Добавить статью
4:05, 8 апреля 2011 23106

Ат-Башы районунда жашы жете элек кыз күйөөгө сатылып, ага мектеп директору салымы бар экендиги далилденди

Ат Башы районунун А.Койчуманов мектебинде балдардын укугу тебеленип, 16 жаштагы кичинекей кыздын күйөөгө сатылып, ага мектеп директору Абазбек Түлөбаевдин да салымы бар экендиги аймактык кабарчы Усуптегиндин киришүүсү аркасында Нарын областтык, Ат Башы районунун прокуротурасынын текшерүүсү аркылуу далилденди. Сатылып кеткен Эдил кызы Айгул 1994-жылы 4-майда төрөлгөндүгү, мектепте окуп жүргөндүгү (3 чейрек) жана мектептин аймагынан ала качып кеткендиги чын болуп чыкты. Мектеп директору болсо, тан аткыча кудалар менен кошо конок болгонун танып жатат. Албетте, конок болгондугун танат жана кудалар да анын кошо конок болгондугун жашырат. Бирок, төмөнкүдөй суроолор туулат:

1.Кудалар менен кошо конок болбой эле койсун бирок, өзү жетекчилик кылган мектептеги 11 – класстын окуучусун көргөн, тиешелүү органдарга жардам сурап кайрылбаган мектеп директору мыйзам чегинде жооп береби?

2.Угушубузга караганда Ат Башы прокуротурасы бул ишти РОВДга туртуп жибериптир. Милиция албетте бизди коргойт. Ал кыз ала качуу боюнча иш козгоп тергейт, жыйынтык чыгарат. Бирок ушуга жол берип, билмексен болгон жетекчилерден жооп сурабасы түшүнүктүү.  Алар кыздын ата – энесинин колунан «Оз эрким менен кеттим, бердим» деген кагазды алып, ишти жаап салаары көрүнүп турат. 12-февралда ала качылып кеткен кыз 20 күндөн кийин барган тергөө органдарынын адамдарына «өзүмдүн каалоом менен кеткем»  деген кагазды жөн эле жазап берип коё турганы түшүнүктүү иш.

3.ООНдо бекитилген «Балдардын укугу жөнүндөгү Конвенцияда»: «Балдарды ар түрдүү формада сатууга тыюу салынат» деп көрсөтүлгөн. ООНду, прокуротураны, райобладминистрацияны тоотпосок, деги биз кимди тоотуп, иш кылабыз?! Бардыгы бүтүп, эми мектеп директорлору жашы жете элек кыздарды күйөөгө сата баштадыбы???

4. Биз, кыргыздар мандайга жазды деп отура беребиз. Ал эми жашы жете элек окуучу кыз мектептен ала качылып кетсе, ошону менен бирге ал окууга тартылбай калса деле ошол кыздын мандайына ушундай жазуу бар болчу деп обладминистрациялар, тиешелуу областтык, райондук жетекчилер кошулуп көрмөксөн болуп кала беришеби???

Деги  балдарды Кыргызстанда ким коргойт??? Эми кимге кайрылабыз???

Терең урматым менен,

Дамира Акжолтоева

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

28-02-2011
Ат-Башыда мектеп окуучуларынын укуктары тепселенүүдө
33284

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×