Добавить статью
15:05, 7 сентября 2020 29090

Ой-пикир: Ала-Тоого арка чыккандар

Автор жазган текст өзгөртүүсүз жарыяланат. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Мекенден четте жүргөндөрүн эң кайдыгери да анын чегинен бир карыш алыс чыккан соң, туулган жердин кайгысын тартып, кабарына ынтызар болуп калат экен. Эл-журттан жылуу кабар угулар бекен, ар келген бийлик аз да болсо жылыш жасар бекен деп өзүбүз четте болсок да кулагыбыз Мекенде. Анда-санда угула калган жылуу кабарлардан кадимкидей жарпыбыз жазылып, сыймыгыбыз артып, бири-бирибизге бөлүшкөнчө шашабыз. Ар кандай себептер менен азырынча ата мекенден алыс жүрсөк да, ага деген кусалык, кутсал милдет ар качан жаныбызда, жүрөгүбүздө.

Албетте, ар кимдин четке чыгыш себеби ар башка болгондой эле аркалаган милдети да, калчу мөөнөтү ар башка. Бири келечек кесибин түптөп алыш үчүн келсе, бири алган билимин жогорулатуу үчүн, үчүнчүсү тиричиликтин айынан үй-жайын, бала-бакырасын таштап, акча таап абалын оңдоштун камы менен жүрөт.

Мен да эгемендиктин шарапаты менен Түркиянын билим берүү тармагы тарабынан чакырылып келип, узун жылдар бул тармакты аркалап келе жаткан мекендештерден биримин. 1993-жылы келгенимде элчилигибиз эми гана уюшулуп, эки тараптуу келишимдер алгач түзүлүп жаткан кези экен. Ошондо Кыргызстандын Анкарадагы алгачкы элчиси ыраматылык Төлөмүш Океев агайдын өтүнүчү менен элчиликтердин эки тараптуу келишим текстин бир эсе жүктөлгөн жоопкерчиликтен толкунданып, бир эсе жасалчу иштердин орчундуулугуна өрөпкүп которгонум эсимде.

Андан бери билинбей 27 жыл өтүп кетиптир. Алгач бизге окшоп бирин-экин иштеп келгендер болбосо, туруктуу жашагандар негизинен окуучулар менен студенттерден гана турган кыргыз диаспорасынын саны азыркы күндө миңдеп саналат. Алгачкылардын катарын акыркы жылдарда Кыргызстандагы экономикалык каатчылык себебинен ар кандай үй жумуштарына жалданып иштегендер, окуусун бүтүп иштеп калгандар, үй-бүлө күтүп жашап калгандар, квалификациялуу кесипкөйлөр, түрктөр менен орток иш кылган ишкерлер ж.б. толуктады. Ошентип эки тараптуу мамилелердин тармагы да, масштабы да абдан кеңейди.

Арийне, чейрек кылымдан ашык бул мезгилде эки өлкө тең ар кандай олуттуу саясий-социалдык окуяларга сахна болду. Кыргызстан эки жолу саясий төңкөрүш, улуттар арасы кагылышуулар, бир канчалаган табигый кырсыктарды башынан өткөрдү. Түркия да 2015-жылы олуттуу саясий төңкөрүш окуясына кабылды, үзгүлтүксүз уланып келген террордук аракеттер, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө тынчыбаган согуштардан улам өлкөгө баш калкалаган миллиондогон качкындар маселеси сыяктуу маселелер менен алпурушуп келет.

Бирок кандай гана абал болбосун, эки өлкө арасындагы мамилелер эл аралык укук нормалары менен катар улуттук кызыкчылыктарды да эске алган, бир туугандык жана түбөлүк достукка таяндырылган башта “Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасы арасында түбөлүк достук”(1997), “Кыргызстан-Түркия: XXI кылымга орток кызматташтык” (1999), “Кыргызстан-Түркия Стратегиялык Кызматташтык Жогорку Кеңеши” (2011) сыяктуу маанилүү келишим жана макулдашуулардын негизинде изден тайбастан жүргүзүлүп келет.

Эки өлкө арасында ар тараптуу мамилелерди ырааттуу жүргүзүш, Түркиядагы кыргыз жарандарынын ар кандай социалдык маселелерин чечүү сыяктуу өтө жооптуу милдет, албетте, бир ууч коллективден турган Кыргызстандын элчилигинин мойнуна жүктөлгөн.

Төлөмүш Океевден кийинки Медеткан Шеримкулов, Аманбек Карыпкулов, Мамбетжунус Абылов, Ташбоо Жумагулов, Эрмек Ибраимов, Ибрагим Жунусов сыяктуу кыргыздын таанымал саясий, маданий ишмерлеринин ар бири Анкарадагы Кыргызстан элчилигинин башында турушуп, кыргыз-түрк мамилелеринин өнүгүшүнө өздөрүнүн баалуу салымдарын кошушту.

Бирок өткөн мезгилдерден айырмаланып, СOVİD-19 пандемиясы тамгасы басылган 2020-жыл бүтүн дүйнө сыяктуу эле Түркияда иштеп, жашап жүргөн кыргыз жарандарын да оор абалга дуушар кылды. Өлкөдө билим жана иш чөйрөлөрүнүн жабылышы, көчөгө чыгууга тыюу салынышы, эл аралык аба каттамдарынын токтотулушу сыяктуу өзгөчө абалдар элчиликтин алдына бул жолу күтүлбөгөндөй оор милдеттерди койду. Элчилик бул жолу пандемияга байланыштуу иштен чыгарылган үй кызматындагылар, жатаканалары жабылып башпаанасыз калган студенттер, үй-бүлөсүнөн санааркап ишин таштап кетип жаткандар, дарыланганы же тууганчылап келип орто жолдо калгандар сыяктуу кыйынчылык тарткан жарандарыбызга жардам берүү, мекенге кайтаруу сыяктуу жайчылыкта эч көрүлбөгөн түркүн-түрлүү түйшүк менен алпурушууга аргасыз болду.

Баарыбыз башка өлкөлөрдөгү жарандарыбыздын айларча ара жолдо, алачыктарда калып, мекенге кайтуу маселесинде тарткан азап-тозокторун массалык маалымат каражаттарынан окуп – көрүп, кабыргабыз абдан кайышты. Кыргызстандын Анкара элчилиги кызматкерлеринин, өзгөчө атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси урматтуу Кубанычбек Өмүралиевдин кырдаалдын оорчулугуна карата кыраакылык менен жүргүзгөн аракеттеринин натыйжасында Түркиядагы жарандарыбыз анча кыйынчылык тартпай, сак-саламат үйлөрүнө кайтарылды. Түркиянын өзүндө да өзгөчө абал киргизилген өтө кооптуу учурда элчинин эки өлкө арасындагы өз ара жардамдашуу жана кызматташтык механизмдерин ыгы менен жана чечкиндүү түрдө ийкемге келтирип, жекече байланыштарын да колдонуу менен Түркиянын тиешелүү органдарынын алдына коё билиши, мекен милдетин аткаруудагы дипломатиялык чоң ийгилик болду десем жаңылышпайм.

Менин бул жазууну калемге алышымдын себеби да дал ошол апаат мезгилинде Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев башында турган дипломаттардын оор абалда калган журтташтарыбызды Мекенге кайтарууда болсун, тумоодон катуу жабыркаган Кыргызстанга Түркия мамлекетинин жана жарандарыбыздын жардам кампанияларын уюштурууда болсун, күндөп-түндөп тыным албай, бел чечпей жасаган эрдиктерин эли-журтубузга дайын кылып коюу сыяктуу жарандык парзымдан келип чыкты.

Эрдик сөзү элибизде “башына коркунуч келген бирөөнү куткарыш үчүн жанын сайып жасалган каармандык” деген мааниге келет. Бул жолку андай коркунуч бүтүндөй дүйнөнүн жүрөгүнүн үшүн алып, көзгө көрүнбөс, колго кармалбас, сактанчу куралы да, дарылоочу шыпаасы да болбогон тири укмуштуу жоо–атың өчкүр СOVİD-19 вирусу болду. Бул жолку балакет бир кишинин же бир өлкөнүн эле эмес, бүтүндөй жер жүзүнүн, анын ичинде биздин сүйүктүү Кыргызстаныбыздын да башына келди.

Ата мекен үчүн жаналакетке түшүп, апаатка каршы турган каармандар өлкөнүн ичинде да, тышында да, албетте, көп болду деңизчи, аны тарых учурунда таразалап алары бышык. Буюрса жайчылык бир заман да келет, бул каргашада жоготкондорубуз, баркына жетип-жетпегендерибиз, алган бардык сабактарыбыздын эсеп-чоту чыгарылып, тарыхтын барагына жазылат. Биздин жарандык милдетибиз — өзүбүз күбө болгон эрдиктерди убагында элдин эсине салып коюш. Эмесе, сөзүбүз урматтуу элчи Кубанычбек Өмүралиев баштаган Кыргызстандын Анкарадагы элчилигинин кызматкелеринин миңдеген кыргыз мигрантына көрсөткөн, биздин баамыбызда эрдик деп сайыла турган камкордугу тууралуу болсун.

Пандемия мезгилинде элчиликтин биз төмөндө санап көрсөтө турган иштердеги башкы ийгилиги — элчиликтин диаспора менен байланышын доорубуздун эң маанилүү каражаты болгон интернет желеси жана телефондор аркылуу тыгыз жана пландуу жүргүзө алганында болду. Элчиликтин kgembasy.tr@mfa.gov.tr интернет жана соцтармактагы баракчалары пандемиядан мурун деле жарандарыбызга өлкө жаңылыктары, эки тараптуу мамилелер, консулдук иштер тууралуу маалымат берип келген болсо, пандемия башталгандан тарта кудум өзгөчө кырдаал штабы сыяктуу иш алып бара баштады. Кыйын абалда калгандар үчүн атайлап уюштурулган шашылыш билдирүү жана ишеним телефондору болсун, элчиликтин расмий веб-сайты болсун жарандар ар убак кайрыла ала турган оперативдүү абалга келтирилди.

Элчиликтин Веб-сайттан жана соцтармактагы баракчаларынан пандемияга байланыштуу Түркия жана Кыргыз өкмөттөрүнүн алган чукул чечимдери, вирустан сактануу эрежелери, эскертүүлөр, кеңештер, элчинин жарандар жана мекемелер менен өткөргөн видео-конференциялары, кырдаалга байланыштуу Түркиянын мамлекеттик органдары менен жолугушуулары, жергиликтүү жана эл аралык медиага берген репортаждары кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде байма-бай жарыяланып турду.

Бул жагдай жарандарыбыздын дүрбөлөңгө түшпөй, ар кандай суроо, талаптарына так жооп алып, ошого жараша пландуу аракет кылганын, көз сала турган аталык камкордук алдында экенин сездирди. Түркияда пандемия март айынын орто ченинде чукул башталып, тез оорлошуп кеткен кезде, Кыргызстанда абал катуу көзөмөл алдында жана коопсуз көрүнгөнү үчүн жарандардын көбү мекенге кайтуу чечимин кабыл алышты көрүнөт.

Түркия өкмөтүнүн коопсуздук чараларына ылайык эл аралык жана ички учак каттамдары, шаар аралык унаа каттамдары толук токтотулган, ал түгүл чоң шаарларда көчөгө чыгууга тыюу салынган учурда Түркиянын дээрлик бардык облустарына жайылган жарандарыбызды Кыргызстанга кайтаруу маселеси чечилиши мүмкүн көрүнбөгөн оор маселе болчу. Көпчүлүк элчиликтер мындай оорчулуктан улам бул маселеге эч киришкен да жок. Кыргыз элчилигинин вирустун эң күчөп турган март-июль айлары арасында 12 чартердик учак сапары уюштуруп, аны менен 3367 кыргыз жаранын мекенге кайтара алганы чыныгы дипломатиялык эрдик, мекен алдындагы кызматтын бийик өрнөгү катары бааланышы керек.

Ал сапарлардын ар биринин ачылышы эле эмес, Түркиянын ар башка шаарынан жарандарды топтош, ар бирине тиешелүү муниципалиттерден уруксат алыш, шаарлар арасында эч бир кыймыл жок кезде миң бир түйшүк менен жалданган автобустарга элди белгилүү жерлерде топтоп салыш, Стамбул аэропортуна алып барып учуруш азыр айтканга оңой көрүнгөнү менен элчилик менен Стамбулдагы башкы консулдук кызматынын так пландалган, жарандар менен тыгыз байланыш кура алган жан аянбаган аракеттеринин натыйжасында гана ийгиликтүү ишке ашты.

Бул жерде аталган иштердин Түркияда вирустун так күчөп, күндө жүздөгөн жанды алып жаткан опурталдуу кезинде жүргүзүлгөнүн, жөнөтүлгөн ар бир кишинин жаны эле эмес, дипломаттардын өз жандарын да оозуна тиштеп иштегендери айтпасак да түшүнүктүү. Март айынан тарта сайтта жарыяланып, элдин талабына жараша түзүлүп баштаган тизмелердин элчилик сайтында ирети менен жарыяланып турушу элди этап-этап менен жөнөтүүдө баш аламандык жаралбашына өбөлгө түздү. Сайттан демейдегиден алда канча арзандатылган билеттердин баасы, макулдашылган сатыш жерлеринен тартып, учуш сааттары, коопсуздук чаралары, багаж уруксаттарына чейин бардык маалыматтар так берилип турду.

Тогуз жолдун тоому Стамбулдан уюштурулган бул сапарлар аркылуу жеке эле Түркиядан эмес, АКШ, Канада, Англия, Эфиопия, Франция, Германия, Испания, Италия, Кипр, Венгрия, Словакия, Грузия, Корея, Малайзия, Украина, Чехия, Болгария, Марокко, Бельгия, Норвегия, Польша, Швеция сыяктуу дүйнөнүн ар кыл өлкөсүнөн келген жарандарыбыз да Кыргызстанга аман-эсен жетип алышты.

Элчиликтин пандемия учурунда аткарган маанилүү иштеринен бири да Түркия мамлекетинин жана кыргыз жарандык уюмдарынын Кыргызстанга жасаган жардамдарына таасирлүү кол кабыш кылышы болду. Булардын катарында Түркиянын Саламаттык министрлиги тарабынан февраль айында грант катары ичинде тест системасы, бет кап, жекече коргонуу жабдыктары, фильтрлүү беткап, медициналык жүз калканчынан турган алгачкы жардамын; Түрк жана кыргыз өкмөттөрү арасында 7-июлда кол коюлган макулдашууга ылайык 20 өпкө вентилятору, 50 миң N95 бет кап, 100 миң хирургиялык бет кап, 35 миң коргоочу костюм, 2 миң жүз калканчы, 20 миң ПЦР-тест, 20 миң вирустук нуклеин кислотасы бөлгүч,10 миң куту гидроксихлорохин, 50 кычкылтек концентраторунан турган жардамды көрсөтсөк болот.

Бул маалыматтардын баары бизге-карапайым жарандарга жарыяланып, үмүтүбүздү тутандырып, жалпы элдик ыктыярдык аракеттерди баштоого шыктандырды. “Ала-Тоого Арка Бол!” деген жарандык жардам кампаниясы алдында биз да ар кеткен чартер учагы аркылуу колубуздан келген медициналык жардамдарыбызды тынбай жөнөтүп турдук.

Бишкекте вирус күчөп, оорукана, доктор жетишпей жаткан кыйын учурда ТИКА тарабынан курулуп, бирок али расмий ачылышы жасала элек Кыргыз-Түрк Достук ооруканасынын каргыз тарабына убактылуу пайдаланууга берилиши кыргыз-түрк боордоштугунун эң сонун үлгүсү болду десек болот. СОВИД-19га каршы күрөш маалында модерн жабдуулар менен жабдылган бул борбор аябагандай зор кызмат кылды. Мына ошол ооруканада вирустан жабыркаган, өпкөсүнөн катуу кагынган бейтаптарга профессионалдык жардам берүү үчүн Түркияда иштеген жана ординатурада окуган 18 жаш кыргыз доктор өз ыктыяры менен мекенге жардамга барышты. Демилгесин Түркиядагы иштеп жаткан жердешибиз хирург Эркин Исмаил менен бирге элчи Кубанычбек Өмүралиев, спонсорлугун кыргызстандык ишкерлер (шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу аттары аталбаган ал ишкерлерди элибиз социалдык тармактардан жакшы билет) көтөргөн. Бул жардамда докторлордун иштеген жана окуган жерлеринен уруксатты да Кыргызстандын Анкара элчилиги камсыз кылды.

Аталган эле максат менен ыктыярчы докторлор тобу Москва шаарынан келди (бул топтун спонсорунун аты да шайлоого байланыштуу аталган жок, бирок элибиздин толук кабары бар). Ошол эки топтогу кыргыздын 40тай азамат уул-кызы эл башына күн түшүп турганда негизги иштерин таштап келип, эл алдында ыйык атуулдук милдетин аткарышты. 5-июлдан тарта алар Достуктан башка Улуттук госпиталь, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ооруканасы, Discovery стационарында жалпы эсеп менен 3000ден ашуун бейтаптын айыгып чыгышына себепкер болушту, региондордогу дарыгерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Алардын мекен үчүн мындай жан аябай жасаган эрдиктери жана Кыргызстанда пайда болгон ыктыярчылык кыймылы кыргыз жана эл аралык коомчулукта аябагандай чоң резонанс жаратты, элдин алкоосуна татыктуу болду.

Бул эр азаматтарыбызга урмат-сыйын көрсөтүүдө мамлекетибиз да четте калган жок. Мамлекет тарабынан да 7-августта Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Россия Федерациясынан жана Түркиядан келип, СОВИД-19 пандемиясы менен күрөшкө өз салымдарын кошкон ыктыярчы докторлорго сыйлык тапшыруу салтанаты болуп өттү. Жогорку кесипкөйлүк жоопкерчиликтери, ак ниет эмгектери жана саламаттыкты сактоодогу ийгиликтери үчүн 7 доктор “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгы” юбилейлик медалы менен сыйланды, 31 докторго кайратман эмгектери жана СОВИД-19 пандемиясы менен күрөштөгү салымдары үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алкышы жарыяланды.

Социалдык желелерде да бул апаатты жеңүүдө салым кошкон бүтүн билинген каармандарга алкыш айтылып келет. Биз да Түркияда жашаган кыргыздардын атынан өлкөбүз үчүн өтө жооптуу учурда туура чечимдер алып, туура пландарды жасап, Кыргызстандын эч бир жаранын пандемия капшабына кабылтпастан, кетем дегенин үйүнө жөнөтүп, кетпейм дегенин ордунда кармап, аталык камкордугун аябаган сүйүктүү элчибиз Кубанычбек Өмүралиевге, ал жетектеген элчиликтин жамааатына — Айбек Акаев, Чыңгыз Абдурахманов, Медербек Каныбек уулу, Бегимай Бакытбек сыяктуу дипломаттарыбызга кыйын кезең учурунда эли үчүн жасаган эрдиктеринен улам ыраазычылык билдирип, алкыш айтмакчыбыз.

гүлзура жумакунова
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×