Добавить статью
15:37, 22 апреля 2021 23266

Адамгерчиликке тарбиялоонун асыл сабактары

Автор жазган текст өзгөртүүсүз жарыяланды. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт

Акматали Алимбеков

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин

педагогика кафедрасынын башчысы, 

педагогика илимдеринин доктору,

профессор

Учурда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын турмушка ашыруу максатында улуттук тарбиянын идеалдарын айкындоо багытында активдүү аракеттер жасалууда. Буга байланыштуу биз бардык эмгектерибизде азыркы кыргыз коомунун улуттук тарбия идеалынын базалык баалуулуктары нукура улуттук нарктар менен азыркы доордун адамына коюлган талаптардын синтезинен турушун ырастап келебиз.

Ошондуктан бул макалабызда ошол маселелердин айрым бир алкагы катары кыргыз элинин балдарды боорукерлик, жоомарттык, берешендикке тарбиялоого негиз болгон асыл сабактарын ачыктоону кѳзѳмѳл туттук.

Күтүлбѳгѳн опурталдуу окуялар менен коштолгон кѳчмѳн коомдун шарттарында урпактарды бири бирине карамдуулукка, боорукерликке тарбиялоо башкы зарылдык катары кабылданган. Кыргыз тилинде адамдын адамгерчилигин, мээримдүүлүгүн ѳлчѳп баалоодо “боору жумшак”, “боору тааныйт”, “боору билет”, “боору тартып турат”, “боордош”, “боору бир” деген сѳздѳр кѳп учурайт.

Эл тарабынан тууган урукка, эл журт ичиндеги бей бечараларга «карамы жок», кайрымсыздар адамгерчилиги тайыз адамдар катары саналган. Буларды ажыратып баалоо үчүн «Боор ооруган бозорот, табалаган тамылжыйт», «Боорукер жардамга келет, боору таш өлгөнгө күлөт» - деген макалдар бар.

Жетим-жесирлерге, карыларга, бечара кедейлерге, оорулууларга, ошондой эле айланадагы жан-жаныбарларга боорукер жосун күткөн ак пейил адамдарды "соопко белин байлаган" деп мүнөздөшкөн. Айрыкча жетим-жесирлерге карамдуулук, камкордук эң жогорку даражалуу сооп иш катары каралган. «Жетимдин акысы – тозоктун оту», «Жетимдин акысы жети жыл уктатпайт» – деген накыл кептер аркылуу жетим жесирлердин мээнетине аксымдык кылгандык кечиримсиз оор күнѳѳ катары эскертип келишкен. Ал эми Арстанбек акын адамдар арасындагы кара мүртѳздүктү айыптоо менен «Алабарман сөз сүйлөп, Азамат көөнүн оорутпа. Жетимге камчы көтөрбө, Жесирдин отун өчүрбө» деп эскерткен.

Кыргыздар урпактарын кайрымы жок таш боор болуп калбашы үчүн абдан кабатырланышып, андай жоруктан алыс болуп чоңойушу үчүн ар түрдүү камкордуктарды кѳрүшкѳн. Эгер үйгө жол сураган жолоочу келсе, аны алгач үйгө киргизип ысык чай, кымыз менен сыйлап, анан барар жолун көргөзүп, узатып же жеткирип коюу салт катары калыптанган. Көбүнесе мындай иштерди балдарга тапшырышкан. Элдик ырымдарга ылайык «Балага чучук бербейт. Чучук жеген бала мээримсиз болуп калат», «Баланын жаздыгын ѳтѳ жумшак койбойт», «Баланын таманынан ѳппѳйт, ѳпсѳ кайрымсыз болуп калат».

Балдардын мээримдүү ѳсүшү жѳнүндѳгү ак тилектер «Кең пейил, акылман кыл, Кедейге кайрымдуу, тууганга сүйкүмдүү кыл» деп баталарда да ѳзгѳчѳ белгиленет.

Кыргыздар күндѳлүк турмушта балдардын боорукерлик жана кайрымдуулукка байланыштуу демилгелерин ѳтѳ канааттануу менен колдоого алышкан. Буга байланыштуу Шабдан баатырдын балалык чагына байланыштуу окуя ѳзгѳчѳ кызыгууну туудурат. Бишкек шаарында 1992-жылы чыккан «Шабдан баатыр» деген китептин 45-бетиндеги Абдрасул Осмоновдун эскерүүсүнөн үзүндү окуп көрөлү:

- Шабдан жети жашар кези экен. Жантай бир топ кишилер менен карагайдын көлөкөсүнө, суунун жээгине шырдак салдырып, дасторкон жайдырып коюп, Күрөңкөйгө комуз черттирип отурган экен. Шабдан атасынын жанына келип:

- Ата, сизден бирдеме сурасам бересизби? - дейт.

- Бере турган нерсе болсо берейин. Айтчы, эмне сурайсың?

- Ата, бир семиз кой бериңизчи?

- Ошол элеби? Аны эмне кыласың?

Досум Зайнидиндин апасы үч күндөн бери ооруп төшөктө жатат. Суук тийиптир. Эт жеп, шорпо ичсе эле айыгып кетет дейт. Зайнидин жетим эмесипи.. ыйлап отурат. Жантай шашкалактап: - Ал балам, ала кой» - дегенде Шабдан учуп жөнөйт. Зайнидин досунун үйү абдан алыс экен. Ошого чейин тынбай чуркап барат. Жантай ыраазы болуп, «Буюрса балам боорукер болот тура» - деп сүйүнгөн экен...

Атанын тилеги кабыл болуп Шабдан жанда жок боорукер карапайым адамдарга жакын карамдуу болуп ѳскѳндүгү эл ичинде ѳрнѳк катары айтылып келет. Шабданга жолдон кайырчы, думана чыкса, ат мингизип, чепкен жапкан дешет.

Балдарды боорукерликке, кайрымдуулукка тарбиялоодо «Манас» эпосундагы ѳрнѳктѳр ѳзгѳчѳ мааниге ээ болгон. Эпосто адамдын сүйүүсүнүн мазмуну ата эненин перзентине болгон мээрими, перзенттеринин ата энеге күйүмдүүлүгү, ѳз улутунун боордоштугу, бѳтѳн эл, бѳлѳк журтка боор берип элдешүү сыяктуу боорукерлик мамилелер баяндалып, үлгү катары айтылган. Манас Чоң казатка бара жаткан жолдо: «жерди айтып бир кейип», «элди санап бир кейип» өзү жөнүндө эмес, элдин келечеги үчүн санаага батат. Кокустан өлүп кетсем Бээжинде

Биринин тилин бири албай,

Баш аламан кокуй Эл Бирөөнү бирөө көрө албай,

Ала болуп кететбейм,

Аңдып жүргөн көп душман

Алакандай элимди

Түбүнө түгөл жетет бейм . Оор салгылашуулардын биринде жеңилип калган тараптан бир эне балдарынын ѳмүрүн сурап Манаска кайрылганда ал боорукерлик менен эненин сѳзүн эки кылбай орундатат:

Балдарың кечтим күнөөсүн,

Жакшы киши окшойсуң

Байкоо менен сүйлөйсүң.

Турсун аман балаңыз,

Турсун мына калааңыз, Өз жаныңа караңыз .

Кыргыз элинде бирѳѳлѳргѳ кыйынчылыкта кол сунуп жардам, кѳмѳккѳ келип же, кѳп жылдык карызын кечип жиберген, же бирѳѳлѳрдүн айып акыларын тѳлѳп башын бошотуп алган адамдардын ысмы ооздон оозго, муундан муунга суктануу жана сыймык менен даңазаланып, боорукерликтин, пейили кенендиктин үлгүсү катары унутулбай айтылып келген. Бул гумандуу жѳрѳлгѳ «ажат ачуу» деп аталган.

Кыргыз фольклорунда эбалдарды жан жаныбарларга да боорукерлик менен мамиле кылууга тарбиялоону кѳзѳмѳл туткан чыгармалар арбын. Алардын бири «Баба дыйкан батасы» кыргыздын залкар батасынын бирөө болуп, бул айдоо жерге үрөөн себерде колу берекелүү, дили таза киши үрөөн себүүнүн эң алгачкы башталышында, бир ууч үрөөндү сепкенче айтылат. Батанын негизги мазмуну бул үрөөндөн өнүп чыккан дан жалгыз эле эгүүчүнүн өзү үчүн өнбөй, дагы табияттагы жанжаныбарлардын акысы, алардын ырыскысы үчүн өнүү керектигин айтат. Бул бата түпкүлүгүндѳ кыргыздардын табияттагы жан-жаныбарларга боорукерлик менен мамиле жасоо жана алар менен ырыскысы үчүн кызмат кылуу нускасын туюнтуп турат. Ушундай боорукерлик менен кең пейилдик калыстыкка чакыруу ѳрнѳгү аты аңызга айланган ойчул акын Асан кайгынын ырларында да таасын чагылдырылган. Асан акындын атына «Кайгы» деген сѳздүн кошулуп айтылышы адамдардан баштап жан жаныбар макулуктарга чейин баарынын абалына жаны кейип, боору ачып жашоо кечирген ѳрнѳктѳрү менен байланыштуу болгон.

Маселен, кыш мезгилинде көп жаныбарлар жабыр тарта тургандыгын эстеп сар-санаага батат:

"Таразасын көтөрүп

Тарбаңдаган жер тумшук Ташбака байкуш кантти экен? Боору жерге жабышкан, Баса албаган балчактап

Бака байкуш кантти экен?

Кирер эшиги жок, Корголор тешиги жок, Коңуз байкуш кантти экен?

Курт-кумурска үйү жок,

Куурап баары өлгөн чыгар,

Өлбөсө да байкуштар

Көргүлүктү көргөн чыгар", - деп жаны жай албайт.

Мындай купуя сырдуу рухий көрүнүштөрдүн түптөлүшүнө, калыптанып системаланышына адегенде элдик архаикалык мифтик түшүнүктөр, кийинчерээк ислам дининин эреже-жоболору чоң таасир тийгизген. Ислам осуяттарында айбанаттарга аяр мамиле кылуу, аларды кокустуктардан сактоо адам баласынын милдети катары каралат. Бул жөнүндө ар кандай жандуу айбанаттарга зулумдук кылып, зыяны жок айбанаттарды өлтүрүү, кыруу, аларды кыйын абалга дуушар кылуу ж.б.д.у.с. бардыгы арам иштер катары айыпталат. "Ар кандай айбанаттардын сүт эмген жаш балдары болсо биротоло энеден баласын ажыратып таштагандан өтө сак бол". "Жаңы тууган малдын сүтүнө кызыгып анын баласын эмиздирбей ач калтырба". "Майда курт-кумурскалардын жана куштардын, канаттуулардын уясын бузба". "Зыяны тие турган бөрү, жылан, чаян, чычкан сыяктуу айбандарды өлтүргөндө маңдайга чаап, же башка жолдор менен өтө катуу кыйнап өлтүрбө". "Эч убакта айбанатты отко салып өлтүрбө". "Мал жанды асырап карай турган болсоң, албетте ырасмини так карман". "Аларга ачууланган учурда сөгүнүп-кагынуудан, уруп согуудан өзүң корк».

Кыргыздардын да калк акылмандыгын камтыгын булактарында кең пейилдик, жоомарттык сыяктуу инсандык сапаттар эң жогорку даражадагы нарк нуска катары муундан муунга мурасталып келген.

Алсак, «Кең пейилдүү кемибейт, тар пейилдүү жарыбайт», «Пейили кеткен кишинин, казанынан аш кетет», «Пейили кенен - калысчыл, пейили тар - арызчыл», «Акылдуунуку - ортодо, Акмактыкы - калтада», «Кѳкүрѳк ачык болсо, кѳңүл ачык болот», «Кѳңүлүң каш болсо, ичкениң таш болот» деген сыяктуу макалдарда урпактарга пейилдин тардыгы менен кеңдигинин маани-маңызын таанытуу кѳзѳмѳл тутулат.

XVIII кылымдын аягында XIX кылымдын башында Ысык-Кѳл ѳрѳѳнүндѳ ѳмүр кечирип «Акылдын ээси» аталган Сарт аке (1775-1865) байлык, пейилдин кеңдиги туралуу минтип айткан экен: «Негизи эле адам пейилинен табат. Короо-короо кой, үйүр-үйүр жылкы, үй толо дүнүйѳ болсо да, бирок пейили тар болсо, дүйнѳдѳ мындан ѳткѳн жарды адам болбойт. Малдын түгү жок, үрүп чыгаар ити жок, мыёологон мышыгы жок, сызга олтурган жарды болсо, ошого карабастан жаратылышынан пейили кенен болсо, акыйкатта мындай адам бай. Балам мал жан күтсѳң пейил кошо күт. Сараң адамда ынак дос жан бирге тууган, эзилишип эришкен сѳѳк болбой, жалгыздап калат. Мындан ашкан жардылык болобу – деген. Кыргыздардын тарыхында колунда бар байлар байлыгынын кѳптүгү менен эмес, эң обол пейилинин кеңдиги менен аты аңызга айланып, жаштарды тарбиялоонун ѳнѳгѳлүү ѳрнѳк нускасына айланып калган. Алсак Каныкейдин чын дили, колунун ачыктыгы, берешендиги «Жетишпедим» – дегенге Жеңин кесип бергендей Берендик жайы бар экен» - деп үлгү тутулат.

Балдар жакшы ѳрнѳктѳрдѳн гана эмес, пейили тардыкты ашкерелеген окуялардан да сабак алышаарын элдик тарбиячылар даана баамдашкан. Муну «Карымбайдын кайрымсыздыгы», «Чык таттырбас чынарбай» аттуу жомоктор тастыктайт. «Карымбайдын кайрымсыздыгы» деген жомокто ѳмүрүндѳ бей-бечараларга кайыр садага бермек тургай, жалданып малын багышкандардын акысын убагында бербей убара кылуучу экен. Теңир Карымбайдын ал кылыктарын эскертип, кайрымдуу болууга үндөгөн экен. Карымбай ага кулак какпагандыктан Кара жер аны биротоло соруп кетиптир. Ошондон тартып Кайрымынын жогунан Карымбайды жер жуткан» деп сабак калган имиш. Ал эми «Чык таттырбас Чынарбайдын» мейман кирип келгенде байбичеси койдун ичегисин, башын ѳзү, тамакка белендеген камырын келини беките койгонун Алдаркѳсѳѳ ѳтѳ чебер шакаба түрүндѳ ашкерелейт. Бул жомоктордогу осол жоруктарды турмуштук мисалдар менен шѳкѳттѳп чечмелѳѳ аркылуу эл бакылдык, сараңдык пейили тардыкка карата балдардын жийиркеничтүү мамилесин калыптандырууга аракет кылышкан.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

26-04-2023
Пикирлеш инсан жана илимпоз Куссеин Исаевди эскерүү
15506

03-12-2020
Ой-пикир: Кыргыз коому жана балдар
27397

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×