Добавить статью
6:35, 24 мая 2011 8428

Энергетика министрлигиндегилер тарифтерди жогорулатканы жатышат...

Жакында энергетика министрлиги электр энергиясынын тейлөөнүн азыркыдай, орто, жакшы деген сапаттарындагы өздүк нарктарынын болжолдуу баалары жөнүндөгү анализинин жыйынтыктарын жарыялады. Анализ ушул эле министрликтин отун энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча департаментти иштеп чыккан методологиясынын негизинде жүргүзүлгөн. Ага электр энергиясын бөлүштүрүп сатуучу компаниялар берген маалыматтар негиз кылынып алынган. Бирок, алар көз карандысыз эксперттердин талдоолорунан өткөрүлүп, альтернативдүү булактардын маалыматтары боюнча салыштырма талдоодон өткөрүлгөн эмес. Бул жагынан аны министрликтин өзүнүн ведомстволук кызыкчылыктарын коргооүчүн гана түзүлгөн документ десе болот.

Документте калкты азыркыдай сапатта электр энергиясы менен камсыз кылып турганда анын 1 киловатт саатынын өздүк наркы 1 сомдон кем болбоосу керек, анда электр энергияларын сатуудан 8,7 миллиард сомдук киреше алына тургандыгы көрсөтү лөт. Калкты электр энергиясы менен тейлөөнүн азыркы абалы “канааттандыраарлык эмес” деп бааланат. ал чындык, анткени өткөн жылдын аягында эле авариялардан, кырсыктардан ж.б. себептерден улам 12578, же күнүнө 34 төн өчүрүү болгон. Эгерде мындай абал жакшырбай турган болсо, өлкөнүн энергетикалык системасынын инфратүзүлүмдөрүнүн жакында массалык түрдө иштен чыга башташы күтүлөт.

Электр энергиясынын өздүк наркын чыгаруу боюнча экинчи сценарийде ага системадагы ремонттук, жабдууларды жана техникаларды жаңылоо боюнча болжолдуу чыгымдардын бардыгы киргизилген. Анда ар киловатт сааттын өздүк наркы болжол менен дагы 40-50 пайызга көбөйүп, 1,3-1,5 сомду түзүп, кошумча 6,3 миллиард сомдук төлөм алынып, дүң жыйым 15 миллиард сомго жетет. Ал эмиүчүнчү сценарий боюнча электр энергиясынын өздүк наркына жаңы курула турган жылуулук станциясынын жана стратегиялык электр линияларынын, алардын инфратүзүмдөрүнүн чыгымдары да кошулуп, ар киловатт сааттын өздүк наркы минимум 2,03 сомдон кем болбоосу керек. Бул шакаба эмес, мынча болгондон кийин бул сценарийдеги өздүк наркка министрликтегилердин эс алууга ж.б. көңүл ачууларга. оюн-зоокторго жумшай турган чыгымдарын кошуп коюшса деле болмок, анда электр энергияларынын өздүк нарктары дагы 30-40 тыйынга жогорулап, ар киловатт сааты 3 сомду чапчып түшмөк.

Документте жогорудагылардан сырткары тейлөөнүн толук баасын киргизүү аркылуу оптималдуу рентабелдүүлүктү камсыз кылуу жөнүндө да айтылат. Анын артында өздүк наркка дагы бир нече тыйын кошулса жакшы болот эле дегенүмүт-ишарат турат. Бирок, анын эч жеринде жоготууларды, уурдоолорду максималдуу азайтып, төлөмдөрдү өз убагында толук түшүрүү, максатсыз чыгымдарды азайтуу аркылуу таза кирешелерди көбөйтүү, алардын эсебинен жабдууларды жаңылоо жөнүндө айтылбайт. Ал эми азыр ГЭСтерде өндүрүлгөндөрдүнүчтөн бир бөлүгүнө жакыны уурдалып, коррупциялык башка схемалар аркылуу жок болуп жаткандыгын элдин баары билет. Кыргызстандагы ГЭСтерден өндүрүлгөн ар 1 кВт саат электр энергиясынын керектөөчүлөргө жеткирилгенге чейинки өздүк наркы көз карандысыз эксперттердин, адистердин эсептери боюнча 30 тыйындан ашпайт. Аларга ТЭЦтерде өндүрүлгөн электр энергиялары кошулганда 50 тыйынга жакындап барат. Бирок, электр энергияларынын ар киловатт сааты элге 74 тыйындан ал эми юридикалык жактарга андан да жогорку бааларда сатылып, энергетика министрлигиндегилер ар киловатт сааттан орто эсеп менен 25-30 тыйындан пайда көрүшүүдө. Же реалдуу рентабелдүүлүк 30 пайыздан ашыкты түзүүдө. Бирок, аны жоготуулар, уурдоолор, тармактагы коррупциялык көрүнүштөр кескин азайтылса, бааларды жогорулатпай эле бардык чарбалык, социалдык маселелерди чечсе болмок. Бирок, министрликтер өздөрүнүн кирешелерин көбөйтүп, материалдык техникалык базаларын жакшыртып, айлыктарын жогорулатууну ички, тышкы мүмкүнчүлүктөрдүн эсебинен эмес, эң оңой жол аркылуу – элдин эсебинен чечкени жатышат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

20-02-2012
К.Ташиевдин маегинин тегерегиндеги уу-дуу сөздөр жөнүндө
21939

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×