Добавить статью
14:21, 17 августа 2020 14403

Роза Отунбаевага оюна келгенин айтууга экс-президенттик статусу жол бербейт

Исмаил Исаков, генерал, мурдагы коргоо министри жана экс-депутат

- Саламатсызбы, Исмаил Исакович, сизди дагы азыркы илдет менен ооруп, бейтапканадан чыкты деп уктук, алгач ал-жайыңыздан кабар алсак, ден-соолугуңуз кандай?

- Ооба, биз да өкмөт, саламаттык сактоо министрлиги айткан эрежелерди сактап, көчөгө чыкпай, эч ким менен жолукпай, балдарга, неберелерге “үйүңөрдө болгула” - деп алар менен жакын карым-катнашта болбой сактанып жүргөнүбүзгө карабай, жубайым экөөбүз ооруп калдык.

Алдын ала ПЦР тест тапшырдык, Бонецкий лабороториясынан да текшерүүдѳн өттүк, баардыгы “отрицательный” деп беришкен. Ага карабай тамагым ооруй баштаганда компьютердик томографиядан өтсөк, жыйынтыгы жакшы деп чыккан. Бирок тамак оорусу күчөп, дене табым көтөрүлө баштагандан 4 күн өтпөй кайра барып томографиядан өтсөк, эки тараптуу пневмония аныкталгандыктан, ооруканага жатууга аргасыз болдук. Менде бул тумоонун кичине оор формасына өтүп калгандыктан 15 күн дарыланып чыктым. Ал жерде жатып биздин саламаттык сактоо системасындагы кемчиликтерди, жетишпегендиктерди, катачылыктарды ичинен көрүп, аны менен кошо өкмөттүн талаптарына жана текшерүүлөрүнө карабай спекулянттуу жолдор менен дарылардын бааларын асманга чыгарып сатканына баарыбыз күбө болдук. Ошого карабастан биздин врачтардын, медицина кызматкерлеринин ооруган жарандарга болгон мамилелери жана аракеттери үчүн аларга терең ыраазычылык билдирип, баардыгына рахмат гана айтаар элем.

Ооруканадан кийин карантин режимин сактап, дарыгерлер эми коркунуч жок дегене чечиминен кийин гана мына үч-төрт күн гана болду акырындан тууган-урук, бала-чака жана элдер менен жолуга баштадык. Азыр кудайга шүгүр күндөн-күнгө өзүбүзгө келе баштадык.

- ММКларда Белоруссияда Президент А.Лукашенко нааразы болгон жарандарды катуу кысымга алуу менен элдин 80% добушуна ээ болуп, шайлоонун жыйынтыгы менен анын утканы жарыяланды. Аны биринчилерден болуп орус президенти В.Путин, казак президенти К.Токаев, Азербайджан президенти И.Алиев жана биздин Президент да утушу менен куттукташты. Ошол боюнча коомдо ар кандай пикир жаралып, анын ичинде биздин эк-президент Р.Отунбаева Азаттыка 11-августта берген интервьюсунда “муну биздин революцияга түкүргөндөй эле кабыл алдым. 2010-жылы болгон окуяга чыккынчылык катары баалайт элем...” деп сынга алды. Сиз Р.Отунбаеванын үзөнгүлөшү, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары анын айткандарына кандай кабыл алдыңыз?

-Роза айымдын айткандарын өтө терс кабыл алдым. Эмне үчүн дебейсиңби?

Биринчиден, Роза Отунбаева жөнөкөй жарандардан башкача айтканда бизден айырмаланып, экс-президент деген статуска ээ. Бизге мыйзамда тыюу салынбаган нерседен башкасына баардыгына уруксат болсо, ага анын статусу жол бербейт.

Ал азыр эч жерде расмий түрдө кызматта болбосо да, анын өзгөчө Конституциялык статусу бар. Анын негизинде ага мамлекеттик резиденцияда жашоого мүмкүнчүлүк берилген. Ошондой эле мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери жан сакчы болуп кайтарып жүрүшѳт, мамлекеттин эсебинен машина шопуру менен берилип, каалаган жагына алып барып, алып келип турат.

Экинчиден, мамлекеттик жана эл аралык этика деген бар. Ал мурунку тышкы иштер министри, Убактылуу өкмөттүн төрагасы, ѳлкѳнүн Президенти жана азыркы экс президент статусуна ээ болгон адам катары жогорудагы айтылган этикалык нормаларды жакшы билип, кынтыксыз сактап турушу керек эле. Мына ушулардын алкагында Президенттин куттуктоосуна “биздин революцияга түкүргѳндѳй кабыл алдым. 2010-жылкы окуяга чыккынчылык катары баалайт элем” дегени, адамгерчилик, моралдык жана этикалык жактан караганда таптакыр туура эмес. Андай сѳздү айтпашы керек болчу. Каяктагы түкүрүк? Каяктагы чыккынчылык?

Президент мамлекеттин жана эл аралык мыйзам менен бекитилген биргелешкен ЕвразЭС, ОДКБ уюмдарынын кызыкчылыктарын жеке өзүнүн кызыкчылыгынан жогору коюп «эл аралык этикалык нормаларды сактаганы» мен ойлойм, туура болду. Эртең, бүрсүгүнү ал ушул уюмдун жетекчилери, анын ичинде Лукашенко менен биргелешип иштешет жана иштегенге милдеттүү. Эмне, жыйын болгон учурда Лукашенкону карабай аны менен сүйлѳшпѳй тескери карап отурушу керекби? Мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыктары үчүн биздин президент шайтаны болсо дагы бирге иштеш керек, сүйлѳшүш керек, мамиле түзүшү керек. Биз алар менен эл аралык мыйзам менен бекитилген, биргелешкен уюмдабыз. Кечээ эл толкуну менен келген Армения премьер-министри да ушундай эле куттуктаганга барды. Булар жеке кызыкчылыктардан мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгын жогору коюшту деп бааласак болот. Эгерде Роза айым эсинен чыгарып койсо мен эстетип коеюн, Апрель толкуну менен келген биз дагы, Убактылуу өкмөт, анын ичинен Убактылуу ѳкмѳттүн тѳрайымы катары Роза Отунбаева дагы эки жылдай ошол уюмдун президенттери, анын ичинде ошол эле Лукашенко менен, элди аткан Бакиевге жана анын жакындарына баш баанек бергенине карабай мамлекеттин, эл аралык уюмдун кызыкчылыгы үчүн биргелешип эле иштебедик беле? Ал гана эмес 2015-жылы 13-октябрда Алмазбек Атамбаев да Беларусь Республикасынын Президенти кызматына шайланышына байланыштуу Александр Лукашенконун дарегине куттуктоо жөнөткѳн. Бул эми эл аралык мамилелер.

Ошондуктан, Роза айым бул жерде ѳзүнүн ѳзгѳчѳ статусуна туура келбеген, кѳчѳ сѳздѳрүн айтып, 2016-жылы Эгемендүүлүк күнүндѳ Алмазбек Атамбаев ѳлкѳ башчысы деген статусун унутуп ѳйдѳ-тѳмѳн сүйлѳгѳндѳй эле бүгүн Роза айым ѳзүнүн кадыр-баркын түшүрүп алгандай болду.

-Сиз ѳзүңүз Лукашенконун элди күч менен басканын жана президенттин куттуктоосу жѳнүндѳ кандай ойлойсуз?

- Мен катардагы жаран катары, жеке ѳзүм Лукашенкону тынчтык жолу менен чыккан элди күч менен басканын туура эмес деп эсептейм жана ал үчүн келечекте жооптуу деп ойлойм. Белоруссия менен бирдиктүү уюмга кирген мамлекеттин президенти катары биздин президенттин Лукашенкону куттуктаганы ѳзгѳчѳ эл аралык этика тараптан туура деп эсептейм.

- Анда экс-президент статусу менен мындай сөздөрдү кандай кызыкчылыктарды жолдоп айтышы мүмкүн?

- Кандай кызыкчылыктардын негизинде айтканын өзү жакшы билсе керек, аны ѳзүнѳн сураш керек. Бирок, кээде жалпы элдин кызыкчылыгына төп келбеген сөздөрдү айтууну адатка айлантып алгандай. Алардын арасында кыргыз салтына, үрп-адатына туура кебеген музейде өткөрүлгөн жылаңачтанган аялдарды колдоосу. Эми мунусу. Мен ойлойм биринчиден, батыштагы бизге каршы айрым күчтөргө жана эл аралык уюмдарга “мен силерди колдоймун” деген коңгуроо-шыңгыроосу.

Экинчиден, азыркы оңдолуп келе жаткан кырдаалды “кѳрбѳй”, ѳлкѳдѳгү экономикалык жана пандемия оор кырдаал учурунда болгон кээ бир адамдардын нааразычылыктары жана Акаевдин саламаттык сактоо тармагынын чириткен “Манас таалими”, жетээр жерине жетип, көпчүлүк элдин саламаттыгын тейлей албагандыгы, бийлик бутактарына оң таасирин бербейт деген көр пендечилиги менен өзүнүн “ичиндеги” бийлик адамдарына болгон жеке көз карашын ачыкка чыгарды деп айтсак туура болот деп ойлойм.

- Шайлоого кээбир партиялар сьездерин өткөрүп, тизмелерин тактап, бараар-барбасын ачыктап жатат. Өзүңүз жана партияңыз жөнүндө эмне деп айтаар элеңиз? Сизге башка партиялардан сунуштар болуп жатабы?

- Ооруп калганыма байланыштуу көп маселелер, көп сунуштар каралбай калды. Ошого карабастан барабыз деген ниетибиз бар. Кудай буйруса жакын арада кимдер менен кандай форматта шайлоого катышуу маселеси билдирилет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×