Добавить статью
10:05, 7 апреля 2023 7718

Алмазбек Атамбаевдин 7-апрель элдик революция күнүнө карата кайрылуусу

Урматтуу мекендештерим!

Апрель элдик революциясынан кийин 13 жыл өттү. Кыргыз элинин эркиндиги үчүн өмүрүн берген баатырларга түбөлүк даңк. 2010-жылдын 6-7-апрелинде Бакиевдердин үй-бүлөлүк-кландык бийлигине каршы чыккан миңдеген мекендештерибизге терең таазим. Ошол күндөрү алар көкүрөгүн окко тосуп, бүтүн дүйнөгө кыргыздардын эрдигин жана азаттык, адилеттүлүк, элдин келечеги үчүн өмүрүн аябай тургандыгын көргөзүштү.

Бийлик ал күнгө чейин бир топ саясатчы, журналистти өлтүргөнүнө карабай, ошол күнү майданга чыккан эр жүрөк жарандарыбыз кыргыз элин коркутуп-үркүтүп башкарса болбойт деп далилдешти.

Апрель элдик революциясы өлкөдөгү чоң өзгөрүүлөрдүн башталышы болгон. Бул элдин, өзгөчө айыл жергесинде жашоо деңгээлинин жогорулашы. Улуттук экономиканын бекемдегени, энергетикалык кубаттуулуктун өсүшү, тынымсыз газ берүүнүн ишенимдүүлүгү. Жаңы жолдорду жана мектептерди активдүү оңдоо жана куруу мезгили. Биометриканы колдонуу менен шайлоо процессинин жаңы системасын түзүү чагы. Ошол эле кезде ал мезгил бир катар идеологиялык программаларды ишке ашыруу мезгили да болгон. Дал ошол жылдары Кыргызстан

Мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштү белгилеп, эркиндик үчүн курман болгондор алдында бир кылым бою элдин мойнунда оор жүк болуп келген ыйык парзын аткарды. Ошондой эле өлкөбүз дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын демилгечиси жана уюштуруучусу болгон...

Тилекке каршы, 2018-жылдан баштап ошол кездеги бийлик апрель революциясынын жеңиштеринен артка чегинүүгө жол берген. Бирок, 2010-жылдын апрелинен убакыт бизди канчалык алыстатса, ал окуялардын өлкөнүн демократияга жана укуктук мамлекетке карай бет алууга мааниси канчалык зор болгондугун түшүнгөн жарандардын саны да ошончолук өсөт деп ишенем.

Мен президенттин айланасындагы айрым адамдар Бакиевдердин режимин актаганга, ошол заманга кайтууну каалап турганын көрдүм, жана Садыр Жапаров ошондо аларды колдобогонуна ыраазымын. Президент баарын өзү түшүнүп, өзү чечет деп ойлойм. Кыргызстанда ансыз деле көйгөйлөр абдан көп. Ар кандай көз караштар жана пикирлер бар. Бийликтин каталары жана кемчиликтери да бар. Бирок президент тарабынан жасалып жаткан жакшы иштер да аз эмес. Бул талашсыз. Ошондуктан президентке өз мөөнөтү бүткүчө тынч иштегенге мүмкүнчүлүк бериш керек деп эсептейм. Бирок, бир кеңеш берет элем өлкө башчыбызга: булар төңкөрүш, тигилер көтөрүлүш даярдап жатышат деп, же дагы бир башка болбогон шылтоо менен бейкүнөө адамдарга - саясатчы, ишкер, журналист жада калса блогерлерге кылмыш иштерин жок жерден ойлоп тапкандарга эч качан ишенбеш керек. Ушундай эргүлдөр президентке жакшы көрүнөм деп түз эле аңга алып барышат. Оппозиция - бул ар бир демократиялык мамлекетте өнүгүүнүн милдеттүү элементи экендигин унутпашыбыз керек. Президент менин каталарымды кайталабаш керек. Бул анын жана өлкөнүн аброюна көлөкө гана түшүрөт.

Кыргызстандын көп кылымдык тарыхы, эгемендүүлүктүн 32 жылы жана өзгөчө Апрель элдик революциясынан кийинки мезгил Кыргызстанда ийгиликтүү мамлекеттик башкаруу элдин ыктыярдуу биримдигинин шартында гана мүмкүн экендигин, ага карай жол демократия, бийлик менен жарандык коомдун, саясий партиялардын, көз карандысыз ЖМКлардын тыгыз өз ара аракеттенүүсү аркылуу боло тургандыгын далилдеди. Баарыбыз бириксек гана, 21-кылымдын көптөгөн кыйынчылыктарына туруштук бере алабыз.

Сөзүмдүн аягында, бүтүн кыргыз элиме жана өзгөчө 2010-жылдын 6-7-апрелинде каза болгондордун жакындарына, ошондой эле жарадар болгондорго чың ден соолук, узун өмүр, ийгиликтүү жана бакубат жашоо каалайм! Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин!

апрель революциясы, алмазбек атамбаев
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-10-2023
Караханийлердин кыргыз экендиги боюнча Ө.Караевдин айткандары
7738

30-08-2023
Президент С.Жапаровдун «Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты (идеологиясы)» аттуу китебинин бет ачары
13006

26-04-2023
Пикирлеш инсан жана илимпоз Куссеин Исаевди эскерүү
15651

15-04-2023
Улуттук илимдер академиясына урулган сокку- өлкөнүн өнүгүүсүнө тоодой тосколдук жаратат
16098

15-01-2023
Алтынга айланган таштандылар
7945

01-12-2022
Жашоо бул эмес эптеп өмүр сүрүш, жашоо бул эртеңкини көрө билиш. Токтобек Мамытов жөнүндө...
9921

27-09-2022
Башты көтөр, Манас бабам духу бар...
6821

17-08-2022
Өзөк өрттөгөн өкүт. Тилек Мураталиевди эскерүү-эссе
16476

03-08-2022
"Алмустактан бери" деген сөздүн мааниси
7951

10-05-2022
Романчы жөнүндө роман
11568

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×