Добавить статью
11:43, 6 апреля 2021 13865

«Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзам долбооруна үн кошуу

Чалажан мыйзам долбоору

Жаңы жылдан бери эле ар кыл деңгээлде Баткен облусуна өзгөчө статус берүү тууралуу ар кыл деңгээлде бир катар кептер айтылып келе жатат. Кечээ ТВдан угуп калдым, айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги “Баткен облусунун статусу жөнүндө” КР мыйзамынын долбоорун коомдук талкууга койду деп.

Бүгүн аны таап алып, таанышып чыктым. 2 сыйра окуп чыктым. Баткен облусуна айрыкча статус берилген эч нерсени окуй алган жокмун. Ал долбоордо анча-мынча, арзыбаган статустарды ыйгаруу тууралуу кичине эле пункттар жазылыптыр, анан таң калдым, эмнеге муну тим эле өзүнчө статус беребиз деп ооз көптүрүп жатышат деп. Долбоордун 1-беренесинде эле “Ушул Мыйзам менен Баткен облусуна функционалдык-административдик ыйгарым укуктарды жана өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык өзгөчөлүктөрүн ишке ашыруу үчүн өзгөчө шарттар берилет” деп жазылыптыр, бирок өзгөчө шарттарды көрө алган жокмун. Менимче мыйзам кандайдыр бир мезгил үчүн гана жазылышы абзел, айталык Баткен облусу социалдык-экономикалык жактан өнүгүп кетсе, ага андай өзгөчө статус берүүнүн кажети болбой калат. Ошондуктан ал мыйзам так, тиешелүү цифралар менен берилгени оң. Анда алар тууралуу ирети менен болсун.

1. 4-беренеде “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган облустун статусуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кошумча ыйгарым укуктар берилет” деп жазылыптыр. Кандай укуктар экени белгисиз. Эмнеге айтылган укуктарды ачык жазууга болбосун? Облуска статус бергенде эң башкысы анын башчысына башка облустарга караганда артыкчылыктуу ыйгарым укуктарды бериш керек да. Баткен облусунун башчысы КР вице-премьер министри рангында болушу өтө шарт, анткени өз облусуна тиешелүү бардык социалдык-экономикалык, кадр, калкты жумуш менен камсыз кылуу, ишкердик, чек ара, коргоо, укук ж.б. маселелерди ал жеринде чечиши керек Бишкекти карап олтурбай. Облустагы ички иштер башкармалыгынын башчысын, облпрокурорду, Улуттук коопсуздук кызматынын облустук башкармалыгынын башчысын, салык, бажы, өзгөчө кырдаалдар, транспорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият сыяктуу бардык тармактар боюнча жетекчилерди дайындоого жана кызматтан бошотууга укук берилиши керек, антпесе Бишкек бекиткен облжетекчилер облус башчысына кыйыр гана баш ийип калышат, андай шартта Баткен облусунун башчысы командасы жок кайыкка олтуруп калган капитандай болот.

Долбоордо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө берген укуктарды чаржайыт, үстүртөн, божомолдоп эле жазып коюшуптур. Окуп көрөлү. Өкүлгө “мамлекеттик, муниципалдык органдардын ишин координациялоонун жана укук коргоо органдары, күч түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүүнүн тийиштүү ыйгарым укуктарын берилет” деп турат. Ал азыр деле ушундай укуктарга ээ да. Бул тезис ачык эле “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү аймактагы бардык мамлекеттик, муниципалдык органдарды, укук коргоо органдарын, күч түзүмдөрүн башкарат жана жеке жоопкерчилик тартат” деп жазылса, мына ошондо өзгөчө статус десек болот эле да.

2. Социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн карала турган каражаттар да жетишсиз экени көрүнүп турат. Далил. Муну долбоордо минтип беришиптир: “республикалык бюджеттин жана республикалык бюджеттен 2% өлчөмүндө облусту өнүктүрүүнүн бюджетинин каражаттарынын эсебинен облусту өнүктүрүүнүн максаттуу республикалык программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык тийиштүү ыйгарым укуктарды берүү” каралат деп. Республикалык бюджеттен облуска канча пайыз каралаарын неге так жазып коюуга болбосун? Мисалы: “2022-2032-жылдар аралыгында Баткен облусуна республикалык бюджеттин 10 пайызы каралат” деп. Эмнеге 10 жылды алдым, анткени ушундай чекти коюп иштөө ийгиликти шарттайт. Долбоордо 2 пайыз түрүндөгү каражат берүү сунушу жүрөт, бул өтө аз, Баткен үчүн 10 жыл бою республикалык бюджеттин 10 пайызынан кем эмес каражат бөлүү менен гана биз өнүккөн аймакка жеткире алабыз. Долбоор боюнча алганда республикалык бюджеттен канча каралаарын билбейм, андагы 2 пайыз аркылуу 3 млрд. сомго чейин каражат каралат экен, бул өтө аз.

3. Долбоордо “билим берүү жана маданий объекттерди каржылоону жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке которуу” деп жазып коюшуптур, бул тармактардын кызматкерлеринин эмгек акылары небак эле республикалык бюджеттен төлөнөт, ал эми материалдык-техникалык жабдуу гана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына берилген, бул колдоого ала турган жагдай.

4. Облуста координациялык кеңеш түзүлөт деп жазышыптыр. “Облусту социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасына мониторинг жүргүзүү жана баалоо, ошондой эле анын аткарылышын контролдоо координациялык кеңеш тарабынан ишке ашырылат” деп жүрөт. Бул дайны жок орган болуп калат, жалпы жоопкерчилик эмнеге алып келээрин биз башыбыздан өткөрүп, парламенттик башкаруудан президенттик жеке башкарууга өттүк го. Мунун эч бир кереги жок. Өлкө Президенттик башкарууга өткөн шартта Баткен облусунун башчысына да жеке жоопкерчилик жүктөө керек, антпесе ал “координациялык кеңеш чечкен” деп тар жол, тайгак кечүүдө жооптон буйтап кете берет.

5. Долбоордо “Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталуучу өзгөчө салык режими” киргизилет делиниптир, кандай салыктар экени жазылган эмес, мыйзамда каралбаган ал салыктар асмандан түшөбү? Мыйзамда кандай, кайсы салыктар канча өлчөмдө каралаары так жазылышы керек деп ойлойм.

Менимче мыйзам өтө чийки, чалажан, эптеп эле мыйзам жазылсын деп тапшырма беришкен Президент менен Премьер-министрден кутулуу үчүн жазылгандай сезилет. Мыйзам ушул долбоор менен кабыл алына турган болсо эң башкысы Баткен облусу кагаз жүзүндө өзгөчө статус алганы менен эч качан өнүкпөйт, анткени мыйзамда аны жүзөгө ашыруунун жолдору таптакыр жок. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги ушинтип эптеп бир долбоорду сунуш кылышып кутулуп кетишкени бир жөн, Өкмөттүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү жана жетекчилери эмнеге мындай чалажан мыйзам долбоорун коомдук талкуулоого коё беришти деген суроо туулат. Бардык мамлекеттик түзүмдөр орусча айтканда “моя хата с краю” деген позицияны ээлеп калышканбы деген ой келди.

Бул менин жеке көз карашым. Бир гана эң керектүү мыйзам жакшы шартта кабыл алынса деген гана ойдомун.

R.S. Бирөөлөр мени баткендик деп ойлошу мүмкүн, мен Нарындан болом.

Акил Адамалиев,
эмгек ардагери

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×