Добавить статью
14:52, 6 октября 2023 7741

Караханийлердин кыргыз экендиги боюнча Ө.Караевдин айткандары

Мындан миң жыл мурдагы мезгилде Кыргызстандын аймагында "караханийлер" деген эл жашап, алар мында эң күчтүү, гүлдөп өнүккөн мамлекетти курушкан. Дал ошолордун башкарган тушунда Орто Азиянын Ала-Тоосунда ислам дини да кеңири жайылып, расмий дин болуп кабыл алынган. Тарыхчылар ошол караханийлердин кайсы элден тарагандыгын изилдешип, бир бүтүмгө келе албай баш катыршып, көптөн бери талашып-тартышып келишет. Анткени, караханийлердин мамлекетинде көп этностор жашашкан, бирок аларды бириктирип башкарып турган алдыңкы эл кайсынысы болгондугу тарыхта так жазылбай калган. Ошол кездеги башкаруучулардын көбүнүн титулу «карахан», «буурахан», «иликхан», «арсланхан», «кылычхан», «кадырхан» болгондуктан, ошол аксөөк үй-бүлө болгон сулалени (династияны) шарттуу түрдө «караханийлер» деп атап коёбуз.

Албетте, ошол башкаруучулар бийликте биринчи иретте өз уругуна, өз уруусуна, өз элине таянышкан, бирок ошол эл кимдер болгон? Кээ бирөөлөр бул элди уйгурларга, кээ бири карлуктарга, башкалары көктүрктөргө, дагы бирилери йагмаларга таандык кылып көрүшкөн. Ал эми кыргыз тарыхчылары бул маселеде караханийлердин "чигил" деген уруудан тарашкандыгын, ал эми чигилдер байыркы кыргыздардын "чик" деген уруусунан келип чыккандыгын изилдеп чыгышкан. Эмесе, кыргыз тарыхчысы Өмүркул Караевдин бул боюнча эбак эле жарыкка чыккан, бирок азыркыга чейин көпчүлүккө таанытыла элек болгон изилдөөсү бар, ошону жөнөкөйлөштүрүп, популяризациялап көрөлү.

КАРАХАНИЙЛЕР КАРЛУК БОЛГОН ЭМЕС.

745-жылы Чыгыштагы кагандыкта карлуктар, тогузгуздар, кыргыздар жана башкалар биригип, көтөрүлүш кылышып, көктүрктөрдү бийликтен кулатышкан. Бирок, бийликке жеткенден кийин тогузгуздар (уйгурлар) күчтүүлүк кылып, калган союздаштарын кысымга алган. Ошондо карлуктар батышты карай көчүп кетип, 751-жылдагы Талас салгылашында араптарга жардам көрсөтүп, андан кийин 766-жылы Ала-Тоодогу бийликти түргөштөрдүн колунан тартып алышкан. Көчүп келген карлуктар Кыргызстандын түндүк аймагында көпчүлүк кылышып, башка урууларды баш ийдирип, өздөрүнүн кагандыгын түптөшкөн. Бирок, алардын доору жүз жылдай сүргөндөн кийин, өздөрү алсырай башташкан. Карлуктар алсырай баштагандыктан, IX кылымдын 2-жарымында жана X кылымдын башында батыштан чегарага саманийлер кол салып, бир нече жерлерди тартып алышкан. 942-жылы Ала-Тоого саякаттап келген мусулман окумуштуусу Абу Дулаф бул жактагылардын бири-бири менен касташып, ынтымактуу болбогондугун көрүп кеткен. Ошондуктан карлуктар кайрадан күчтүү мамлекет түптөөсү мүмкүн эмес. Буга төмөнкү бир нече жүйөлөрдү да келтирүүгө болот:

- 940-жылы карлуктардын бийлиги кулап, өлкөнү башкарууну караханийлер өз милдетине алган. Ошондо карлуктар Чүй өрөөнүнөн сүрүлүп, Жети-Суу аймагына көчүп кетишкен, бирок кайра бийликти алууга көп аракет кылып турушкан. Арадан 2-3 кылым өткөндөн кийин да карлуктар караханийлерге каршы көтөрүлүш кылып турушкан.

- Караханийлердин доорунда жашаган Махмуд Кашкари өз китебинде карлуктарга экинчи орундагы элдердей аз гана көңүл бурган. Демек, ал кезде башкаруучу эл карлуктардан башкасы болгон.

- Карахандарга чейин карлуктардын башкаруучусунун титулу «ябгу» болгон. Караханийлердин доорунда да карлуктардын ябгу наамы сакаталып калган, бирок ябгулар хакандан кийинки орунда 2 ранг төмөн турган. Аль-Хорезми да өзү жашаган доордо карлуктар башчысын ябгу дешкенин эскерет. Кийинки XII кылымда караханийлер менен карлуктардын ортосунда тирешүү жүргөн, ошондо өлүм жазасына тартылган карлук йабгусу «Байгу хан» деп бурмаланып жазылып калганын В.В.Бартолд баса белгилейт.

КАРАХАНИЙЛЕР УЙГУР, ЙАГМА БОЛГОН ЭМЕС.

Тарыхта байыркы уйгурлар катары таанылып жүргөн эл ошол кездеги жазууларда «тогузгуз», «тогуз огуз» деп эскерилген. Тогузгуздардын ягма деген бир уруусунан караханийлер чыккан деп айтылган пикирлер бар. Ошого таянуу менен көп учурда караханийлерди «уйгур мамлекети» деп жазып жүрүшөт. Эски тарыхый булактардын биринде ягмалардын падышасынын титулу «буграхан» болгон деп жазылуу, ошондон улам тарыхчылар ягмалар менен караханийлерди байланыштырып калышкан. Бирок, кыргыз тарыхчыларынын буга каршы мындай жооптору бар:

- Караханийлердин доорунда жашаган Жусуп Баласагуни өз китебинде йагмалардын ханы эмес, беги болгондугун эскерип кетет: «Йагма уруусунун бегинин сөзүн укчу, / Анын акылы бүт маселеде айырмаланып турчу».

- Махмуд Кашкари түрк элдеринин тилдерин изилдеп, эки топко бөлгөн: биринчи топто огуздарга тууган уруулардын тилдерин, ал эми экинчи топко чигилдер менен түрктөрдүн тилдерин киргизген. Ошондо ягмалардын тили биринчи топко кирип калган. Махмуд Кашкари өзүнүн тилин экинчи топко таандык кылган.

КАРАХАНИЙЛЕР ЧИГИЛДЕРДЕН (КЫРГЫЗДАРДАН) ТАРАГАН.

Байыркы кыргыздардын Енисей дарыясынын жогорку аймактарында жашашкан чик уруусу VIII кылымда тогузгуздардан жеңилгенден кийин карлуктар менен бирге Ала-Тоого көчүп келишкен. Чиктер бул жакта чигил деп аталып, карлуктарга жардамчы болуп жүрүп, кийин алардан да күчтүү болуп кетишкен. Карлуктардан калган бийликти чигилдер менен огуздар талашып, натыйжада жеңилген огуздар батышка ооп кетишкен. Ал эми чигилдер Ала-Тоодогу калган урууларды баш ийдирип, өздөрүнүн жаңы мамлекетин түптөшкөн. Дал ушул чигилдерден чыккан инсандар Караханий мамлекетин түптөшкөндүгүнө төмөнкүдөй далилдер бар:

1. 942-жылы Абу Дулаф саякаттап келгенде, чигилдер мусулманчылыкка өтө элек жана ынтымагы жок эл болгон. Ал чигилдердин арасында 40 күн жүргөн, башкача айтканда, башка урууларга караганда чигилдерде көбүрөөк убакыт турган. Анткени, чигилдердин саны көп, аймагы кенен болгон. Кийин 980-жылы чигилдерди бириктирген бир падыша болгондугу «Худуд ал-аламда» жазылуу. Бул мезгил караханийлердин алгачкы мусулман башкаруучуларынын башкаруу тушуна туура келет.

2. Караханийлер бийликке келгенде, Баласагун шаары «Куз-Орду», «Куз-Үлүш» деп да атала баштаган. Махмуд Кашкаринин сөздүгүнө карасак, карлуктардын тилинде «сагун» деген сөз «бий», «тектүү башчы» дегенди түшүндүргөн. Ал эми чигилдердин тилинде айылды, кыштакты «үлүш» дешкен. Демек, карлуктардан кийинки кагандыкты чигилдер башкарышкан. Хансарайда да чигилдердин сөздөрү колдонулгандыгы айтылат.

3. Караханийлердин доорунда чигилдердин тили расмий тил катары колдонулуганын, ошондуктан Махмуд Кашкари да чигилдердин тилин негиз кылып алганын Э.Р.Тенишев, С.М.Муталлибов сыяктуу окумуштуулар байкаган.

4. Огуздардын башында турган селжуктар батыш жакта күчтөнгөндөн кийин, алар чыгышындагы түрк элдерин жалпы жонунан «чигилдер» деп аташкан. Селжуктардын Султан Маликшахы менен караханийлер беттешкенде, караханий аскерлеринин негизги бөлүгүн чигилдер түзгөн.

5. Селжуктардын улуу вазири Низамулмүлк да өзүнүн «Саясатнаама» деген китебинде караханийлерди «чигилдер» деп атайт. Бир жолу Низамулмүлк: «Самаркандагы хандыкында айтылгандай, чигилдер мени рафизит (шиит) деп жамандашканы угулуп калчу болсо, анда ал (султан) мени кечирбейт» - деп тынчсызданган. Мунун алдын алуу үчүн Низамулмүлк кадимки өтүнүчтөрдөн тышкары отуз миң алтын динарды сарптаган, садага кылган.

6. XII кылымда жазылган санжыра китептерде түрк элдеринин түпкү аталарынын бири Чигил деп айтылат. Санжыра боюнча, Яфеттен Түрк, Түрктөн ушундай төрт уул болгон: Тутел, Чигил, Барсхан жана Илек. Ушуга караганда, В.В.Бартольддун ою боюнча, огуздардан башка түрк элдери өздөрүн Чигилден тараганбыз деп эсептешкен.

7. Караханийлер батыштагы коңшусу болгон саманийлерди жеңгенден кийин, алардан кийинки газневилер менен да согушушкан. Газневилер да караханийлерди «чигилдер» деп айтышкандыгы жөнүндө тарыхый булактар бар. Мисалы, «Шахнааманы» жазган Фирдоуси минтип жазган:

... Атасы ага берди чигилдерди

Майданга ылайык отуз миңди.

Тараз, огуз, карлуктан да

Отуз миңдей атчан берди.

Бул жерде Фирдоусинин берген маалыматы боюнча, караханийлердин аскеринин жарымы чигилдерден тургандыгы айкын болууда.

8. Саманийлерден чыккан Дакики деген акын 980-жылга чейин жашап, караханийлерди көрүп калган жана ырларына кошкон. Кийин анын ырларын Фирдоуси өзүнүн «Шахнамесине» киргизген. Ошондуктан анда мындай саптар кезигет:

...Отурду тактысына иран шахы,

Оюнда чигил шахына согушууга барды...

Жыйынтыктап айтканда, караханийлер чигилдерден чыккандыгы маалым болду. Албетте, алар өздөрү жалгыз эмес, өздөрүнө жакын карлук, йагма, тухси, аз, жабгу, кыпчак, огуз, кай, жумул, каңды, кенжек, аргу, согду жана башка уруулардын жардамы менен күчтүү мамлекетти түптөй алышкан. Булардын бардыгы түрк тектүү болуп, бири-бирине окшош болушкандыктан, тарыхый булактарда кимиси башчы экендигине маани берилген эмес. Ошол доорду кагазга түшүргөн мусулман окумуштуулары ала-тоолуктарды жалпысынан эле «хакандар» деп коюшкан. «Чигил» деген сөз фарсы тилинде «кырк» деп чечмеленет деген пикир да бар.

Демек, байыркы кыргыздар Ала-Тоого этап-этап менен көчүп келген, бирок, башында келген кыргыз уруулары элинин эмес, уруусунун аталышы менен таанылышкан. Орто кылымдарда эрте көчүп кеткен кыргыздардын бир уруусу Орто Азияда, калгандары Сибирде улуу дөөлөттөрдү негизешкен.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

03-08-2022
"Алмустактан бери" деген сөздүн мааниси
7952

03-05-2021
Арзымат уулу Садырдын хандыгындагы чек ара маселеси
12201

09-03-2021
Санжыранын жакшы жагы
7356

30-12-2019
Ой-пикир: Кыргызстандагы социалдык кызматтын тарыхын доорлорго бөлүү
20792

13-05-2015
Манас XIV-XV кк. жашаганбы?
23254

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×