Добавить статью
5:07, 28 февраля 2011 31953

Дыйкандар үчүн бир күндө үрөндү сепкен жана күйүүчү майды үнөмдөгөн үрөн себүүчү шайман ойлоп табылды (фото)

Кыргызcтандын Өкмөтүнүн алдындагы Илим жана интеллектуалдык менчик мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) тарабынан Ойлоп табылганга берилген алдын ала патентке А.Тажибаев үрөн себүүчү комплекс «Миталл-01» ойлоп табып, патентке талапкерлигин коюууда. Мындай маалыматты Орусиядагы кыргызстандык жаран Умарали Шералиев «Баракелдеге» билдирди.

Анын айтымында, ойлоп табылган түзүлүш айыл чарбасына тиешелүү шайман болуп саналат, атап айтканда, эгин себүү алдында жерди айдоо жана ошол эле учурда үрөндөрду (буудай, жүгөрү, күнкарама, чигит (пахта) ж.б) себүү үчүн жасалган. «Биздин ойлоп тапкан шайманыбызга берилген тапшырма мына булар эле: жерди оодарып айдабоо, айдалып бараткан жерди тегиздөө, кесектерин талкалоо, үрөндү себүү, себилген үрөндү көмүү жана сугаруу үчүн жөөк алып кетүүнү бир убакта аткаруу эле», - дейт У.Шералиев.

Бул тапшырма төмөнкүчө аткарылат: үрөн себүүчү комплекстеги рамага таяныч-айландыруучу дөӊгөлөк, соко, үрөн салынуучу бункер бекитилген. Рама үч бурчтук түрүндө жасалып, анын эки тарабына көзөгүч сымал жасалган соколор бирдей аралыкта жайланыштырылган. Рамага кошумча гидроцилиндр, тартуучу (сүйрөгүч), үрөн сепкич, айдоону тегиздөөчу бөлүк, багыттоочу дөӊгөлөк, кесекти талкалоочу дөӊгөлөк жана соконун тилгичи орнотулган. Айдоону тегиздөөчү бөлүк трапеция сыӊары рамадан турат да, анын капталына тигинен калыӊ темир ширетилген, ал эми кесек талкалоочу тиштүү дөӊгөлөктөн жасалган, соконун тилип кетүүчү тиши ийилген темир чыбыгынан жасалып, ага жебе сыяктуу шапалакчалар бекитилген.Анын айтымында, бул жерде айтылып кетүүчү эӊ негизги эки нерсе чечилет: дыйкандар үрөнүн бир күндө сээп алат жана күйүүчү майга кеткен чыгым эч болбосо эки эсеге азаят.

шайман 

шайман2

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×