Добавить статью
6:25 12 Ноября 2016

Тарыхыбызды тактайлы

«Келечекте жаңылбайм десең, өткөнүңдү бил» - Т.Усубалиев.

«Никогда не выживет тот народ, который воспринимает трактовку своей истории глазами соседа» - Ф.Ницце.

Жаңы миң жылдыктын башында Кыргызстандын тарыхы байыркы жана бүгүнкү этностордун келки турмушунун күкүмдөрүнөн, диний жана тарыхый эстеликтерден кайра түзүлүп жатат. Өзүнүн ата-бабасынын жеринде жашаган ар бир кыргыз өз жолун такай издеп келет жана көзү өтүп кеткен муундардын баалуулуктарына кайдыгер карай албайт. (Чыңгыз Айтматов, 2007-жыл, август айы, Бишкек шаары).

Буга чейинки кыргыз элинин түп тарыхы, айрыкча жазма тарыхы илимий нукка түшө электигин, үлгүлүү тарыхтын деңгелине жете электигин бетке айтуубуз керек. Сенектик доорунда элибиздин тарыхындагы урунтуу окуялар, учурлар, адамдар илимий баасын албай,негисиз бурмаланып, кээде айрым окумуштуулардын жеке пикирлери таңууланып,атка минерлердин буйруктары, көрсөтмөлөрү менен басылып, билерман окумуштуулар кеңири тартылбай, тар чөйрөдө жазылган тарыхтарды окуп келгенибизди жашырбайлы. (К.Жусупов. Кыргыздар 1991-ж.5 бет).

Бардыгы 1975-жылы Болгарияга баргандан башталды. София шаарынын борбордук универмагында орто жеринде бышкан кыштан коюлган 4 метрдей дубалды айнектеп коюшуптур. “II кылымда курулган Болгариянын шаары” деп жазып коюшуптур.

Мен ошондо ойлодум, бизде мындан да жакшы курулган бышкан кыштан салынган дубалдар бар эмеспи. Бизде качан казылып корголоор экен деп жүрдүм. Мындан башка Плевен, Пловдив, Несебрь, Варна шаарларынан да көрдүк. 1980-жылы Великобританияда болгондо Улуттук музейинде, Кембридж шаарында, Оксфорд жана башка шаарларында болгондо көрдүм. Мен ошондо ойлодум, бизде мындан да жакшы курулган бышкан кыштан салынган шаарлар бар эмеспи. Бизде качан казылып корголоор экен деп жүрдүм. Андан бери 36-41 жыл өттү. Биздин бышкан кыштан курулган дубалдар ошол эле бойдон турат. Орто Азиядагы Самарканд жана Бухарага тең Кыргыздын орто кылымдагы бышкан кыштан салынган шаарларынын урандылары талкаланып кемип жок болуп баратат. Союз кезинде жана андан кийин Акаевга,Бакиевга, Отунбаевага жана Атамбаевга, губернаторлорго, акимдерге, министрлерге жана айыл өкмөттөргө кайрылдам, эч жыйынтык жок. Академияга бир чети иним, бир чети кудам, жердешим ушул айылдын кулуну Кыргыз тарыхый мурастар институнун кызматкери тарых илимдеринин кандидаты Асанов Темиркул Ишекеевичке кайрылдым. Бакыт Аманбаева, Кален Сыдыкова, Четин Жумагулов, Алыбек Акунов, Кубат Табалдиев, Ороз Солтобаев, Өскөн Осмонов, Байас Туралдарга кайрылдым. Кубат Табалдиев келип көрүп кетти. Каражат жок, болсо изилдейлик деди.

1990-жылдан бери мамлекет тарабынан археологияга бир сом бөлүнбөптүр.

Кыргыз улуттук университеттин археология этнология кафедрасынын окутуучулары Ороз Солтобаев, И.Москалевдер студенттер менен 2011-жылы келишип, бир жума казууларды жүргүзүштү. Алар Кочкор-Башы деп изилдешти. Мен мурун эле Суяб экенин билчүмүн. Мейли Кочкор-Башы дей беришсин, кийин иш жакшы башталганда айтайын деп жүргөм. Бирок иш баштала турган эмес. Мен кыргыз элинин тарыхчыларына жана илимпоздоруна кайрылаар элем.

Ак-Бешим-Суяб жана Бурана-Баласагун жөнүндө мурун Бернштам.А.Н, Давидович.Е.А, Кызласов.Л.Р, Семенов.Г.Л, Лубо-Лесниченко.Е.И, Азбелов.П.П.,Лившиц.В.А, Кляшторный.С.Г., Бехтер .А.В, Камышев.А.М., Ташбаева.К.И., Ведутова.Л.М., Зеймаль Т.И., Кожемяко.П.Н., Смирнова.А.М., Массон.В.М., Щербак.А.М., Кубатбеков.М., Бартольд.В.В., Аманбаева.Б., Е.Клауссон ж.б. көптөгөн авторлордун 1893-жылдан 2010-жылдарга чейин жазышкан эмгектери менен таанышпыз. Бирок чындыкты жана накта тарыхты шибегени капка каткандай ката албайбыз. Кыргызстандагы шаарларды локализация (атын аныктоо) туура жүргөн эмес. Мен 40 жылдан ашык изилдеп, көптөгөн тарыхый маалыматтарды окуп, бири–бирине салыштырып олтуруп ушул жыйынтыкка келдим. Эгер сиздики туура эмес десеңиздер тийиштүү аныктамаңыздарды айткыла. Жооп берип, өзүбүздүн аныктаганыбызды далилдөөгө аракет кылабыз. Жакында президент Алмазбек Атамбаевге жазган катыма «МУРАС» фондунан жооп келди. «Аракетиңизге ырахмат, ал эми Суяб менен Баласагун шаарлары Кочкордо жок, Кочкор-Башы деген гана шаар бар делиптир». Биз бул өрөөндөн жок эле дегенде төрт шаардын ордун көрсөтүп бере алабыз, «Казып изилдөө келечектин иши деген каймана жооп келди». Быйылкы жылы казып изилдөө башталбаса, анда кийин изилденбейт. Кыргыз элинин тарыхына кайдыгер болбогон жарандар үн кошкула. Көптөгөн тийиштүү аныктамаларды дагы жазып интернетке чыгара беребиз. Батыштан бир келген орус, немец, еврей жана англичандарга караганда кыргыз өз жерин жакшы билет болуш керек. Өзүбүз жашаган өрөөңдүн тарыхына кайдыгер карай албайбыз. Дархан Кыдыраалы айткандай, тарыхыбызды көрүнгөн келип, каалагандай жана оюна келгендей жазды, эми өзүбүз жазышыбыз керек. Айта берсе арман көп, президенттин, премьер-министрдин алдында иштегендерге, маданият, билим берүү жана академиядагы иштегендерге кулак кагыш кылабыз.

Сөзүмдүн аягында маркум Кенжаалы Сарымсаков жазган цитатаны келтире кетейин.

Кенжалы Сарымсаков “Кыргыз тили” төш белгисинин алгачкы ээси. Орто муундагы интеллигенциянын ѳкүлдѳрү болгон тарыхчылар кыргыздын байыркы, орто кылымдагы, кийинки тарыхын жазуу жѳнүндѳ демилге кѳтѳрүп ишти башташканы менен, кийинчерек материалдык-финансылык маселелерге туш келишип, улуттук-патриоттук духтары тѳмѳн болгондуктан иликтеп-изилдѳѳ иштерин солгундатышты же биротоло токтотушуп, мурдагы «булактардан» нары узай алышкан жок. Ошол эле маалда кыргыздын тарыхын казактарга, түрктѳргѳ, ѳзбектерге ж.б улуттарга тартырып жибербѳѳ үчүн жанталашып, жан күйгүзгѳн, кесиби тарыхчы эмес, бирок, тарыхчылар изилдей турган илимий булактарды изилдеп, архив аңтарып, жер кыдырып, китептен китеп окуп, бирин-бирине салыштырып, кыргызга тиешелүү маалыматтарды пайдаланып илимий эмгектерди китеп кылып чыгарышып, жалпы кыргызга ѳз тарыхын тааныштырган, элди ойготуп духтарын кѳтѳргѳн жазуучулар, журналисттер, маданий кызматкерлер ж.б. ар кандай кесиптин ээлери пайда болду. Бул процессти кѳрүп турган тарыхчылардын айрымдары ѳзүлѳрүнүн «жансыздыгы», улуттук-патиоттук духтары жок болгондуктары, ѳз милдеттерин аткара алышпагандыгы үчүн ботодой боздоп кыргыз элинен кечирим сурап ыйлагандын ордуна шылкылдап күлүп, «ѳлгѳнүңдѳ күл!» деген кыргыздын ачуу сѳзүнѳ бута болушту. Бул бир эле мисал.

Быйылкы тарых жана маданият жылында тарыхыбызга жаңылык киргизели. Тарыхыбызды тактап чечмелеп окуйлу.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Түндүктү ылдый тартып, салаңдаган 50 үзѳңгү

Ааламдын сырдуу дүйнөсү, 2-бөлүк.

Шейшеби бекип калуу же простатит

X
Для размещения комментария авторизуйтесь
АКИpress. Новости Кыргызстана, которые интересуют всех.
Закрыть
X
Для размещения комментария авторизуйтесь