Добавить статью
15:50, 3 декабря 2020 1366

Ой-пикир: Кыргыз коому жана балдар

Профессор Акматали Алимбеков
Профессор Акматали Алимбеков

Автор жазган текст өзгөртүүсүз жарыяланат. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Акматали Алимбеков,

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин

педагогика кафедрасынын башчысы

педагогика илимдеринин доктору, профессор

Кичинекей кыстарма же кѳңүлгѳ баккан ойдун күтүүсүз колдоого алынышы.

Мен ѳзүм баш аягы 30 жылдан ашуун мугалимдерди даярдоо факультеттеринде педагогика курстарын окутуп келем. Кѳп жылдык тажрыйбаларым мени билим берүү чѳйрѳсүндѳгү кризистердин кѳптѳгѳн себептеринин бири кыргыз коомундагы балдарга карата кайдыгер, салкын мамиленин күчѳп бара жаткандыгы экендиги тууралуу ишенимге алып келди. Бул тууралуу ойлорумду ортого салуу максатында 1918 – жылдын 10 –декабрында демилге менен Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “Кыргыз коому жана балдар” аттуу темада “Педагогикалык ой ордо” ѳткѳрүп ага Ош ОГПИнин ректору, п.и.д., профессор Б.Зулуев, КРдин эмгек сиңирген мугалими, т.и.д., профессор Б.Нурунбетов, энелер мектебинин негиздөөчүсү, п.и.к. Г.Мадаминов, “Жетиген” мектеп-лицейинин директору, п.и.к., доцент К.Акматовдор баштаган белгилүү педагогдор жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан, бейөкмөт уюмдардан, балдарды коргоо борборлорунан, билим берүү мекемелеринен атайын өкүлдөр катышышып, өздөрүнүн таасирдүү ойлору менен бөлүшүшкѳн (http://ogpi.kg/zhaylyktar/1504-oshto-pedagogdordun-oturumu-bolup-tt.html) Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентине 2019-жылды “Кыргызстанда балдарды коргоо жылы” деп жарыялоо боюнча кайрылуу катын даярдоону сунуш кылышкан. Бирок, ошол эле күндѳрү 2019-жыл «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланып калгандыктан сунуш кат даярдалбай калган. Ал эми биздин эч кандай аракетибизсиз эле Президентибиз тарабынан 2020 жыл "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыяланышын күтүүсүз ошону менен бирге эң жагымдуу кабар катары кабыл алдык. Ушундан улам Кыргызстанда балдар маселеси боюнча айрым ойлорубуз менен бѳлүшкүбүз келет.

Түпкүлүгүндѳ кыргыздар баланы башкы баалуулук катары караган эл.

Турмушта “балдар биздин келечегибиз”, “балдар үчүн жашап атабыз”, “бардык нерсенин башаты балдарда”, “эртеӊки коом бүгүнкү балдарга байланыштуу”-деген сөздөр үй бүлөдө да, коомдук чөйрөдө да көп кайталанып көнүмүшкө айланып калган сөздөрдүн катарында. Кыргыз элинде амандашуу сыпатынын башкы темасы да бала жөнүндө. Адатта, адамдар бири-биринин ал-жайын, турмушун балдарынын бакыбат өсүп-чоңоюп жатканына байланыштуу карашкан. Ушундан улам, учурашаарда «Бала-чакаң аманбы?», «Ойноп-күлүп, чоңоюп жатабы?»— деп сурашса, коштошоордо «Балдарың аман болсун», «Алардын бетииен өөп кой» — деген жакшы сезимин, ак тилегин, каалоосун билдирет. Залкар жазуучубуз Ч. Айтматов чыгармаларында кыргыз элинин салттык маданиятындагы балага карата мамилелелер тууралуу кейипкерлердин сабагы катары «... адамдын башкаларга кылаар эң чоң жакшылыгы эле үйүнөн Адам болоор балдарды тарбиялап өстүрүү экен. Аны да бирөөнүн жардамы менен эмес, өзү күн сайын, саат сайын бүт дилин берип, колунан келишинче балдар кашында көп болсо, ошончолук ийги. ...» - деп жазат. Ырасында эле элетте салттык маданиятын бекем карманган улуулар эч убак бала затына кайдыгер карашкан эмес. Кѳчѳдѳ же башка жайларда балдардын жакшы жоругуна күбѳ болсо “Атаңа ырахмат” –деп алкашкан. Ал эми осол жоругуна оро пара келип калса, сѳзсүз түрдѳ атайын токтоп туура акыйкат насаатын айтып же окуя тууралуу ата энесин кабардар кылган. Ошентип мурдагы учурларда балдардын жүрүм туруму дайыма коомчулуктун кѳз кырында жалпы элдин тарбиялык камкордугунда болгондуктан адеп салт бекем сакталган.

“Кѳргѳн кѳргѳнүн кылат” же ѳзгѳргѳн коомдогу балдардын ѳзгѳчѳчѳлүгү.

Балалыктын табияты ѳзү жашаган коомдун ѳзгѳрүү, ѳнүгүү ѳзгѳчѳлүктѳрү менен шартталгандыктан обол алар жашаган коомдун социалдык маданий, психологиялык ѳӊүттѳгү принципиалдуу жаӊы ѳзгѳрүүлѳрүн таануу талап этилет. Биз учурда адамзат жаӊы тарыхый абалда жашап жаткандыгыбызды ачык моюндашыбыз зарыл. Учурудун урунттуу белгилери социалдык, экономика, демография, маданий, экологиялык саясий чѳйрѳлѳрдѳгү болуп кѳрбѳгѳндѳй проблемалык кырдаалдар. Алсак, адамдардын пейили ѳзгѳрдү. Инсан аралык мамиле ѳз ара пайда кѳрүүгѳ ыктоодо. Дүйнѳдѳ фундаментализм, сепаратизм, улутчулдук күчѳдү. Мындай шартта балдар эмес чон адамдар, бүтүндѳй мамлекеттер барар багытын аныктай албай социалдык –психологиялык жактан жабыркоодо. Демек, адамзат тез ѳзгѳрүүгѳ бет алган жаӊы тарыхый абалда жашап жатат. Айрым окумуштуулардын айтымында бул – цивилизациялык жарака.

Бүгүн ѳсүп келе жаткан бала маалыматтык жаңы чек араларсыз жаңы мейкиндикте жашап жатат. Алар күн сайын маңдайыбызда олтуруп бирге жашоо кечирген менен алардын ишеним ынанымдары, туткан позицияларынын калыптанышында ата эне, мугалимдерге караганда интернет ресурстарынын таасири күчтүүрѳѳк болууда. Балдар бара бара компьютерде олтургандан ырахат алып реалдуу адамдарга караганда виртуалдык дүйнѳ менен алака катыш жасоого кѳп убакыт жумшашууда. Анын айынан үй бүлѳсүнѳ досторуна кайдыгер мамиле кылып, депрессияга кабылып, болбогон нерселерге кыжырданып, айрыкча компютерди, телефонду ѳчүрүүгѳ карата чоңдордун эскертүүлѳрүнѳ адаттан тыш айрым учурда агрессивдүү реакциясы жасашууда.

Демек, балалык турмуштун туура ѳзү, ѳз заманынын кѳчүрмѳсү. Балдар туралуу мурдагы илимий китептердеги кѳптѳгѳн билимдер бүгүнкү реалдуулукка дал келбей калды.

XXI кылымдын балдары Коменский и Песталоцци, Ушинский и Пирогов, Пиаже, Корчак, Сухомлинскийлердин кѳз карашындагы балдарга салыштырмалуу олуттуу айрымачылыкка ээ. Алар ХХ кылымдын 90-жылдарындагы балдардан да айрымалуу. Азыркы психология-педагогика боюнча китептердеги балдардын мүнѳздѳмѳсү менен реалдуу чѳйрѳдѳгү балдар арасында айрымачылык улам тездик менен арбып барат.

Балдардын ѳзгѳрүүсү обол алардын оюнга карата мамилесинен кѳрүнүүдѳ

Астейдил аңдап баксак балдар өз теңтуштары менен ойноо мүмкүнчүлүгүнөн да ажырап “балдар коому” акырындап маданий кубулуш катары өз мазмунун жана формасын өзгөртүп бара жатат. Балдардын ѳз ара биргелешип ойноосунун азайышы бул бүтүнүдѳй улуттук маданият айдыңынан алып караганда олуттуу кризистин белгиси. Анкени улуттук балдар оюндарында тигил же бул улуттун бүткүл тарыхый өнүгүшү аркылуу өздөштүргөн, топтоп, муундан муунга өткөрүп келе жаткан түптүү түшүнүктөрү, баалуулуктары, ишенимдери, традициялары, жорук–жосун нормалары жана эрежелери синтезделген.

Элдик оюндардын социалдык – педагогикалык вазийпасы бала тарабынан конкреттүү социалдык топко таандык руханий – маданий баалуулуктарды, нормаларды өздөштүрүү, инсан катары жетилүү, теңтуштар жана улуулар коллективинин толук кандуу мүчөсү катары калыптандыруу сыяктуу көп кырдуу социалдык максат, милдеттер менен түшүндүрүлөт. Оюн аркылуу балдардын этникалык жактан өзүн өзү идентификациялоосу ишке ашкан. Балдар ойноп жатып этникалык маданият чөйрөсү, улуулардын турмуштук эреже-салттары менен камыр-жумур аралашып, жуурулушуп кеткен. Көптөгөн элдик оюндарда турмуштук тажрыйбаларды улуулардан кичүүлөргө өткөрүп берүү кырдаалдары моделдештирилген. Балдар оюндарында этномаданий баалуулуктар чоңдордун турмушуна караганда бай жана нукура түп калыбында сакталган. Ошондуктан элдик оюндарды кыргыздардын жашоо образын, турмуш–тиричилигин, эмгек ишмердүүлүгү, абийир, намыс жөнүндөгү түшүнүктөрү, эр жүрөктүүлүгү, кайраттуулугу, чыдамкайлыгы, шайыр-шайдооттугу, чапчаңдыгы, тапкычтыгы, айлаамалдуулугу, эркиндикке, жеңишке умтулуусунун улам кийинки муундарда кайра жаралышын, ар бир урпакты улуулардын катарына кошулушун, коомдун татыктуу мүчөсү катары калыптанышын камсыз кылуучу этномаданий социалдаштыруунун эң күчтүү жана таасирдүү мектеби катары каралган.

Азыркы балдар теңтуштары менен түрдүү оюндарды ойноого караганда руханий жактан жугумсуз виртуладык дүйнөдө жашоого ыкташууда. Түрдүү маалымат каналдарынын арасында азыркы жашоого керектүү нерселер менен бирдикте балдардын психологиясын жабыркатып, аларды руханий тайыздыкка, боштукка багыттаган арамза ой менен атайылап даярдалган программалар да жок эмес. Ошондой жана башка таасирлерден улам бала ата -энесинен оолактап, жаш өспүрүмдөр арасында ѳзүмчүлдүк, бейбаштык, ээнбаштык, адепсиздик, бекерчилик, кылмыштуулук күчөөдө.

Ошентип, азыр “бала” феноменинин портриети ѳзгѳрүлүп белгилүү ѳлчѳмдѳ аны менен иштеген субьекттер жада калса ата-энелери үчүн да табышмакка айланып бара жатканы акыйкат.

Балдарга карата зомбулуктун элементтери.

Бир мезгилде балдар арасындагы зомбулукка байланыштуу окуяларды Америка жана Европалык кѳркѳм тасмалардан гана кѳрүп келсек, азыр алар менен ѳз мектептерибизде бетме бет келип жатабыз. Зомбулук, басмырлоо - бул окуучулар жана башка билим берүү процессинин катышуучулары тарабынан айрым бир балага карата мектепте жана мектептен тышкаркы убактарда жасалган психологиялык, жана физикалык басым. Натыйжасы бала эксплуатацияга дуушар болот же ден-соолугуна зыян алып келет.

“Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде зомбулукту алдын-алуу” аттуу китептеги (Бишкек, 2017) мектептердин 5-11-класстарында зомбулуктун жайылуусу жана динамикасы боюнча жүргүзүлгөн изилдөөгѳ катышкан жогорку класстын окуучуларынын 30% жана орто звенодогу класстын окуучуларынын 23% түрдүү формадагы зомбулук көрүнүштөрүнө күбө, жабырлануучу же өздөрү зомбулук көрсөтүүчү катары катышышкан. Орто класстардын окуучулары жогорку класстын окуучуларына караганда акча жана буюмдарды опузалоо (21,7% жана 19,5% тиешелүү түрдө), ур-соккуга алуу, күч колдонуу менен кодулоо (15,3% жана11,0% тиешелүү түрдө), сексуалдык мүнөздөгү аракеттер (2,1% жана 0,5% тиешелүү түрдө) тууралуу көбүрөөк маалымдашкан”. Зомбулукка кабылган балдардын кейиштүү абалы чоңдор атайын уюмдар тарабынан байкалбай калган учурда жашоо тажрыйбасы аз балдарда жардам кѳмѳктѳн үмүтсүздүктү жаратып айрым учурда жанын кыйууга алып келген фактылар да орто чыгууда.

Суицид-жапакеч баланын айлана-чөйрөсүнөн “жардам сураган” чыңырыгы.

Социалдык педагогдордун баяндамалары боюнча жүргүзүлгѳн иликтөөлѳр Кыргызстанда ар бир бешинчи бала өз жанын кыюуга барыш мүмкүндүгү тууралуу тыянак жасоого негиз болгон. Расмий статистика боюнча, дүйнө жүзүндө жылына 12-17 жашка чейинки бойго жете электердин 14 пайызы өз жандарын кыйышат Иликтенген маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 2013-жылы 127 бала, өткөн 2014-жылы 106 бала өмүрүнө кол салган. Алардын 70 пайызга жакыны эркек балдар, отуз пайызы кыздар. Бирок бул көрсөткүчтөр быйыл жогорулап жатканы байкалат. Маселен, төрт айдын ичинде эле өз өмүрүн кыйган балдардын саны кырк алтыга жетиптир. Себептери эмнеде? 2014-жылы 106 бала өз өмүрүнө кол салган. Өспүрүмдөрдү өзүнүн жанын кыюуга түрткөн сайттын болжолдуу администратору өзүн Ева Рейх деп атап алган 13 жаштагы мектеп окуучусу болуп чыгууда. Кыргызстанда 2017-жылдын бир айында эле 15 бала өз жанын кыйган. Балдардын укугун коргоо лигасынын директору Назгүл Турдубекованын пикиринде басмырлоо, кодулоого мектеп жетекчилиги, мугалимдер катышкан фактылар да жок эмес. Балдар ѳзүнѳ каршы жасалган зомлукка каршы адекваттуу аракет жасоого же башка чечим табууга алсыз болуп ѳзү менен ѳзү калып калышы мүмкүн. Мындай шартта балдар билинбеген психикалык ооруга чалдыгып жашоодон кечүүгѳ барат. Тилекке каршы учурда балдар суициди туралуу маалыматтар толук ачык эмес.

Иш кѳчмѳндүгү жана кѳзѳмѳлсүз, кароосуз балдар кѳйгѳйү.

Кыргызстандын 17 % калкы башка өлкөлөрдө иш көчмөнү катары жашайт. Бул процесс тикеден -тике балдардын абалын оорлотууда. Расмий маалыматтар боюнча 192,000 үй бүлөдөн 72,000 бала кароосуз калтырылган. Эне ата мээримине муктаж болуп психосоциалдык травмага кабылышат. Адамга берилген эн оор жаза аларды сүйүүсүз чѳйрѳдѳ калтыруу. Энесинен жакшылыктуу сүйүү ала албаган адам ѳздѳрү ата эне болгондо балдарына карата мээрими аз, мерез болуп калуу ыктымалдыгы бар. Кароосуз калган балдар эч кимге керегим жок деген сезимине тушугуп чѳйрѳдѳ социалдык психологиялык басымырлоонун потенциалдуу обьектине айланышына мүмкүн. Социалдык педагогдордун байкоолору боюнча мектеп рекетчилигинин акча булагынын кѳбүн иш кѳчмѳндѳрүнүн балдары түзѳт. Чон ата чон энелеринин мүмкүнчүлүгү чектелгенде колдон колго ѳтүп социалдык жетимдердин катарын толуктоо коопсуздугу бар.

Балдардын сапаттуу билим жана тарбияалуу алуу укугун качан канаатандырабыз

Кеӊири коомдук масштабда караганыбызда улуулардын балдар алдындагы башкы жоопкерчилиги аларга сапаттуу билим берүү менен ѳлчѳнүп бааланат. Сапаттуу билим берүү балдардын гана эмес, бүтүндѳй улуттун келечеги. Коомдук ѳнүгүштѳгү ѳксүктѳр да, жетишкендиктер да дал ушул фактор менен айкындалат. Бул кубулуштун маани-маӊызын ЮАРдын Стелленбосс университетинин кире беришиндеги тѳмѳнкү жазуу ѳзгѳчѳ таасирдүү жана таамай мүнѳздѳп турат: Ар кандай улуттуу жок кылуу үчүн узак радиуста аракетке келүүчү атом бомбаларын колдонуу зарылдыгы жок. Болгону билим берүүнүн сапатын төмөндөтүп, экзамендерде алдамчылыкка жол берип коюуу жетиштүү. Мындай билим берүү системасы бар жерде: Пациенттер мындай врачтардын өздөрү тарабынан көз жумат; имараттар ушундай инженерлердин өз колунан кыйрайт; акчалар ушундай экономисттер жана бухгалтерлердин колу менен уурдалып жоголот; акыйкаттык ушундай юристер тарабынан талкаланат”. Бул жагдайда Кыргызстандын мектептериндеги абалды бир кылка баалоого болбойт. Сапаттуу билим берүү мугалимден, мектептин жалпы бирдиктүү ишмердүүлүгүнѳн кѳз каранды.

Экинчиден, балдардын кандай баалуулуктарга ээ болушунун ченем чектери чоӊдор,улуулар тарабынан чийип сызылат. Дагы тагыраак айтсак балдарды тарбиялоонун, аларды инсан катары өнүктүрүүнүн максаты, мазмуну мамлекети бар жерде мамлекеттик бийлик институттары тарабынан аныкталат. Бул дээрлик бардык цивилизацияларда байыркы мезгилден ушул күнгө чейин дал ушул эле тейде чечилип келет. Эртеӊ мындан башкача болот деген маселе да эч кимдин оюна келбес нерсе. Бирок, бул милдетти аӊ сезимдүү таанып, мамлекеттик саясаттын өзөктүү багыты катары мамиле эткен фактылар өтө эле сейрек. Көпчүлүк учурда мамлекеттин коомдун өнүгүшүн ички дүӊ продукция, орточо жашоо деӊгээли, билим берүү мекемлеринин жаӊы имараттарынын өсүшү, адамдардын психикалык саламаттыгынын абалын өнүктүрүү периспективалары сыяктуу көрсөткүчтөр менен аныктоо көнүмүшкө айланган. Булардын катарында бүгүнкү балдардан эртеӊ кимди көргүбүз келет? Бүгүн балдарды тарбиялоонун максаты кандай максатты көздөйт? - деген коомчулукту камтама кылган суроолордун жообу бүдөмүк бойдон калып келет.

Буга байланыштуу эң кейиштүү жагдай мектепти эконоикалык талаптарга баш ийдирүү тенденциясы б.а. балдарды алдын ала аныкталган компетенттүүлүккө ээ кылуу аркылуу аны эмгек рыногунун товары катары кароо. Биздин оюбузча мектеп эң обол адамдын руханий интелектуалдык образын жаратуучу максатын кайрадан биринчи планга алып чыгышыбыз зарыл. Жаман тарбияланган бала мамлекет үчүн оор түйшүктү чыгымдарды жаратат. Башкача айтканда баланы жакшы тарбиялоого жумшалган каражат жаман тарбия алып калган балага кеткен каржаттан алда канча көп чыгымды жана эмгекти талап кылат. Тилекке, каршы кыргыз коомунда балдарды тарбиялоо ишине катышкан чоңдордун катышы өтө кескин азайган. Ата энелер экономикалык кыйынчылыктардан улам балдардын эптеп зарыл материалдык талаптарын канаатандыруу менен чектелип келишүүдө. Мындай дефицитти мектеп толтура албайт. Тарбиялоо ишин толук кандуу ишке ашырууга эң обол мугалим жетишпейт, мугалим бар болсо анын кесиптик педагогикалык даярдыгы убакыт, акча каражаты жетишпейт.

Бүгүнкү мезгил окуучуну ичтен түшүнгѳн иш мугалимге муктаж.

Ал эми адис педагогдор биз өзүбүздү коомдун өнүгүүсүнөн келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүгө даярдай албай жатабыз” -рефлекция жасоонун ордуна «Бүгүнкү күндө балдар менен иштөө өтө кыйындап баратат...» деген жалгыз шылтоого кѳбүрѳѳк ыкташат. Бүгүнкү мугалимдердүн басымдуу бѳлүгү ѳзгѳргѳн балалыктын табиятына адекватуу мамиле жасай алышпайт. Алардын ичинде балдарды ичтен түшүнүп аларга үстүртѳн карабай, бою менен боюн, ою менен оюн теӊештирип бир тилде сүйлѳй алгандар аз.

Бүгүн мугалимдин эки тиби бар: сабактын мугалими жана окуучунун мугалими. Аларды болгону эки сөз айырмалап турат: адегенде адам кийнин мугалим болуу.

Окуучунун же баланын мугалимине таандык сапаттар катары тѳмѳнкүлѳрдү кѳрсѳтүүгѳ болот: таалим-тарбиянын жаратмандык кудурет күчүнө ишенүү; мугалимдик кесипти сүйүү, балдар менен иштөөнү башкы керектөө катары кабылдоо; педагогикалык эмгекке өзүн-өзү арноо; балдарды окутуу ишинин борбору, башкы дөөлөтү катары кабылдоо, ар бир баланын инсандык дараметине ишенүү, келечегинен чоӊ үмүттө болуу; окутуу тарбиялоонун милдеттерин тереӊ ыклас, ыйман менен жүзөгө ашыруу талабы керектөөсү; айкөлдүктүн, мээрмандыгын жалпы эле нарк нускалуу адамдын эталону болууга умтулуу; балдарга атынан кайрылуу; жаш-курагын, бул курактын муктаждыктарын жана проблемаларын эске алуу жана ошонун негизинде иш-аракет кылуу; балдарды адам катары угуу пикирлерин сыйлоо; балдарга ишенүү мактоо жана кубаттоо сөздөрүнө жоомарт болуу.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×