Добавить статью
0:13 13 Июля 2016

Түндүктү ылдый тартып, салаңдаган 50 үзѳңгү

Кыргыздарда айтылып калган лакап, «Хандар ѳтѳт калк калат, кадырлаган нарк калат, канча кылым ѳтсѳ да сыйлашарга салт калат» деген. Байыртадан бери хандар ѳтсѳ да, кыргыздар кылымдап ата салтты ыйык тутуп, сактап келди. Ал тургай жоокерчилик заманда да cалтын таштабай, бекем туткан. Бир эл кол курап келип, экинчи элди чаап, малын олжого алып, эркектерин кул, аялдарын күң кылып, үй мүлкүн талап-тоноп, жайыттарын бүтүндѳй ээлеп алып, калган тиричилик, чарбачылык жактарын жоокерчиликке багындырганда да салт жашай берген. Жоого камынып жатканда, сынчы – жѳн билгилер кээ бирлерин карап туруп: «Ой, бул найза кѳтѳрѳ албайтко, үзѳңгүнү узун теминет экен, ушул кантип ат минип жоого аттансын» дешип, жактырышбаган. Ал убакта жоо жарагы: найза, кылыч, айбалта, чоюн баш, шалк этме, союл, бычак, канжар, камчы ж.б. менен куралданышкан.

Кокусунан күч теңдешсиз болсо, жоого туруштук бере албаган эл колдоруна курал алып, тѳрт түлүк малдарын айдап, оор жүктѳр жоонун колунда калып, кете берген. Кыргыздардын жоокерчиликте эң керектүүсү, кымбатуусу жылкы баласынан күлүк аттарды кадырлагандыктан, уруунун мыктысы же баатыр жигити атты кармап, канат катары «камбар» тутуп келген. Аты жок киши, жоокерчиликте аттанып жоого чыкканда олжо алалбай, мүлксүз калган. Күлүк аттуу жигит бир айыл элди баккан, анткени күлүк ат элдики, ошол айылдыкы же урууга таандык болгон.

Уруучулук, жоокерчилик заманда «Бѳлүнгѳндү бѳрү жейт» деген кеп бекер жерден айтылбаган. Себеби, элден бѳлүнгѳн айыл болсо, сырттан келген башка уруу – малын да, башын да олжолоп кете берген. Олжого кеткен уруу, кийин кайра элине келип кошула алган эмес. Алардын кѳргѳн күнү – кулчулук, күңчүлүк менен жүрүп ѳмүр кечирген. Ошол себептен «Кул, күң ѳлсѳ кунсуз, сатса пулсуз» деген лакап түбѳлүк калган. Намыскѳй кыргыздардын уруу башчылары – намыска бек туруп, уруудагы кишисин, мал-мүлкүн башка бир элдин колуна түшүп кетүүсүнѳ жол берген эмес. Кѳчсѳ, консо да чогу болушкан. Бир жерге отуракташуу элди жоодон сактоонун негизиги шарты деп эсептешип, баатырлардын кѳзѳмѳдѳрүндѳ болушкан. Бир гана учур, эл кѳчѳт-кѳчѳт деп турганда – бир айылдан бир адам каза болсо, кѳчпѳй калууга уруксат берилген. Кокус, ѳлгѳн адамын «кѳмѳлү» деп калган айылга сырттан коркунуч туулса, ал айылдын эли ѳлгѳн адамдын ѳлүгүн жүктѳй качып, ѳзү эли конгон жерге келгенде сѳѳктү ошол жерге кѳмгѳн. Элди жоодон коргоо салты, эркектердин милдети болгон.

«Түндүк кѳтѳрүү», илгерки замандан бери эле кыргыздар менен кошо келе жаткан ыйык салт. Кыз бой жетип, күйѳѳгѳ берер кез келгенде, кыз берүүчү, келин алуучу тарап тең камылга кѳрүшүп, калым берип, калым алып, кыз алуучу жак «тай» сойсо – жылкычылыгын берип, жылкычыларды ыраазы кылашкан. Түндүк кѳтѳрүлгѳндѳ, кыз тараптын тѳркүндѳрү кыз алуучу тараптан кыз ойноторун талап кылышкан. Кыз алуучулар, кыз ойнотор оюнун, кызды үйүнѳ алып баргандан кийин ѳткѳргѳн. Мындан тышкары, Түндүк кѳтѳрүүдѳ «Тѳшѳк талашуу» ырымын жогору баалашкан. Кыз алгандар «аркан үзмѳйгѳ» катышып, эки жагы аркан тартышкан. Тартышкан арканды кыз алуучу тарап үзүп кетсе, эч нерсе бербей кутулган, үзѳ албагандар колунда болсо – бир асый болгон жылкы баласын бергендери болгон. Кыргыздардын Түндүккѳ карата байланышкан ырым-жырымдары, бир үй бүлѳнүн пайда болушуна – эки жак тең катышып, Түндүгүн чогу кѳтѳрүшкѳн.

«Үзѳңгү» жѳнүндѳ. Үзѳңгү, бул ат жабдыктарынын ичинен ээр токумга таандык. Ээрдин эки жагына тагылып, адам ат мингени аттанарда, жерден үзѳңгүнү тээп мине турган аттын жабдыгынын бири. Адам ээрге мингенде, эки бутун үзѳңгүгѳ салып, ат үстүндѳ тең салмакта алып жүрүүчү жана аттан түшкѳндѳ бир буту менен тээп түшүүчү, оңтойлуу жардамчы кызматын аткаруучу жабдык. Үзѳңгүлѳрдү илгерки хандар, бийлер, бай, манаптар, колунда бардар, баатырлар, эрендер: алтын, күмүш, коло, темир жана ар кайсы кошмодон жасаттырып, айыл-апа, той-аштарга аземдеп минсе, баатырлар эрѳѳлгѳ, жоого ат үстүндѳ темингенге, үзѳңгүдѳн бут тайбас үчүн пайдаланышкан.

Ал эми үзѳнгүнү азем буюм катары – боз үйдүн түндүгүндѳгү чамгарагы менен керегеге илген, кыргыздын салтында жок болгон. Кыргызда, «колуңда жүрүп билинбейт, камчыдан ашкан курал жок» деп, бекер жерден айтылбаган. Камчыда куралдардын бирине кирсе, үзѳңгү колдо курал жок кезде, курал болуп берген. Кээ бир чабыштарда, колдон курал түшүп айла кеткенде – ат үстүндѳгү эрендер, үзѳңгүнү ээрден чечип алып, курал катары колдонган жагдайлары болгон. Эки эл, же уруулар касташып калып, күч теңдешсиз болгон мезгилде, бири экинчисине жашыруун чалгынга барып, каршылашкан тараптын атка минер жагындагы үзѳңгү боолорун кесип салып, кол салган убакта атсыз калган душмандарын талкалаганы уламыштарда кѳп айтылат.

Баатыры кокусунан чабышта же талаада каза болсо, алыс жакка сѳѳктү алып барууга мүмкүн болбой жерге жашырган убакта, аттын ээсинин үзѳнгүсүн ээрден кесип, канжыгасына байлап, атынын башындагы жүгѳнүнѳ тизгинин түйүп, минип жүргѳн аты кѳнүп калган үйүн таап барат дешип, бош коё берген. Келген аттан, кесилген үзѳнгүсүн кѳрүп, үйүндѳгү тууган-туушкандары – аттын ээси, же баатырдын каза болгонун билишип аза күтүшкѳн.

Ѳчѳшкѳн адамын кѳзүн тазалоодо, атайын үйүнѳ чакырып конок кылып, түнүндѳ ээрден үзѳнгүнү чечип алып, кайнатылган жаш адырашмандын ашына түнү менен чылатып, эртеси коногуна кѳрсѳтпѳй кайра байлатып сыр билгизбей атказып жиберишкен. Чыланган уу акырындап отуруп үзѳңгү теминген кишинин таманынан ѳтүп ууланып отуруп, белгилүү бир убактан майып болгон.

Кийинки убактарда, кыргыздын каада салтына, наркына таптакыр туура келбеген, ойдон табылган болбогон бир нерселерди сүрѳткѳ салып, шѳкѳттѳп койчу адет таап алгандар пайда болду. Сѳз кыла турган нерсе, «Ата бейит» тарыхый – мемориалдык комплексинин түштүк жагынын күн батыш тарабындагы кырдын жээгинде, бетондон бийик стелла курулуп жатат. Ошол кѳтѳрүлүп жаткан бийик стеллага жетпей, вагон – тамдын бооруна илинген – Кыргыздын боз үйүнүн түндүгүнѳн ылдый кѳздѳй салаңдаган 50 дѳй үзѳңгүнүн сүрѳтү кѳзгѳ урунат. Анда, «Стелла ушундай болот» деген долбоордун сүрѳттѳрү турат. Автору ким экенине кызыкканым жок. Бирок, бетондон курулуп жаткан стелланын кандай болоруна ой жиберип, долбоорчу болбосоң коё кал дейсиң. 1916-жылы Кыргыздар Кытай тарапка орустардын жасалоочу аскерерлеринен жан айла кылып качканда, кыргыздар үзѳңгүлѳрүн түндүгүнѳ ушинтип байлап, салаңдатып кеткенби (?) дейсиң. Жан айла кылган кыргыздар шашканынан кайдан илсин, түндүккѳ үзѳнгүлѳрдү орустар илгенби (?) деген бүдѳмүк ой келет.

Чүй, Кѳл, Нарын тараптын эли Кытайга ооганы менен, кѳптѳгѳн жерлердеги кыргыздар орундарынан козголбогон. Мында, ойчул – долбоорчу, макетчи, тарыхты окубаганбы деген ой келет. Балким, мен бул долбоорчунун ой жүгүртүүсүнѳ – акыл, оюм жепей жаткандыр. Айтор суроо кѳп. 7 облустун бүтүндѳй элин чогултуп келип, ушул Түндүктѳн ылдый салаңдата илинген 50 үзѳңгүңдү түшүндүрүп берчи, ѳзүң түшүнбѳсѳң, биз түшүнѳ албай жатабыз десе, салтка, тарыхка байланыштырып айталабы деп бушайман болосуң…

«Укмуштуунун тѳѳсү жорго» демекчи, бул долбоорчу, сүрѳтчү эмне оюн жорголотконун бир ѳзүнѳн башка адам түшүнѳ бербейт. «Боёкчу, боёкчу десе, сакалын кошо боёптур» дегендей, узун, кыска, чоң кичине кылып үзѳңгүлѳрдү боёп, илип койсом эле, кыргыздардын салтына туура келип, ишене берет дегениби, айтор суроолуу. Кечээ жакында эле «Ала Тоо» аянтындагы жумуртканын үстүнѳ отуруп, Түндүк кѳтѳргѳн аялды, коомчулук нааразы болуп атып араң дегенде аянттан алдырды эле, эми минтип Түндүккѳ үзѳнгүлѳрдү шагырата салаңдата илгени, салтта бар дегениби?.. Мамлекеттик деңгээлдеги долбоор болгондон кийин, элге салып, конкурс жарыяланып, коомчулук жактыргандан кийин гана бекилиши керек эле, бул боюнча коомчулуктун такыр билбегени чындык. Балким шылтоо кылар, иш бүтүп калды деп. Иш али бүтѳ элек, августун - 31 чейин дагы кѳп убакыт бар, стелланын үстүнѳ Түндүк коюла элек. Түндүктү ылдый тартып, салаңдаган салтта жок 50 үзѳнгүнүн кимге кереги бар, коомчулук бул жѳнүндѳ эмне дейт? Мүмкүн ал автордун эл түшүнбѳгѳн ѳзүнүн философиясыдыр. Түшүнбѳгѳндѳргѳ ѳзүм түшүндүрѳйүн, бул салтта бар деп, элден жашырып ал жака илип койбой, небак эле коомчулукка – мен минтип жатам деген оюн ѳзү айтып чыкпаганы табышмактуу, нары сырдуу…

Ысык-Кѳлдѳгү ѳткѳн “Баарлашууда” сѳз болуп, бул стелланы коргогон Жыпар Жекшеевге кѳпчүлүк суроо берсе, жакшылап түшүндүрүп бере албаган сыяктуу, кээ бир адамдар айткандай – жеке бир сурѳтчүнүн чыгармасы катары карасак, анда ага башкача мамиле кылсак болор эле. Бирок, бул Мамлекет заказ берген “Улуттук символ” болуп жатпайбы. 1916-жылкы каргашалуу окуя – ал жалпы улуттун трагедиясы. Ал жерде улуттук интеллигенция менен жалпы коомчулук кабыл алып, жактырган гана чыгарма турушу керек. Мындай чыгармалар жалпы эл тарабынан талкууга алынып, анан барып жалпы элдин сынынан ѳтүп “Улуттук символ” катары тиешелүү жерге коюлушу керек болучу.

Келечекте, бул тарыхый – мемориалдык комплекске сырттан кѳп адамдар келишет: туристер, саясатчылар, жазуучулар, тарыхчылар жана башкалар. Бирок, түндүктѳн ылдый салаңдап илинген үзѳнгүлѳр эч нерсени түшүндүрбѳйт, тескерисинче кѳрктү бузарына ишеним чоң. Бул үзѳңгүлѳр – чиркѳѳдѳгү коңгуроо сыяктуу мемориалдык комплекстин «символу» менен «коңгуроосу» боло албайт, жѳн гана түндүккѳ илинген үзѳнгүлѳр күлкү бойдон калып, бир кездеги «Ала Тоо» аянтына орнотулган эстеликтер талкаланылгандай, бирден үзүлүп жатып жок болушу мүмкүн...Анткени, салтта жок нерсени – кыргыз эли эч убакта кабыл алган эмес...

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Тарыхыбызды тактайлы

Ааламдын сырдуу дүйнөсү, 2-бөлүк.

Шейшеби бекип калуу же простатит

X
Для размещения комментария авторизуйтесь
АКИpress. Новости Кыргызстана, которые интересуют всех.


Закрыть
X
Для размещения комментария авторизуйтесь