тарых илимдеринин доктору, профессор,
Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институту
1991-жылы дүйнөдөгү эң ири империялардын бири СССР биротоло кыйрады, Евразия чөлкөмүндө бир мезгилде, өз улуттук кызыкчылыктары менен 15 эгемендүү улуттук республикалар пайда болду. Ушундан улам ар бир мамлекет өзүнүн улуттук, мамлекеттик идеологиясы менен жашоо зарылчылыгы келип чыкты. Мындай зарылдыкка биздин республика да туш болду. Кыргызстанда коммунисттик идеологиянын ордун алмаштыра турган улуттук идея даяр эмес болгон. Башка өлкөлөр менен катар Кыргызстан эгемендүүлүктүн отуздан ашык жылында ар кандай тарыхый, саясий, социалдык-экономикалык олуттуу окуяларды баштан кечирди. Системалуу өзгөрүүлөрдү турмушка ашырууда ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан улуттук баалуулуктарга, өзгөчөлүктөргө, нарк-насил, адеп-ахлак, салт-санаа жолуна кайтуу жана азыркы замандын талабына ылайык эгемендүү Кыргызстандын улуттук идеологиясын иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыкты.
Кылым карыткан кыргыз тарыхында, акыркы 35 жылдагыдай, азыркы классикалык маанидеги идеология тууралуу ой толгоолор, талаш-тартыш, ар түрдүү багыттагы, нуктагы идеологиялар, идеологиялык концепциялар сунушталган эмес. Бирок канчалык талкуу, сунуш көп болгону менен азыркыга чейин элге сиңген, калың катмар элдин муун-жүүнүнө жеткен, аң сезимине дүбүрт салган улуттук идеологияны калыптай албай келүүдөбүз.
Учурдагы Кыргызстанда улуттук идеология толук калыптанып бүтө элек. Ар кандай концепциялар сунушталып, мамлекеттик деңгээлде айрым доктриналар кабыл алынганы менен коомдук турмушта бирдиктүү идеологиялык багыт толук иштелип чыккан эмес. Ал эми иштелип чыккан концепциялар, доктриналар элге жукпады, улуттук идеология катары улуттук, мамлекеттик мүдөөнү аткара албады. Азыркы учурда Кыргыз Республикасында улуттук идеология толук системалуу, расмий бекитилген концепция катары калыптанып бүтө элек. Бирок анын айрым элементтери мамлекеттик саясатта, билим берүүдө жана коомдук турмушта колдонулуп келет. Азыркы Кыргыз Республикасында улуттук идеология бир катар расмий документтер аркылуу ишке ашырылуу аракетинде. Мисалы, 2020-жылдардагы окуялардан кийин өзгөчө актуалдуу болуп калган.
Улуттук баалуулуктарга, өзгөчөлүккө, нарк-насилге байытылган идеологиялык багыт, айрыкча мурдагы мамлекеттик катчыбыз С.С. Касмамбетов тарабынан сунушталып, калкыбыз эми ынана баштаганда, ал киши да кызматын таштап кетти. Эмки үмүт нары жаш, нары бай тарыхый, маданий тажрыйбасы бар, интеллектуалдык деңгээли жогору, азыркы «Кыргыз кайра жаралуусуна» – «Кыргыз ренессансына» багыт алган мамлекеттик катчыбыз А.К.Койчиевде калды. Биздин оюбузча дал ушул адам айланасына улуттук, ммалекеттик идеологиядан кабары бар, ал тууралуу өз пикирлери, жакшы ойлору, натыйжалуу иштери бар, кыргыздын жана Кыргызстан элдеринин чыгаандарын топтоп, элге жеткен жана жүрөгү менен кабыл алган туруктуу, улуттук идеологияны калыптаар деген үмүттө турабыз.
Кылымдарды карыткан кыргыз элинин эгемендүүлүк доорундагы чыгаан саясатчылары, окумуштуулары, эл сыйлап, урматтаган акылгөй даанышмандар улуттук жана мамлекеттик идеология тууралуу көп эле жазышты, бул кашкайган чындык. Бирок ошол орошон ойлор, жүйөөлүү пикирлер дегеле акырына чыгып, бирдиктүү, элдин калың катмарына сиңген олутуу идеологияга жетпей келе жатабыз.
Баса, улуттук, мамлекеттик идеологияга жооп бере турган атайын мамлекеттик катчы кызматы алгач 1991-жылы А.Акаевдин тушунда киргизилген эле. Бирок 2009-жылы К.Бакиевдин убагында бул кызмат жоюлуп кетип, кайрадан 2021-жылы жаңы Конституцияга ылайык бул кызмат кайра калыбына келтирилген. Демек, мамкатчы кызматы эгемендүүлүктүн 36 жылынын 16 жылында эле өкүм сүрүп жатат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы кызматын бир катар чыгаан инсандар — И.Абдразаков, Н.Касиев, О.Ибраимов, Д.Сарыгулов, А.Мадумаров, Досбол Нур уулу, С.С.Касмамбетов аркалап келсе, учурда А.К.Койчиев аракетте болууда. Азыркы тапта мамлекеттик катчы негизинен идеология, билим берүү, маданият, рухий өнүгүү багыттарын көзөмөлдөйт. Эми улуттук идеологияга көңүл буралы.
Улуттук идеология деген эмне (учурдун аныктамасы)?
Улуттук идеология — мамлекеттин жана коомдун өнүгүүсүнүн негизги багыттарын көрсөткөн, улуттук баалуулуктарды, тарыхты, маданиятты жана элдин биримдигин чагылдырган идеялардын жана принциптердин жыйындысы.
Улуттук идеология — бул улуттун баалуулуктарын, биримдигин, өнүгүүсүн жана келечектеги багытын аныктаган жана максаттарын чагылдырган идеялар системасы.
Улуттук идеология — бул белгилүү бир улуттун, мамлекеттин өнүгүү максаттарын, баалуулуктарын жана кызыкчылыктарын чагылдырган, коомду бириктирүүчү идеялардын, көз караштардын жана принциптердин тутуму.
Улуттук идеология — бул тарыхый мурастарды жана улуттук өзгөчөлүктөрдү сактоо менен заманбап дүйнөдө күчтүү, биримдикте болгон жана гүлдөп өскөн мамлекетти курууга багытталган жалпы элдик ишенимдердин системасы.
Улуттук идеология — элди бириктирүүчү уникалдуу курал. Мындай идеологияга ээ болгон эл улуу максаттарды коюп, аларга жетүүгө жөндөмдүү болоору бышык. Биз азыр дал ошондой улуттук идеологияга умтулуудабыз.
Азыркы кыргыз улуттук идеологиясы — элдин тарыхый тамырын сактап, ошол эле учурда жаңы муунду дүйнөлүк атаандаштыкка даярдоого багытталган, элди бириктирип, мамлекетти өнүктүрүүгө аракет кылган, улуттук каада-салт менен заманбап талаптарды айкалыштырган расмий баалуулуктар тутуму болуу аракетинде.
Эгемендүү Кыргыз Республикасында качан, кандай идеологиялык концепциялар, доктриналар сунуш кылынган?
| Мезгили | Негизги концепция, доктрина | Басым жасалган багыт |
| 1990-1995-жж. | «Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз», Кыргыз Республикасынын калктарынын I курултайында кабыл алынган. | Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында сунушталган негизги идея. Максаты — көп улуттуу мамлекетте улуттар аралык, жарандык ынтымакты, биримдикти сактоо болгон. |
| 1995-2005-жж. | «Манастын жети осуяты» улуттук идея, идеологиянын негизи катары сунушталган. | Эл-журттун бүтүндүгү: улуттар ынтымагы, достугу; Улуттук ар-намыс; Эмгек, билим аркылуу бакыбат дөөлөткө умтулуу; Гуманизм, айкөлдүк; Табият менен таттуу мамиледе болуу; Кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоо, сактоо. |
| 2007-ж. | «Биримдик аркылуу өнүгүү – Кыргызстандын жалпы улуттук идеясы» расмий концепция сунушталган | Мамлекеттүүлүктү, улуттук баалуулуктарды, мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн бекемдөөгө багытталган. Бул идеологиянын негизинде материалдык, руханий байлыкка, бакубат жашоого, өсүп-өнүгүүгө жетет деген үмүт болгон.. |
| 2010-2020-жж. | «Кыргыз жараны» концепциясы сунушталды | Идея жарандык иденттүүлүктү күчөтүүгө, улуттар аралык ынтымакты сактоого, бардык жарандарды бир мамлекеттин жараны катары бириктирүүгө багытталган. Жарандык бирдейлик өлкөнүн эгемендигин бекемдөөнүн, анын бакубаттыгынын негизин түзөт деп ишендирген. |
| 2021-2026-жж. | «Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы»; «Рухий-адеп-ахлактык өнүгүү жана дене тарбия жөнүндө»; «Улуттук нарк жөнүндө» жарлык | Негизги ɵзгɵчɵлʏгʏ: Жалпы жарандык иденттүүлүк «Мен - кыргызстандыкмын» деген сезимди бекемдөө, этностук бөлүнүүнү азайтуу. Улуттук биримдик: этностор аралык ынтымакты, коомдук туруктуулукту камсыз кылуу. Мамлекеттик тил: кыргыз тилин бириктирүүчү курал катары өнүктүрүү, башка тилдерди сактоо. Жарандык теңчилик: жарандардын укуктарынын, мүмкүнчүлүктөрүн бирдей камсыздоо. Улуттук салттарды кайра жандандыруу, үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо, мекенчилдикке, патриоттуулукка тарбиялоо. Кыргыз элинин каада-салты, үрп-адаты мамлекеттик идеологиянын өзөгү катары аныкталган. Салт-санаа, адеп-ахлак, мекенчилдик, патриоттуулук, кыргыз элинин негизги таянычы, ишеничи эреже-тартиптерден, жүрүм-турум адебинен, каада-салтынын жыйындысынан куралып, улуттук дүйнө таанымдарына шайкеш келген улуттук нарк мыйзамы иштелип чыккан. Нарктын таасири өсүп: «Хан бийлигинен нарк күчтүү», «Эрден өтмөк бар, элден өтмөк жок» деген накыл сөздөр Айкөл Манастан азыркы мезгилге чейин өз күчүн жоготпой келе жатат. |
| 2024-ж. 18-декабрынан азыркыга чейин | «Улуттук дем, дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу (2024-жыл 18-декабрь) | Ал кыргыз жаранынын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү, улуттук биримдик, мекенчилдик жана дүйнөлүк баалуулуктар менен айкалышкан улуттук демди калыптандырууга багытталган системалуу түшүнүк, баалуулуктарына таянган идеологиялык негиз, уңгу жол. Ошол жетишкендиктер менен дүйнөлүк бийиктиктерге умтулуу. |
Улуттук идеологиянын азыркы абалы жана негизги документи
Кыргыз Республикасындагы улуттук идеологиянын учурдагы абалы мамлекеттик деңгээлде аныктоо жана калыптандыруу жараянынын активдүү жүрүп жаткандыгы менен мүнөздөлөт. Бул жараян бир катар расмий документтерде жана коомдук талкууларда чагылдырылууда.
Учурда өлкөдөгү улуттук идеологиянын негизи катары «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу расмий түрдө бекитилген. Азыркы учурда аталган документ Кыргыз Республикасынын улуттук идеологиясын чагылдырган толук кандуу расмий документ катары каралбайт, бирок «Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу азыркы улуттук идеологияны калыптоодо негизги ролду ойнойт. Бул документтин негизги маңызы төмөнкүлөрдү камтыйт:
-
Улуттук демди жандандыруу. Элдин руханий күчүн, тарыхый эс-тутумун жана маданий мурасын, нарк-насилин сактоо жана өнүктүрүү аркылуу коомду бириктирүү.
-
Нарктуу инсанды тарбиялоо. Мамлекеттик, коомдук-саясий жана жарандык институттардын ишин бир нукка салуу менен нарктуу, мекенчил, жоопкерчиликтүү, адеп-ахлактуу жана эмгекчил жарандарды калыптандыруу.
-
Улуттук баалуулуктарды заманбап талаптар менен айкалыштыруу. Салттуу маданиятты жана улуттук өзгөчөлүктү сактоо менен бирге, дүйнөлүк билим берүү жана технологиялык стандарттарга жетишүү.
-
Ички жетишкендиктердин натыйжасында дүйнөлүк бийиктиктерге умтулуу жана жетишүү.
Уңгу жол узак мөөнөткө эсептелген идеялар тутуму катары аныкталып, ал экономика, укук, саясат, илим, билим жана маданият сыяктуу ар кандай багыттар боюнча көз караштарды камтыйт.
Азыркы Кыргыз Республикасындагы улуттук идеология маселеси мамлекеттик деңгээлдеги стратегиялык багытка айланды. 2021-жылдан баштап бул жаатта бир катар маанилүү жарлыктар, концепциялар кабыл алынып, анын мазмуну жаңыланды.
Азыркы учурда идеология «издөө» же «изденүү» деңгээлинен-стадиясынан «калыптандыруу жана ишке ашыруу» деңгээлине өттү. Негизги басым төмөнкү документтерге жасалууда: «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлык (№1 жарлык, 2021-ж.); «Улуттук нарк жөнүндө» жарлык жана атайын программа (2022–2027-жж.);«Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу. Мамлекеттик деңгээлде Элдик курултай институту идеологиялык аянтча катары кайра жанданды.
Улуттук идеологиянын азыркы абалы төмөнкү өзгөчөлүктөр менен мүнөздөлөт:
-
Патриотизмди өнүктүрүү саясаты – Мекенди сүйүү, патриоттулук, мамлекеттин уңгусун, негизги символдорун урматтоо.
-
Салт-санаага таянуу – көчмөн кыргыз цивилизациясынын баалуулуктары, «Манас» эпосунун идеялары.
-
«Кыргыз жараны» концепциясы — этностук эмес, жарандык биримдикке негизделген түшүнүк.
-
Мамлекеттик деңгээлде талкууланып жаткан идеологиялык концепциялар – акыркы жылдары улуттук идеологияны иштеп чыгуу зарылдыгы көтөрүлүп келүүдө. Мисалы, президентибиз Садыр Нуркожоевич Жапаров улуттук аң-сезимди жана руханий баалуулуктарды чыңдоо зарылдыгын бир нече жолу белгилеген.
Улуттук идеологиянын зарылдыгы (Эмне үчүн керек?)
-
Мамлекеттин бүтүндүгү үчүн. Этностор аралык ынтымакты бекемдөө жана «Кыргыз жараны» деген бирдиктүү иденттүүлүктү түзүү.
-
Глобализацияга туруштук берүү үчүн. Сырттан келген жат маданияттардын жана радикалдык агымдардын таасиринен коргонуу.
-
Мамлекеттик багыт үчүн. Коомду бир максатка (экономикалык өсүш, адилеттүүлүк) багыттоо үчүн моралдык-этикалык өзөк түзүү.
Улуттук идеология мамлекет үчүн өтө маанилүү, анткени ал:
-
Улутту, коомду бириктирет. Кыргызстан көп улуттуу мамлекет болгондуктан, бардык жарандарды бириктирген жалпы идея керек.
-
Мамлекеттүүлүктү бекемдейт. Улуттук идеология мамлекеттин өнүгүү багытын аныктайт; көз карандысыздыкты бекемдейт; улуттук коопсуздукту камсыз кылат.
-
Мамлекеттик өнүгүүнүн багытын аныктоо, коомду бир максатка топтоо.
-
Улуттук баалуулуктарды сактайт.
-
Жаштарды тарбиялайт. Жаш муундарга төмөнкү баалуулуктарды калыптандырат – патриотизм, таалим-тарбия, адеп-ахлак, жоопкерчилик.
-
Ааламдашуу шартында маданий жана руханий баалуулуктарды, улуттук өзгөчөлүктү сактайт. Чет элдик маданий таасирлер күчөгөн шартта улуттук өзгөчөлүктү сактоо маанилүү.
Улуттук идеология зарыл, анткени ааламдашуу, миграция, трайбализм, жердешчилик жана ар кайсы мезгилдердеги саясий кризистер улуттук иденттүүлүктү коркунучка салат. Ал элди бириктирип, эгемендүүлүктү сактоого, экономикалык өнүгүүгө жана тышкы басмырлоого каршы турууга жардам берет.
Улуттук идеологиянын негизги багыттары төмөнкүлөр болууга тийиш:
1. Кыргыз, улуттук мамлекеттүүлүктүн бай тарыхы – байыркы «кыргыз ээлиги», «Кыргыз-го – Кыргыз падышалыгы», Эне сай Кыргыз каганаты, «Улуу кыргыз дөөлөтү», Кыргыз АО, АССРи жана Кыргыз ССРи; Кыргыздардын көчмөн цивилизация, мамлекеттик эгемендүүлүк жана көз карандысыздык.
2. «Манас» эпосунун идеялары — улуттук биримдик, мекенсилдик, патриоттуулук, нагыз адилеттүүлүк
3. Демократиялык баалуулуктар — эркиндик, адам укуктары, мыйзамдуулук
4. Жарандык биримдик — «Кыргыз жараны» түшүнүгү, улуттук иденттүүлүк
Улуттук идеологиянын негизги принциптери
Кыргыз улуттук идеологиясы расмий түрдө толук кандуу түзүлө элек, бирок акыркы бир катар долбоорлордо, анын негизги принциптери белгиленген. Бул принциптер улуттук биримдикти, мекенчилдикти, эгемендүү жана көз карандысыз мамлекетти бекемдөөнү жана мындан ары туруктуу өнүгүүсүн бекемдөөгө багытталган.
Жаңы идеологиялык багыттарда төмөнкү принциптер башкы орунда турат:
-
Ата Журт — ыйык кенч. Туулган жерди, Ала-Тоону, кыргыз элин коргоо жана сүйүү — эң жогорку баалуулук.
-
Жаратман эл. Эл эң улуу күч, улуттун ээси жана Ата Журттун коргоочусу
-
Эркиндик — эң жогорку баалуулук. Эгемендүүлүк жана көз карандысыздыкты сактоо.
-
Мекенчилдик: Жарандык жоопкерчилик, патриоттуулук Ата Журтка жан дили менен кызмат кылуу, керек болсо башын. жанын курман кылууга даярдык.
-
Биримдик жана ынтымак. Трайбализмди, региончулукту жеңип чыгуу, «Бөлүнсөң бөрү жеп кетет» принциптери боюнча этносторду бириктирүү.
-
Адилеттүүлүк. Мыйзам алдында баарынын теңдиги, коррупцияга каршы туруу
-
Достук жана толеранттуулук. Эл аралык мамилелерде сабырдуулук, тынччылык, «Эр достугу — эгиз, эл достугу — деңиз».
-
Ар-намыс жана нарк-насил. Ата-бабалардан калган улуттук ар намысты, өзгөчө каада-салттарды, тилди жана нукура кыргыз маданиятын сактоо.
-
Үй-бүлө баалуулуктары. Үй-бүлөнү коомдун негизи катары коргоо жана жаш муунду тарбиялоо.
-
Мекенчилдик. Мамлекеттик кызыкчылыкты жеке кызыкчылыктан жогору коюу.
-
Конституциялык нормаларды сактоо жана тең укуктуулук.
-
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү, башкарууга катышуу.
-
Ыктыярдуулук, көп түрдүүлүктү урматтоо жана тең салмактуулук.
-
Кыргыз жаранынын биримдиги. Толеранттуулук, мамлекеттик башкарууга катышуу.
-
Билим жана эмгек: Заманбап технологияларды өздөштүрүү менен дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук берүү — «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик».
Аталган принциптер элдик акыл-эске, эс тутумга, «Манас» эпосуна таянып, билим берүү жана ЖМК аркылуу жайылтыла турган милдеттерден болуп эсептелет.
Биз эш туткан «Улуттук дем, дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу төмөнкү принциптерге таянат:
-
Улуттук демдин артыкчылыгы. «Улуттук дем» түшүнүгү элдин жан дүйнөсү, руханий күчү, ата-бабалардын мурасы жана улуттун этномаданий түп белгиси катары бааланган. Ал коомду бириктирип, жаңы максаттарга шыктандыруучу улуу күч деп эсептелет.
-
Нарктуу инсанды тарбиялоо: Коомдук диалогдордо жана иш-чараларда улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү, жаштарды мекенчилдикке, адеп-ахлакка жана эмгекчилдикке тарбиялоо маселелери баса белгиленүүдө.
-
Салттар менен заманбаптыкты айкалыштыруу: Уңгу жолдун максаты — уникалдуу маданий өзгөчөлүктү сактоо менен бирге эл аралык билим берүү жана башка тармактардагы сапат стандарттарына жетишүү
Азыркы Кыргыз Республикасында улуттук идеологиянын көйгөйлөрү:
Азыркы учурда улуттук идеологияны түзүүдө бир катар көйгөйлөр бар:
1. Так, ачык-айкын концепциянын жоктугу. Бирдиктүү мамлекеттик идеологиялык документ толук иштелип чыга элек. Мисалы: Конституцияда идеология жөнүндө жалпы принциптер бар, бирок толук стратегия жок.
2. Советтик, коммунисттик идеологиядан кийинки боштук. Постсоветтик Кыргызстанда, коммунисттик идеология жоголгон, анын ордуна жаңы улуттук идеология дароо түзүлгөн эмес. Бул коомдо идеологиялык боштук жараткан.
3. Саясий туруксуздук. ХХ кылымдын акыры, XXI кылым 3 жолку социалдык, саясий кризистер, элдик революция, расмий бийликтин алмашуулары менен коштолду. Сасяий оюндар менен алек болуп жатып, идеология маселеси көмүскөдө калып кетти.
4. Глобалдашуу жана тышкы таасирлер. Азыркы учурда коомго таасир эткен: батыш маданияты, диний агымдар, улуттук баалуулуктарга каршы келген, бизге жат массалык жагымсыз маданият.
5. Илимий негиздин жетишсиздиги. Улуттук идеология: тарыхка, философияга, маданиятка негизделип иштелиши керек. Бирок бул багытта илимий иштер дагы жетишсиз.
Улуттук идеологияны калыптандырууда бир топ тоскоолдуктар, көйгөйлөр бар:
-
Идеологиялык ажырым: Коомдун бир бөлүгү диний баалуулуктарга, экинчи бөлүгү либералдык батыш баалуулуктарына, үчүнчүсү улуттук-традициялык баалуулуктарга басым жасап, орток пикир табуу кыйынчылык жаратат.
-
Кагаз жүзүндө калуу коркунучу. Идеологиялык жарлыктардын иш жүзүндө (мектептерде, ЖОЖдордо, мамлекеттик кызматта) жайылтылышынын аксашы. Мониторинг жана ведомстволор аралык комиссия бар, бирок реалдуу тарбиялык иштер жетишсиз; билим берүүгө интеграция керек.
-
Экономикалык фактор. Элдин турмуш-тиричилиги оңолмоюнча, ар кандай идеологиялык чакырыктар коом тарабынан толук кабыл алынбашы мүмкүн.
-
Тышкы таасир. Батыш маданияты, идеологиясы жана миграция улуттук баалуулуктарды жоготууга, четке сүрүүгө таасир этүүдө.
Улуттук идеологиянын калыптануу маселелери
Улуттук идеологиянын калыптануу процесси бир катар татаал маселелерге жана талкууларга дуушар болууда:
-
Түшүнүктүн жаңылыгы жана кабыл алынышы. «Уңгу жол» түшүнүгү жана анын мазмуну коомчулук тарабынан жаңыча кабыл алынууда. Айрым эксперттер бул документти улуттук идеологиянын негизги элементине айлануу мүмкүнчүлүгүн белгилеп, бирок бир катар шарттардын аткарылышы зарыл экенин кошумчалашат.
-
Улуттук демилге жана жигердүүлүк маселеси. Коомдук пикирлерде улуттук демди сактоо менен гана чектелбестен, ага кошумча түрдө улуттук жигерди — эркти, демилгелүүлүктү, активдүү аракетти, натыйжалуу иштерди, туруктуу өнүктүрүү зарылдыгы айтылууда. Өнүгүү үчүн жөн гана дем эмес, аны ишке ашыра турган күчтүү аракеттер керек экени талкууланууда.
-
Каада-салттардын трансформациясы. Заманбап доордо каада-салттар батыш маданиятынын экспансиясына дуушар болуп, терс трансформацияга учурап жаткандыгы айтылат. Кээ бир эксперттер улуттук идеологияны калыптандырууда элдик каада-салттарды жана үрп-адаттарды иреттүү тутумга келтирип, азыркы шартка ылайыктап кайра жаратуу керектигин белгилешет.
-
Ишке ашыруу механизмдери. Идеологиянын конкреттүү тармактарда, мисалы, билим берүү системасында (12 жылдык мектеп реформасы менен байланыштыруу) кандайча ишке ашары маанилүү маселе болуп калууда. Билим берүү стандарттарын жаңыртуу, мугалимдерди даярдоо сыяктуу практикалык кадамдар талкууда
Жыйынтыктап айтканда, азыркы Кыргыз Республикасында улуттук идеология толук калыптанып бүтө элек, бирок аны түзүү мамлекеттик маанилүү маселе болуп эсептелет. Улуттук идеология Кыргызстан үчүн зарыл, анткени ал коомду бириктирип, мамлекеттин өнүгүү багытын аныктайт. Бирок аны калыптандыруу үчүн бирдиктүү концепцияны иштеп чыгуу жана коомдук турмушта ишке ашыруу маселеси дагы деле актуалдуу бойдон калууда. Улуттук идеологиянын толук кандуу калыптанышы жана коом тарабынан терең кабыл алынышы төмөнкүдөй факторлорго жараша болот: коомдук жигердүүлүк жана демилге, улуттук салттарды заманбап жашоо талабына шайкеш колдонуу, практикалык ишке ашыруунун натыйжалуулугу. Бүгүнкү күндө Кыргызстан өзүнүн салттуу «Нарк-насил» системасын заманбап өнүгүү талаптары менен айкалыштырууга аракет кылып жатат. Бул жараян бир эле күндө бүтпөйт, узак мөөнөттү жана ар тараптуу талкууну талап кылат. Ал билим берүү жана маданият аркылуу муундан муунга өтүүчү узак жол.