Добавить статью
5:11, 28 февраля 2011 33282

Ат-Башыда мектеп окуучуларынын укуктары тепселенүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылынын А.Койчуманов атындагы орто мектебинде тартипсиздик, баш аламандык жана көз көрүнө балдардын укугу тепселип жатат, ага чара көрүү керек деген өтүнүч менен Дамира Акжолтоева деген тургундан кайрылуу келип түштү.

Кайрылууда жазылгандай, үстүбүздөгү жылдын 12-февралында бул мектептин окуучусу Эдилбек кызы Айгүлдү күндүзгү саат 12:00дөр чамасында, сабак учурунда коңшу айылга ала качып кетишкен. «Ал эми мектеп директору Түлөбаев Абазбек бул ишке чара көрүүнүн ордуна кыздын ата-энесинин үйүнө барып, ортого тушуп, ачуу басарга келгендер менен кошо таң аткыча конок болгон», - дейт Д.Акжолтоева.

«Ал эми кыздын ата-энеси 20 миң сом жана 1 койго кызын сатып ийип отуруп калышты. Анын үстүнө мектеп директору өзү ортого түшүп жаткандан кийин карапайым кишилердин колунан эмне келет? Жашы жете элек кыздын укугу тепселип жатканына ким жооп берет? Дегеле биздин өлкөдө баланын укугу корголобу же ушинтип кичинекей кыздар бир койго сатылып отура беришеби», - деп жазылган билдирүүдө.

Дагы бир мисал катары, Д.Акжолтоева өткөн жылы ушул эле мектептин окуучусу Мурат кызы Наргиза жайкы экзамендер учурунда төрөп койгонун кошумчалап, балдардын укугун коргоо, бул мектепте орун алып жаткан айрым терс көрүнүштөргө тийиштүү чара көрүлүүсү керектигин белгилеген.

Ал эми Билим берүү облбашкармалыктан аймактык кабарчы Күмөндөр Усуптегинге билдиришкендей, 11-класста окуган Эдилбек кызы Айгүлдүн ата-энеси анын турмушка чыгуусуна өз макулдуктарын беришкен.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

08-04-2011
Ат-Башы районунда жашы жете элек кыз күйөөгө сатылып, ага мектеп директору салымы бар экендиги далилденди
23104

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×