Добавить статью
10:10, 23 мая 2011 89445

Ош мамлекеттик университети – сапаттуу билим булагы

ОшМУнун 60 жылдык мааракесине карата

Ош мамлекеттик университети СССРдин министрлер советинин 1951-жылдын 24-майдагы №1759 токтому менен 1951-жылдын 1-августунан Ош мугалимдер институтунун базасында Ош мамлекеттик педагогикалык институту, КР президентинин 1992-жылдын 17-июндагы УП №202 указы менен университет болуп кайра түзүлгөн Кыргызстандагы эң ири ЖОЖдордон экендиги белгилүү. Университетибиз 60 жылдык маарекесин белгилөө алдында турганда эл аралык «Европалык сапат» сыйлыгына көрсөтүлүшү анын сапаттык өсүшүнүн чоң белгиси болуп калды.

Европалык Бизнес ассамблеясы комитетинин (Ком ЕВА) чечиминде белгиленгендей, бул сыйлыктын берилиши ОшМУда билим берүү системасы жана окуу процессин уюштуруу Европа өлкөлөрүнүн калышпагандыгын айгинелеп, профессордук-окутуучулук курамдын кесипкөйлүк сапатынын аткарылып жаткан илим-изилдүү жана эл аралык долбоорлорунун жогорку деңгээлде экендигин баса белгилейт.

ОшМУ Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы (КР УИА), Билим берүү жана илим министрлиги жана КР УИАнын алдындагы Технопарк биргеликте өткөргөн I республикалык «Инновация -2010» көргөзмө-конкурска катышып, университет көргөзмөнүн гран-при сыйлыгына – Бүткүл дүйнүлүк интеллектуалдык менчик (WIPO – ВОИР) уюмунун хрусталл кубогун жеңип алып дипломун алышы - биздин университетибиздин 60 жылдык мааракесине карата чоң белеги.

ШОС университетине 56 ЖОЖдун ичинен ОшМУнун мүчө болушу да көңүлгө аларлык ийгиликтердин бири десем жаңылышпайм. Булар биз үчүн чоң сыймык. Жетишилген ийгиликтер университетте илим изилдөөгө тереңирээк маани берүүгө, окумуштуулар, жаш окумуштуулар, студенттер арасында долбоорлор конкурстарын уюштуруу менен аларга тиешелүү финансы бүлүштүрүүгө милдеттендирет.

Учурда Ош мамлекеттик университети Кыргызстанда гана эмес, Борбордук Азияда илимдин жана билимдин борбору катарында маанилүү сандык жана сапаттык жогорулоого ээ болууда.

Университетте илимий-окуу иштери менен:

КРУИАнын мүчө-корреспонденттери – 2, Инженердик академиянын академиктери – 2, Инженердик академиянын мүчө-корреспонденттери - 2 , Кыргыз Республикасынын: «Эл сүрөтчүсү» -2, ««Эл артистери» – 4, «Билим берүүсүнү эмгек синирген ишмер» -4, «Эмгек синирген врачы» – 5, «Илимге эмгек синирген ишмер» -2 жана 51 илимдин докторлору жана профессорлор, 259 илимдин кандидаттары эмгектенүүдү.

Илим, билимди ажыратып кароого болбойт. ОшМУда илимдин доктору, кандидаттыгы диссертацияларын коргогон окумуштуулардын саны күн сайын өсүүдү. Акыркы 10 жылдын ичинде Ош МУнун окумуштуулары тарабынан 31 доктордук жана 187 кандидаттык диссертациялар корголсо, 2010 жылда 3 илимдин доктору, 28 илимдин кандидаты илимий диссертацияларын, ал эми 2011-жылдын 10-апрелине карата 1 илимдин доктору, 8 илимдин кандидаты илимий диссертацияларын коргошту. Алардын ичинен 12 диссертация ОшМУда иштеген илимий кызматкерлердин жетекчилиги алдында корголду.

2000-2010-жылдары илимдин доктору, кандидаты илимий даражаларына ээ болгон окутуучулардын сандык көрсөткүчтөрү төмөндөгү диаграммада берилген.

Диссертацияларды коргоонун динамикасы(2000-2010жж)

Заман талабына ылайык, ОшМУда акыркы жылдары окуу-методикалык китептер, мезгилдүү массалык- маалымат каражаттары, компьютерлер, интернет түйүндөрү менен камсыздоо, алардын санын өстүрүү боюнча иштер ийгиликтүү жүргүзүлүүдө.

Баштагы тарых факультети жайгашкан имарат толугу менен капиталдык ремонттон өткүрүлдү, реконструкцияланды (2006). Ири маалыматтык базага ээ электрондук китепкана, миллиондон ашык маалыматтык топтомду камтыган медиа борбор, 2 окуу залы, 2 интернет класстар, кеңири маалыматтык каражаттар менен камсыздалган диссертациялык окуу залы, абоненттик бүлүм, 20 дан ашуун эл аралык, маданий борборлор, жайгашкан борбордук китепкана Кыргызстандын ЖОЖдорунун ичинде биринчилерден болуп түзүлгөндүгүн да баса белгилөөгө болот.

Орусиянын жана чет өлкөлүк окумуштуулардын илимий жаңы ачылыштары, инновациялык усулдар менен өткөрүлгөн сабактардын үлгүлөрү, аудио, видео, фото көрсөтмөлүү сабактардын үлгүлөрү, жайгаштырылган DVD форматтагы дисктер чет өлкөлөрдөн алынып келинип, окутуучулар сабактарда колдонуу үчүн бекер нускаланып берилип келе жатат.

2005-жылга чейин локалдык тармак жана интернет байланышы ректоратта гана болсо, учурда бардык факультеттер, бүлүмдүр локалдык тармакка туташтырылып, интернет жеткирилди. Ош МУнун миңге чукул кызматкерлери өздүк сыр сөзү менен интернет кызматын пайдаланышууда. Студенттерге электрондук китептерди жана интернет байланышын пайдалануу үчүн жаңы технологиялар борборунда, борбордук китепканада атайын компьютердик класстар бөлүнгөн. Интернетти пайдалануу студенттер үчүн акысыз.

2010-жылы Ош мамлекеттик университетинде окумуштуулардын жана ректораттын демилгеси менен илимий-теориялык жана илимий-практикалык конференциялар (76), семинарлар, тегерек столдор (68) жана университеттин илимий, окуу-усулдук иштеринин жетишкендиктеринин күргүзмүлүрү (5) уюштурулуп, үткүрүлүп турду.

Университеттин кызматкерлери илимий изилдүү иштерин жүргүзүү жана тажрыйбаларын өркүндөтүү максатында республикабыздын, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин ЖОЖдору, илимий изилдөө институттары менен байланышып, учурдагы билим берүүдөгү жана илимий изилдөөдөгү проблемаларга байланыштуу ар түрдүү илимий семинар, конференцияларга (132) катышып, стажировкадан (88) үтүп келишти жана эл аралык программалар, фонддор менен ийгиликтүү иш алып барышууда.

Окуу процессин уюштуруу иштерин чыңдоо максатында окуу-информациялык борбору - күндүзгү жана сырттан окууну биргеликте жүргүзүү үчүн, окуу процессинде AVN программасын толук пайдалануу максатында окуу-информациялык департаменти болуп өзгөртүлдү. Окуу иштерин уюштуруудагы департаменттеги, факультеттердеги, кафедралардагы жана профессордук-окутуучулук курам жана студенттер жөнүндүгү кадрлар башкармалыгындагы иш кагаздары толук автоматташтырылууда.

Университет боюнча сапаттуу билим берүүгө, сапаттуу адистерди даярдоого өзгөчө көңүл бурулуп, атайын бекитилген график боюнча факультеттерде регулярдуу түрдүү өз ара мониторинг өткөрүлүп, мониторингдин жыйынтыгы кичи кеңештин, ОшМУнун окумуштуулар кеңешинин отурумдарында талкууланып турат.

ОшМуда сапатка төмөндөгүдөй анализ жүргүзүлөт:

1. Конкурс боюнча ОшМУга өткөн абитуриенттердин билимине анализ;

2. Студенттердин билим сапатына, билим берүүгү жылдык семестрдин натыйжасы боюнча түзүлгөн анализ;

3. Мамлекеттик аттесстациянын натыйжасында бүтүрүүчүлөрдүн билим сапатына болгон анализ;

4. Бүтүрүүчүлөргө болгон талаптарга жана бүтүрүүчүлөрдүн ишке жайгашуусуна болгон анализ.

Университетте 60 сааттан ашык окуу калтырган студенттер үчүн Окмуштуулар Кеңешинин чечими менен алар окуудан четтетилет.

Ар бир окуу жылдарында окутуунун сапатына күёүл буруу менен үз ара сабактарга катышууга үзгүчү күёүл бурулуп, кафедра башчылары, декандар, ректорат ай сайын катышкан сабактары тууралуу маалыматтарын беришет.

ОшМУнун Окумуштуулар Кенешинде регулярдуу түрдү бекитилген план боюнча «факультеттердин окуу-усулдук, илимий жана тарбиялык иштеринин абалы жана алдыдагы милдеттери жүнүндү» атайын комиссиялардын иштери талкууланып турат.

ОшМУнун Окмуштуулар Кеёешинде бекитилген план боюнча Усулдук кенештин отурумунда окуу процессине тиешелүү күптүгүн семинарлар, окуу-усулдук колдонмолор, конкурстардын жоболору, типтүү окуу программалары, жумушчу программалар ж.б. регулярдуу түрдү талкууланат..

Ош МУда жылдан жылга бүтүрүүчүлүрдүн арасында артыкчылык диплому менен буткүн студентердин санынын жана аларга адис катары талаптардын үсүүсү байкалат. Бул да, сапаттык күрсүткүчтүрдүн жыйынтыгы деп эсептүүгү болот.

Бүтүрүүчүлүрдүн ишке жайгашуусу, аларга болгон суроо талаптар тууралуу маалыматтар, адистерди даярдоодо чечүүчү мааниге ээ. Бул иштерди ОшМУнун «Карьера борбору» тактап өз сунуштарын берет.

Университеттик илим-изилдөөнүн бир топ өзгөчөлүктөрү бар. Азыркы мезгилде илим академиялардан университеттерге көчүп жаткан кези. Ошондуктан университеттик илимге дүйнөдө чоө маани берилүүдө.

ОшМУдагы илим фундаменталдуулуктан прикладдуулукка өсүп-өнүгүшү талапка ылайык. Себеби, азыркы информациялык доордо илим-изилдөө иштеринин мүнөзү практикалык-прикладдык пайдалуулугуна багыт алууда. Биздин университетте илимдин ушул тенденциясын биринчи орунга коюу менен иштер уюштурулууда.

Министрлик тарабынан каржыланган илимий темалар 2010-жылы жалпысынан КР үчүн илимдин приоритеттүү багыттары деп тандалган 13 багыт боюнча гана долборлор кабыл алынгандыктан, университеттеги илимий темалардын саны кескин кыскарды.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин илим, инновация жана илимий-техникалык маалымат башкармалыгы тарабынан илимий изилдөөлүр үчүн бөлүнгөн республикалык бюджеттик каражатты максаттуу пайдалануу университеттин окумуштууларынын жоопкерчилигин арттырып, илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөш болууда.

Жогоруда аталып кеткен гранттардын эсебинен аткарылган изилдөөлөрдүн айрым материалдары «Ош МУнун жарчысы» 2010-жылдын № 1-4-сандарында ж.б. илимий журналдарда жарыкка чыгарылды, өндүрүштүк үлгүлүр жана патенттик күбөлүктүргө заявкалар берилди.

Ал эми каржыланган илимий темалардын отчеттору 2011-жылдын 11-12-январь күндөрү Билим берүү жана илим министрлигинин атайын эксперттик комиссиясынын кеңешинде каралды. Окумуштуулардын илимий отчеттору тактыгы жана илимий деңгээлинин жогорулугу менен айырмаланды.

Бул министрликтин илим, инновация жана илимий-техникалык маалыматтар башкармалыгынын илимий темалардын санын кыскартуу, каржылануу суммасын көбөйтүү менен сапатка өтүү саясатынын натыйжасы. Албетте тиешелүү кемчиликтери менен, б.а., ЖОЖдордо фундаменталдык илимдерди өрчүтүү зарылдыгы эске алынбагандыгы өкүнүчтүү.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин илимий бөлүмү тарабынан алынган гранттардын көлөмү.

Илим-изилдөө иштериндеги көйгөйлүү маселе - аталган изилдөөлөрдү аткаруудагы айрым финансылык кыйынчылыктардын болушу. Мисалы, каржылоо бир гана айлык акы статьясына бөлүнгөндүктөн, айрыкча эксперименталдык изилденүүчү темалардын аткарылышында реактив, кээ бир анализдерди жүргүзүү кошумча каржылоо айлыкка бөлүнгөн акча эсебинен алынып, командировкалык каржылоонун берилбегендиги да кыйынчылыктарды жараттууда. Бул маселеде университеттин өздүк каражатынан кошумча акча бүлүнүүсү, илимий-иштеринин жыйынтыгы дагы да жакшы болмок.

Адистерди даярдоодо профессордук-окутуучулук курамдын сапаттык көрсөткүчтөрү да өзгөчө мааниге ээ. ОшМУда илимдин докторлору, профессорлор, кандидаттары, доценттер, ага окутуучулар регулярдуу түрдө көптүгүн эл аралык курстар, семинар, стажировкалардан өздөрүнүн квалификациясын жогорулатып турушат. Ошону менен бирге эле университеттеги илимий кадрларды даярдоодо жана профессордук-окутуучулук курамдын сапаттык көрсөткүчүн көтөрүүдө университеттин базасында түзүлгөн төмөндөгү адистештирлген илимий кеңештер тиешелүү салым кошуп келүүдү:

I. Диссертациялык совет К 01.10.413

01.01.02, «Дифференциалдык теңдемелер», 2. 01.01.04, «Геометрия жана топология», Алымкулов К.А. – ф.-м.и.д., түрага; Сопуев А. – ф.-м.и.д., түраганын орун басары, Турсунов Д. – ф.-м.и.к., окумуштуу катчы.

II. Диссертациялык совет К 01.10.411

1. «01.04.07», Конденсацияланган абалдагы физика (физика-математикалык жана техникалык илимдер боюнча), Арапов Б.А. – ф.-м.и.д.,түрага, Ташполотов Ы. – ф.-м.и.д., түраганын орун басары, Осконбаев М. – ф.-м.и.к., окумуштуу катчы

III. Диссертациялык совет К 25.10.409

1. «25.00.23», Физикалык география жана биогеография, топурак географиясы жана ландшафтардын геохимиясы (география илимдери),

2. «25.00.24», Экономикалык, социалдык жана саясий география (география илимдери), Матикеев К.М. – г.и.д., түрага, Кендирбаева Ж. – г.-м.и.д., түраганын орун басары, Супатаев Т. – г.и.к., окумуштуу катчы

IV. Диссертациялык совет К 08.10.091

1. «08.00.05», Эл чарбасын башкаруунун экономикасы, Купуев П.К. – э.и.д., түрага, Токтомаматов К.Ш. – э.и.д., түраганын орун басары, Кулуева Ч.Р. – э.и.к., окумуштуу катчы.

Адистик кеңештердин иштеринин эффективдүүлүгүн көтөрүү, кадрлардын сапаттык көрсөткүчүн жогорулатууга алардын мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу пайдалануу учурдун талабы. Алардын тиешелүү адистиктердеги аспиранттар, изденүүчүлөр менен тыгыз байланышта иштөөсүн активдештирүү кеңештин ар бир мүчөсүнүн, төрагасынын, катчысынын көңүл чордонундагы маселелердин негизи болушу зарыл. Жогорудагылардын негизинде Ош мамлекеттик университети окуу процессинин жогорку сапатын камсыз кылууга ылайык илимий – педагогикалык потенциялы бар, келечектүү илим-билим борбору, деп саноого болот.

Учурда университетибизде ректордун жоктугунан түзүлдү деген абал күчүтүлгүн. Албетте ОшМУнун уставы боюнча башкаруучу орган окумуштуулар кеңеши болгондуктан, окуу-усулдук, тарбиялык, илимий иштер өз нугунда улантылууда. Ордолуу Ошубуздун ооматтуу окуу жайларынын бири университетибиз үзүнүн 60 жылдык маарекесин татыктуу тосууга даярдык көрүүдө.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×