Добавить статью
14:55, 9 марта 2021 692

Санжыранын жакшы жагы

Автор жазган текст өзгөртүүсүз жарыяланат. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Санжыра — бул да илим, бирок экинчи тарабынан улуттук идеологиянын маанилүү бир бөлүгү катары роль ойнойт. Санжыраны ата-бабалар жакшылыкка пайдаланса, азыр айрымдар санжыраны жамандыкка пайдаланышат. Ошондуктан, санжыранын кандай жакшы жактарын пайдалана ала турганыбызды так белгилеп алуубуз кажет.

Санжыранын биринчи тепкичи — бул үй-бүлөлүк тарых. Жөнөкөй адам өзүнүн үчүнчү атасына чейинки үй-бүлөлүк тарыхын, тагыраак айтканда чоң ата, чоң эне, таята, таене, алардан тараган уул-кыздардын, небере-чөбөрөлөрдүн жана башка туугандарынын өмүр-баяндарына кызыгып коюшу керек. Кыскасы, соопчулукка тууганчылык карым-катнашты жандантуу үчүн үй-бүлөлүк санжыра керек.

Санжыра окуусу бир элдин бир замандаш болгон үч муунун бириктирет. Эреже боюнча, бир муун 20-25 жыл менен эсептелет. Мындайча айтканда, мисалы 1975-жылдан 2000-жылга чейин төрөлгөндөр - биз бир муунбуз - ортоңку муунбуз. Биз жашоонун нугун бурууга себепчи болгон муун катары улуу муунду урматтап, жаш муунга туура тарбия беришибиз керек. Билимди, күчтү жана жүрөктөрдү бириктирсек, биз Кыргызстанды кыйла өнүктүрүп кете алабыз. Саналуу жылдардан кийин биз да алдан тая турган мезгил келип жетерин, кийинки урпактар биздин жашообузду "тарых" деп биле тургандыгын эстей жүрүшүбүз керек.

Улуттук санжыра — бул идеалогиялык санжыра. Кызыккан киши жетинчи эмес, жетимишинчи атасына чейин сүрүштүрсө - өз эрки. Менимче, азыркы тарыхый булактардын жардамы менен ар бир адам 15-20-атасына чейин тактап билсе болот. Уруктун, уруунун, элдин, алтургай улуттун санжырасын чиймелей турган санжырачылардын бар болушу - бул жарандардын ынтымагын, мекендин тынчтыгын сактоочу залкарлардын бар экендигинин белгиси. Санжырачылар генеалогияны тарыхый булактар менен, генетикалык изилдөөлөр менен айкалыштыра билүүсү керек.

Генетикалык изилдөөлөр демекчи, кыргыз элинин санжырасында отузуулдар менен онуулдардын биригүүсү, отузуулдардын оң жана сол канатка тарамдалышы мындан миң жылдык илгерки мезгилге барып такаларын "днк-генеалогия" аркылуу далилдеп жатышат. Ошондо, биз 19-20 муун мурдагы Долон бийден эмес, болжолу 40 муун мурда жашаган бир туугандардан көпчүлүгүбүз тараган болуп калабыз. Дагы бир вариант боюнча, кыргыздардын жалпы түпкү бабаларынан бери 80-100 муун өткөн болушу мүмкүн.

Санжыраны канчалык тереңдете берсең, ошончолук көп адамдын, көп элдердин, улуттардын барып-барып бир тууган экендигин көрүп, көз карашың өзгөрөт. Акырында жалпы эле адамзаты бири-бирине бир тууган экендигин, бардыгы Адам атадан тарагандыгын унутканыңды кайра эстегендей болуп, адамдардын бири-бирине адамгерчиликтүү болушун каалоо сезимиңди ойготууга санжыра жардам берет. Анткени, санжыра баяны тээ Адам атадан башталып келип, акырында адамгерчилик идеясы менен аяктайт. Адам ата демекчи, баса, илимпоздор адамзаттын " түпкү ата-энеси" болгон "Митохондриялык Ева" менен "Y-хромосомдук Адамдын" жашаган доору болжол менен 200-300 миң жыл мурда болгондугуна токтолушкан. Санжыранын тили менен айтканда, андан бери 8-10 миң муун өткөн болот. Ал эми андан мурда жашаган адам сымал маймылдарда аң-сезим, маданият болбогондуктан, айбан сымал оттоп жашашкандыктан, аларды өзүнчө доор сүргөн жандык катары эсептеп, аларды өзүбүзгө "ата-баба" катары кабыл ала албайбыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

03-05-2021
Арзымат уулу Садырдын хандыгындагы чек ара маселеси
533

30-12-2019
Ой-пикир: Кыргызстандагы социалдык кызматтын тарыхын доорлорго бөлүү
13272

13-05-2015
Манас XIV-XV кк. жашаганбы?
16680

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×