Добавить статью
3:48, 30 мая 2011 26739

Европа, тышкы саясат жана Отунбаева

Ушул жылдын март айында биздин өлкөбүздүн ажосу Роза Отунбаевынын Бельгия менен Францияга болгон расмий саясатында мен анын жеке котормочусу болгонума сүйүндүм. Бельгиядагы эльчилигибизге англис-француз-орус тилдериндеги котормочу керек болуп мени табышты, бирок менин англис тил билимим керек деле болгон жок, анткени Роза Исаковна ал тилди керек болсо катардагы котормочудан да жакшы билет экен. Ошол убакытта мен өзүм Англиядагы Дэвон жергесинде докторлугумдун үчүнчү жылында окуп жүргөм, анан бул кабардан кийин биздин бийлик делегациябыздан мурун барайын деп дароо эле Брюссельге аттандым. Жолдо бара жатып, бул жумушка макулдугумду бергениме миң жолу өкүнүп, ал жерде ишимды так аткара албай алда канча уят боло тургандыгымды элестетип жаттым. Ушундай чоң жоопкерчиликти мойнума алгандан көрөк, өзүмдү ооруга чалдыктым деп Брюссельге барбай койсом кандай болот деген да ойлор пайда болду.

Шаарга келгенден кийин, чын эле ооруп калдым деп келбей койсом болмок деп өкүндүм...Президенттин биринчи жолугушуусу Улуттук музыкалык аспаптар музейинде боло тургандыгын билдим, ал жерден ажобуз чет өлкөлүк кызматкерлердин жана кыргыз жердешчиликтин алдында ошол музейге кыргыз комузун белеке тапшырган жатыптыр. Менин күндөлүк барлашуумда «гобой түрүнүн үч кылдуу эки жалпактуу дөмпөк музыкалык аспап» сыяктуу атайын шарттуу сөздөрдүн жоктугун окурмандарга айтыштын кажети деле жок болушу керек. Мааракенин алдында бир аз убактым болуп, музейди бир айланып ар жерде колдонулуучу ар кыл атайын шартуу сөздөр менен таанышсам дагы (бул үчүн биздин элчиликте иштеген Жылдыз Сарбагышевага ыраазычылык билгизем), жолугушуу башталып Отунбаева шатыратып эле сүйлөп кирип анан комузду сүрөттөп атып которуу үчүн мени караганда, делдиреп туруп калдым. Көзүм тунарып, кулактарым зуулдап, кекиртегим кургап алар аз келгенсип тилим болсо чыккынчылык кылып дудук болуп туруп калды. Бул жерден айта кетүү нерсе, биздин делегациянын курамында кимдер бар экендигин буга чейин мен көргөн эмесмин. Анан ушинтип кыйналып жатып, мен (туура которуу жөнүндө ойлонгондун ордуна) катарда олтуруп мени карап турган Чынгыз Шамшиев, Эльдар Айтматов жана бетинен белгилүү жылмайуусу кетпеген биздин тышкы иштери министр Руслан Казакбаевдарды көрдүм. Ушундай келбетүү мырзалардын маңдайында которо албай уят болсом шорду эле болом го деген ой бир заматта башыма келди. Аңгычакты болбой которуу мылдам эле уланып, биринчи азаптуу күндүн аягы кантип келгенин байкабай деле калыптырмын. Ошентип, биринчи күндүн жеңишин белгилөө максатында мен, Чынгыз жана Эльдар болуп суук Брюссельдин бир сонун ашканасына барып тамактандык.

Брюссельдеги башка күндөр тез эле өтүп кетишти. Биздин бийлик топ ар кандай европалык институттардын башчылары менен улам улам жолугуп жатышты. ЕвроПарламент, ЕвроСоюз жана ЕвроКоммиссиянын айнектелген бөлмөлөрүнүн жанынан алда канча өтүп жатып, өзүмчө европалык өнөктөштөрүбүзгө суроо бергим келип жатты: ушул күндөргө чейин Орто Азия менен иштешүү боюнча стратегияңар жок эмне кылып жүрөсүздөр деги, айткылачы? Бул менин изилдөөчү катары жүрөгүмөн чыккан дарт суроо болду, анткени европалык өнөктөштөрүбүздүн кайра кайра чыгарган миңдеген декларативдүү, курулай даярдалган кагаздары жана баяндамалары жана алардын ишке ашпагандыктары көңүлүмө жакпай, чындыгында тоюп кеттим. Бир четинен стратегиянын жоктугун Европага бир нече жолу сапар кылып, ал жердеги саясат ишкерлери менен расмий эмес денгээлде чайлашып, барлашканда гана, Европадагы институттардын ич ара болгон таймашуусу бул шарттын бирден бир себептери экендигин билесиздер. Мисалга эле, Европалык кеңештин Кавказ жана Орто Азия боюнча атайын өкүлү Пьер Морель жакшы эле көмөк көрсөтүүгө аракет кылганы менен тыйын каражаттын жоктугунан бул аймактарда чоң иш-аракеттерди аткара албайт. Ушул эле учурда бул кеңештин ЕвроКоммиссия менен болгон карама каршылыгы (көз боегондойбу же даана элеби) бул уюмдардын биздин өлкөлөр менен боло турган европалык карым катнаш, өнөктөштүктөрдү жокко чыгарат. Бул жагдайдын иштеп кетишине, Кыргыз мамлекетине чын жүрөктөн күйгөн, европалык саясатчылардын арасында сейрек кездешүүчү Пьер Морельдин жылдыздуулугу да жетишсиз.

Биздин өлкө тобунун Европага келиши жеке эле негизги донорлордун ич ара болуп жаткан түшүнбөстүктөрү гана эмес, Түндүк Африкада коогалаң башталып, ал жердеги жарандардын Европага умтулуп келип, баш калкалап турган учурларына туш келди. Европанын бүткүл көңүлү ал континенттин четинде болуп жаткан ушул кандуу окуяларда бурулуп турду жана анын катарында биздин расмий сапарыбыз көрүнбөй калгансыды. Мындай учурларда Кыргызстан дүйнөнүн борборунан ар дайым «алыс» боло тургандыгын түшүнөсүн (балким, ким билет Кытайдын мындан ары өнүгүшү бул борбордун кайсы жака ооп кетишин), анткени ар дайым дүйнөдө донорлордун көңүлүн жана акчаларын бизден алыстаткан ар кыл кырсыктар, жаратылышта болобу же саясаттабы, болуп турушат. Албетте, Кыргызстан да эл аралык деңгээлде өзүнүн турумун сурамжылаган өлкөдөн, сунуш кыла турган өнөктөшкө айландырышы абзел.

Менин оюмча, бул сапарда Отунбаева жана өкмөт топтогулар өзүнүн негизги максатын ишке ашырышты – дүйнөлүк коомчулука Кыргызстандагы былтыркы июнь коогалаңынан кийинки жагдайды түшүндүрүшүп жана өлкөнүн дүйнөлүк коомчулуктун алдында сын-пикирге ачык экендигин ишендиришип. Сын-пикирлер июнь окуяларынан кийинки жагдайды жөнгө салуу жана адам укуктарын коргоо тууралуу сөздөр аркасында болду. Чындыгында, ушул суроолорго жана сындарга жооп берүү ажобуз Отунбаева үчүн абдан эле оор болуп жатты. Отунбаеванын ачык-айкын жооп берип жаткандыгы европалыктарга жакпай койгон жок. Азыркы кырдаалдагы болуп жаткан адам укуктарынын бузууларын моюнга алып, ошол эле учурда күнөөлүлөрдү жоопко тартуу иш-аракеттери кылына тургандыгын, сот жана укук коргоо чөйрөлөрүндө реформа боло тургандыгын баяндап турган Отунбаева, ошол учурда менин оюмда, Кыргызстанда жогорудагы нерселерди ачык айтып жана илгери кадамдарды жасап жаткан өлкөдөгү жалгыз саясатчы болгондой сезилди. Ошол эле учурда, ушул айтылган жакшы тилектерди аткаруу башка жерлерде ишке ашпай жаткандыгы балким Отунбаеванын бийлиги Бишкектен ары жайылбай тургандыктан болуп жүрбөсүн деп ойлосок болобу?

Брюссельден өзүмө келгичекти, Брюссель-Париж поездинде кетип баратканымды сездим (Ушул убака чейин президенттер поезд менен да сапар артат деп такыр ойлонбоптурмун). Парижде өзүмдүн үйүмдө жүргөндөй болдум: бул менин сүйүктүү шаарымда мен 5 жыл жашаганым аз келгенсип, менин «кол алдымда» эки депутат жана эки министр жүргөндөрү мен үчүн абдан кызыктуу болду. Расмий жолугушуулардан тышкары аларга атайын жеке гид болуп жүрүү мен үчүн рахат болду, мисалга Парижди сейилдеп баратып көкүрөктөгү шааңды көтөргөн Трокадеро сарайын карап, өзүңдүн адатыңа көнгөн: «азыр анда эмесе оң жакты карасаңыздар Эйфель буранасын көрөсүздөр» жана ж.б.у.с. Албетте мен үчүн ал жерде окуп жүргөндө чогулткан франциялык саясат жана Франциянын институционалдык турумдары тууралуу билимдеримди кыргыз саясатчылары менен бөлүшкөнүм да мени кубандырды. P.S. Саркози президентинин коррупциялык окуялары биздин министрлер, депуттарга абдан жакты.

Парижде бизди толук кандуу, ал эмес бир шумдук программа күтүп турду. Жолугушуулар болгону 40-50 мүнөттөн болуп, бир күнгө болушунча көбүрөөк сүйлөшүүлөрдү батырганга аракет кылынды. Бир топ жолугушууларды Отунбаева жеке өзү англисче жана кээ бирде французча да өткөрүп турду. Анын мындай түз барлашуу аракеттери сүйлөшүүлөрдөгү адамдарды жакын жана достук маанайларды жаратып жатты. Кийинчерек кээ бир жолугушуулардын катышуучулары мага өз ойлорун айтышып бул жолугушуулардын «жылуу жылмайуу маанайында» болгондуктарын белгилеп кетишти. Отунбаеваны чет өлкөлөрдө жакшы билишет, ошондуктан Кыргызстандын эл аралык коомчулук менен катташуусунда жана жардам алуусунда бул шарт бир ирет жеңилчиликти туудурат. Убактылуу өкмөттүн башка мүчөсү президенттин ордунда болсо бул жолугушуулар кандай болорун айтыш мен үчүн кыйын. Кандай гана сын-пикир сөздөр айтылбасын Отунбаева мыкты эл аралык ишкер жана кыйын сүйлөшүүчү! Анын туруктуулугуна, тыкандылыгына жана кайраттуулугана суктанса болчудай. Айта кетчү нерсе, Отунбаева менен Асия Сасыкбаева экөө бирдикте сүйлөшүүлөрдүн өзөктөрүн түзүп турушту. P.S. Чоң расмий топко каражат кетиргендин ордуна ушул эки айымдарды алып келсе туура эле болмок.

Сүйлөшүүлөр оңой болгон жок. Негизинен өнөктөшүү маселелерин ичинен парламент жумушу боюнча, сот системасындагы багыт, энергетика жана Париж Клубунун астындагы өлкөнүн тышкы карызын кайра карап чыгуу жөнүндө сөздөр айтылды. Мен ошол жерде олтуруп, Кыргызстан сыяктуу кедей жана бай өлкөлөргө көз каранды болгон өлкөлөрдүн ушундай жолугушууларда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү абдан оор экендигин көрдүм. Биздин саясатчылардын ар дайым эле суранган колун сунуп турушу канчалык намыска тийгендигин жана капалуу көрүнүш экендигин түшүнүп турдум жана жеке мен абдан бир кызык абалда болуп турдум.

Жакында АКШ, согуштун абалына жана жыйынтыгына карабастан, Ооганстандан өз аскерлерин чыгарып кетишет. Америкалыктардын Ооганстандан кетиши менен, Кыргызстан өзүнүн геосаясаттык «сулуулугун» жоготуп, өзүнө жагып калган адаттагы геосаясаттагы «соргуч» жагдайы менен коштошуп, өзүнө бир туура келген узак мөөнөткө жараган жагдайды түзүү туура келет. Эгер 2001 жылдан кийин, дүйнө толкуп, эл толкуп, дүйнөлүк чоң мамлекеттерге биздин долбоорубуз жагып, террористерге каршы күрөшүү борборун бул аймакта ачкан болсок, азыр Европада жана дүйнөдө мындай «формулага» эч ким ынанбайт. Биз болсо бул маселеден баарын соруп, жеп, жок кылып, дагы эле Европа менен дүйнө жүзүн бангизат жана терроризм менен коркутуп жатабыз. Он жылдар бою бул коркунучтарга каршы донорлордон келип жаткан каражаттар менен программалар максаттарынан башка жака бурулуп кеткен. «Түштүк» чек аралардагы коопсуздук маселелерибизди америкалык аскерлер кеткенден кийин кантип чечет экенбиз?

Биз менен дүйнөлүк деңгээлде карым-катнаш бузулбаш үчүн кечке эле сурагандан көрө, бир нерселерди сунуштаганды да билишибиз керек. Эгер мунай менен газды сунуштай албасак, анда бир нерсени өнүктүрүшүбүз керек, бир нерсе боюнча атайын тармакты даярдап жана дүйнөгө сунушташыбыз керек. Мисалга, француздар дүйнөгө атом энергетикасы жана агробизнес боюнча өзүлөрүнүн эксперттери менен таанылуу, жана алдыга умтулуу алардын улуттук касиети да болуп саналат. Ооганстандагы согушту азайтуу максатында, оогандык балдарга акысыз билим берүүнү сунуштасак ал биздин чыныгы салымыбыз болот беле мисалга?

Европага болгон сапар биздин өлкөбүздүн тышкы саясатын өзгөртүү дагы эле чоң маселелердин бири болуп кала тургандыгы тастыкталды, анткени европалыктарга биз азырынча керегибиз жок. Ошондуктан Отунбаева атайын басымды Кыргызстандагы иштеп жаткан Европанын өкүлчүлүктөрүнө, эки элчилике – Германия менен Францияга жасады. Бул мамлекеттер менен мындан ары да катташууну өнүктүрүү абзел. Ошол эле учурда европалык мамлекеттерден биринчи кадамдарды күтүү туура эмес. Франциялыктар Парижде биздин элчиликтин ачылышын көптөн бери суранып жатышат. Эгер бул маселе акча каражаттын айынан болуп жатса, анда балким учурдагы башка иштеп жаткан элчиликтердин ишмердүүлүгүн карап чыгыш керек. Мисалга, Брюссельдеги биздин өкүлчүлүктө профессионалдык туруму жана тажрыйбалары жокко эсе ишкер менен толгон, ал жердеги дээрлик баардык иштердин көбү жаш дипломат-адистердин мойнунда гана турат жана алардын мыктылыгы менен гана ишке ашат. Ал эми ал жердеги ушул жаштарга алардан улуулар тарабынын кылынган бай-манаптык мамиле же болбосо ал жаштарга берилген аз маяналар бул чөйрөдө реформалардын убактысы келгендигин далилдеп турат.

Ошентип, менин тышкы иштер саясатындагы бир жумалык тажрыйбам аяктады. Бул тажрыйба, албетте, менин доктордук изилдөөлөрүмдү жана диссертациямды жасоодо кереги тийет. Бул жеке жашоомдо болуп өткөн окуя тууралуу макала Отунбаеваны мактап жактап жазуу аракетинде кылынгам эмес. Менин максатым, окурмандарга биздин башчыларыбыздын ишиндеги “башка” жактарын көрсөтүү, башчылар беттешкен кыйынчылыктар жана оорчулуктар алардын жасап жаткан иштерине жана алардын чечим кабыл алуусуна кандай таасир калтырат жана кандай оорунду ээлейт туурасында баяндагым келген.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×