Добавить статью
4:31, 20 апреля 2011 38771

Улуттук саясаттын мамлекеттик концепциясы тууралуу

«Ата-журт» партиясынын программасында, анын шайлоо алдындагы платформасында этностор жана конфессиялар аралык мамилелерди жөнгө салуучу укуктук актыны иштеп чыгуу жана Жогорку Кеӊештин кароосуна киргизүү милдети белгиленген. Улуттук биримдикти калыптандыруу жана чыӊдоо Кыргызстандын социалдык-экономклык жана саясый өнүгүшүнүн стратегиялык артыкчылыктарын жүзөгө ашыруу үчүн негизги шарттардын бирине айланууда.

Бул багытта «Ата-журт» фракциясынын мүчөсү, ЖК депутаты Нарматова Надира Азимовна Кыргызстандын мындан ары өнүгүшүндө бул маселенин өзгөчө маанилүү экендигин эске алуу менен улуттук саясаттын мамлекеттик концепциясын иштеп чыгуу демилгесин көтөргөн. Депутат Н.Нарматова жумушчу топ менен бирдикте концепциянын долбоорун бир нече жолку талкуудан кийин толуктап, коомчулуктун кеңири талкуусуна чыгарууга фракция сунуш кылды. Учурда концепцияны жүзөгө ашыруу механизмин иштеп чыгуу жумушу кызуу жүрүп жатат.

Бул концепциянын маани-маӊызы анын пайдубалы катары өлкөнүн мамлекеттүүлүгүн, эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн сактоо, өлкөнү өнүктүрүү идеялары алынгандыгында турат. Мында негизги принциптер деп адам укуктарын сактоо, этностук маданий, тилдик жана башка өзгөчөлүктөрдү камсыз кылуу эсептелет. Концепциянын максаты коомду баш коштурууга, улуттук биримликке, этностор жана диндер аралык процесстерди калыптандырууга жана башкарууга багытталган. Белгилей турган нерсе, бул концепцияда улуттук саясаттын таасир кылуу субъекттери жана объекттери так көрсөтүлгөн,улуттук мамилелер чөйрөсүндө иш алып баруунун жаӊы уюштуруу формалары киргизилген. Маселен, коомдук этномаданий бирикмелерди, Жогорку Кеӊештин этностор жана конфессиялар аралык саясат боюнча Кеӊешин, Кыргызстан элинин Курултайын түзүү каралган. Концепцияны аткаруу анын укуктук базасы жана жүзөгө ашыруу механизми менен камсыз кылынат.

Кыргыз Республикасынын улуттук саясат боюнча мамлекеттик концепциясын өзүнчө бир система катары, атап айтканда мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, улуттук коомдук уюмдардын, жарандардын этностук өнүгүү жана улуттар аралык мамилелер чөйрөсүндөгү иш-аракеттерин жөнгө салуучу саясый-укуктук көз караштардын, баа берүү багыттарынын, принциптердин жана артыкчылыктардын жыйындысы катары кабылдоого болот. Жөнөкөйлөтүп айтканда, концепцияда этностордун жана диндердин ортосундагы мамилелер чөйрөсүндө бышып жетилген көйгөйлүү маселелерди чечүүгө жалпы жана принциптүү жагдайлар чечмеленип берилген. Кыргыз Республикасы эгемен мамлекет катары жарыялангандан берки 20 жылдын ичинде алгачкы ирет өлкөбүздөгү этносттук субъекттерге укуктук аныктама келтирилди. Концепциянын жаӊычылдыгынын орчундуу белгиси мына ушунда.

Концепцияда көрсөтүлгөндөй, улуттук саясаттын пайдубалы болуп кыргыз улутун коомубуздун бириктирүүчү жана баш коштуруучууюткусу катары максаттуу өнүктүрүү эсептелет. Бул болсо кыргыз улутуна кандайдыр бир артыкчылыктарды бербейт, тескерисинче Мекенибиздин тагдыры үчүн, андагы башка этностордун ал-абалы үчүн анын жоопкерчиликтүүлүгүн жана милдеттүүлүгүн күчөтөт. Кыргыз улуту өзүнүн бириктирүүчү жана баш коштуруучу ролун коомдук турмуштун экономикалык, социалдык, маданий, билимдик, тилдик, демографиялык жана башка чөйрөлөрүндө жол башточулукка жарамдуу боло алышы менен далилдеши керек.

Концепцияда Кыргызстанда алгачкы ирет титулдук улут (мамлекет түзүүчү улут) жана этностук азчылыктар түшүнүктөрү конкреттүү саясый-укуктук мааниде колдонулду. Кыргызстанда кыргыздар титулдук улут экендиги күмөн туудурбайт. Этностук азчылыктарды болсо аймактык-экономикалык жалпылык эмес, ириде тилдик, маданий, психологиялык жалпылык, ошондой эле каада-салттарынын жалпылыгы, өз этносуна таандык экендигин сезип туюу бириктире турандыгы айгине. Мындай бөлүнүш дүйнөлүк практикада тастыкталган жана биз мындан четтей албайбыз. Этностук азчылыктардын укуктары «Кыргыз Республикасындагы этностук азчылыктар жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы этномаданий бирикмелер жөнүндө» деген мыйзамдарда кепилденүүгө тийиш. Мындан тышкары бул укуктарды камсыз кылуунунконкреттүү механизмдери «Кыргызстан элинин Курултайы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы салттык диндер жөнүндө» деген мыйзамдарда камтылышы абзел.

Концепцияда улуттар жана конфессиялар аралык мамилелер боюнча саясаттын мамлекеттик тил, билим берүү, маданият, тарбия, салттык диндер, жалпыга маалымдоо каражаттары, миграция сыяктуу чөйрөлөрүндөгү конкреттүү милдетер тастыкталат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×