Добавить статью
10:31, 25 мая 2011 25065

А.Жапаров: Кыргыз өндүрүшчүсүн коргоого алышыбыз керек

Бишкекте, 25-майда Экономиканы жөнгө салуу министрлигинде «Бажы биримдигинин Кыргызстандын экономикасына таасири» аттуу жыйын өткөрүлдү. Бул жыйында министрликтин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана «Дордой» рыногунун жумушчулары республиканын Бажы биримдигине кирүү кесепеттерин колго алышты.

Бажы биримдигин түзүү жөнүндө чечимдин 1995-жылы кабыл алынгандыгын эскертип өтөлү. 1996-жылы түзүлгөн Бажы биримдигине Кыргызстан жана Таджикстан кирди. 2000-жылы Евразия экономикалык биримдиги (ЕВРАЗЭС) түзүлдү. 2007-жылы Бажы биримдигинин (Орусия федерациясы, Беларусия жана Казахстан республикаларынын ортосунда) иш жүргүзүүнүн укуктук базасы даярдалды. Ал эми 2010-жылы Бажы биримдиги бул өлкөлөрдө иш жүргүзө баштады. Бажы биримдиги бирдиктүү экономикалык мейкиндик жана Евразия экономикалык союзун (2014-жылы түзүлөт) түзүү үчүн аралык кадам болуп саналат.

ЕврАзЭСтин алакасын (интеграциясын) өнүктүрүү концепциясына төмөнкүлөр кирет:

- ББге мүчө болгон өлкөлөрдүн аймагында өндүрүлгөн товарларга коюлган бажы алымдарын ж.б. жокко чыгаруу,

- бул өлкөлөрдө өндүрүлгөн жана башка өлкөлөрдөн импорттолгон товарлардын эркин айланымын караштырылган бирдиктүү бажы аймагын түзүү,

- ББге мүчө болгон өлкөлөрдүн ортосунда кызмат, товар жана жумушчулардын эркин жүрүшү.

Бажы биримдигине кирүүнүн негизги тобокелдиктери төмөнкүлөр:

- керектөө бааларынын индексинин 1,5-2 пайызга өсүшү,

- бюджетке бажы салыктарынын түшпөшү,

- кайра экспорттун кыскарышы,

- мүчөлүк төгүмдөргө кеткен кошумча чыгымдар (чамалуу 58 млн. сом)

- Кыргызстандын Бажы биримдигинен түшкөн кирешелердин бөлүштүрүүсүндөгү үлүшүнүн төмөн болушу (3%).

Бирок ошол эле учурда Кыргызстан бажы биримдигине кирбесе, төмөнкү тобокелдерге учурашы мүмкүн: ББге мүчө болгон өлкөлөрдүн кыргыз товарларына болгон көзөмөлүнүн күчөшү, эмгек мигранттарынын жеңилдиктеринин жокко чыгарылышы, жумушсуздуктун өсүшү, бул өлкөлөрдөн экспорттолгон товарларынын чектелиши (күйүүчү май материалдары, токой, металл ж.б.).

Жыйындын аягында «Дордой» рыногунун жумушчуларынын арыздары угулду. Өзгөчө карапайым эл Экономиканы жөнгө салуу министри Учкунбек Ташбаевдин Бажы биримдигине киргенибизде алгач рынок зыян көрөт деп айтканы менен тынчсызданууда. Жөнөкөй адамдар үй-бүлөлөрүбүзгө кантип оокат кылабыз деп сарсанаа болушат. Бүгүндөн тартып абал татаалдашып бара жатат, анткени «Дордойдун» товар айланымы өткөн жылга караганда, 70 %га кыскарып калды.

Экономиканы жөнгө салуу министрлигинин жетикчилигине ар кандай доолор айтылып жатты.

- Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Кыргызстандын Бажы биримдигине өзгөчө шарттар менен кире алгандыгын баса белгиледи.

- Кыргыз өндүрүшчүсүн жана рынокто алектенгендерди коргоо үчүн керектүү чаралар алышыбыз керек. Биз Бажы Биримдигине «жок» деп айткыбыз келбейт, бирок Кыргызстан үчүн пайдасыз шарттар менен ага кире албайбыз, - деп айтат Акылбек Жапаров.

Жыйындын катышуучулары товардык позициялар, ички рынокко пайда алып келген бажы алымдарын сактоо жана республиканын кайра экспорттук иш-аракетинен өндүрүштүк иш-аракетине өтүү боюнча Бажы биримдигине мүчө болгон өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чечим алышты.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×