Үстүбүздөгү жылдын төрт айынын ичинде парламент 176,3 миллион сом короткон. Ар бир депутат билим берүү тутумундагы кызматкерлерге караганда казанга он эсе кымбатка түшкөн.
Маалымат интернет айдыңында жарыяланыптыр, бирок ага көңүл бурган деле жандар жоктой сезилет. Кандай болсо, ошондой болсун деп, дагы бир шайлоого баратабыз.
Буга байланыштуу Швеция парламентине кайрылып көрөлү. Ал жакта депутаттарга айлыктарын өздөрү көтөрүп алууга укугу жок. Айлык акынын өлчөмү башталгыч мектептин мугалимдеринин айлыгынан жогору эмес. Парламентте үч гана адамдын унаасы бар. Алар — төрага жана анын эки орун басары. Анын үстүнө алар кызматтык дөңгөлөктөргө кирбейт. Кызматтык унаа бир гана премьер-министрге берилген. Алардын тили менен айтканда чиновниктердин азуулары менен тырмактары алынып, булчуң эти гана калган. Эгер депутат унаа керек болуп калса, парламентке караштуу унааларды ижарага берген компанияга арыз менен кайрылат. Аны алгандан кийин маршруттан чыкпоого тийиш.
Ал эле дейсиңби, депутатка ижарага берилген батир түрмөнүн бөлмөсүндөй тар. Эгер жакындары бир күн түнөп калса да акча төлөйт. Саясий маданият өтө жогору.
Швециялык Социал демократтар партиясынын депутаты Арно Хакансон мындайча түшүндүрмө берет: «Биз жөнөкөй эле адамдарбыз, парламент өкүлдөрүнө артыкчылык берүүнүн зарылдыгы жок. Биз эл өкүлдөрү болгондуктан алар жашап жаткан реалдуулукту эске алуу менен жалпы элдин кызыкчылыктары үчүн иштейбиз. Биз үчүн артыкчылык — өлкөнүн өнүгүшүнө дем, күч берүү».
Дагы бир маанилүү нерсе — өсүп-өнүгүүнү камсыздап турган сарамжалдуу экономиканы жүргүзүү. Биздин салык төлөөчүлөрүбүздүн акчасын жеке кызыкчылыктарга пайдаланып же өзүнө имерип алууга эч кимдин акысы жок дешет. Биздин парламентте мындай түшүнүктөр байкалбайт.
Алардын дагы бир өзгөчүлүгү — жеке жардамчы алышпайт, анын ордуна эксперттик топ иштейт. Ошондо 90 депутатка 90 эксперттик топтун мүчөсү туура келет. Алар бардык оңдоп-түзөтүүлөрдү мыйзам чыгарууда көрсөтүп беришет.