Добавить статью
12:07, 1 апреля 2026 39

Бүгүндөн тарта медицина кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт

Медицина илимдеринин доктору, профессор, Евразия балдар доктурларынын президенти 

Узакбаев Камчыбек Аскарбекович

Жакшы даарыгер — бул элдин бактысы!

«Биринчи байлык — ден соолук» деген акылдуу, талашсыз чындык сөздүн маанисин көпчүлүгүбүз кеч, ооруга чалдыгып, дарылана баштаганда түшүнөбүз! Бул кыска ой толгоо маегим ооруганда биз кайрылган дарыгерлердин коомдогу орду тууралуу болмокчу.

Президентибиз Садыр Жапаров өзүнүн Указы менен медициналык кызматкерлердин маянасын 100% көбөйткөнү, андан тышкары дагы 15 миң сом үстүнө  өзүнүн фондунан кошуп бергени бул кесиптин ээлерине болгон камкордугун, коомдогу ордун, маанилүүлүгүн көрсөттү. Бул учурдагы абдан керектүү, кубанычтуу жаңылык болду! Ал үчүн медицина кызматкерлери өзгөчө сүйүнүп, ыраазы болушууда.

Эми бул демилгени жер-жердеги бийликтин өкүлдөрү да колдоп, коомчулук да өз мүмкүнчүлүгүнө жараша колдоо көрсөтсө, медициналык кызматкерлердин социалдык абалында чоң өзгөрүү менен медицина кызматкерлерге болгон жетишсиздик акырындап азаят деп ишенем. Ал эми медициналык кызматкерлерге өздөрүнүн милдетин аткарып жатканда кээ бир адамдар зөөкүрлүк мамиле көрсөтүп же кол көтөргөн учурларда мыйзам чегинде азыркыдан да катуу чара көрүлсө жакшы болот эле. Мындай мыйзамдар коңшу Казакстанда жакшы деңгээлде жолго коюлган. Биздин депутаттар да бул  маселеге көңүл бурушат деп ойлойм.

Президентибиздин бул колдоосунан кийин башка жактарга иштеп кеткендердин саны кескин азайып, керек болсо кайра өз мекенине кайта башташат. Мен балдар доктуру катары көп айтам: бүт дүйнөнүн балдары бирдей ыйлашат, бардыгы ата-эненин өзгөчө мээримине муктаж жана таза, сүйкүмдүү!

Ошондой эле ар бир бейтап билимдүү, кесипкөй, жакшы дарыгерден дарыланууну каалайт. Жакшы медициналык кесипкөйдү даярдоо дагы узак убакытты, өзгөчө жогорку деңгээлдеги устаттарды жана алардын заманбап технологиялык усулдук ыкмаларын билүүсүн талап кылат.

Дарыгердин иши өтө татаал, жоопкерчиликтүү жана өзгөчө көп кырдуу касиеттерди талап кылган кесип экени белгилүү. Бул кесиптин ээси күнүнө өзүнүн билимин, тажрыйбасын өркүндөтүп турушу керек. Жаңы диагностикалык методдор, дарылоонун ыкмалары, усулдук иштер азыркы учурда тез өзгөрүлүп, илимий ачылыштар, заманбап жаңы технологиялар пайда болуп, өркүндөп жатат. Эгерде врач өзүнүн билимин өркүндөтүп турбаса, анда артта калып калат. Биз билгендей бир эле дарактын ар бир жалбырагы бири-бирине окшош болбогондой, ооруп жаткан ар бир адам, жаш бала өзүнчө көп деген өзгөчөлүктөргө ээ. Композиторлордун сөзү менен айтканда, ар бири өзүнчө нота. Врач бейтапты дарылаганда ошол өзгөчөлүктөрдү сөзсүз эске алып, ар бирине өзүнчө мамиле жасайт. Бул дагы кесипкөйгө өтө жогорку деңгээлдеги психолог болууну талап кылат.

Өзгөчө белгилеп айтайын дегеним — биздин инсандардын, коомдун дарыгерге болгон мамилеси. Ооба, дарыгер бейтапты айыктыруу үчүн  билимин, тажрыйбасын, бүт аракетин жасоого милдеттүү. Бирок медициналык кызматкер адам жеке өзү жалдап алган «жумушчусу» эмес! Дарыгер — анын ден соолугун дарылоочу кесипкөй адис. Ал биз катары эле Адам!

Коом дагы президентибиздин демилгесин колдоп, медициналык кызматкерлерге сый-урмат менен мамиле кылса, дарыгердин коомдогу орду да өзгөрүлөт деп ишенем. Ар дайым ден соолукта болгула! 

камчыбек узакбаев
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

22-01-2026
Балалуу болуу — эң жогорку жоопкерчилик
30361

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×