Добавить статью
15:42, 3 декабря 2020 9516

Ой-пикир: Жанды сактоо ритуалдан мурун келет

Автор жазган текст өзгөртүүсүз жарыяланат. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Адамзат, жамандыктан ага зыян бере турган аркандай нерселерден оолак болуп жашаганга аракет кылат. Ислам да жанды сактоо жана адамдын кол тийбестиги жөнүндө баса белгиленгени менен реалдуу турмушта муну көрө албай жатканыбыз өкүндүрөт.

Ислам дининде беш зарыл болгон нерсе бар алар; динди, жанды, урпакты, акыл-эсти жана байлыкты коргоо. Азыркы учурда жанды коргоо зарылчылыгы биринчи орунда турат, себеби тирүү адам диний өкүмдөрдү аткара алат жана башкаларга жардам бере алат. Учурда таажы вирустан улам, мусулман өлкөлөрдө мечиттердин убактынча жабылуусу, умра жана (эгер вирустун даарысы табылбаса) ажылык ибадатынын убактылуу токтотулуусу дал ушул адам баласынын жанын коргоо үчүн көрүлгөн чаралар болуп саналат.

Таажы вирсу коомдун бардык тармагына таасирин тийгизди. Бул вируска дин адамдары аркандай баа берип, кээде акылга сыйгыз сөздөрдү айткандар да болду.

Мындай жугуштуу оору биздин доордо гана болгон жок. Тарыхта мындай окуялар көп болгон, андан улам көптөгөн адамдар каза болушкан. Ал мезгилде азыркыдай карым-катнаш жок болгондуктан оору анчалык жайылган эмес.

Азыр карым - катнаш аба жолдору жана транспорттун башка түрлөрү аркылуу жүрүп, бир өлкөдөгү жугуштуу оору башка материктеги өлкөлөргө кеңири тарады. Канчалаган адамдар таажы вирусуна кабылды, көбү кайтыш болду. Ал жөнүндө жалпыга маалымдоо каржаттары заматта билдирип жатышат.

Таажы вирус жайылган учурда адамды кандай коргой алабыз?

Таажы вирусу бүт дүйнөгө коркунуч туудурган учурда, башка адамдарды да ойлой билүү зарыл. Эгерде кимдир бирөө таажы вирусуна кабылса, ал вирусту башкаларга жуктурбоого аракет кылыш керек. Анткени исламда адамдын кол тийбестиги жана анын жанын коргоо негиз болуп саналат. Кудай Куранда мындай деген; «Ким негизсиз адам өлтүрүп же жер жүзүнө бузукулук таратса, анда ал бардык адамды өлтүргөнгө тете. Ал эми кимде ким адам өмүрүн сактаса, анда ал бардык адамдардын өмүрүн сактап калганга тете». Башкаларга ооруну жуктурбоо - аларды өлүмдөн сактоо болот. Ушундан улам ооруну башкаларга атайылап жуктуруу- алардын өлүмүнө да себепчи болот деген жыйынтык келип чыгат.

Мындай оор учурда өзгөлөрдү ойлобой, кайдыгер мамиле жасоо диний өңүттөн караганда күнөө болот. Ал эми адам баласыны өмүрүн сактоо мактоого татыктуу иш.

Азыркы мезгилде медицина кызматкерлери өздөрүнүн жанына карабай таажы вируска дегеле кандай оорууга чалдыкпасын, бейтаптардын ден соолугу үчүн күрөшүүлөрү сооптуу амал болуп саналат.

Өзгөчө азыркы учурда медицина кызматкерлери таажы вирустан сактануу үчүн эмнеге көңүл буруп эмнеден оолак болушубузду айтып жатса, алардын айткандарын аткаруу диний милдет катары да кароого болот. Анткени адамдын өмүрүн сактап калуу диндин да талап кылган буйруга да.

Ошондуктан ооруудан сактануу жана башкаларга жугузбоо максатында диний жөрөлгөлөрдү, мечиттерге барбай үйдө жекече аткарып олтуруу дагы да сооптуу.

Зарылчылык жана оор шарттар жөнүндө ислам эмне дейт?

Учурда кээ бир мусулмандар Кудайга жакын болом деген ниет менен, тескерисинче, жараткандын буйругуна терс иш кылганын да билбей калып жатышат. Пакистандагы кээ бир мусулман жамааттар таажы вируска карабай, мечиттерге барып жатышкандарын жалпыга маалымдоо каражаттарынан угуп да, билип да жатабыз. Алар муну менен башкаларга оору жугузуу жөнүндөгү диний маалыматтардан бейкабар же кайдыгер экендигин көрсөттү.

Арийне, Пайгамбар Мухаммед (сав): «Жугуштуу ооруу болгон жакка барбагыла, ал жердегилер да башка жакка чыкпагыла» деп жугуштуу оорудан сактанууну баса белгилеп айтып кеткен. Мындай маалыматтарды Пакистанда мечитке барган мусулмандары билишпейби? Макул, эл ар кайсы кесиптин ээси болуп диний маалымат жетпесе, эл алдында дин жөнүндө сүйлөгөн молдолору да билишпейби? Бул сабатсыздыкпы же кайдыгерликпи?

Бизде да Пакистандагы диний жамаатарды ээрчигендер бар. Учурда Пакситандык мусулмандардан үлгү алыш туура эмес деп ойлойм.

Эгерде мусулман адам жээрге эч нерсе табалбай, ачкачылыктан өлө турган болсо, жанын сактап, жашоосун улантыш үчүн чочконун этинен да азырак жегенге ислам дини уруксат берген. Катуу жамгыр жаап, адам өмүрүнө коркунуч туудурса мечитте жамаат менен намаз окууга да тыюу салынган. Мына ушунун баары ислам дини адамдын жанына, ден соолугуна өтө маани бергендигин көргөзүп турат.

Бул нерселерди жөн эле айткан жерим жок: ислам укугунда зарылчылык жана кыйынчылык учурда диний буйруктарды аткарууда жеңилдиктер берилген. Динде мындай эреже бар: «Кыйынчылык женилдикти чакырат» жана «зарылчылыктар тыюу салынган нерселерге уруксат берет». Тагырак айтканда, эгер адам ооруп калса, сапарда болсо же кандайдыр бир оор абал болсо, диндеги аткарыла турган өкүмдөр да жеңилдейт. Таажы вирусу кыйынчылык жаратып жаткан мезгилде: жума намазга баруу, жамаат менен таравих намазын окуу өкүмдөрү да жеңилдеп, мечитке барбаган адам күнөөкөр болуп саналбайт. Ислам укугундагы эрежелерге таянып, жогорудагы абал жөнүндө сөз кылдым.

Демек мечитке барбай эле жума намазынын ордуна пешин намазын жана таравих намазын үйдө окуу диндин эрежелерине дал келет.

Кудай сактанганды сактайт

Динди туура эмес түшүнгөн кээ бир мусулмандар жанды сактоо зарылдыгы ибадат кылуудан мурун келээрин биле алышпады. Таажы вирустун алдын алуу максатында убактынча, мечиттердин жабылуусун кудайдын каарына калуу деп баа берген мусулмандар да болду.

Кудайдан гана болот деп бешинчи кабаттан өзүн таштаган, транспорт айдап баратып, кооопсуздук кемерин тагынбаган адамды акылсыз адам дей турган болсок, жугуштуу оорудан коргонбогон адамды да дал ошондой акылсыз же кайдыгер десек болот эмеспи? Кыргызда «кудай сактанганды сактайт» деген жакшы сөз бар.

Андыктан, таажы вирустан сактанууда: ооруунун алдын алуу эрежелерин так аткаруу зарыл. Болуп жаткан окуяларга диний өңүт берүүдөн мурун акыл калчап ой-жүгүртүүгө муктажбыз.

Демек , динди үйрөнүп жатканда башкаларга зыян бербөөнү да билип, зарылчылык, оор шарттарда динде кандай жеңилдиктер берилгендигин билүү өтө зарыл. Антпесек коомдук диний жөрөлгөлөргө умтулуп жатып ооруну жуктуруп алышыбыз мүмкүн. Дин жөнүндө жөн гана аңгемелерди уга бербей, негизги диний эрежелерди да билүү жашоодо өзүбүздү жана өзгөлөрдү коргоо жана сыйлоого алып келет.

Таажы вирус менен согушуп жаткан медицина кызматкерлерине жана бүтүндөй элибизге Кудайдан күч кубат жана ден-соолук тилейм.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×