Добавить статью
8:08, 22 апреля 2011 11949

Гиппократтын анты же Кочкордогу ак халатчандардын маселеси

QUE FAIR же мөөнөтү өткөн дарыларды кимдер колдонот?

XIX кылымдын биринчи жарымында Франциянын кичинекей аймагында дарыгерлерге байланышкан чоң маселе келип чыгат. Дарыгерлерге жаза берели десе, алардан башка дарыгер жок. Жөн коелу десе дарыгерлер уулуу чөп дарыларын колдонушуп адам өмүрүнө коркунуч келтирип жатышкан болот. Ошондо аргасыздан "Que fair?" (Эмне кылуу керек?) деген мамиле келип чыккан. Белгилүү хирург Эдмонд Беркли : «Пациенттерге мөөнөтү өткөн дарыларды тараткан дарыгерди ден - соолук сакчысы эмес каракчысы деп жүз пайыз кепилдик менен айта алам. Ал дарыгердин ак халат жамынууга акысы жок», - деп кескин сындаган.

Бүгүн Кочкор районундагы саламаттыкты сактоо тармагында дагы дарыга байланышкан көйгөйлүү маселелер арбын. Бир кезде Гиппократтын антын беришкен ак халатчандар адам өмүрүнөн акчаны жогору коюшуп, ден - соолук сакчысы болгондун ордуна ден - соолук каракчыларына айланып баратышкансыйт. XXI кылымда жашап жатып карайлаган элет адамынын ден - соолугуна зыян келтире турчу мөөнөтү өткөн дарыларды колдонуу айылдык ФАПтардын көнүмүш адатына айланып калгансыйт. Медицинадан кабары жок карапайым элдин караңгылыгынан пайдаланышкан ак халатчандар мөөнөтү өткөн дарылар менен сыркоолорду эмдеп жатышканы кандай коркунучтуу?

Өткөн жылдын акыркы кварталында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясында дал ушул маселе катуу талаштарды жаратканына күбө болгон элек. Коллегиянын алдында атайын текшерүү менен барышкан адистер райондун аймагында мөөнөтү өтүп кеткен дарылардын байма - бай колдонулуп жатканын таап чыгышкан.

1. ФАП "Көк - Жар" - Фурацемид, Эуфилин дарылары

2. ФАП "Кара - Күңгөй" - Регидрон, физраствор, фурацемид дарылары

3. ФАП "Ак - Жар" - Сальбутомол дарысы

4. ФАП "Молдо - Кылыч" - Адреналин, альбуцид дарылары


МЕMENTO MORI же эмне үчүн балдардын өлүмү көбөйдү?

Латын врачтары кол алдына ооруп кыйналып келген балдарды дарылап жатканда "Мemento mori" деген сөздү көп колдонушкан. Кыргыз тилинде "Өлүм күнүңдү унутпа" деген маанини берип турат. Бул сөздүн эмне себептен көп айтылганына үңүлүп көрсөк, бул алардын жоопкерчилигин күчөткөн экен. Бул сөздү колдонуу менен "Сенин башыңа дагы бир күнү өлүм келет. Ошол кыйналып жаткан көз ирмемдериңде сенин колуңдан үмүт издеп келип көпөлөк өмүрү менен кош айтышкан наристелердин, жаш балдардын, кырчындай өспүрүмдөрдүн каардуу карап тургандарын каалайсыңбы?", - деп бири - бирин жооптуу болууга чакырышкан экен.

Тилекке каршы бүгүнкү күндө Кочкор районунун аймагында балдардын өлүмү жыл санап көбөйүп барат. Өткөн жылдарга салыштырмалуу райондун аймагындагы жаш наристелердин жана балдардын өлүмү көбөйүп бара жатат. Өзүбүз манжа менен санала тургандай аз сандагы улут болсок, эмне үчүн келечектин муундары болгон бөбөктөрүбүздүн алтындай өмүрүн коргоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырадык?

Кочкор районунун борборлоштурулган ооруканасынын жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 0- 14 жаштагы балдардын өлүм көрсөткүчү боюнча 2009 - жылдын жана 2010 - жылдын 9 айына карата салыштырмалуу маалыматын карап көрсөңүз, кубанарлык эч нерсе жок.

1. 2009 - жылы 1 жашка чейинки 24 наристе чарчап калган болсо, 2010 - жылы 25 наристе көз жумган.

2. 2009 - жылы 14 жашка чейинки 34 бала каза болсо, 2010 - жылы каза болгондордун саны 37 бала болгон.

Бир кичине райондун аймагында 9 айдын ичинде 0 - 14 жашка чейинки 62 бала каза болгон. Эмне үчүн 62 бала? Эч нерседен күнөөсү жок балдардын өлүмүнүн санын азайтууга болот беле? Айрым айылдын дарыгерлери эки айлап балдардын ден - соолугуна көзөмөл жүргүзүшкөн эмес. Анан кантип балдардын саламаттыгы тууралуу сөз кылсак болот? Өткөн жылдары Кочкор райондук төрөтканасынан бейкүнөө энелер каза болушуп, бирок күнөөлүлөр далилденбей, ал окуянын жыйынтыгы табышмак бойдон калган. Балким качкын президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевден үлгү алып океандын аркы жагына Америкалап келгендерге жаза жокпу, түшүнбөйсүң?

DIVIDE ET IMPERA же ак халатчандар арасындагы анархия качан токтойт?

Кочкордогу эң интрига көп кездешкен мекеме катары оорукананы айтып келишет. Врачтарды айтпасак дагы катардагы санитаркалардан бери айылдан келген карапайым пенделерге кагып силкүү менен тоң мамиле жасашып, адамдын көңүлүн оорутушат. "Кайда бармак элең, баары бир колума түшөсүң" деген манаптык мамиле дагы ак халатчандарда арбын жашайт. Акыркы күндөрү Кочкорлуктар Балыкчы шаарынын ооруканасында көбүрөөк барып дарыланып жатышканын кандай бааласак болот? Айрым хирургдардын адамдар сокур ичеги болуп кыйналып жатышса, мал жайлап туруп барам деп мерездик кылган фактыларын угуп туруп аргасыздан баш чайкайсың. Ал эми чакырган жериңе эки саатта келсе келип, келбесе дайын оту жок жоголгон "Тез жардам" кызматын эч ким деле күтпөй калды окшойт. Туура, ак халатчандардын айлык маянасы аз бирок күнүмдүк жең ичинен алган акчалары "саз" дешет го? Коомчулукта кездешкен "шабашка" түшүнүгү ак халатчандар арасында жок деп ким кепилдик бере алат? Айтор, жакынкы жылдарда аймактардагы медицина тармагында ири реформалар жүргүзүлбөсө Афганистандагы ак халатчандар дүйнөсүнүн кейпин кийишибиз мүмкүн.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×