Добавить статью
17:51, 12 августа 2021 23463

Сын-пикирде канчалык калыспыз?

Автор жазган текст, грамматикасы өзгөртүлбөйт. Автордун жазганы редакциянын көз карашын билдирбейт.

Бул имарат Анкара шаарындагы биздин Элчилик.

Баштан өткөн кызыктуу окуяларды айтаарда окендер "Когда я был в Москве..." деп баштагандай, менде да Элчиликте иштеген дээрлик 2 жылда кызыктуу окуялар топтолуп калган экен... Катары менен чозо кетейин дедим.

Кыскасы мен Элчиликте иштеп жүргөндө деп баштайт экен да... Бул жерге ишке кире электе, эл арасында "...бийликке келген соң өзгөрүп кетти, адам карабай калды, мурда жакшына эле чай үчүп жүрчү эле, жардам сурасаң бүтүрүп бербейт" деген сөздөрдү көп угуп, ынанып эле келет элем. Баштан өткөн окуялардан улам аларды деле туура түшүнүш керекпи деп калдым...

Кыскасы мен бул жакта окуп жүргөндө ишке кирип калдым. Жалпак тил менен айтканда "жетим жүгүрүк" болуп; аз айлыкка көп иш жасаган, эч кандай дипломаттык өзгөчө мүмкүнчүлүктөргө ээ эмес, каръералык өсүү мүмкүнчүлүгү жок позицияга эле кирдим... Элчиликтеги эң төмөнкү кызматта, кала берсе "контракник" деп паска деле урулуп жүргөн экенмин кээде, анысын байкабасам же... Ишке кирээрде атама чалып, кеңешип кирген элем. Бирок, кайра-кайра "Ата мактана турган должность эмес, келишимдин негизинде (штаттан сырткаркы орунга) кирип атам. Мени каалаганда иштен айдап чыкса да болот. Бир кирип көрөйүн, тажрыйба болот.» деп майдалап түшүндүргөн элем... Кызык мына ошондон кийин башталды...

Кыскасы, менин айткандарым мен бүтүргөн факультетке «Элмурат Элчинин орун басары болуптур» деп жеткен имиш. Факультеттеги бир агайымды өкүл ата кылып алган элем. Ошол киши менен сүйлөшүп жатып угуп калдым аны. Дароо атама чалып тактасам, «Жок, мен сен айткандай кылып эле айттым сурагандарга»,- дейт... Таң калып отурсам, айылдан аялым чалыптыр «Таажеңебиз сени Элчи болуптур деп айтып жүрөт айылда»,- деп... Оозум ачылып, андай эмес деп аларга да түшүндүр дегиче болбой мага «деловой» сунуштар менен телефондор келе баштады...

Ичинде «Менин балама окуу сүйлөш, Анталияда айлыгын ала албай жүргөн кызымдын айлыгын коркутуп алып бер, мага паспорт алып бер, тиги документти тез бүтүрүп бере гой, Түркиядан инвестор желетеп келе кой, боп кетели»,- деген немелер толуп кетти. Өзүмчө «...мени Элчиликтин ичинде эч ким тоготпой атса Аналиядагы отелдин ээсин кантип опузаламак эмем? Өзү Түркиядгы минималдуу айлыктан дагы да аз акчага жүнүм жулунуп иштеп атсам, кайсыл инвестор мени дыкатка алып, акчасын көтөрүп Кыргызстанга бармак?» деп күлүп алып жүрдүм.

Ушуларды эстеп күлүп отурсам бир жээним чалыптырр, «Тага! 5 тонна бал алып алдым эле, ошону Кытайга алып кирип сатып чыгыш керек болуп атат. Ал жакта кымбат экен. Бирок Кытайдан виза алыш өтө кыйын экен. Сиз ошол жактан эптеп, бир-балээ кылып Кытайдын элчилиги менен сүйлөшүп бербейспи. Бир телефон кылдырып койсоңуз, мен бул жактан Бишкектеги Элчилигине барып алып алам...» дейт... «Эй жээним! Кана эле сенин «масалаңди» чече турган жеңгээлде болгонумда»,- дедим анан. Бизде маселе жогорудан чечилээрин, Элчи барын көзөмөлдөп «Только менин анекдотума күлөсүңөр айтып коёюн...» дегенин жээним байкуш кайдан билсин?

Баса, бул учурда айылда келинчегимди мейманчылыкка чакыргандар көбөйүп, кой союп ийе жаздаган жерден токтотуп калган учурлар катталыптыр... «Ой койгула, ал жөн эле персонал катардагы. Андай маселелрди чече турган деңгээлде эмес»,- десе деле ишенишпейт имиш.

Жанагы биз билген Пифогор өзүнүн доорунда аябай кыйын киши деп билинчү экен. Алтургай бир учурларда «...бул киши олуя! "Мужиза" көрсөтө турган күчү бар мунун...»,- деген сөз жайылып кеткен экен. Анан Пифогор өзү чыгып «Ай койгула, мен жөн эле адаммын. Андай табияттын мыйзамынын белин бүккөн күч жок менде, ачык айтайын...» деп өзү айтса да ынанбай койгон экен адамдар...

Меники да бир аз ошого окшоп кетти. Анан айттым тамаша аралаштырып «Ишенбесе койсун! Анда сен да чакырган жерине бара бер. Кой соёбу, уй соёбу же былчылдатып! Сыйды көрө бер байбиче болуп. «Сиздин кызды тиги жумушка орноштуртам айтып, сиздин баланын тиги маселесин чечтиртип берем, сиздин небереңизди мынандай жерге окууга киргиздиртем»,- деп коркпой айта бер дедим...

Эми ойлоп көрөлү. Мен 2 жылга жетпеген мөөнөттө Элчиликтин эшигине туруп калган жеримен ушунча болду. Ал эми чындап эле, саал жакшыраак жерге келип калса тууган-туушкандын түшүнүгү мындай болсо, адам качабы анан? Ошенсе кара ниеттүүсү дароо шабашка кылып, кыңыр отурган креслосунан кырк кишиге сөз берип, пайдаланып жыргаса керек. Ал эми акылы башында ким деле болсо мындай сунуштардан качат, азыраак сүйлөшүп калат, өзгөрүп калат да... Кандай ойлосуздар? Биздин элдин аткаминерге карата мүнөздөмөсү «Менин айтканыма көнбөдү, демек жаман»,- дегенден эле туруп калбадыбы дейм да?

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×