Добавить статью
11:42, 7 мая 2021 549

Формирование религиозно-исламского образования в Кыргызстане: состояние и проблемы

Акыркы мезгилдерде Кыргызстанда жарандык коом куруу жараянынын жүрүшүндө дин тутуучу атуулдардын санынын кескин түрдө өсүшү жана кадрлардын жетишсиздиги диний билим берүү тутумун түзүү зарылчылыгын пайда кылды. Бул муктаждыкка жооп катары Кыргызстан ислам университети, 10 ислам институттары, 102 медреселер түзүлүп, аларда окугандардын саны 6000ден ашты [5:4]. Советтик тутумдун талкаланышы жана түзүлгөн жаңы коомдук-саясий кырдаал диндин жана диний билим берүү мекемелеринин коомдогу ордунун түп-тамырынан бери өзгөрүүсүнө алып келди. Алардын кадыр-баркы жана коомдук турмуштун түрдүү жактарына таасири жогорулап, юридикалык статусу өзгөрдү. Кыска мөөнөттүн ичинде алардын саны өсүп, бир катар маанилүү баскычтардан өттү:

Биринчи этап: 1991-2000-жылдар. Аталган мезгил аралыгында 17 медресе, 3 Ислам институттары чет элдик жана жергиликтүү диндар инсандардын вакфтарынын эсебинен түзүлгөн. Бирок билим берүү сапаты жагынан өтө төмөн болуп, жалаң диний сабактар окутулган[7:146].

Экинчи этап: 2000-2017-жылдар. Бул баскычта медреселердин саны 102ге, Ислам институттары 10го жетти. Мамлекеттик үлгүнүн деңгээлинде болбосо да Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан Кыргызстан ислам университетине, Ислам институттарына жана медреселерге аз болсо да жарандык сабактар камтылган билим берүү программалары түзүлгөн[5:4].

Учурда өлкөдөгү медреселердин жана институттардын ичинен орто кылымдагыдай өтө жупуну абалдагы окуу жайлардан баштап, компьютердик класстары бар заманбап шарттар түзүлгөндүгүн жолуктурууга болот. Булан институтунун иликтөөсүндө медреселердин эки түрү болорун аныкталган. Биринчиси - Муфтият менен тыгыз иштешкен, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан каттоодон өткөн, өзүнчө имараты бар жана балдарды окутууга шарттары дурус медреселер. Экинчи түрү - негизинен мечиттерде ачылган хужра тибиндеги медреселер. Көбүнүн каттоосу жок, мечиттер өз билгениндей ачып алып, 15-20 баланы окутуп жатышат жана окууга ылайыкталган шарттар түзүлгөн эмес. Алар мечитке түшкөн садакадан жана башка кайрымдуулук каражаттарынын эсебинен иштейт[5:4].

Анда эмесе XXI кылымда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан диний окуу жайлар менен тарых беттерин барактап өткөн муундардын билим берүүлөрү менен салыштырып көрөлү. Мусулман дүйнөсүндө “мектеп” деген сөз жазганды үйрөнүүчү жай, ал эми “медресе” мусулмандардын диний укуктары, милдеттери, шарият, ислам дини жөнүндөгү маселелер боюнча дарс угуучу жай дегенди түшүндүрөт. Мектеп, медреселер VII кылымда арабдарда пайда болуп, адегенде мечиттердин алдында ачылган. Мисалы, X кылымда Каирдеги Аль-Азхар мечитинин алдында түзүлгөн. Меккедеги мусулмандар сыйынуучу жерде-Каабада, андан кийин атайын молдолор жашай турган өжүрөлөрү, лекция өтүүчү дарскана, атайын курулган имараттар медресе деп аталган. Медресе Чыгыш өлкөлөрүндө диний жогорку окуу жайга айланган. В.В. Бартольд мектептин 2 түрүн көрсөткөн:

1) Мектеп-башталгыч билим берүүчү диний окуу жай.

2) Медресе-жогорку билим берүүчү диний окуу жай

Мектеп медреселер жалпысынан 5 баскычка бөлүнгөн [6:20]:

1) Башталгыч билим берүүчү мектеп. (бул жерден балдар арабча жазганды жана шар окуганды үйрөнүшкөн).

2) Андан жогорку баскычта “кары-хандар” мектеби турган. Алар 30 парадан (бөлүмдөн) турган Курандын тексттин жатка билип, мазмунун толук түшүнгөндөр.

3) “Дала-иль-хайраттар” пайгамбарлар жөнүндө баяндалган диний китептерди окуп чыккандар.

4) Орто медреседен билим алгандар. Бул жерде Куран менен шариятты толук өздөштүрүп чыгышкан.

5) Жогорку медреседен билим алгандар: ислам дининин философиялык негизин, география, математика, риторика, логика, физика, астраномия, медицина жана башка илимдерди үйрөнүшкөн.

Бүткүл мусулман дүйнөсүндө медреселердин көпчүлүгү вакфтардын (өз мүлкүн бекер өткөрүп берүүчү) эсебинен түзүлгөн. Орто Азияда анын пайда болушу ислам дининин жайылышы, мусулман окуу жайларынын ачылышы менен байланышкан. Курулган ар бир мекеменин ээсинин вакфтык укугу хан, эмир, казы, аким тарабынан грамоталар менен бектилип турган. Медресени белекке берүү мурда “шарт намэ” деп аталса, кийин “вакф намэ” деп аталган. Мисалы, Алымбек датканын медресеси мусулман жыл эсеби хижра боюнча 1292-жылы Ош базарынын 100 вакфтык дүкөн, Шейит-Дөбө, Сарай көчө кварталдарында жана “Алымбек чекте” болуп, 443 теше жер, кербен сарайлар жана башка мүлктөрүнө Кудаяр хандын мөөрү басылган грамотасы болгон [6:95].

Түштүк Кыргызстандагы медреселер жогорку жана орто болуп бөлүнүшкөн. Алардын көлөмү талапкерлеринин жана андагы иштеген мударистеринин саны менен аныкталагн. Ал эми алардын саны, медресенин жылдык кирешесине байланыштуу болгон. Айыл жерлериндеги медреселерде 15тей болсо, шаарларда 100гө чейин жеткен.

Алгачкы иш жүргүзүү мезгилдеринде эле азыркы замандык билим берүүдөгү стипендиянын белгилерин киргизишкен. Окутууга керектүү курал-жарак, буюм-терим жана үй же жашоочу жайлар менен камсыз болушкан. Лекция жана семинардык үлгүлөрүн киргизишип, окуучулардын жөндөмдүүлүктөрүн күчөтүүгө мүмкүндүк беришкен. Ал кездеги медреселердин дагы бир өзгөчөлүгү окуу жылы октябрь айында башталып, апрель айында аяктаган. Жуманын ишемби, жекшемби, дүйшөмбү жана шейшембиде окутулуп, калган күндөрү эс алышкан. Мындан тышкары, окуу жараяны орозо ичи жана айт майрамдарында токтотулган.

Биз бүгүнкү күнгө чейин кыргыз агартуусунун башталышын XX кылымдын башындагы мезгил менен байланыштырып келдик. Алардын атын атаганда, адат катары биринчи Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстановдун ысымдарын атайбыз [1:4-5]. Бирок, кийинки изилдөөлөргө караганда, агартуунун тарыхы 1838-жылы дүйнөгө келген акын педагог Нурмолдо Наркул уулунун ысымы менен байланыштуу [1:4-5]. Ал кыргыз тарыхында кыргыз тили жана адабиятын биринчи негиздөөчүсү болгон. Кыргыз балдарына биринчи жолу “Манас” жана “Нускоо” сабактарын кыргыздын улуттук маданиятынын негизинде өткөн. Балдарга “Акылдын кенчи - Манаста” деп манас сабагында кыргыздын оозеки чыгармаларын үйрөтүү менен аларды маданий-салттык, атуулдук, мекен сүйүүчүлүк багыттагы социалдашууларына чоң сүрөө болгон [2:35].

Нурмолдо шакирттерди турмушка, жашоого даярдагандыгына күбө катары педогогикалык иш-аракеттеринин ой жүгүртүүсүндө “Балдарды кожо-молдолукка гана эмес, жалпы эле социалдык-атуулдук жашоо-турмушка даярдоо” деп билдирет. Өлкөбүздүн билим берүү тутумундагы биз жаңы сабак деп жүргөн адеп сабагын Нурмолдо XIX кылымдын аягында эле “нускоолор” сабагы деп киргизген. Аталган дарста балдарга жөнөкөй жүрүм-турум эрежелеринен тартып, адамдык адеп-ахлактын бийик нормаларына чейинки асыл дөөлөттөр, даанышман акыл-кеңештер, ой берметтерди нускалаган. Асыл ойлордон мисал келтире турган болсок “Жериңди сатканың элиңди сатканың, келечегиңди атканың” [2:38].

Нурмолдо билим берүүгө жаңы окуу сабактарын киргизүү мнен гана айырмаланбастан жаңы ыкмалар, мурда катардагы молдолордун тажрыйбасында кездешпеген жаңы амалдар менен окута билгендиги менен өзгөчөлөнөт. Буга мисал. “Ким табаган?” деген усулдук амалды иштеп чыгып аны сабакка ийгиликтүү пайдаланган. Бул усул табышмактардын тутумуна негизделип, бардык дарстарда колдонгон [2:20].

Кыргызстандын тарыхында Нурмолдодон кийинки залкар инсан балдарга эски диний схоластикалык ыкманы таштап, жаңы “усули -жадид” ыкмасын колдонгон кыргыз агартуучусу, жазгыч акын Молдо Кылыч болуп эсептелет [1:57-58]. Ал шакирттерине адабий көркөм чыгармаларды жада калса башка диний сабактарды да которуп өткөн. Ал эми окуу программасына эсеп, жазуу жана эмгек сабактарын киргизген [3:27-28]. Буга далил катары Казан окутуучулар жыйынынын мүдүрү Н.И.Боровниковдун ою боюнча, жаңы усулдагы медреселердин программалары европа орто мектептеринин деңгээлине тете болгон.

Жаңы усулдагы медреселерде окуу мөөнөтү 8 жылдык болуп, окуу программасы төмөнкүдөй сабактарды өз ичине камтыган [4:91]:

1-таблица. Жаңы ыкма медреселериндеги өтүлгөн сабактар [4:91]:

№ Жарандык сабактар Диний сабактар

1 Түрк тили жана адабияты Куран

2 Араб тили жана адабияты Догматика

3 Ислам тарыхы Укук

4 Философиянын тарыхы Укуктун негиздери

5 Математика Адеп – ахлак эрежелери

6 География Мурастоо жөнүндөгү мыйзамдар

7 Табият таануу тарыхы Куранды чечмелөө

8 Физика

9 Химия

10 Астраномия

11 Аграномия

12 Гигиена

13 Логика

14 Психология

15 Методика

16 Жазуу

17 Сүрөт

18 Орус тили

Баары: 18 7

Кийинки кыргыз тарыхында белгилүү Шабдан баатырдын медресеси тууралуу сөз кыла турган болсок, Чоң-Кемин суусунун сол жээгинде, Тар-Суу айылынын батыш тарабында кандайдыр бир курулуштун пайдубалы сакталып калган. Археологиялык изилдөөлөрдүн далилдөөсүнө караганда 1909-жылы Шабдан баатырдын демилгеси менен түптөлүп курулган медресенин калдыктары. Анда бир эле кеминдиктер эмес, Кочкор, Жумгал жана Чүй өрөөнүнөн 150дөй бала билим алган. Бул медреседен акын Ысак Шайбеков, мугалимдер Абдраим Чүңкелеев, Дөөлөталы Келдибеков ж.б. билим алышкан. Окуу куралдарын Казан, Оренбург шаарларынан алдырып турушкан.

Алардын ичинде эски мусулман мектептеринен да сабаттуулугун жогорулатуу жана жарандык билим алуу максатында көптөгөн мурдагы “кадим” ыкмасындагы мектептерден билим алышкан молдолор да окушкан. Шабдан баатыр келечекти көрө билген, убагында Орусия империясында, Аравия, Түркия өлкөлөрүндө болуп, илим-билим жаатындагы жетишкендиктер менен таанышып, келечекте өз элин да алардын катарында көрүүнү самаган. Кыргыз коомунун өнүгүшү үчүн жарандык сабактардын зарылдыгын түшүнүп, жаңы усулда окутууну киргизген. Жарандык билим берүүнү ишке ашыруу үчүн Уфадагы татар мугалимдерин жалдап, аларга жылына 500 сомдон 1000 сомго чейин төлөп, жашоолору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берген.

Жүргүзүлгөн талдоо жана салыштыруулар көргөзгөндөй азыркы мезгилде исламдык билим берүү мекемелеринде сабактарды окутуу негизинен класстык-сабактык түрдө жүргүзүлөт. Дарстардын үлгүсү негизинен окутуудагы таламдарды чечүү катары тарбия берүү болгон. Окуучулардын билимин өркүндөтүү, окутуучулардын ишмердүүлүктөрүн, уюмдун түзүмдөрүн өнүктүрүү маселелерин карайт. Бирок тажрыйбалык жактан алып караганда ислам билим берүү жараяны XIX кылымдын аягындагы жаңы ыкма медреселеринен да төмөн карай орто кылымдардага сүңгүп баргандай сезилет. Буга далил жогорудагы таблицага көңүл бурсак андагы физика, химия, психология, астрономия жана философиянын тарыхы сабактары бүгүнкү медреселерде окутмак тургай эске да алынбайт.

Эгемендүү Кыргызстандагы диний исламдык билим берүү тутумундагы көйгөйлөрдү иликтөөдөн төмөнкүдөй анализдер чыгарылды:

1. Учурда ислам билим берүү мекемелери мамлекет тарабынан лицензия берилбеген диний окуу жайлардын үч баскычын түзүшөт:

• айылдык же башкы мечиттердеги хужра медреселер. Анда мусулмандарга ислам туурасындагы жөнөкөй түшүнүктөр берилет;

• такталган окуу мөөнөтү жана окуу программалары бар медреселер;

• такталган окуу мөөнөтү жана окуу программалары бар ислам институттары.

2. Ислам жогорку жана орто (медресе) окуу жайларынын саны өскөнү менен алардагы материалдык-техникалык жабдыктардын жоктугу жана жарандык сабактардын окутулбашы коом үчүн чоң көйгөлөрдү алып келет.

3. Исламдык окуу жайлардагы студенттердин басымдуу бөлүгүн аз камсыз, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары түзгөндүктөн коомдо, келечекте диний гана эмес социалдык дагы карама-каршылыктарды пайда кылат.

4. Исламдык билим берүү окуу жайларынын окутуу жараянында түрк, араб моделдеринин орун алышы, улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алган түзүмдүн калыптана электиги, жарандык коомдо эле эмес диний коомчулукта да карама-каршы ой-пикирлерди жаратат.

5. Исламдык билим берүү мекемелериндеги окуу-ыкмалык камсыздоонун жетишсиздиги, медреселердеги жана институттардын окуу программаларындагы айырмачылыктардын жоктугу байкалат. Ошондуктан мындай окуу жайларда студенттер Куранды окуу же диний ырым-жырымдарды аткаруу менен гана алектенишет.

6. Ислам окуу жайлардагы кууш теологиялык багыт көпчүлүк бүтүрүүчүлөргө жумуш табууга жана жарандык коомдун социалдык көнүмдүк талаптарына көнүүгө, биригүүгө тоскоолдук кылууда. Ошондой эле белгиленген көйгөйлөрдүн натыйжасында бүтүрүүчүлөрдү даярдоодогу бийик эмес деңгээл пайда болду. Ал өз кезегинде өз республикасына ишенимдүү жана динин жакшы билген бийик квалификациялуу диний лидерлердин жаңы муунун түзбөйт.

7. Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күнгө чейин ислам окуу жайлары жеке ишкерлер, чет өлкөлүк фонддор, исламга кызыкдар инсандар тарабынан ачылып, институттардын аталыштары да азыркы шаарларыбыздагы көчөлөрдүн башаламан аталып калышындай белгисиз эле инсандардын ысымдары берилүүдө. Окуу жараяны да демөөрчүлөрдөн көз каранды болуп калууда.

8. Калктын диний адабияттарга болгон муктаждыктары биздин мусулмандык улуттук маданиятка туура келбеген чет элдик авторлор тарабынан жазылган китептер жана колдонмолор менен камсыздандырылууда.

Шайырбек Шеров

Пайдаланылган адабияттар:

1. Байгазиев, С. Ала-Тоодогу агартуунун кыскача очерки XVII кылымдан 1917-жылга чейин. Бишкек, 2005. – 60 б.

2. Байгазиев, С. Нурмолдо – XIX кылымдын тунгуч агартуучусу жана даанышман педагогу. Бишкек, 2005. – 52 б.

3. Кубатова, А.Э. Кыргызстандагы алгачкы окуу жайлар. Бишкек, 2009. – 30 б.

4. Курумбаева, Г. Генезис государственной системы образования Кыргызстана как основного источника формирования национальной интеллигенции (конце XIX-начало XX веков.). дис.... канд. ист. Наук. Бишкек, 2008. – 196 с.

5. Кыргызстандагы диний билим берүү: медреселер чукул реформага муктаж. Тынчтык Инновациялары боюнча Булан институтунун баяндамасы. – Бишкек, 2017-жыл. – 29 б.

6. Султанова, М. XIX кылымдын II-жарымы XX кылымдын башындагы

Түштүк Кыргызстандагы билим берүүнүн абалы. дис.. тарых. илим. канд. / М. Султанова. – Бишкек, 2007. – 151 б.

7. Шеров. Ш. Кыргызстандагы диний исламдык билим берүүнүн түзүлүшү: абалы жана көйгөйлөрү. дис.. тарых. илим. канд. Бишкек, 2012-жыл. – 231 б.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×