Добавить статью
7:24, 6 ноября 2014 70106

Магрифа Рахимова — педагог, окумуштуу, гуманист инсан

Магрифа Рахимованын өмүр жолу өзүнүн байсалдуулугу жана адамдын көңүлүн бураар өзгөчөлүктөрү менен айырмаланып турат. Алыскы кыргыз айылында туулуп, Украинада өсүп, Кыргызстандын борборундагы маданиятты, билимди, өкмөттүк иштерди аркалаган үй-бүлөдө калыптаныш, эмгегинин үзүрүн көргөн бактылуу карылыкка туш келиш – бактылуу тагдыр энчисине буюрган адамдын өмүрү.

1950-жылдардын башында билим тармагына келип, 1954-жылдан тартып өз өмүр жолун педагогикалык билим берүү мекемеси – И.Арабаев атындагы КМУ – педагогикалык университет менен түбөлүко байланыштырган Магрифа Рахимова педагогикалык илим жаатында да, билим берүүдө жана аны уюштурууда да калка көрүнгөн эмгек кыла алды. Окуу жайда иштеп жүрүп, педагогикалык илим тармагында кандидаттык, доктордук илимий иштерин ийгиликтүү жактады. Жаңыдан жетилип келе жаткан кыргыз педагогикалык илим жаатында өз изин калтырды.

Реализм, акыл менен иш кылуу, өз аракетине ишенип, кесибине жана кесиптештерине сый мамиле кылуу, эмгекчилдик, граждандык тура позиция, жакындарына, муктаж адамдарга камкордук көрүү, башкалар менен пикир табыша билүү – ушундай мыкты касиеттер Магрифа Рахимовнаны инсан катары бөлүп турган өзгөчөлүктөр десек болот. Эжекебиз көп жылдык үзүрлүү ишмердүүлүгүндө көптөгөн маселелердин ичинен негизгилерин көрө билип, педагогикалык илимде, билим берүүдө жана аны уюштурууда тура, өбөлгөлүү багытты тандай алган.

Өткөн доордун 60-80-жылдары педагогикалык илимге жаңыдан кирип, кыргыз педагогикалык илимдерин эл аралык деңгээлге көргөн кыргыз окмуштуу-изилдөөчүлөрдүн: М.Р.Балтабаев, И.Бекбоев, Ж.Аманалиев, Э.Мамбетакунов, Н.Асипова, А.Э.Измаилов, Н.М.Имаева, Т.Ормонов, Б.Апышев ж.б. арасында Магрифа Рахимовнаны да бөлүп кароого болот.

Эгемендүүлүктү алгандан кийинки мезгилде калыптана баштаган жаңы коомдук-экономикалык мамилелер, жаңы абал педагогикалык илим менен билим берүүнүн алдына жаңы талаптарды койду. Кыргыз педагогикалык илиминин алдында Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын комплекстүү түрдө өнүктүрүү программасын, ар түрдүү типтеги улуттук мектептердин моделдерин иштеп чыгуу, ал эми окуу-тарбия иштеринде этнопедагогикалык жана этнопсихологиялык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери турду. Ошол 90-ы жылдары окуу китептерин, педагогикалык-методикалык окуу каражаттарын түзүүдө, жаш окумуштуу педагогдорго жетекчилик кылууда, мугалимдик кадрларды даярдоодо жана кайра даярдоодо да Магрифа Рахимовна үзүрлүү эмгеги менен алдыда турду. Даярдаган монография, окуу китептери, методикалык каражаттары бала бакчаларда, мектепте, жогорку окуу жайларында практикалык, окуу иштеринде пайдаланылып келет. Дагы бир белгилей кете турган жагдай, ошол кездерге чейин кыргыз педагогикалык илиминде кыргыз тилинде чыккан эмгектер сейрек кездешип жокко эсе болсо, эгемендүүлүк алгандан кийин окуу китептери, методикалык каражаттар эне тилибизде жарык көрө баштады. Эжекебиз биринчилерден болуп кыргыз тилинде «Кыргыз элдик педагогикасы» (1993), «Педагогика тарыхынын очерктери» (1997, 1998) «Педагогикалык кесипке киришүү», «Педагогиканын теориясы, системасы технологиясы», «Социалдык педагогика», «Этнопедагогика», «Педагогикалык чеберчилик», «Педагогикалык системаларды башкаруунун негиздери» жана электрондук китеби ж.б. эмгектерди жаратты. М.Р. Рахимова бала бакчалар үчүн даярдаган окуу-методикалык эмгектери, атайын концептуалдык иштери бала бакчалардагы окуу-тарбия процесстерин мамлекеттик тилде жүргүзүү үчүн баа жеткис салым кошту. Ошону менен бирге эле ал белгилүү окумуштуу гана эмес, билим берүү тармагындагы талантуу новатор-уюштуруучу катары көргөзө алды. Ал педагогикалык жогорку окуу жайында кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтун гана негиздебестен, педагогикалык илимий мектептин башында турду. Өз иштери менен өзүнүн жашоосун, илимий-педагогикалык, билим берүү тармагындагы ордун жогорулатпастан, артындагы кесиптештерине, окуучуларына да мүмкүндүк ачып берип кетти.

Расмий көз караш менен карай турган болсок: Рахимова Магрифа Рахимовна жемиштүү илимий, педагогикалык жана коомдук ишмердиги үчүн мамлекеттик көптөгөн сыйлыктар менен сыйланган, эл аралык педагогикалык жана социалдык илимдер академияларынын академиги аттуу ардактуу наамдар ыйгарылган. Анын жетекчилиги менен 23 кандидаттык, 5 докторлук диссертациялар, катышуусу менен 100дон ашуун кандидаттык жана докторлук диссертациялар жакталган. Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги, педагогикалык институтунун педагогика жана психология кафедрасында окутуучу, улук окутуучу, ошол эле институттун педагогикалык факультетинде декан, педагогика кафедрасынын башчысы. 50дей илимий эмгектин (анын ичинде 15 монография жана окуу китептери) автору. Педагогика адистиги боюнча докторлук жана кандидаттык диссертациялардын жактоо боюнча адистештирилген кеңештин төрагасынын орун басары. Бир нече жылдар бою Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият боюнча методикалык кеңештин төрайымы болуп эсептелинет. Ошондой эле педагогикалык ЖОЖ-мектеп-окуу-илимий өндүрүш комплексинин төрагасынын орун басары болуп милдет аткарып келген.

Бул расмий маалыматтын артында көп жылдык эмгек-аракет жатканы жашыруун эмес.

Кыргыздын атактуу акыны Кылык Акиевдин улуу Салморбек Калыковичтин жубайы катары, эне катары кыргыздын руханий маданиятына негиз салып жүргөн ошол доордун мыкты адамдарынын арасында мээрман, боорукер адам катары кадыр-баркка ээ болгон. Жаштарга акылман наасатчы, мамлекеттик иштерди аркалаган Салморбек Калыкович жана Магрифа Рахимовна жогорку деңгээлдеги, маданияттуу адамдар катары элдин эсинде калды. Магрифа Рахимовна Эне катары, үй-бүлөөнүн тиреги болгон мыкты инсандардын катарында да эсте калды.

Магрифа эжекебиз кичинесинен жамандык-жакшылыкты көрүп, ысык-суукка бышкан инсан катары татыктуу өмүр жолун басып өттү. Анын өмүрүн өзүнчү бир үлгү болоор эрдик иш катары да бааласа да болот. Кылган эмгеги, өмүр жолу менен артында кел жаткан муунга мурас калтырды.

Башка адамдарга кам көрүү, алардын өсүп-өнгөнүнө өбөлгө түзүү ага таандык дагы бир мыкты сапаттардан десек жаңылышпайбыз.

Менин бүтүндөй өмүрүм дагы билим берүү тармагы менен байланышып, ушул багыттагы ишмердүүлүгүмдө Магрифа Рахимовна менен кызматташ болуп, аны сыйлаган адамдардын бири катары өзгөчө инсан экендигин белгилеп кетмекчимин.

Магрифа Рахимовнанын жарык дүйнө менен кош айтып кетсе, анын жаркын элеси бар. Артында калган эмгеги, уул-кыздары., сыйлаган адамдар, шакирттери, студенттери бар. Алардын эсинде Магрифа Рахимовна жана анын эмгектери, кылган мамилеси түбөлүктө сакталат. Анын аты менен эмгеги И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана жалпы эле кыргыз билим берүүсүн тарыхында ар дайым кала берет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×