Добавить статью
12:25 20 Мая 2016

Элери Бийтикчинин интернеттеги макаласына каяша

Автор: Абдижалил Пахридинов

Аналхак – 922-жылы Багдад шаарында, шаар акиминин жээни «Кыргыз - кырк кыздан тараган, ал ишке менин да салымым бар» деген сандырак жомогу үчүн Мансур Халлаждин жээни Хусаинди калп айткандыгы (бурмалагандыгы) үчүн дарга асар астында «мен чындыкты айттым же персче аналхак» деп айткан имиш. (Х.Карасаев, Өздөштүрүлгөн сөздөр, 35-бет). Ал «чындыктын» түпкү мааниси, ошол кездеги бийлик башында турган Моголдор династиясынын бир ханынын кызы кырк ортак кыздары (бул жерде 40 өтө көп же бир топ маанисинде айтылган сөз) менен күндүн ысыгынан коргонуу максатында шаркыратмалуу көлдүн суусуна түшүп жаткан болушат. Сууда жылаңач киринип жаткан кыздарды көргөн «аштархани мачо» алардын бардыгын «жайлап», бардыгы эркек бала төрөгөн. Ошол төрөлгөн балдарга «гыркгыз» аталуу менен кыргыз жаралган шылдың имиши үчүн шаар акиминин жээнин дарга асуу окуясынын өзү Моголдор бийлеген заман заңы күчүндө экендигинен кабар берет, жана бийлик башындагы аштархани - жетекчи өз жээнин курмандыкка чалууга оңой олтоң эле уруксат бере бермек эмес эле го. Бул окуяны кийинчерээк кырк кыз сууда киринип жатканда суу көбүктөнүп, ошондон боозуган кыздар маанисин перс же тили буруулар бетке кармаган болушат. Бул «кыргызды» шылдыңдаган жана анын кырк улуттун башын 3000 жыл мурда бириктирген «нокто башы Нойгут жана кенже тайы чапкылдык» болуп Манас баштаган, кыргыздын санжыралуу тарыхын шылдыңдоо экендигин эстен чыгарып баратканда чындыкты мударис Х.Карасаев атабыз жогоруда аталган китебинде эскертип кеткен. Ал үчүн Кусейин атабызга түбөлүк таазим. Эскертип кэтээр жери, тажик, уйгур, өзбек «билермандары» кыргызды ушул «окуя-аналхак» менен шылдыңдап да жана өздөрүн кыргыздын атасы катары көрсөтүүдөн тартынышпайт. Ал аз келгенсип кыргыздын кыздары кезекке тура «байкуш мачону зордуктаган» деген дооматын да кошо айтышып рахатанышат.

«Кырк кыздын» түпкү мааниси аналхакта эмес, кыргыз аты менен 41 уруунун башы биригүүдө 41 бирден кыз чыгарып, 41 боз балдардын үйлөнүү тойунун бирге болгондугунда жана кызга сеп берип, кыз атасынын өз уруусуна тийиштүү эн салуу менен уруулар ортосундагы малдар аралашып кеткенде малды өңүн талаша чырдашуу бир отоло токтоткондугунда жана кызга сеп берүүдө туш кийиз-көшөгөгө уруу эн тамгасынын үлгүсүн чегере сайма сайып кыз - колуктууну көчүрүп баратканда көшөгө катары колдонгондугунда. Көшөгөнү «көлмө суу катары» божомолдоп которунун натыйжасында кыргызды күч менен ала албасак, анда: «сөз менен аларды жыгабыз» деген максатта ойлонуп табылган жалган жалаа.

Кошуп кетээр, мындан бир топ жыл мурда 90-жылдардын аягында уйгур тилинде радиоберүү бар эле, анын алып баруучусу Жыпара аттуу кыз болчу. Ошол берүүдө «Аналхак» деген түшүнүк бардыгын жана «кыргыз сөзү кырк кыздан жаралганын» учкай айтуу менен тажиктердин «ж» тыбышынын жоктугун пайдаланып, Жыпара кызыбызды «Ипара» туура болот десе ошол жерден эле ал кызыбыз: «Ипара деп айтып жүрөйүн» дебеспи. Бул берүүнү мен Баткенге баратканда автомобилде бара жатып уктум эле. Какаганга муштаган болуп, баргандан кийин базарга барсам жаш кезден акыйлашып жүрчү Паяз аттуу тажикке жолугуп калам, көрүшпөй жатып, «Сен мен айтчуда чычалачу элең, мына эки күн мурун борбордук радионордо Жыпара кызыңар Ипара болуу менен аналхак - окуясын жаңыртууга даяр экенин айтпадыбы, сен ушул передачаны уктуңбу?», дебеспи. Мен айласыздан «жок», деп кутулган болдум, бирок кыргыздын тарыхы 6000 жылды чапчырын эскертүү менен, моголдор заманында тажиктерди, лөлүлөрдү, дунгангандарды күн чыгыштагы перс жана хинди, кытай тилдүү элден алган токолдордун балдары экенин эскертүүгө жетиштим. Базар шарты базар, тааныш кишилер келе калып биз коштошуп «ичибизден чийки май жеген» маанайда ажыраштык.

Арбаң – (армоиң ир.), арба - барбол, (өтм. мааниде «арбаб» - болсо да макул кыл, айлакерлик менен баш ийдирүү, (чындыгында бул сөз кыргыздын арыбаң - чарчабаң үй тиричилигинен маанидеги сөздү персче айтылышы), эркек менен аял же аялдардын саламдашуу менен ал - жай сурашуу адеби, к.у. маарекеде жолугушкан аялдар ар кимиси эки - экиден болуп алышып ал - жай сураша арба - барбол адебин ийине жеткире ушакташуу менен улантып кумардан чыгышат. Арбаң сөзү коомдук жайларда же маареке учурунда биринчи болуп аял тарабынан айтылуусу туура, айрым кысталыш учурда гана эркек тарабынан айтылышы мүмкүн жана кыска арбаң - барболуң менен жыйынтыкталат. Арбаң сөзүнө к.э. арбаң жезде, арбаң - аба деп ал эми аялдар ортосунда ортоктар же бир курдаштар катарында «арба» деп башталуу менен кеп учугу бир топко созулуп кетиш адаты бар. Акыркы учурда ММК тарабынан, айрыкча эркектер тарабынан «арбаңыздар» сөзү мода болуп, бир аялдар менен гана учурашып, теле берүү бир аялдар үчүн арналып, эркектерди көзгө илбей, эркек эсепке кирбей катардан чыгып калган учур «келдиби?» десе да болчудай. Коммунистик доордо орусча үйрөнбөсөң «нан» жок болчу, эми орусчаны танып кыргызча сүйлөйлү деген болуп сартча сүйлөп, калбадыкпы нарындыктар баш болуп. Анткени Ат-Башыдагы Таш-Рабат, кыргыз жана арап тилинде «таштуу чек» маанисин туюнтат, себеби кыргыздын күн чыгышта болгон 200 жылдык бийлиги учурунда жортуулдагылар менен тыл-орукту байма-бай байланыштыра турган чапкылдык-чапкынчы саяктар болгон, жана ал жерди «Истанса» деп аташкан кыргыздар, буга көрөңгөлүү далил түрктөрдүн эски борбору «Истанбул» шаары. Ал күн чыгыштан кийин күн батышта 350 жыл бийлик жүргүзгөн кыргыз сөзүнө таандык. Ал эми Россия -Украинада «станичники» сөзү да ошол ат алмаштыруучу истансасы бар айыл тургундары «станичники» катары айтылып келген. Биздин Салымбеков баш болгон чөнтөгү калыңдар кыргызча истансаны - «Дордой» деп атап алышты. Дордой сөзүн тажикчеден которгондо: дор - токто, дорет- токтоңуз, дой-доуй: чурка, чап -деген маани берет жана орустун «дуй» сөзү да «говядина» сыяктуу эле перс тилине барып такалат.

Истанса – ыстанса, станция, бул сөз Моголдор заманында чабарман жана өкмөттүн кишилери алыс жолго чыкканда миңген атын алмаштыруучу атайын истанса жана кошкана. Анткени чалыккан атын алмаштыруу менен чабарман өзү да шам - шум эте бирдеме менен наар тата, керек болсо жатып эс алуучу атайын даректүү - истанса. Ошондой эле истансада атка чөп, чабандеске жеп - ичер тамак жана эс алууга кошканасы да болгон. Истансанын бардык шарты бар жерди рабат же чек деп да айтышкан. Истансада эс алууга биринчи кезекте форма кийимчен кызматтагы кишилер артыкчылык укукка ээ болгон, ал баш кийимди будунча же будуңчак - деп аташкан, кийинчерээк большевик заманында «Буденныйдын» аты менен аталып, солдаттын баш кийими болуп калбадыбы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью
X
Для размещения комментария авторизуйтесь
X
Для размещения комментария авторизуйтесь