Добавить статью
18:41 25 Июля 2016

Үркүн чындыгы - 1916-жыл

Эчендеген кылым карт тарыхы бар байыркы Кыргыз элинин башынан эмнелер гана өткөн жок. Чабылды, чачылды, чапты, бирок кыргыз элинин Манас атабыз баш болгон баатырлары «…үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнап, түгөнгөн сайын түтөп…» бүгүнкү заманга жетип олтурат. Ушул таптагы элибиздин бейпил жашоосу оңой эле келе калган жок. Канчалаган ата-бабаларыбыздын каны суудай агып, улут катары жок болуп кетүү коркунучуна чейин жеткен күндөр болду. Россиянын курамына өз ыктыярыбыз менен кошулганга дейре Кыргыз эли «найзанын учу, кылычтын мизи» менен жашады. Кыргыздар Россия империясынын букаралыгына өткөнү Нурдөөлөт баатыр айткандай куу найзанын доору бүтүп, итче кабышып, карышкырларча кармашып, алышып чарчаган эл: «Орус келди, ырыс келди» дешип, ички-тышкы душмандардан бейкапар тынч жашоого өткөнү менен Россия империясынын оторчул саясатын карапайым кыргыз эли элес алган жок. Россиянын, Украинанын ар кайсы жеринен келген дыйкандар кыргыз жерин каптап кирип, мыкты жерлерди ээлешип отурукташа башташкан. Жергиликтүү эл өз жерлерине өздөрү ээ боло алышпай, орус бийлиги көбүнчө «келгиндерди» колдоп, саясый адилетсиздик өкүм сүрө баштап, элдин чыдамы жетчү жерине жетип калган чакта, 1914-жылы биринчи дүйнөлүк согуш башталып, немис менен орус урушуп, 1916-жылдын июнь айында орус эмес элдерден ооруктагы (тылдагы) кара жумушка жумушчуларды чегүү жөнүндө Ак падышанын жарлыгы чыкты. «Жумушчу алат экен, балдарыбызды солдатка алып урушка салып кырат» деген сөз желдей тарап, элдин орус бийлигине болгон нааразычылыгы отко май куйгандай жалындап, ого бетер күчөдү. Эл оруска каршы көтөрүлүп, көтөрүлүш аёсуз басылып, кыргыздар көп кырылып, Кытайга качышып, ит көрбөгөн кордукту көрүшүп, арып-ачышты.

Бүгүнкү өткөн күн, эртеңки тарыхыбыз. Канча мезгил өтсө дагы тарых чындыгы сакталып, бурмаланбаш керек. Кийинки урпактар ошол тарых чындыгынан сабак алышып өткөн күндүн ак-карасын өзүлөрү иргеп алышат. Андан бери бир кылым өтсө дагы улуу Үркүн жөнүндө баян бир жактуу чагылдырылып келгендиктен, тарыхый чындык эмдигиче толук жазыла элек.

Азыркы биздин акын-жазуучу, журналист болобу, ири окумуштууларыбызга чейин Үркүндү кыргыз элинин «Улуттук боштондук кыймылы» деп аташып, көптөгөн илимий-теориялык конференцияларды өткөрүшүп, публицистикалык-көркөм чыгармаларды жазышты. Кочкор өрөөнүнөн Канат ажыны, Кеминден Шабдан баатыр балдары Мөкүш, Самүдүндү, Көлдөн саяк Баатырканды, Ысагаалы ажыны, ж.б. көптөгөн ошол кездеги кыргыздын атка минерлерин (бий-болуштарды) кыргыз элинин улуттук баатырлары даражасына чейин көтөрүп даңктап жатышат.

Алар тескерисинче караңгы элдин башын айлантышып, көтөрүлүшкө үндөп, тынч жаткан орус кыштактарын өрттөп, талкалашып, кемпир-чал, катын-баласын мыкаачылык менен өлтүрүшүп, чоң кылмыш жасашкан. Көтөрүлүштү басыш үчүн падышалык бийлик орус армиясынын жазалоочу отрядын жиберип, беш атар мылтык, замбирек, пулеметтон атылган мөндүрдөй жааган окко каршы көтөрүлүшчүлөр «көк союл» менен каршы чыгышып, эл көп кырылып, өлгөндөн калгандары жан айласы кылып, Кытайды көздөй качышкан. Качкындар жолдон ашууларда муздун жаракасына түшүп, суука тоңуп көп өлүшүп, эптеп кытай жерине аман жеткендердин малын, өңдүү-түстүү кыз-келиндерин калмак-кытай зордук менен тартып алып, тоношуп, элди ачарчылык менен оору каптап дагы көп кырылышкан.

Ал эми, Аксы, Ала-Бука, Чаткалдан 1600дөй баланы Белоруссияга чейин алып барып, кайра аман-эсен алып келген Арстанаалы Осмонбековду, Таластан 1000 дей жигитти армияга жиберип, элди көтөрүлүшкө катыштырбай, бирѳѳсүнүн мурдун канатпай аман алып калган Төлөбай Дөөлөт уулу жөнүндө азыркы биздин «тың чыкмаларыбыз» бир ооз да кеп кылышпайт.

Ырас, ал кезде бүткүл дүйнөлүк пролетариаттын улуу жол башчысы В.И.Ленин: «Россия –элдердин түрмөсү»-деп таамай айткандай, бүткүл Россия «түрмөгө» айланса, алакандай Кыргызстанга «бейиш» орноп калган эмес. Элдин турмушу оор болгон. Бардык кыйынчылыктарды тынчтык жолу менен гана чечүү керек болчу.

Үркүндүн келип чыгыш себебин Кыдыр акенин: «Түшүнбөстүк, наадандык жана караңгылык болгон»-деген сөзү менен жооп бергим келет.

Урматтуу окурман, төмөндө Үркүн жөнүндөгү окуяны болгон чындыктын негизинде жазууга аракет кылып, үзүндү кылып берүүгѳ аракет кылдым...

Талас эли-1916-жыл

Талас жөнүндө сөз кылганда – Жанкороз менен Төлөбайды эскерип, окурмандарга тааныштыра кетпесек болбойт.

Жанкороз Бердикожо уулу

(1830–1910)

Коомдук ишмер. Саруу уруунун ичиндеги Алакчын уругунда, Бердике баатырдын насили, акылмандыгы менен элге кеңири таанымал инсан. Бардар үй-бүлөдө туулган. Молдодон окуп, сабатын ачкан.

Ал акыйкатчылдыгынан, даанышмандыгынан улам ири талаш-тартыш маселелерди чечүүгө чакырылып турган. Өзгөчө бугу, сарыбагыш, солто урууларынын ортосундагы чыр-чатактарды жөнгө салууга кошкон салымы чоң. Россиядан көчүп келе баштаган орус, немис калктары менен жергиликтүү элдин ортосунда ынтымак орнотууга көп күч жумшаган, келгиндер арасында кадыр-баркка ээ болгон. Түркстан генерал-губернатору Кауфман 19-кылымдын акырында Бишкекте жана Токмокто өткөн кээ бир курултайларды Жанкорозго башкарткан.

Ал Олуя-Ата уездинин башчысы В. А. Каллаурга жолугуп, ага Талас жергесиндеги байыркы эстеликтер жөүнүндө кызыктуу маалыматтарды айтып, ал бай эстеликтер келгиндер тарабынан талкаланып жаткандыгын билдирген..

Мекеге 1870-жылы барып, ажы болуп кайткан. Жанкороз сексен жаш курагында Бешташ өрөөнүнүн оозундагы Бүлкүлдөктүн сазы деген жерде дүйнөдөн кайткан.

Төлөбай Дөөлөт уулу

(1860-1924)

Коомдук ишмер. Бердике баатыр насили. Кырк жыл Жанкороздун жанында жүрүп анын таалимин алган. Чечендиги, калыстыгы менен элге алынып, Таластагы кыргыз, орус, немис ж.б. улуттар өтө кадырлаган адам болгон. Таласта өткөн бир дагы чоң аш-той Төлөбайсыз өтпөгөн. Улуу Токтогул берендердин айылына көп келип ырдап, Төлөбай менен ынак мамиледе болгон.

Жанкороз өлөрүнө жакын Төлөбайды Олуя-Ата уездинин башчысы Каллаурга алып барып тааныштырып:

-Мына менин ордумда кала турган киши-ушул Төлөбай. Мындан ары эмне кеп-кеңешиң, сөзүңүз болсо ушул Төлөбай аркылуу айтып чечип тур, деп дайындап кеткен. Жанкороз өзү көзү ачык, олуя киши болгондуктан Төлөбайдын кандай адам болорун күн мурунтан билген. Төлөбай эч качан бий-болуш болгон эмес. Ошондуктан эл ичинде:

«Болуш болбой, Бий болбой,

Кайран Тѳлѳбай, Таластын ичин билдиң ай», - деген сѳз калган. Төлөбайдын элге кылган зор эмгеги-бул 1916-жылы Талас элин оруска каршы көтөрүлүшкө чыгарбай, орустардын кыргынынан элди сактап калган. Ошондуктан Талас эли Үркүн эмне экенин билбей, орус армиясына Таластан миңге чукул бала барып, кайра аман-эсен чогуусу менен кайтып келишкен.

Талас жерине 1860-жылдан баштап орустар келе баштаса, 1880-жылдары орустар тарабынан мажбурланып Поволжьеден немис улуту аргасыздан көчүрүлүп келип, орун алышып, улам барган сайын көбүрөөк отурукташа баштаган.

Жанкороз, Төлөбайдай орустар менен теңата сүйлөшө билген иш билги, чечен, калыс адамдар болбогондо Талас эли деле башка кыргыздардай болуп жакшы жерлерин орустарга тарттырып жиберип, өз жеринде ар кимге кор болуп, 1916-жылы бузукулардын тилине кирип, орустарга каршы көтөрүлүп, качып-бозушуп, кырылып, далай азап-тозокту көрүшмөк.

Алардын эл үчүн кылган эмгеги окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн жазуучу Кайнарбек Бийлибаевдин «Жанкороз» тарыхый романынан үзүндүлөрдү келтире кетели.

«... Жанкороз элге кайрылып:

-Жергиликтүү кыргыз элинин турмушу түзүк болушу үчүн орустарга көз каранды болбой, өз байлыктарына өздөрү ээ болуп, тең соода кылышып, жер-суу ар бир улутка үй-бүлөөсүнүн санына жараша бирдей бөлүштүрүлүп, аларды жерден ажырабоого ар дайым үндөп жүрдү. Бирок, мындай аракет көптөгөн өзүм билемдикке салган орус өкүлүнө Жанкороздун кылган иши жага берген жок.

Жанкороздун алысты көрө билген бул ою бардык жерде колдоого алынып, зоболосу көтөрүлдү. Жанкороз Талас уездиндеги орустарга:

-Кыргыздардын жери алынып, адегенде мал багуу үчүн пайдаланылып, андан ары сатып алууга каршы турарын, мындай кадам, жергиликтүү элдерди жерден бөлүп, кийин көз карандылыкка алып келерин айтып, элге кайрылып жүрдү. Анын олуялык көз карашын түшүнгөн эл бүтүндөй колдоого алды.

Жанкороз эл чогулган жерде болуштарга, бийлерге, кайрылып:

-Орустар менен эч кандай эч кандай келишимдик сүйлөшүүлөргө барбагыла, деп үндөп жүргөндө, «Таластын ортонку болушунда бир бузуку киши чыкты» - деп, Түркстан губернаторуна уезден кат жөнөтүлдү.

Ал жактан: «Териштирилсин»-деген буйрук келип, киши жиберилди. Уезддин төрагасы Таластын «Кырк казык» деген жеринде болуштукка караган элди чогултту. Эмне сөз болорун эл алдын ала билип: «Жанкорозго туура эмес иш болсо, каршы турабыз» - дешип, эл көп чогулду.

Карала турган маселе, Түркстан губерниясынан келген кат болуп, сөздүн нугу Жанкорозго бурулду. Аны эптеп шылтоо таап, жоопко тартуу болгон. Козголгон сөзгө эл дуулдап турушту. Ага карабай уезддин төрагасы Жанкорозду ортого чакырды. Жүз отуз кило салмактагы Жанкороз:

- Мени канча саат тургузуп суракка аласыңар?-деди тиги келген орус кишиге.

- Мен айта албайм, убакыт чектелбейт,-деген сөздү татар тилмеч которуп берди.

- Анда мага отура турган отургуч алып келип бергиле, мен отуруп жооп берейин - деди. Орус төрага макул болуп, аткаруучу жыгачтан жасалган бир отургуч алып келди эле, Жанкороз отурары менен кычырап сынып калды. Экинчи жолу да ошондой отургуч алып келсе анысы да мурункусундай болуп сынып кетти, буга ачуусу келген Жанкороз:

- Шылдыңдын да чеги болот! Өзүң орустун чоң ачендиги болсоң, мен отура турган бир тактай таба албасаң, эмнең ачендик!?-дегенде, карап турган эл дуу күлүп жиберишти.

Үчүнчү жолу алып келип койгон отургучү кычырап барып сынбай калды.

- Кана айтчы, элиңе эмне бузукукулук иш кылып жүрөсүң?-деген орустун сөзүнө, Жанкороз:

- Элди мен бузуп жүрөмбү, же туура эмес бийлик жүргүзүп элди сен бузуп жүрөсүңбү? Мен жер-суу, жайыт элге бирдей тең бөлүнсүн,-деп айтканым үчүн күнөөлүбүнбү? Кана, кайсы күнөөм үчүн жооп берейин!? – деп, орус ачендикти жекиди. Угуп турган эл Жанкорозду коштоп дуулдап турганда, ордунан тура калып, элди тынчтандыра албаган оруска жардам кыла, колун көтөрө элди тынчттандырып койду.

- Эй, кыргыздын бузугу!-деди эле, ага Жанкороз жооп кылып:

- Мен кыргыздын бузугу болсом, сен тургайдын жаман мужугусуң!-дегенде карап турган эл дагы дуулдай каткырышып, көпкө басылышбады.

Уезд төрагасы ушул сөздү уккандан кийин, жыйынды алып бара албаганына көзү жетип, кетип калды. Көрсө, кыраан Жанкороз анын орустардын казак тегинин эң төмөнкү сословиеси болгон «тургайдан» экенин билип алып, сөзүнө жараша уят кылганынан улам, жыйынды улантпай кетип калгандыгынын себеби ушунда экен.

Жанкороз ошо жерде ырахматын айтып турган элге кайрылды:

-Урматтуу мырзалар! Биз болуштар менен бийлерди шайлаганда, элге кызмат кылсын, ар кандай элдин мүдөөсүнө туура келбеген буйрукчул өкүмдөрдөн, манаптардын кысымдарынан бейкүнөө бечараларды ар кандай кыйноолорго салып, мажбурлоодон, жерлерди өкүм-зордукка салып тартып алуулардан, бир урууну сүрүп, экинчи уруу үстөмдүк кылганды, бузукулук, кошоматчылык иштерге жол бербөө үчүн адилет ишке шайлаганбыз!

-Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок,-деген элибизде жакшы кеп бар. Ошондуктан, бийлигиңер дайыма туура жана ыймандуу болсун. Өз элиңерди бөлөк элдерге кор кылбагыла. Бир уруу, экинчи урууга үстөмдүк кылганыңарды токтотуп, ынтымактын бешигинде термелгиле. Ынтымак болсо ырыс келет, ынтымак жок жерде ырыс кетет.

Бизде азыр кош бийлик болуп турат. Бири жергиликтүү кыргыз манаптары болсо, экинчиси орус падышасынын бийлиги. Ошон үчүн элди кыйнап, жыйган-тергенин тартып алып, кызыл камчылыкты токтотуп, алык-салык өз чегинде болушу абзел. Билермандар элди талап-тоноого жардамдашпай, элдин жакшы жашашынын камын көргүлө. Силер бөлөк жактан келген жоксуңар. Бектер кетет эл калат, бетеге куурап бел калат. Мезгил өтөт, бирок, элдин мамилеси, тынчтыгы, ыркы ич ара бузулуп кетпөөсү зарыл. Уруу-уруу болуп жаатташпагыла, анын түбү келип манаптар менен келгиндердин пайдасына кетет. Ошон үчүн ынтымактуу, биримдиктүү бололу!!!-деп сөзүн бүтүрдү эле, турган эл кыйкырып колдоо көрсөтүп:

-Абдан туура айтат Жанкороз! - дешти.»

Жанкороз болуш да, бий да эмес, бирок эл ишениминин эки тизгин, бир чылбыры колуна толук өтүп, даражасы улам өйдөлөп турган чагы эле.

Кырк казыкта болуп өткөн жыйындан көп өтпөй баягы «тургай» ачендиктен кийин, уезддин ачендиги болуп бою жапыс, татар дайындалып, Көк-Ойго жыйын куруп, көпчүлүктүн көзүнчө кайрадан Жанкорозду ортого чакырды. Ортого чыккан Жанкороз татар турган жерден орун алды эле, аны отурган жерден туруп, ордун бошотуп, кызаңдап үнүн бийик чыгарып, Жанкорозду бет маңдайга туруп туруусун бүйруп титиреңдегенде, Жанкороз:

- Эй, ачендик! Мен сенин тилиңди угайын, же ачууңду көрөйүн деп келген жерим жок. Мен сен чакырткан жыйыныңа сөз сүйлөйүн деп келдим!

Титиреңдеген татар ачендик Жанкорозду түртүп, отурган ордун бошотуусун дагы айтып, жанагысынан да катуу кыйкырып, түрткүлөп киргенде, далдайган Жанкороз:

- Өзү тийген бала ыйлабайт! – деп, төшкө оң колу менен коюп жибергенде, татар ачендик эки-үч ала салып барып, эси оой, көпкө эсине келбей жатып калды. Карап турган элдин күлкүсү тыйылбай, ушуну көрмөк дешип, табалары канып:

- Ушуну уезддин төрагасы деп ким айтат?- деп жатышты.

***

Генерал Колпаковский 1863-жылы генералдык штабдын капитаны Проценкого буйрук берип, Таласка аскер отрядын киргизип, орус келгиндерине каршы көтөрүлүшкө чыккан элдердин мизин кайтаруу жөнүндө чара көрүүнү катуу дайындады. Бул учурда Кокондо Кудаяр бийликке келгени менен журт ичи тынымсыз коогалаңга түшүп турган.

Бардык жагдайды угуп, билип турган Жанкороз астыда эмне иштер күтүп турганын алдын ала туюп, бүтүндөй элге ат чаптырып, орус келгиндерине каршы кол көтөрбөө жөнүндө эл жакшыларына кабарлап, тынчтык жолун тандоо жагын сунуштады. Себеби, куралдуу эл менен куралсыз элдин күрөшү – бул өз ыктыяры менен өлүмгө баруу менен барабар экендигин Жанкороз абдан жакшы түшүнгөн. Өз элин кырдырып алган эрди, эч ким кечирбеген. Бардыгын акыл менен кылган иш жеңет,- деди Жанкороз.

Кокон хандыгы да биримдиктин жоктугунан ар кайсы коктуда, өрөөндө өз-өзүнчө хан болушуп, уруу-уруу болуп чабышып турганда, орустар бөлө чаап, таш-талканын чыгарып, замбиректерин атка сүйрөтүп, мылтык, «тытырактары» (пулеметту айтып жатат ) менен кырып, басып алып жатышкан.

Барган жерде эл туура түшүнүп, орустарды тынч кабыл алды. Орус падышасы Жанкороздун мындай кадамын өтө жогору баалап, Василий Андреевич Коллаурга, жарым паша фон Кауфманга катуу дайындап, Талас жериндеги Жанкороз менен иш алып баруусун орустардын Ак-Чийдеги өкүлдөрүнөн өтүндү. Жанкорозго каршы туруу – бүтүндөй Талас элине каршы туруу эле. Эл Жанкорозду сыйлап ыраазы болсо, экинчиден падыша жагы өтө жогору түшүнүү менен кабыл алып турду. Бул болсо Жанкороздун эки элге тең кылган адилет кызмат кылуусу дегендик эле.

Жанкороздун ушундай терең ой жүгүртүүсү бар адам болгондуктан, Талас эли орустар келгенде – алар менен тең ата мамиледе жашашты. Ал эми Төлөбай дайыма Жанкороз менен чогуу жүрүп, таалимин алып, анын ишин улантуучусу болгон. Айрыкча, 1916-жылы Талас элин оруска каршы көтөрүлүшкө катыштырбай кыргындан сактап калышы – Төлөбайдын эмгеги экендигин айтпай кетүү калыстыкка жатпас.

Эмесе, дагы эле жазуучу Кайнарбек Бийлибаевдин «Жанкороз» тарыхый романынан үзүндүлөрдү келтиребиз.

«... –Төлөке, 1916-жылы канчалаган Талас элин бөөдө бейажалдан алып калдыңыз, болбосо тиги Үркүндө кеткен эл менен кошо эмне болмок элек? Таластан орус армиясына 1000 аскер берип, баары тең аман-эсен кайра келиши да сиздин эмгегиңиз эмеспи, Төлөке!

- Ооба, Алымбек. Мен ойлогонумдун бардыгы эле, эл аман болсо экен, канткенде ага-туугандарды кыргынга учуратпай аман алып калуу деген ойдон башка эч нерсе башыма кирген жок, жалаң эле ушу болду. Эгер оруска кол көтөрсөңөр, «тытырагы» менен кырып коет, - деп түшүндүрүп, элдин бейпилдигин кааладым. Эзүүдөн бошонууга акыры бир заман келет, азыр бизде алардыкындай курал жок. Аларга каршы туруш үчүн көп убакыт керек. Ал үчүн аябагандай көп курал, эмгек талап кылынат. Алардын кыргыз жергесине келгенине 1855-жылдан 1916-жылга чейин 60 жылдан ашты. Аларды кайра кууп чыгыш үчүн дагы ошончо жыл керек. Азыр ошончо эли, аскери менен бизди заматта кырып сылышат. Бир ууч элди кырдырып алсак, анда бул жерде жашоонун шартын аларга накта түзүп берип, жерлерди ошолорго бошотуп берип жатпайбызбы...

Андан көрө чогуу жашап, элдин аң-сезимин көтөрөлү, көбөйөлү, төрт тарап эл көрсүн, билсин, түшүнсүн, акыры мезгил жетип бышканда эл өзү эле сүрүп чыгат.

Азыр болсо орустар өз билгендерин жасап калышты. Көтөрүлгөнүбүз болбойт, алсыз аз элбиз, орустар менен тирешкенибиз – өзүбүздү өзүбүз ажалга ыктыярдуу түрдѳ моюн тосуп берүү дегендикке жатат! – деп, жаным күйө ар жерди мисал кылып эл мыктыларын топтоп, айтып жаттым. Көптөрү макул болсо, айрым бир сөзгө, келечекке түшүнбөгөндөр тескери сүйлөп жатышты.

- Орустар кырып кирсе, «ме, ат» деп көкүрөктү окторуна тосуп тура берелиби? – дегендер болбой койгон жок. Түшүнгөндөр мага кайрылып:

- Туугандар, Төлөбай бекер жеринен айткан жок! «Битке теңелип көйнөгүңдү отко салба» – дегендей, орус көп эл, биз бир ууч элбиз, бекер кырылып калбайлык.

Чүй менен Көлдө эл үркүп, көтөрүлүп жатыптыр. Орус дыйкандары да колдоруна курал алышып, аскерлерге кошулуп кыргыздарды аёсуз кырып жатышыптыр деген сөз Таласка желдей тарап, эл ошол жакка кулак төшөп турушту.

Мен элге кайрылып жүргѳн кезде: Чүй, Көл, Нарын тарапта элдер орустарга каршы чыгып жатышты. Таластын баш жагы, Суусамырдын ичин орус аскерлери курчап, баш көтөргөндөрү болсо эле кыргыздарды аёсуз кыргынга алганга даяр болуп турду. Жаным ачып, элдин эч жакка кетпөөсүн, жылбоосун өтүнүп, ар жерге чапкылап жүрдүм. Бирок, ар жерде «Төлөбай деген мыкты киши, эч жакка жылбагыла» деп жатыптыр дешип, эл ичи олку-солку болуп турду. Бири бирди айтса, дагы бири каңырыш сөздү күчөтө айтышат. Айтор, эл ичи тынч эмес, жада калса боз үйлөрүн чечпей калтырып кетүүгө даяр болуп турушту. Кетсеңер, барар жериңерге жетпей окко учуп, бул боз үй, мал-жаныңардан айрыласыңар! - дедим.

Генерал Фольбаумдун бүйругу менен чүйлүк, көлдүк кыргыздардын малын орус дыйкандарына бекер таратып берип, аларды жыргатып койду. Кыргыздарды болсо – тескерисинче оруска кол көтөрүштү, атышып, кырып жатат деген шылтоо менен ар жерден тосуп чыгышып, чалгы менен чапкандай кырышып, бирин-серин кабылгандарын тере бутага алышпадыбы.

Кырылган эл эми көтөрүлмөк тургай кара жандарын калкалап, сандаган малын таштай Кытайга эптеп кире качышып жатышты. Жол билбегендери бийик зоолорго кептелип, жан соогалагандарына карабай орус аскерлери топ-тобу менен атып салып жатышты. Ашууларда адам сөөктөрү тоодой үйүлүп, карга-кузгунга жем болуп каңырсыды.

Талас эли Төлөбайдын тилин албай көтөрүлүп чыкканда, Кумбел, Каракол, Үч-Кошойдо тосуп турган орус аскерлери, эл арасында куралдуу орус дыйкандары кошулуп элди жөн эле кызыл кыргынга салмак. Аларга шылтоо эле табылбай, араң турушкан. Жерге, малга көз арткан кызыл кулактар «көтөрүлдү» деген шылтоо менен кыргыздарды кырып салышып, малын тартып алып, байып алышмак.

- «Болуш болбой, бий болбой Таластын элин Төлөбай билди, кайран эр!» – дешип, эл Төлөбайдын алысты көрө билгендигин 1917-жылдан кийин түшүнүшүп, өз баасын бергендигинде болду, – деди Алымбек.

Кийин «Уккан кулакта жазык жок» дегендей оруска каршы көтөрүлүп, үрккөн эл, жалаң эле октон кырылбай, ашууларда муз жаракаларына түшүп, аскага кептелишип, көчкү астында калышып, ачарчылык каптап, Кытай жерине өткөнү – көр оокаттын айынан кыздар, аялдар сатылып, далай эр курман болуп, тозок менен миңдеген элден үркөрдөй эл кайтканын билишти.

Мен убактымдын көбүн төмөн кытай, багыш элдери менен тынымсыз жолугушуп, түшүндүрүп жаттым. Көптөгөн эл түшүнүү менен кабыл алды. Эл болгондон кийин каршы чыккандары да болбой койгон жок.

Таластын баш-аягына кабар бердирип, аскерге миңдей жигит топтоп, эки башчысы менен көтөрүлүштүн болжогон күнүндө эл кадимкидей дүрбөп, төрт күн аттар токулуп:

- Орус аскерлери бүгүн-эртең кыра баштайт экен, – деген жүрөк титиреткен сөздөр жүрүп турду. Мен ошондо аттан түшпөй, кайсы жерде ишенимсиз сөз болсо жетип барып, кайрып жаттым. Атым экөөбүздүн чарчаганыбызды айтпа, үйку жок.

Ошентип, Талас элин кыргындан аман сактоо максатым болду, бир да ок аттырбай, бир жан эч жакка жылбасын, орустарга кол көтөрбөсүн, «тытырагы» менен кырып коёт, – деп, айттырып жаттым.

Алар, биз жакты кулак түрүп карап турушту. Убагында билинбегени менен кийин эл үркүп Кытайга барып, кайра келгенде кырылган эл, азган-тозгондор, орустардан кырылгандарын угуп-билип, Талас эли орус, кыргыз, татар, немисинен бери мени алкагандарын айтпаңыз...

- Аа, Төлөке, ал кездеги ишиңиз бүтүндөй Талас менен Кетмен Төбө жерине теңдешсиз болду го! – деди, Алымбек.

- Төлөке, сиздин кылган зор эмгегиңиз эл оозунан түшпөй жүрбөйбү – деп, Токтогул:

«Боз ат минген Төлөбай,

Кудай-Таалам жөлөдү ай» – деп, бекеринен айтпаган чыгар.

1916-жылкы көтөрүлүш таптык көтөрүлүш эмес, колониялдык эзүүгө каршы болгонун Төлөбай жакшы билчү. Элди ордунан козголтпой койгон аракетинен эл гана утту. Болбосо, Жети-Суу облусунун аскер– губернатору Фольбаумга генерал Куропаткиндин телеграммасында, көтөрүлгөн элге бир гана Жети-Сууда, орус-казактарынын полку, бир атчандар батареасы, 35 рота, 24 жүздүк, 240 атчан чалгынчы, 16 замбирек, 17 пулемет койгон. Албетте күч тең эмес эле. Олуя-Ата уездин аралап, катышып жүрүп кыргыздардын жөн эле окко учуп, тукум курут болорун Тѳлѳбай сезген.

Жашы өйдөлөп, өр тартып баратканда билгендер:

- Кайран Төлөбай, эл-жер деп жүрүп эмне деген гана кызмат кылган жок элге. Айрыкча, 1916-жылы элди үркүтпөй аттанып турган канчалаган элди токтоткону, дал ушул Төлөбайдын элчилик ишинин теңдешсиз жүзү болбодубу, – дегендери мезгил өткөндө таразага салынганынын өзү, эл эмгегин баалагандыгы эмеспи.

Төлөбай 1924-жылы күз айында Таласта, өзүнүн Көктеке деген конушунда, берен элинде, кадырман Жанкороздун ишке ашпай кеткен ойлорун ишке ашырып, Талас элин Үркүндөн аман алып калып, 1924-жылы 64 жаш курагында дүйнө салды.

Сөз аягында айтарым, дагы жакшы А.Н.Куропаткин 1916-жылдын 22-июлунда Түркестандын генерал-губернатору болуп Ташкентке келгени, көтөрүлүшчүлөрдү жазалоо токтогон. Ал кишинин элдин тилин таап сүйлөшө билүүнүн натыйжасында толкундоолор басылып, эки айга жетпеген убакыттын ичинде жумушчу отряддарын түзүп, этап-этап менен аларды фронтко жөнөтүүгө да жетишкен.

Кыргыз элинин багына 1917-жылы В.И.Ленин башында турган большевиктик коммунисттик партиянын жетекчилиги астында Улуу Октябрь Социалисттик Революциясы жеңип чыгып, жергебизде Кеңеш (Совет) бийлиги орноп, кылымдар бою эңсеген эркиндик, теңдик колго тийип, Кыргызстан эли болуп көрбөгөндөй гүлдөп өстү.

Ал эми, 1991-жылдын 31-августунан баштап өзүбүзчө көз карандысыз эгемендүү мамлекет болуп, Кыргызстанды бүткүл дүйнө тааныды.

Кыргыз эли Кеңеш өкмөтүн, Лениндин кыргызга кылган жакшылыгын унутпай, дайыма эстей жүрүшүбүз керек. «Тойгондон кийин токтунун эти топурак татыйт» болуп, азыр баарын унута баштадык. Баш калаабыздын борбордук аянтындагы В.И.Лениндин эстелигин башка жерге которуп, Ленин музейинин атын өчүрдүк. Мурда чоң салтанат майрамдалчу 7-ноябрь, Октябрь майрамын дээрлик унуттук.

Башканы айтпаганда, Үркүндө качып Кытайда калып калган кыргыздарды кытай өкмөтүнө канчалаган миңдеген күмүш акчаларды берип жатып, туулган мекенине кайрып келген Ленин эмес беле? Үркүндөн кийинки ач-жылаңач элди тоюндуруп, Караколдун көчөлөрүндө ар кимден кайыр сурап, ачкалыгынан бака, коңуз терип жеп, дунгандарга малай болуп өлбөстүн күнүн көрүп жүрүшкөн кыргыздын кароосуз калган жетим балдары үчүн атайы балдар үйүн ачып, окутуп-чокутуп, кийиндирип-ичиндирип эрезеге жеткирген Кеңеш өкмөтүн кантип унутабыз?

Кайсы бир улуу адам: «Жаңылбаган адам болбойт, жаңылыштыгын акмак гана мойнуна албайт» – деген экен. «Өзү тийишкен бала ыйлабайт» – дегендей, «чоң ажыдаардын» куйругун басып оруска адегенде кыргыздар өзүбүз катылып алып, эми, алар антти –минтти деп, «Жаман жарасын көрсөтөт болбой» азыркы урпактарга туура, калыс багыт берип, от менен ойнобой кийинки келечегибизге сак бололу!

Кеңеш Бакир уулу

май, 2016-жыл

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью
X
Для размещения комментария авторизуйтесь
X
Для размещения комментария авторизуйтесь