Автор жазган текст, грамматикасы өзгөргөн жок. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.
Адам тагдырындагы тарыхтын тамашасы кызык. Кээде бир эле адамга ата-энеси төрөлгөндө бир ат койсо, турмуш агымы экинчи бир каймана атты коет, а жашоодогу орду үчүнчү атты коюшу ыктымал. Ошондой көптөгөн каймана аттары бар, дүйнөлүк, Россия, мурдагы СССР, азыркы КМШ мамлекеттеринин саясий тарыхында - “К.Тулин”, “Владимир Ильин”, “Ленин” “Николай Константинов”, “Р.Силин”, “К.Иванов”, “Карич”, “Карпов”, “Яков Б.”, “Яков Рихтер”, “Вильям Фрей”, “Статистик”, “Байкоочу - Наблюдатель”, “Окуучу - Читатель”, “Чоочун - Посторонний”, “Депутат эмес - Не депутат”, “Правдист - Чынчыл”, “Петербуржец – Петербургдук”, Ульянов-Ленин сыяктуу 146 псевдоними болгон, ХХ кылымдын башында дүйнөнү дүңгүрөткөн чыгаан инсан Владимир Ильич Ульянов же Ленин болгон. Ал 150 жыл мурда, 1870-жылдын 22-апрелинде Россиянын элет жери Симбирскдеги элдик училищанын инспектору И.Н.Ульяновдун үй-бүлөсүндө төрөлүп, тарбияланган. Жаштайынан революциячыл, террористтик уюмга кошулган улуу агасы Александр Ульяновдон чоң таасир алып, революциялык идеяга берилген. 1887-жылы император Александр III кол салганы үчүн, агасы Александр өлүм жазасына тартылган. Ошондон баштап Владимир Ульянов биротоло революциялык иштерге баш оту менен киришкен.
Тагдырдын да, тарыхтын да тамашасын караңыз, дүйнөнү дүңгүрөткөн Орус империясынын Москва, Петроград ж.б. ири тарыхый, саясий, экономикалык, маданий борборунда, ири шаарларында ондогон өзүн өзгөчө мыкты сезген, чындап эле дүйнөнү дүңгүрөткөн кыйындары, чыгаан саясий ишмерлери болсо да, 1917-жылы дал ошол Орус империясынын тагдырын элеттик Симбирскинин эки гимназисти чечкени болду. Биринчи гимназист В.И.Ульянов-Ленин, экинчиси А.Ф.Керенский.
Эң кызыгы ХХ кылымдын башында Россия империясынын тагдырын чечкен В.И.Ульянов-Ленин жана А.Ф.Керенский экөө тең Симбирскиде туулуп, өсүшүп, жакшы карым-катнаштагы үй-бүлөлөрдөн чыгышкан. Аталары аталган гимназияда чогуу иштешкен.
Гимназияны алтын медаль менен бүтүп жаткан В.Ульяновго жалгыз “4” деген бааны койгон гимназия мугалими Федор Керенский болгон. Бирок ал маселе эки үй-бүлөнүн карым-катнашына терс таасирин тийгизген эмес. Тетирисинче, агасына байланыштуу саясий ишенимсиз адам катары В.И.Ульяновго Россиянын бардык борбордук жогорку окуу жайларына кирүүгө тыюу салынып, мурдагы көп тааныш-билиштер Ульяновдордун үйүнөн баш тартышып, алардан алыстай баштаганда, дал ошол Ф.Керенский жардамга келген. Ал чочулабастан эле өз кепилдиги менен Казань университетине жолдомо берип, Владимирге жол ачкан. Ошентип дүйнөлүк пролетариаттын болочок жол башчысы Казань университетинин юридикалык факультетине кирүүгө мүмкүнчүлүк алып, чоң турмушка алгачкы кадамдары дал ошол Казань университетинен башталган. Бирок, көп өтпөй революциялык кружокко катышкандыгы, падышачылыкка ачык каршы чыкканы үчүн университеттен чыгарылып, алгачкы сүргүнгө Кокушкино селосуна айдалган. Бул тек гана тарыхый экскурс. Мен айтайын деген дагы бир нерсе бар.
В.И.Ульянов-Ленин да, А.Ф.Керенский да Санкт-Петербург университетинин юридикалык факультетин бүтүрүшкөн (Ленин экстерн жолу менен), экөө тең эмгек жолун адвокаттык кылуу менен баштаган. Ошол эки симбирскилик гимназист ХХ кылымдын башындагы орус элин, империясын эң бир татаал тагдырга туш кылган, бүгүнкүгө чейин көптөгөн талаш-тартышты туудурган, бирөөлөргө өзгөчө кумир болсо, бирөөлөргө өтө жек көрүндү душман, Орус монархиялык түзүлүшүнүн түбүнө жеткен көрүнүктүү саясатчылар, партиялык жана мамлекеттик ишмерлерден болушту.
1917-жылы эбегейсиз зор Орус империясынын тагдыры дал ушул эки гимназистин колунда болуп калганы таң калтырат. Биринчиси, В.И.Ульянов-Ленинди бүгүнкү күнгө чейин “дүйнөлүк пролетариаттын улуу жол башчысы”, “социалисттик революция тууралуу марксистик теорияны турмушка ашырган”, “профессионал революционер”, “дүйнөдө алгачкы жолу эмгекчилердин мамлекетин түзгөн”, “социализм идеяларын алгачкылардан болуп турумушка ашырган”, “Кеңеш Өкмөтүн негиздеп, жаңы Орус империясын түптөгөн”, “Кеңештик империяны негиздеген”, “73 жылдык жаңы саясий, социалдык системаны түзгөн”, “чыныгы большевик-коммунист”, “большевиктер-коммунисттер партиясынын негиздөөчүсү”, Кеңеш Өкмөтүнүн алгачкы төрагасы сыяктуу эпитеттер коштойт.
Экинчи гимназист А.Ф.Керенскийди мурдагы дүйнөнү дүңгүрөткөн Россия империясынын акырына чыгып, түбүнө жеткен инсан катары таанышат. Орус саясий тарыхында ал адамдын ысымын “монархиянын кечирилбеген кыйраткычы”, “саясий туруксуз, жеке амбициясы күчтүү адам”, “унутта калган жол башчы”, “революциянын унутта калган баатыры”, “1917-жылкы окуяларда натыйжасы жаман, жазмыштуу роль ойногон адам”, “аял кийимин кийип Петербургдан качып чыккан орус саясатчысы”, “эң түшүнүксүз орус саясатчысы” же кесиптеши М. Родзянко 1922-жылы айткандай “Россияга эч ким А.Ф. Керенский сыяктуу зор зыян келтирген эмес” – деген сыяктуу тарыхый, саясий эпитеттер коштоп жүрөт.
Мына ошол эки гимназисттин улуусу, чыныгы социалист, большевик, эмгекчи элдин таламын талашуучу В.И.Ленин кыргыз элинин, мамлекетинин тарыхында зор из калтырып, элибизди 1916-жылкы апааттан сактап, ачарчылыктан, Кытайда калып, кырылуудан сактап, өз мекенине кайтууга өбөлгө түзгөн, Кеңеш Өкмөтүн орнотуп, кыргыздарды улуттук мамлекетүүлүгүнө жетишүүгө зор өбөлгө түзгөн инсан катары белгилүү. Бекеринен убагында улуу акыныбыз Т.Сатылганов “Кандай аял тууду экен Лениндей уулду” деп ырдабаса керек. Кеңеш доорунда кыргыз акын, жазуучулары Ленин жөнүндө көп эле чыгармаларды жазышканы баарыбызга белгилүү.
Башкаларга караганда, кыргыз элинин улуу муундагы эле эмес, кийинки жаш муундары да Ленинге көзү түз экени маалым. Бир эле мисал, азыркы КМШ мамлекеттеринин ичинен биздин Бишкек, Ош шаарынын так ортосунда турган Лениндин эстелигин элибиздин, мамлекетибиздин ага болгон сый-урматы катары баалоого болот. Ош шаарындагы Лениндин бою 23,5 метр бийиктиктеги эстелиги учурдагы Россия, КМШ мамлекеттериндеги эң бийик, ири, кооз, айлананын көркүн ачкан фундаменталдык эстелик экени шексиз.
Постсоветтик мезгилден баштап Лениндин тарыхый, саясий бейнесине ар кандай, Кеңеш доорундагыга кайчылаш пикирлер пайда болгону талашсыз. Мейли Россия өзүнчө баа бере берсин дейин десең, азыркы кыргыз саясатчыларында, саясат таанучуларында, ар түрдүү серепчилеринде, тарыхчыларында деле бирдиктүү пикир жок. Албетте анын саясий бейнесине баа берүүчүлөр чекеден чыгат, бул өзүнчө маселе.
Кандай болсо да Ленин адамзат тарыхынын улуу, гениалдуу акыл-ойлорун, социалдык идеяларын алып жүрүүчүлөрдүн алдыңкы сабында кала берээри талашсыз факт. Дал ошол улуу жол башчынын туулганына учурда 150 жыл толду. Биз болгону 150 жылдык мааракесине карата анын тарыхый, саясий бейнесинин кээ бир штихтерин эске салдык.