Добавить статью
9:46, 8 декабря 2014 30656

Биржада иштеген жигиттин монологу

Тие электе күн нуру жолго чыгам,

Издеп жумуш, тигинде, мында турам.

Мага окшогон бардыгы жумушсуздар,

Саламына курбумдун колду сунам

Иш болсо деп санаасы сапырылган…

Тургандардын үмүттүү оюн туям.

Күүлдөгөн көпчүлүк биржа, биржа

Канбай калган уйкудан улутунам.

Дунган келет, бусиги бар айланып,

Биздин жашоо бир аларга байланып.

Үмүт көздөр жапырт чогуу умтулуп,

Көңүлүбүз өсө түшөт жайланып.

Бул тирилик кыбыр-сыбыр ыргагы,

Кайыл кылып, каниетке арбалып.

Өмүр болсо өтүп жатат өйдөлөп,

Артыбызда күңүрт күндөр, ай калып.

Эмгек биржа болуп жашоо «булагы»,

Эл турмушун шалдыратып «чыңады».

Жумушсуздук «Көкөй кести» куу болуп,

Көкөй кескен заман зарын улады.

Сабиз казган, пияз жүктөп жалданган,

Кыргыз жигит өңү азыңкы ыраңы.

Мендекерлик кыргыз уулун кор кылып,

Жанбай турат таалайынын чырагы.

Сабиз отоо, пияз терүү жеңил иш,

Түшүм жактан мында болбойт жеңилиш.

Дунган тууган ыгын алган, жалдаган

Эки жүз сом норма коет, берип иш.

Кетет айтып: «отогула таза», деп…

Саат беште иштен кайтуу көнүмүш,

Бул турмуштун жазылбаган мыйзамы,

Милдет болгон акча табуу көрүнүш.

Жайкы аптап, кыш каарына карабай,

Жүргөн арбын иш табуудан тажабай.

Иван, Сергей, Наталья, Надя,

Бакыт, Токон келет чачын тарабай.

Кээде болсо табылгасы, кээде жок,

Элүү-алтымыш сом тапканга жарабай.

Үйдө күтөт уул-кызы атасын,

Үмүт отун айландырып барадай¹.

Стаждуу бар, биржа менен жан баккан,

Буурул чачы, туурук колун чаң баскан.

Эптеп өмүр өтө берсин дегендей,

Адам баасы жеңил беле камгактан.

«Жакшы тилек-жарым ырыс» канакей?

Тебеледи кымбатчылык ар жактан.

Жыйырма жылда жыйырма өкмөт алмашты,

Бирок алар коркушкан жок арбактан.

Миң тагдырдын миң башкача сыры бар,

Көөдөнүндө арман, өксүү, муңу бар.

Жашоо деген тиричилик күрөшү,

Сүйүүсү бар, күйүүсү бар, ыры бар.

Заман сенин «Зар замандай» ыргагың,

«Пулуң болсо» даяр турган «кулу бар»…

О кыргызым, эртеңки күн не болот?

Ойлон, толгон куу замандын чыры бар.

Сур замандын суук колунан бир өзүң,

Бакыт күндү, барчылыкты сууруп ал.

Заман сенин жүзүң кандай, түшүнбөйм?

Жакшы күнгө пейлиң барбы бурулаар?...

Эскертме: ¹Бара-тегирмендин суу айлантуучу жыгач тетиги

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×