Добавить статью
11:14, 24 сентября 2025 16

Аткаминерлер жана жаратмандар

XV кылымда орустун белгилүү саякатчысы Афанасий Никитин Индияда кармалганда жерин сагынып, Орусиянын ошол кездеги мамлекетинин тилинде минтип жазган экен (оригинал): «О, Олло! О, Кудо! О, Таңир! Орус йеримди сакла!» деп. Анын сыңарындай, акыркы окуялардан улам Никитинди туурап, мен дагы «Йе Алла! Ээ Кудай! Оо Теңир! Кыргыз киносун сактай көр!» деп жалынып жаткан учурум.

Айылга көчүп кеткениме 11 жылдан ашты. Кинодогу кытмыр жаңылыктар интернетке чыкпайт. Бишкекке барганда гана ушак-айыңдардан чет-бучкагын кулагым чалып калат. Ошондой имиштердин бирөөсүн жакында угуп калдым: улуттук комиссия түзүлүп жатат, кинодо орчундуу реформалар болчудай деген. Эгемендүүлүктөгү кыргыз киносунун түптөлүшүнө аздыр-көптүр салымымдын болгонунан улам даярданып калдым. Беш жылдан бери какшанып келе жаткан сунуштарымды айтып калат экенмин деп кудуңдадым. Чакырышкан жок. Себебин эртеси Дальмира Тилепбергенованын баракчасынан окуп калдым. Кандай реформалар жүрүп, кинодо эмне өзгөрүүлөр болгонун ушул күнгө чейин биле алган жокмун. А бирок улуттук комиссиянын чечими менен Дальмиранын мына тартам деп калган «Эр Төштүк» проектиси токтотулуп, каражаты башка проектилерге таратылаарын ошол посттон окудум. Бул чечимге мени каршы чыгат деп чакырышкан эмес окшойт. Жадагалса Дальмиранын өзүнө, киностудиянын көркөм кеңешинен, Департаменттин эксперттик коммиссиясынан, Жогорку Кеңештин кароосунан, Финансы министрлигинин элегинен өткөн «Эр Төштүктү» токтотуу себептерин далилдебей, коомчулукка угузбай, мындай одоно мыйзамсыз чечимге барууга эмне түрткү болду экен?

Бул тууралуу ой жүгүртүп көрөйүн. Советтик учурда ар бир жарала турган тасма канчалык деңгээлде мамлекеттин саясатына жооп берет деген суроо бийликтин күн тартибинде алгачкы орунду ээлечү. Союз кыйрагандан бери кыргыз киносу бөтөн бала сымал каралбай, төмөн жактагы майда-чүйдө атка минерлер итке сөөк ыргыткандай каражатка бирин-серин тарттырып, калганына «арабам сынба, атым өлбө» деп күн көрүп келишкен. Жаратмандар тажаганынан демилгени өз колдоруна алып, элдин мүдөөсүн чагылдырган тасмаларды тартып, көрүүчүлөрдүн колдоосуна ээ болуп, мамлекеттен көз карандысыз нук салып, өлкөнүн келечегин түптөгөн саясатты жүргүзүп, Голивудду четке сүрүп таштап, «Кыргыз Керемети – 2» деген киноиндустрияны көбүртүп-жабыртып жаткан учуру. Постсоветтик бир дагы республикада мындай көрүнүштүн жыты дагы жок.

Жаңы бийлик кино тармагынын эбегейсиз күчкө ээ болуп калганын баамдап, дароо каражатты олчойто бөлүп: «Мына, биз дагы силерди колдойбуз, алгыла, тарткыла» деген далаалатына кубанбай кое албайсың. Кыргыз мамлекети келечекке умтулган руханий укуругун алдыга сунуп, кыргыз киносун дүйнөлүк орбитага чыгара турган «Эр Төштүк» проектисине каражат бөлүп берди. Тилеке каршы ара чолодо өздөрүн көрсөтө албай жүргөн аткаминер сөрөйлөр «движение» жасайбыз деп, мындай бийликтин жүрүшүнө бөгөт койду. Андан дагы бир муштумга келе албай жаткан киночулардын арасына жик салды. Тырмактай кыздын ырыскысын жиликтеп, атагы чыккан жаратмандарга жагалданып устукан таратты. Ансыз деле жука ынтымагыбыздын ыркын кетирди.

Урматтуу бийликтин өкүлдөрү! Силерге терең таазим! Силер бөлгөн каражатка мыкты тасмалар, сериалдар тартылып жатат. Дагы бергиле! 35 жылдан бери киночулардын, кыргыз элинин алдында кутулгус карызга батып калгансыңар.

Актан Арым Кубат Касымалы Баялиевдин «Ажарын» тартам деп журдү эле, бергиле!

Таалай Кулмендеев «Жусуп Абдрахмановду» тартам деп жүрдү эле, бергиле!

Бакыт Мукулдун Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу мыкты идеясы бар эле, ага дагы бергиле!

Ушунча жыл элди тоноп жегендерди кустуруп жатасыңар, ал жактан дагы кошкула! Өсүп келе жаткан өспүрүмдөр кыргыз элинин руханий баалуулуктарына сугарылсын! А бирок дүйнөнү дүңгүрөтө турган «Эр Төштүктү» токтотпогула! Ооба, айтышыңар мүмкүн: «Бул ыйык, сыр дүйнө! Булганган колуңар менен кармаласаңар оңбой каласыңар» деп. Эң туура! А балким ошол Ыйыктыкка жуурулушуп тазалана турган күн келгендир?! Эгерде Дальмира Тилепбергенованын «колу кир, пейила ыпылас» болсо, 14 жылдан бери анын жанын койбой, улам «Эр Төштүккө» сүңгүтүп жаткан улуу күчтөрдүн алдында керт башы менен жооп берет.

Маселе башкада. Ушундай чечимдин кесепетинен Ыйыктыктан жер жүзү куру калып калса, ага ким жооп берет? Бул тасманы ким, кантип тартпасын козголуп калгандан кийин бул проекттин артында Манас атабыз, Эр Төштүк бабабыз, Саякбай агабыз турат! Улуу Рухтардын каарына калып калбагыла! «Бетеге кетип бел калат, бектер кетип эл калат» дегендей, элди ойлогула!

Эрнст Абдыжапаров
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×