Добавить статью
9:46, 20 апреля 2011 41833

Ак үйдү  митингчилерге берип, ал жерге музей ачуу керек

2005-жыл, 24-мартта Кыргызстандын президенти А.Акаевге, үй-бүлөсүнө жана анын режимин түзгөн айланасындагы жасакерлерине каршы жалпы карапайым элдин көтөрүлүшү тарыхта «тюльпан» революциясы катары белгилүү.

митинг

митинг2  

2005-жыл, март айы. Чыныгы элдик көтөрүлүш.

2010-жыл, 7-апрель Кыргызстандын президенти К.Бакиевдин, үй-бүлөсүнүн, айланасындагылардын режимине каршы куралдуу, кандуу төнкөрүш катары бааланып калат тарыхта.

 митинг3

Эки «Революцияда» бирдей Ак үй жабырланды, таланды толонду, өртөлдү, бүлүндү.

Учурда кандай нааразычылык болбосун топтолгон эл Ак үйдү «басмырлайт, оройт, топтолуп нараазычылык» билдирүүгө оңой жай көрүнүп калды. Анткени ичиндегилер качса эле, бийлик алмашат. Демек кимдир бирөөлөр үчүн да, бийликке келүүгө, пайдалууга мүмкүнчүлүк бергенсийт.

Менин сунушум Ак үйдү митингчилерге баш оту менен берип, март-апрель окуяларына айланган ачык музейге айлантуу менен: Аксы, Каракулжадагы окуялардан баштап, март-апрель-май-июнь окуяларында «Кыргыз демократиясы» үчүн курман болгон бардык маркумдардын жана «Революционерлердин» сүрөттөрүн илип, аз болсо туугандарын кошо илип, маркумдардын ал тургай «тирилип» кеткендеринин да тарыхын изилдеп, алардын ата-энеси, тууган-туушкандары, классташтары эскерип келип ыйын, сагынычын чыгарып алуучу жайга айландырып коюу керек.

Кире беришке, чон залга экс-президенттер А.Акаевдин, К.Бакиевдин жана үй-бүлөлөрүнүн, ошол учурдагы режимди түзүп турган аппаратынын мүчөлөрүнүн да чоң куурчактары коюлуп, сүрөттөрү илинип, кирген эл каалашынча аларды «сүйгөн сөздөрүн» калтыруу үчүн альбомдор, тетраддар коюлса жана бокс кол каптарын таштап койсо карапайым-калк каалаганча алар менен рингге чыккандай куурчак - макеттерин, мюлаждарын муштап ичиндеги бугун, кегин чыгаруу менен психологиялык бошонуу (релаксация) алып, эргип алышмак. Натыйжада ачуу (зло) кетип, таркамак.

Учурдагы бийлик өкүлдөрү менен элдин обочолонуу процессин (“изоляциялануу”) азайтыш үчүн да ошол ачык музейдин ичинде бир залды интернет менен туташтырып учурдагы бийликтегилерге жер-жерлерден маалымат «из первых уст» тез жеткирүүчү «президенттин, Жогорку Кеңештин, өкмөттүн тиешелүү маалыматтарды кабыл алуучу, жеткирүүчү интернет түйүндөрүн» («Общественный зал приема информаций Правительства, Жогорку Кенеша и Президента») ачып коюу керек. Маалыматтардын кабыл алынгандыгы тууралуу күбөлөндүүрүчү кагаз бериш керек жана тез жооп берип турууну уюштуруу зарыл.

Бийликтегилердин элден обочолонуусу, протокол деген шылтоо менен 700 сакчы 3 адамга алып жүрүшүнөн башталып, карапайым калк көкүрүгүндөгү күйүтүн бийликке жеткире албагандан, ал эми бийликтегилерде «кара эчкиге жан кайгы, каракчыга мал кайгы» болуп өз ара бийлик бөлүшүү менен алектенгенден башка элди ойлобогондугунан улам келип чыгып, «эл толкуса бир күн сел болуп» кетээрин эстей жүрүшсө, жолугушуу деп эл кыдырганда формалдуу тизмеленген «Элдик дежурлар» менен эмес кошоматчылыктан алыс, кемчиликти жашырбай бетке айткан, жүрөгүндө жалы бар карапайым калк менен жолугушса...

Элинен коркуп бекингидей ууру болбосо, коргонгондой душман болбосо, эмнеге бийликтегилер жашыруун «подполдук партизандык» жолугушууларды өткөрүшөт? Дегинкиси ошол протоколун ким ойлоп чыгарат? Демек протоколчу эл душманы, анткени алар элди бийликтен, бийликти элден ажыратып жатышпайбы.

Бишкектеги Ак үйдү – митингчилерге, музейге берип, ЖК өзүнүн ордуна өкмөт мурдагы ордуна жана президент аппараты менен АУЦА ээлеп турган ордуна барышсын. Дегинкиси «мурдуна ченеп бышкыр, жылкына ченеп ышкыр» деген мезгил келди. Бизге мынчалык көп министрликтин жана өкмөттүн, президенттик аппараттын, ЖКда (комитеттери) бири-бирин кайталаган структуралардын кимге кереги бар. Сандан сапатка өтүүчү мезгил келди!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

21-03-2011
Адам кантип акылынан айныды
68129

14-03-2011
И.Раззаков атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылып турса, келечек муундар үчүн чоң тарбия болмок
113827

11-03-2011
 Микроскоп алдында жаралган өмүрлөр
71846

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×