим жана техника боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын ээси  Эсенбек Мамбетакунов дал ушундай  сыймыктуу жана оор жүктү аркалап келе жаткан мээнеткеч жана талантуу окумуштуу педагогдордун бири. Анын мындай башкалардан айрымалуу үзүрлүү, өтөлгөлүү илимоздук жана атуулдук жашоо турмушунун ибараты аны бардык наамдар менен сыйлыктардан да жогору, «Эсеке педагогикадагы экинин бири» деген ар дайым кастарланып айтылуучу куттуу ысым, даңктуу даражага ээ кылды. Ырасында эле, ар кандай эле илимде расмий даража, наамдарга ээ болуунун моюбас мээнет аркылуу келүүчү сыймык. Ал эми Эсенбек Мамбетакунов сыяктуу бир илимдин «куту», «символу» катары улуттук масштабда таанылуу жан бүткөндүн баарына эле буюура бербей турган таалайлуу тагдыр, өлчөмсүз баалуу бак-дөөлөт.

Илимий ишмердүүлүгүнүн масштабдуулугу…

Эсенбек Мамбетакуновдун түпкү кесиби физика мугалими, негизги илимий проблемасы физиканы башка тектеш илим салаалары менен байланышта окутуу аркылуу аларда табийгый илимий түшүнүктөрүн калыптандыруунун функцияларын айкындоого арналган. Бүгүн Кыргызстанда физиканы окутуунун теориялык маселелерин, окуу-методикалык жактан камсыздоо маселелерин Эсенбек Мамбетакуновдун даанышмандык демилгелери активдүү аракетисиз түк элестетүүгө болбойт. Сөздүн толук маанисинде анын илимий–практикалык ишмердүүлүгү Кыргызстандын мектептеринде физика сабагын окутуу боюнча педагогикалык билимдердин өнүгүшүн аныктоочу факторго айланып кеткен десек анчейин аша чапкандык болбойт. Ал тургай бул тармактын күӊгөй менен тескейин тереӊ түшүнгөндөр арасында Эсенбек Мамбетакуновдун ысмы физиканы окутуу түшүнүгү менен кадыресе түгөйлөш, синонимдеш сөз катары кабылдана баштаганы да акыйкат. Азыркы кыргыз мектептериндеги колдонулуп келе жаткан «Табият таануу», «Физика» жана «Астрономия» боюнча билим берүү стандарты, программасы, окуу китептери, методикалык колдономолору түгөлү менен автордун өзү же ал иштеп чыккан концептуалдуу сунуштардын негизинде даярдалган. Ал эми анын физика боюнча окуу китептери аталган тармактагы татаал кубулушутардын илимий маани-маӊызын кыргызча мектеп окуучусунун кабылдоо дараметине жараша образдуу, жеткиликтүү жана даана, так сыпаттап берүүнүн өрнөк, үлгүсүнө айланды.

Ошону менен бирдикте кыргыз педагогикасынын анын калеми тийбеген бир да тармагын табуу кыйын. Ал педагогика илиминин көптөгөн салааларына айтаарлык из калтырып келе жаткан сөздүн толук маанисинде энциклопедиялык өңүттөгү окумуштуу. Өз эмгектеринде ал өзөктүү кызыкчылыктарынан тышкары физика мугалимдерин даярдоонун илимий-методикалык негиздери, кыргыз педагогикасынын терминологиясы, педагогикалык изилдөөлөрдүн методологиясы жана методикасы, психодидактика, чыгыш аалымдарынын педагогикалык көз караштары жана кыргыздардын оозеки жана жазма мурастарындагы педагогикалык идеялар окутуу жана тарбиялоо жөнүндөгү ойлор сыяктуу актуалдуу маселелерди изилдөөгө да салмактуу салым кошуп келет. Э. Мамбетакунов педагогикалык изилдөөлөрдүн методологиясы жана методикасы боюнча Борбордук Азияда алгач ирет атайылап эмгек жазгандардын бири. Анын бул тариздеги эмгектеринен көп жылдык жеке изилдөөчүлүк, 5 доктордук, 18 кандидаттык диссертацияга жетекчилик кылган даанышмандыгы жана Кыргыз республикасынын Жогорку Аттестациялык комиссиясынын педагогика илимий боюнча эксперттик кеңешинин жана ошондой эле докторлук диссертациялык кеӊештердин төрагасы катары башкалардан айрымалуу бай тажрыйбасы таасын байкалып турат.

Э. Мамбетакунов көркөм поэзияга жакын инсан. Физика менен лириканын абалтан айтылып келе жаткан айкалышын өзүнүн жан дүйнөсүндө, илимий изилдөөлөрүндө акыйкатка айландырган сейрек инсандардын бири. Ал поэзия аркылуу илим жараткан даңазалуу чыгыш аалымдарынын педагогикалык көз караштарынын чыныгы таануучулардын, билермандардын бири. Айрыкча суфий поэзиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Желалидин Руминин психодидактикалык көз караштары жөнүндөгү жазган макалалары менен ар түрдүү жыйындарда окуган илимий баяндамаларында улуу ойчулдун гуманистик педагогикалык осуяттарын өзүнчө таануунун, өзүнчө көрүүнүн издери ачык байкалат.

Анын Калыгул, Тоголок Молдо, Мидин, Райкан жана башка акындардын көптөгөн ырларын жатка айтып, таанымдык жана тарбиялык касиеттерин салттуу көз караштардан айрымалуу чечмелеп жүргөнүнө көп эле күбө болуп жүрөбүз. Бул маселеде биз Эсенбек Мамбетакунов менен эӊ жакын пикирлешпиз. Анткени, биз да эмгектерибизде мурдагы салттуу кыргыз коомунда акындар кадыресе калк тарбиячылары, ал эми алардын санат насыят ырлары эӊ обол элдик нарк нуска адеп салт эрежелердин системасы болгонун, таалим - тарбиянын өзү да поэзия аркылуу ишке ашып келгендигин, калк тарабынан нарктуу акын педагог катары, нарктуу поэзия педагогика катары кабылданганын тастыктап келебиз.

Нарктуу инсан, нагыз элдик элдик педагог

Эсенбек Мамбетакуновду жакындан билгендер өзгөчө анын өз улутунун руханий дөөлөттөрүнө сыйчыл мамиле күткөн пейилин, өзүн өткөн менен келечекти туташтырып туруучу көпүрө катары сезген атуулдук жоопкерчилигин жогорулугун, ошондуктан элге жакындыгын, элдин адеп салтын, өнөр дүйнөсүн, оозеки сөз өнөрүнүн булактарын, туулган жеринин тарыхын, санжыраларын, табиятынын сырларын тереӊ билген жана аларды жеткире чечмелей билген нагыз элдик педагогдук даанышмандык жактарын өзгөчө белгилешет.

Э. Мамбетакуновдун киндик каны тамган жеринин чыныгы перзенти катары элдик тамыр башаттар менен туташ пейил-мүнөз күтүшүнүн түпкү себептерин учкай талдоо төмөнкүдөй шарт жагдайларды өзгөчө белгилөөгө мүмкүнчүлүк берет

Биринчиден, ал дээринен сезимтал жаралган. Өзүнүн эскерүүлөрүнөн укканыбыздай ал үч жашында атасынан ажырап акыркы сапарга узатып жатып балалык ызаа ый менен кошо колунан келсе тирилтип алчуудай ой кыялга батат. Улуулардын көзү өткөндөргө жакшылык кылуунун жалгыз жолу аларды эстеп куран окуп туруу деген демейде айтылчуу накыл сөзүн сезмине бекем уйутат. Ошондон улам “Үйгө бирөө келип калса эле, атама куран окуп койгулачы” – деп жалооруп суранып калаар элем. Улуулар менин бул жоругума ичитери жылып, ырасым салтка ылайык куран окуу менен бирге мага да “Болоор бала башынан” деп батасын берип алкап калышаар эле, - дейт. Муну тек катардагы факт катары кароого болбойт. Баардык пейил мүнөз жерден боор көтөрө баштаган чакта түптөлөт. Бала кезинде угут катары пайда болгон сапаттар гана өмүрдүн кийинки баскычтарында чындыкка айланат. Ч. Айтматов адилет белгилегендей «Адамдагы балалык абийир дандагы түйүлдүк сыңары. Түйүлдүгү жок дан өспөйт»

Эсенбек агай сезимталдыгы менен атасынан эрте ажыраса да анын эл эсинде калган өрнөктүү сапаттарын өмүр бою адам катары жетилүүнүн үлгүсү катары тутунуп өстү. Атага урмат сый көрсөтүүнүн мындан ашкан өлчөмү болбос. Ал азыр бир канча уул кыз неберелердин атасы болуп турган чакта да атасына болгон болгон нукура балалык сезимин дал ошол калыбындай сактап келет. Буга “Мен атамды көрдүм” деген эссесинен өтөөр иллюстрация табылбас.( Кыргыз Туусу, 18.07. 2014)

Эсенбек Мамбетакуновдун ой баккан инсан катары коомдук педагогикалык көйгөйлөргө четте карап тура албаган активдүү педагог жана атуул. Анын билим берүүнүн оош-кыйыштары туралуу жазган макалалары, интерьвюлары, расмий жыйындарда сүйлөгөн сөздөрү ар дайым концептуалдуулугу, акыйкат, калыстыгы менен жалпы коомчулуктун назарын буруп келет. Ошону менен бирдикте ал адамдардын үзөнгүлөш кесиптештеринин жакшылыктарын жалпыга жарыялап, көзү өткөндөрүн эскерип макала жазып турууну дамамат адатка айландырып алган сейрек инсандардын бири. Э. Мамбетакуновдун илим жана билим берүү чөйрөсүнүн көрүнүктүү ишмерлери туралуу жазган макалалары илим жана адам таануу булагы катары өзүнчө көлөмдүү жыйнак катары жарыяланууга татыктуу.

Айтылгандардын баары Э. Мамбетакуновдун жашоо образы жана жасаган иштери нарктуу инсан, нагыз элдик педагогдун модели катары жаштар үчүн үлгү, өрнөк алуунун мектеби катары кызмат кыла алат деген бекем ишеним жаратат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью
X
Для размещения комментария авторизуйтесь
АКИpress. Новости Кыргызстана, которые интересуют всех.
Закрыть
X
Для размещения комментария авторизуйтесь