Добавить статью
7:46, 3 мая 2011 75891

Чек ара аймагындагы айылдарды өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу керек

29-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо, түштүк аймактын чек арага жамаатташ аймактарындагы кырдаал жөнүндө маселе каралып, улуттук коопсуздук маселелери боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жетекчиси Закир Тиленов маалымат беришкен.

Жыйынтыгында эл өкүлдөрү тарабынан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жетекчиси Закир Тиленовдун, Чек ара кызматынын башкы штабынын зардалы - Чек ара аскерлеринин командачысынын биринчи орун басары Ч.Турусбековдун кызмат ордуларына калуусун кароо маселесин Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы – КР президентине сунушталган Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынган.

Талкуунун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Исмаил Исаков улуттук коопсуздук маселесинин маанилүүлүгүнө токтолгон. Төмөндө Исмаил Исаковдун сөзүн толугу менен жарыяланат.

Урматуу Төрага, урматтуу депутаттар жана урматтуу Өкмөт мүчөлөрү!

Бүгүн биз карап жаткан маселелер ѳтѳ маанилүү жана оор. Мындан мурда, азыр дагы мамлекет, ѳкмѳт тарабынан кайдыгерлик, үстүртѳн мамиле жасалып келе жаткандыктан ушул акыбалга келдик.

Кандай акыбал?

Коңшу ѳлкѳлѳр менен укуктук жактан бекитилген жана “Тубѳлүк достук жѳнүндѳ” келишимдерге карабай чек ара боюнча “делимитация”, “демаркация” маселеринин бүтпѳгѳндүгү.

Чек ара аймагында жайгашкан элибиздин оор турмушу, алардын ата-журту жашап келген, ѳнүп ѳскѳн –ѳз жерлерин, үйлѳрүн таштап, башка жакка кетишкендери. Кыскача, чек арада жашаган элдердин санынын кыскарылышы.

Чек ара кызматынын бийлик системасындагы, чек ара коопсуздугунун, чек араны ыйык коргоодогу орду.

Чек ара аскерлеринын кадр, тарбия, тартип абалы жана аларды каржылоо маселеси.

Эми ар бирине кыскача токтолуп кетейин.

Демилитация, демаркация маселеринин

бүтпѳгѳндүгү. Анын эң негизги себеби, биздин жетекчилердин ѳз милдеттерин так аткаралбагандыгы, мыйзамдарды, эл аралык келишимдерди билбегендери, кыргыз элинин кызыкчылыгын жогору койбогондугу. Мисалы.

Биз комитеттердин жыйынында карап жатканда вице-премьер Ш.Атаханов мурдагыдай эски метод менен, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койбогондугу ачык айкын болуп калды. Ал айтат “биз 55-57 жана 89-жылдардагы документтерге, алар - 24-27-жылдардагы документтерге таянгандыктан, иштер начар жүрүп жатат”, - деп. Туура, ошентип жүрүп жерибизден айрылып жатабыз.

Чындыгында, андай сѳз туура эмес. Бул керетүү, маанилүү келишимдерди билбегендиги, аларды окубагандыгы.

1991-жылы 21-декабрда 12 ѳлкѳ Алма-Ата декларациясын кабыл алышкан. Ал келишим бардык ѳлкѳлѳр тарабынан ратификациялынган. Үзүндүсүн окуп берейин “признавая и уважая территориальную целостность друг друга и нерушимость существующих границ, государства-участники Содружества Независимых Государств гарантируют в соответствии со своими конституционными процедурами выполнение международных обязательств, вытекающих из договоров и соглашений бывшего Союза ССР”.

Кол койгондор:

Кыргызстан – А.Акаев

Казахстан – Н.Назарбаев

Таджикистан – Р.Набиев

Узбекистан – И.Каримов.

Андан башка Ѳзбекстан менен “Түбѳлүк Достук жѳнүндѳ” келишим 24-декабрда 1996-жылы Ташкентте кол коюлуп, ал дагы ратификацияланган. Үзүндүсүн окуп берейин: ст. 1. Стороны подтверждают свою решимость активно развивать отношения на основе уважения независимости, суверенитета, территориальной целостности и нерушимости границ обеих сторон.

Демек, маселе укутук жактан чечилген. Бул жерде талаш-тартыш жер жок. 55-57, 89-жылдарды кѳтѳрсѳк болот. Биз тигилерди колдоп, ѳзүбүз капканга түшүп жатабыз. Аларга ушул ыңгайлуу, ошолоргр кошулуп, Ш.Атаханов мырза Алма-Ата декларациясы укуктук колдонуу документи болуп саналбайт деген билдирүүсүн кандай түшүнсѳ болот?

2. Чек ара аймагында элибиздин турмушу, элдин кыскарышы боюнча. Себептери:

Элге жумуш ордунун жоктугу;

Айлык акынын тѳмѳндүгү;

Чек ара аймагында жайгашкан кыштактардын инфраструктурасынын ѳнүкбѳгүндүгү (саламаттык сактоо, билим берүү, жол ж.б.);

Эң негизгиси чек араны бекитүү боюнча мамлекеттик саясаттын жоктугу;

Жергиликтүү бийликтердин начар иштегендиги.

Үчүнчү. Чек ара кызматынын бийлик системасындагы чек ара коопсуздугун, чек араны ыйык коргоодогу орду.

Кѳп жылдар бою бул ведомство футбол тобундай болуп калды. Так айтканда, акыркы он жыл ичинде Чек ара кызматы 5 жолу “эскпериментке” кабыл болду:

1999 жыл – эки ведомствонун курамында болду (Корго министирлигинде жана Коопсуздук комитетинде);

2002 жыл - өз алдынча мамлекеттик орган болуп түзүлгѳн –Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы;

2005 жыл – Мамлекеттик коосуздук кызматынын курамына кирген;

2006 жыл – Мамлекеттик коосуздук кызматынын курамынан чыгарылып, кайрадан өз алдынча мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн алдында Чек ара кызматы түзүлгѳн;

2010 жыл – кезектеги жолу эксперимент жүргүзүлүп, кайрадан Мамлекеттик коосуздук комитетинин курамына киргизилди.

Ушундай ѳткѳрүлгѳн жалган реформалардан

кийин мамлекеттик чек ара кызматы жѳнүндѳ кандай саясат болгон деген суроо туулат? Албетте, болгон эмес, бирѳѳлѳрдүн кызыкчылыгын ишке ашыруу маселеси гана максатталган.

Анын кесепетинен:

- Коопсуздук кызматына кошуу менен кээ бир мыйзамдар бузулууда: Кыргыз Республикасынын “Чек ара кызматы жөнүндө” (1 жана 3-беренелер), “Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө” (6-берене) жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө” (4 жана 7-беренелер).

Кантип бузулду?

Аткаруу бийлигинин тутумундагы бирдиктүү мамлекеттик органы,

Куралдуу күчтөрүнүн курамындагы ажыралгыс бөлүгү болуп саналган,

Чек ара кызматынын иш-аракетинин принциптери жана ошону менен мамлекеттик чек арасын кайтаруудагы алгачкы системалары бузулууда.

Чет өлкөлөр (АКШ, ЕС, КНР, Турция) көрсөткөн материалдык-техникалык жардамдын олуттуу кыскарылышы;

Кадр дайындоо маселесине негизсиз чек коюлушуу (чек ара кызматынын командачысы чек ара бирикмелери менен бөлүктөрүнүн (“полковник” штаттык категориясы) командирлерин дайындоого жана бошотууга укугу болуп туруп, чек ара контролунун кезмет бөлүмүнүн (“капитан” штаттык категориясы) зардалын дайындоо укугунан ажыратылган).

Тѳртүнчү. Чек ара аскерлеринин кадр, тарбия, тартип абалы жана аларды каржылоо маселеси.

каржылоо маселеси (2011-жылы бюджетинин 40% каралды, вице-премьер Ш.Атахановдун маалыматы);

тартип жана тарбия иштеринин тѳмѳндүгү (2 ѳлүм, курал жана ок даарылардын жетишпегендиги);

Чек ара аскерлеринин жетекчилигинин жеке үлгү болоорлук касиетинин жоктугу;

моралдык-психологиялык оор абалы;

болуп жаткан терс окуяларга тиешелүү жетекчилер тарабынан чара кѳрүлбѳгѳндүгү.

Эмне кылыш керек?

Делимитация маселелер жѳнүндѳ сүйлѳшүүлѳрдѳ Алма-Ата Декларациясын жана “Түбѳлүк Достук жѳнүндѳ” келишимдерди негиз катары колдонуу, ошонун талаптарына терең туруу; Комиссиянын мүчѳлѳрүн юридикалык жактан окутуу, аларга ар бир участок боюнча Ѳкмѳт тараптан такталган сунуштарды талап кылганга үйрѳтүү;

2. Чек ара аймагында, ѳзгѳчѳ Баткен, Жалал-Абад, Ош областарындагы айылдарга ѳзүнчѳ ѳнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу, алар жѳнүндѳ тез аранын ичинде мыйзам кабыл алуу;

3.Тез аранын ичинде Чек ара кызматын МУККтын курамынан алып чыгып, ѳзүнчѳ кызматтык түзүү, кадр, тартип, тарбия маселерин уставдык нукка салуу, күнѳөлүлѳрдү жоопко тартуу.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×